СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

География это путешествие

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Хорошо знать Географию это значить можно побывать в разных странах мира

Просмотр содержимого документа
«География это путешествие»

4-Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин аттестациясын жүргүзүү Эрежелерине




Формасы


Санарип портфолионун талаптары жана баалоо критерийлери


Аттестациядан өтүү үчүн аттестациялануучу ведомстволук мекеменин электрондук порталына санарип форматта төмөнкү документтер менен санарип портфолиосун берет:

1. Арыз (берилген формага ылайык);

2. Паспорттун көчүрмөсү;

3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

4. Кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдун/дипломдордун көчүрмөсү;

5. Өзүн өзү баалоо баракчасы (берилген формага ылайык);

6. Кесиптик квалификациясын жогорулатуу сааттарынын санын жана арызда билдирилген категорияны ыйгарууга топтолгон баллды тастыктаган документтер;


Азыда билдирилген категорияны ыйгарууга аттестациялануучу тарабынан берилген документтер:

6.1. Арызда билдирилген категорияны аттестациядан өткөнгө чейинки 5 жылдын ичиндеги кесиптик өнүгүү (квалификацияны жогорулатуу, тренингдерде, курстарда, семинарларда катышуу жана окуучулардан өтүү) сааттарынын санынын ылайыктуулугун тастыктоо:

1) 2 - категория үчүн - 108 сааттан кем эмес. Алардын ичинен:

- квалификацияны жогорулатуунун пландуу мамлекеттик курстарында квалификацияны жогорулатуу (72 сааттан кем эмес);

- башталгыч/орто билим берүү жана мектеп окуучуларын тарбиялоо маселелери боюнча башка квалификацияны жогорулатуу курстарына, семинарларга же тренингдерге катышуу (жалпысынан 36 сааттан кем эмес);

2) 1 - категория үчүн - 144 сааттан кем эмес. Алардын ичинен:

- квалификацияны жогорулатуунун пландуу мамлекеттик курстарында квалификацияны жогорулатуу (72 сааттан кем эмес);

- башталгыч/орто билим берүү жана мектеп окуучуларын тарбиялоо маселелери боюнча башка квалификацияны жогорулатуу курстарына, семинарларга же тренингдерге катышуу (жалпысынан 72 сааттан кем эмес);

3) жогорку категория үчүн - 180 сааттан кем эмес кесиптик өнүгүү. Алардын ичинен:

- квалификацияны жогорулатуунун пландуу мамлекеттик курстарында квалификацияны жогорулатуу (72 сааттан кем эмес);

- башталгыч/орто билим берүү жана мектеп окуучуларын тарбиялоо маселелери боюнча башка квалификацияны жогорулатуу курстарына, семинарларга же тренингдерге катышуу (жалпысынан 108 сааттан кем эмес).


Тастыктоочу документтер ар кандай билим берүү провайдерлери тарабынан берилген күбөлүктөр жана/же сертификаттар болуп эсептелинет.


Күндүзгү жана дистанттык форматта курстан/семинардан/тренингден өткөндүгү тууралуу сертификаттары каралат.


1.1. Топтоочу критерийлердин тизмесине ылайык арызда билдирилген категорияга топтоочу баллдардын ылайыктуулугун тастыктоо.

Критерийлерге туура келген учурда аттестациялануучу бул критерийди ырастаган документтердин санына карабастан тиешелүү балл алат (таблицада көрсөтүлгөн). Тастыктоочу документтер жок болсо - 0 баллды түзөт.

Бардык топтоочу критерийлер боюнча баллдын зарыл саны төмөнкү суммада көрсөтүлөт:

⁻ 2-категория үчүн - 5 балл,

⁻ 1-категория үчүн - 7 балл,

- жогорку категория үчүн - 9 жана андан жогору балл.



