Сабактын тиби:Жаңы теманы өздөштүрүү
Колдонулган усул:Чакан топто жана топтор менен иштөө,класстер түзүү,долбоор жактоо
Сабактын жабдылышы:презентация,окуу китептери,химиялык реактивдер, ж.б
Сабактын темасы:Физикалык жана химиялык кубулуштар
№ | Негизги компетенттүүлүктөр |
1 | Маалыматтык:Физикалык жана химиялык кубулуштар туурасында маалыматтарга ээ болушат |
2 | Социалдык –коммуникативдик:Жаратылыш процесстерин жуптар менен практика жүзүндө көргөзуп бере алуу |
3 | Өз-алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:Өз алдынча пландарды түзүү менен аларды сабак учурунда колдоно билүү |
№ | Негизги компетенттүүлүктөр |
1 | Маалыматтык:Физикалык жана химиялык кубулуштар туурасында маалыматтарга ээ болушат |
2 | Социалдык –коммуникативдик:Жаратылыш процесстерин жуптар менен практика жүзүндө көргөзуп бере алуу |
3 | Өз-алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:Өз алдынча пландарды түзүү менен аларды сабак учурунда колдоно билүү |
№ | Предметтик компетенттүүлүк |
1 | Химиялык кубулуштардын маңызын ачып көрсөтүү:Зкттардын физикалык химиялык кубулуштарын окуу китебин пацдалануу менен,көрсөтүп берүү |
2 | Химиялык кубулуштарды илимий жактан заттардын курамы жана түзүлүшү боюнча түшүндүрүү:Бирзаттан,экинчи заттын пайда болуу,химиялык кубулушун түшүндүрө алуу |
3 | Заттарды жана химиялык реакцияларды окуп үйрөнүүдө илимий далилдөөлөрдү пайдалануу:Жаңы темадан алган маалыматтарын практика жузундө далилдөө |
Окуучулар үчүн күтүлүүчү натыйжалар
№ | Сабактын максаттары |
1 | Билим берүүчүлүк :жаратылыш процесстери,закон ченемдүүлүк менен алардын физикалык жана химиялык жактан кубулуп өзгөрушу боюнча окуп билишет.Мисалдарды келтиришет |
2 | Өнуктүрүүчүлүк: жаңы терминдерди окуп үйрөнүү менен өз билимдерин жана сүйлөо речин өнүктүрүү |
3 | Тарбия берүүчүлүк: топтор менен иштөө учурунда ,бири-бирине жардам берүүгө,ынтымактуу болууга тарбиялоо |
Мазмундук тилке:
1) Таанып билүү усулдары
2) Заттар
3) Химиялык реакция
4) Заттарды жана химиялык реакцияларды турмушта колдонуу
Сабактын жүрүшу:
Сабактын этаптары:
-
Окуучуларды сабакка уюштуруу(1-2мин)
Мугалим окуучулардын сабака болгон катышуусун текшерет.Аларга жагымдуу маанац каалап кетүү менен бирге сабактын максатын түшундурө кетет
-
Өтулгөн ткмаларды кайталоо (5-6мин)
Мугалим өтүлгөн темаларды кайталоо жана үй тапшырмасын текшерүү үчүн суроолоду берет:
1.Ылай сууну кандай ча тазалашат?
2.Жаратылыштагы кендерден кантип таза тузду алышат?
3.Аралашмалардан таза заттарды кантип бөлүп алышат
Окуучуларга берилген суроолорго жооп берүү менен талкуулоо уюштурушат.Үй тапшырмаларды текшертишет
3.Жаңы теманы түшундүрүү (5-7)
Химия бул- заттар,алардын касиеттери жана айлануулары жөнүндөгү илим
Заттар –бул тынч абалында белгилүү бир массага ээ болгон,материянын бир түру
Заттардын бири-биринен айырмаланган же өз ара окшош белгилери заттын касиеттери деп аталат.
Жаратылыштагы ар кандай кубулуштардын таасиринен заттар тынымсыз өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат
Бул кубулуштар төмөндөгүчө бөлунөт:
Кубулуштар
Физикалык Химиялык
Заттардын ээриши, Бир заттан экинчи жаңы башка заттын
Кайноосу,формаларынын пайда болушу
Өзгөрүүсү,кыймылы,
Ысышы,муздашы
Кийинки тапшырмалар окуу китеби боюнча берилет
-Келгиле балдар биз топтор менен иштоону улантабыз
Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт жана берилген тапшырмалар менен иштешет.Тема түшүнуктүү болсо анда азыр биз силер менен “Кызыктар дүйнөсүнө саякат курабыз”Бул кызыктар дүйнөсү Физикалык жана Химиялык кубулуштар жөнүндө болмокчу
1-топ Презентация
Физикалык жана Химиялык кубулуштарга класстер түзүшөт жана эмне үчүн экенин түшүндүрүп беришет:
2-топ Демонстрация
Экинчи топ свечаны күйгүзөт,кагазды майдалап кыркат,кагазды күйгүзүшөт жана аларга мунөздөмө беришет
3-топ Талкуу
Жез зымын ысытууда кайсы
Куурулган эт күйуп кеткенде
Помидордун чириши
Гүлдүн соолушу
Жалбырактардын бак дарактардан тушушун
Түшүндүрүп бергиле
Талкуулоо үчүн суроолор
1. Химиялык реакция кайсыл учурда токтойт
2.Химиялык кубулуштардын физикалык кубулуштардан айырмачылыгы?
Окуучулар мугалимдин суроолоруна активдүү жооп беришет,бири-биринин оюн толуктаганды билишет
Сабакты жыйынтыктоо
Мугалим сабакты жыйынтыктоо максатында презентация көргөзөт.Окуучулар алган түшүн уктөрун презентацмя аркылуу жыйынтыкташат
Баалоо:Окуучулар ар суроого айтылган жоопторуна жараша бааланышат
Үй тапшырма:Жашоодо силер көрүп жүргөн жана турмуштагы тажрыйбалардын негизинде физикалык жана химиялык кубулуштарга мисал келтирип,дептериңерге таблица түрундө жазып келишет