Топтоо критерийлери

Балл

Документтерди тастыктоочу уюм/орган

Түшүндүрүү

1

Аттестациядан өтүүгө чейинки акыркы 5 жыл ичиндеги илимий-методикалык иштер

1.1.

Узак тыныгуудан кийин педагогикалык кесипке кайтып келген жаш адистерге же педагогдорго насаатчылык кылуу (аттестациядан өтүүгө чейинки акыркы 5 жыл ичиндеги бир жылдан кем эмес мөөнөт бааланат)

2

Мектеп директорунун буйругу


1.2.

Мектеп/райондук/шаардык методикалык бирикмени, кафедраны, чыгармачылык лабораторияны жетектөө (аттестациядан өткөнгө чейинки 5 жылдын ичинде бир жылдан кем эмес)

2

Мектеп директорунун буйругу же шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу / маалымкаты


1.3

Райондук/шаардык/облустук/ республикалык/эл аралык деңгээлдеги машыктыруучулук жана методикалык иш: билим берүү тематикасы боюнча педагогдорду жана /же билим берүү уюмдарынын администраторлорун окутуу

2

Тренер үчүн же тренерлер үчүн тренердин сертификаты (мастер-тренер, эл аралык тренер) / тренердин / методисттин аты-жөнүн көрсөтүү менен семинарларды/тренингдерди өткөрүү жөнүндө шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу



Сертификат берилген күн аттестациядан мурунку 5 жылдык мезгилге туура келиши керек.

Тренердин сертификаты жок болгон учурда арыз ээси тренердин/ методисттин аты-жөнүн көрсөтүү менен тренинг же методикалык семинар өткөрүү жөнүндө шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу

бере алат.

1.4

Кесиптик басылмаларда (анын ичинде электрондук басылмаларда) билим берүү темасы боюнча жарыяланган макалалардын автору / авторлошу

2

Автордун аты -жөнүнүн жана макаланын аталышы, жарыяланган жылы менен басылманын мазмунунун барактарынын көчүрмөсү / шилтеме


1.5.

Жарыяланган стандарттардын, методикалык/окуу куралдарынын, ОУК / санариптик билим берүү ресурстарынын (курстар, эл. платформа) автору / авторлошу

2

Басылманын же титулдук баракчасынын мазмунунун көчүрмөсү /сүрөттөмөсү менен шилтеме


2

Педагогикалык ишмердүүлүктү баалоо (санариптик сабакты баалоо)

2.1

Берилген санариптик сабак сабакты баалоо критерийлерине ылайыктуулугу (жооп берүүсү)


2

БаалооАпп программасы боюнча сабакты баалоо критерийлерине (60% жана андан ашык) арызда берилген санарип сабактын ылайыктуулугу жөнүндө шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн методистинин корутундусу.

Сабакка шилтеме

Сабакты баалоо критерийлерин жана баалоо жол-жобосун төмөндөгү 4_а тиркемесинен караңыз





3

Аттестациядан мурунку 5 жыл ичиндеги кесиптик чеберчиликтин конкурстарына/мелдештерине катышуу

3.1.

Арыз ээсинин кесиптик чеберчилик сынактарына катышуусу


Катышуу сертификаты же катышууну тастыктаган буйрук.

Баллдар арыз ээси ар кандай деңгээлдеги сынактарга катышкан учурда топтолот


  • райондук деңгээлдеги

1

  • областтык/шаардык деңгээлдеги

1

  • республикалык /

1

  • эл аралык деңгээлдеги

1



3.2.

Кесиптик чеберчилик боюнча сынактарда байгелүү орундар


Диплом, грамота, сертификат

Эгерде талапкер ар кандай деңгээлдеги сынактарда жеңишке жетсе, упайлар кошулат

райондук деңгээлдеги

1

областтык/шаардык деңгээлдеги

1

республикалык /

1

эл аралык деңгээлдеги

1



3.3.

Тиешелүү предмет/багыт боюнча олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин жеңүүчүлөрүнүн (1-3-орун) насаатчысы


Диплом, сертификат, грамота (байге ээлеринин жана насаатчынын)

Баллдар ар кандай деңгээлдеги сынактарда арыз ээсинин окуучулары жеңишке жеткен учурда кошулат

райондук деңгээлдеги

1

областтык/шаардык деңгээлдеги

1

республикалык /

1

эл аралык деңгээлдеги

1



4.

Тил предметтеринин мугалимдери үчүн гана кошумча критерий (кыргыз тили мамлекеттик тил катары, орус тили расмий жана чет тили катары)

В2-С1 же ага барабар деңгээлде (мамлекеттик/расмий/чет өлкөлүк) тилди билүү деңгээли

1

Тилди билүү деңгээлин тастыктаган Сертификат

Англис тили үчүн: TOEFL - 60 же андан көп, IELTS – 5 же андан көп.

Кыргыз тили үчүн-сертификат "Кыргызтест" деңгээли - В2-С1-С2.

Орус тили үчүн - В2-С1-С2 деңгээли.


Санариптештирилген документтердин сапатына талаптар:

Бардык берилген документтер толугу менен санариптештирилиши керек (документтин же анын барактарынын жарым-жартылай көчүрүлүшүнө, документтин четтеринин кесилгендигине жол бербөө талап кылынат).

Берилген санариптештирилген документтердин сапаты алардын экспертизасына тоскоолдук кылбашы керек (окумдуулугу, бети боюнча тегиздиги, кыйшаюулардын, өчүрүүлөрдүн же башка кемчиликтердин жоктугу, герб мөөрүнүн так коюлушу талап кылынат).

Эгерде документ бир нече баракты камтыса, алар бир файлда ырааттуу сканерден өтүшү керек.



Тиркеме 4_а

Ыктыярдуу аттестациянын алкагында санариптик (видео) сабакты баалоонун критерийлери жана жол-жоболору

  1. Санариптик (видео) сабакты баалоо критерийлери:

1.1. Санариптик сабакты баалоо критерийлери ыктыярдуу аттестациянын алкагында сабактарды баалоо үчүн колдонулат. Ошондой эле мугалимдерди методикалык колдоо жана коштоо алкагында сабактарды байкоо жана талдоо үчүн колдонулушу мүмкүн;

1.2. Санариптик сабакты баалоо критерийлери жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартында бекитилген педагогдун кесиптик компетенттүүлүгүнө коюлган талаптарга, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкеринин кесиптик стандарттарына жана башка ченемдик документтерге негизделген;

1.3. Мугалимдин сабагын баалоо анын окутуу деңгээлин үч негизги функциясы боюнча аныктоого багытталган: жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык окутууну пландаштыруу жана ишке ашыруу; түрткү берүүчү коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана баалоо, окуучуларга кайтарым байланыш кайтаруу.



II. Ыктыярдуу аттестациянын алкагында санариптик сабакты баалоо процедурасы:

2.1. Санариптик сабакты (видеосабакты) баалоону Рай/ШаарББ алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин методисттери (мындан ары - методист) жүргүзөт жана сабактын сапаты боюнча жоопкерчилик жүктөлөт;

2.2. Арыз ээси Рай / Шаарбббнын (башкармалыктардын) алдындагы окуу-методикалык кабинети тарабынан атайын түзүлгөн видеосабакка шилтемени электрондук почта аркылуу методистке берет жана корутунду алат;

2.3. Методист БаалооАпп электрондук тиркемесин (сабакты байкоонун универсалдуу формасы)1 колдонуу менен аттестациялануучу сабак берген учурдан тартып 5 күндүн ичинде сунушталган критерийлерди колдонуу менен сабакка байкоо жүргүзүүгө тийиш;

2.4. Программада алынган сабактын критерийлерге шайкештик пайызы санариптик сабакты баалоо боюнча корутундунун форматына киргизилет жана Баалооапп программасы тарабынан берилген натыйжанын скриншоту менен бирге сканирленген түрдө өтүнмө ээсине электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;

2.5. Сабак 60% жана андан ашык шайкештик натыйжасын алганда "Критерийлерге ылайыктуу" деп бааланат;

2.6. Сабак боюнча "Критерийлерге жооп берет" деп корутунду алганда гана арыз ээси санариптик сабакты баалоо боюнча корутундунун көчүрмөсүн видеосабакка шилтеме берүү менен бирге санарип портфолиого тиркейт;

2.7. Эгерде сабак критерийлерге жооп бербесе, Методист башка сабактарды окутууну жана даярдоону жакшыртуу үчүн БаалооАпп программасы тарабынан берилген сабак боюнча пикирлерин жана талдоолорун берет;

2.8. Сабактын бар экендигин тастыктоо жана аттестациянын жүрүшүндө баалоо жүргүзүү катары ведомстволук мекеменин эксперттери БаалооАпп программасынын маалыматтарын текшериши мүмкүн;

2.9. Эгерде сабак "Ылайыктуу" деп бааланса, мугалим 2 балл алат, алар санариптик портфолиону баалоонун кумулятивдик критерийлери менен жыйынтыкталат.



III. Санариптик сабактын техникалык талаптары:

3.1. Сабактын видео жазуусунун узактыгы 25тен 45 мүнөткө чейин;

3.2. Сабак смартфонго же видеокамерага жазылышы мүмкүн, видеокамера штативге орнотулган учурда санарип сабактын сапаты жакшы болот;

3.3. Мугалим өзүн камерага тааныштырып, кайсы предметти, кайсы класста жаздырылышы керек;

3.4. Видео байкоочу видеокамера орнотулган жерде болгондой, бүт класс көрүнүп тургандай көрүнүшү керек;

3.5. Үн сапаты мугалим менен окуучулардын сөздөрүн так айырмалоо үчүн жетиштүү болушу керек.











































Тиркеме 1. Ыктыярдуу аттестациянын алкагында санариптик сабакты (видео жазууну) баалоо критерийлери

Критерийлер

Методикалык колдоого муктаж


Кесиптик стандарттын талаптарына жооп берет


Стандарттык талаптардан ашат

  1. Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык окутууну пландаштыруу жана ишке ашыруу

    1. Пландардын болушу жана алардын талаптарга ылайыктуулугу

Сабактын календардык-тематикалык планы жана / же конспект-планы жок, же пландар талапка жооп бербейт.

Сабактын календардык-тематикалык планы жана/же план-конспект түзүмдүн жана мазмундун талаптарына ылайык иштелип чыккан. Мугалим мурда түзүлгөн пландарды өзгөртүү жана тууралоо аркылуу колдоно алат.

Сабактын календардык-тематикалык планы жана/же план-конспектиси иштелип чыккан

    1. Максат коюу

Сабактын максаттары окуучуларга берилбейт / мугалим үчүн максаттар катары берилет / өлчөнө турган жана жете турган критерийлерге жооп бербейт / окуучуларга түшүнүксүз.

Сабактын максаттары түшүнүктүү түрдө айтылды / окуучуларга сабакта окуучулардын билим алуусунун өлчөнүүчү жана жетишилүүчү натыйжалары катары берилди


Сабактын максаттары окуучулардын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен предметтик стандартка жана окуу программасына ылайык окуучулардын күтүлгөн натыйжалары түрүндө түшүнүктүү, өлчөнө турган, ишке ашырыла турган максаттар катары окуучуларга берилет

    1. Сабактын структурасы менен мазмунунун логикасы жана ырааттуулугу

Сабактын ырааттуулугу жана анын мазмуну бөлүнгөн убакыттын ичинде сабактын максаттарына жетүүгө алып келбейт.

Сабактын структурасы, мазмуну ырааттуу бөлүнгөн убакыттын ичинде сабактын пландаштырылган максаттарына жетүүгө багытталган.

Сабактын структурасы жана мазмуну ырааттуу, сабакты өткөрүүдө ийкемдүүлүк жана адаптивдүүлүк көрсөтүлөт.

    1. Предметтик мазмунду билүү

Мугалим жаңы мазмунду үйрөтүүдө так эмес / толук эмес маалымат берет.

Теориялык жактан предмет жөнүндө түшүнүккө ээ, бирок жаңы түшүнүктөрдү окуучулар түшүнө тургандай түшүндүрө албайт. Теманы үйрөнүүнү жашоо менен сейрек байланыштырат.

Мугалим жаңы мазмунду үйрөтүүдө окуучуларга так, илимий жактан негизделген маалымат берет. Негизинен жаңы түшүнүктөрдү окуучулар түшүнө тургандай түшүндүрө алат. Адатта, мектептеги теманы изилдөөнү коомдогу жашоо менен байланыштырат.

Мугалим сабактын темасынын мазмунун толук өздөштүрөт. Ар дайым жаңы түшүнүктөрдү окуучулар түшүнө тургандай түшүндүрө алат же окуучуларды көйгөйлүү суроолор жана тапшырмалар аркылуу жаңы концепцияны түшүндүрүүгө жана болгон тажрыйбаны актуалдаштырууга тартат. Ар дайым коомдогу жашоо менен мектепте теманы окутуу менен байланыштырат.

    1. Окутуу методикасынын максатка ылайыктуулугу

Колдонулган окутуу методдору жана кабыл алуулары максатка ылайыктуу эмес (толугу менен же жарым-жартылай), пландаштырылган натыйжага жетишүүгө алып келбейт / сабак бою окутуунун бир эле ыкмасын же кабыл алуусун колдонулат. Мугалим бул ыкмалар жана кабыл алуулар эмне үчүн колдонулганын дайыма эле түшүндүрө албайт.

Окутуунун ар кандай формалары, стратегиялары, методдору жана кабыл алуулары колдонулуп, максаттарга натыйжалуу көмөктөшөт, анын ичинде кызматташууга, коммуникацияга жана өзүн-өзү уюштурууга багытталган.

Мугалим эмне үчүн мындай сабакты жүргүзгөнүн түшүндүрө алат.

Окуу процессинин ийгиликтүүлүгүнө жараша окуучулардын таанып-билүүчүлүк кызыгуусун, активдүү жана өз алдынча үйрөнүүсүн, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн стимулдай турган окутуунун ар кандай формалары, методдору жана ыкмалары колдонулат жана өзгөрүп турат.

    1. Ой жүгүртүүгө түрткү берген суроолорду жана тапшырмаларды колдонуу

Мугалим негизинен фактологиялык суроолорду жана репродуктивдик тапшырмаларды берет.

Мугалим ар кандай деңгээлдеги суроолорду жана тапшырмаларды берет, анын ичинде жогорку деңгээлдеги көндүмдөрдү өнүктүрүү, ой жүгүртүүгө, түшүндүрүүгө, өз пикирин талашууга, жаңы же рационалдуу чечимдерди издөөгө үндөйт.

Мугалим ар кандай деңгээлдеги суроолорду жана тапшырмаларды берет, анын ичинде жогорку деңгээлдеги көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча, окуучулар бири-бирине суроолорду беришет, ой жүгүртүшөт жана өз пикирлерин талашышат.

    1. Сабакта мугалимдин ролу

Билим алып жүрүүчү катары өзүнүн ролун карап, сабак бою үстөмдүк кылат. Сейрек (же эч качан) маалымат чогултуу, тыянак чыгаруу, чечим кабыл алуу, өз алдынча үйрөнүү жана аткаруу үчүн зарыл болгон тапшырмаларды берет

Анын ролун билимдин булагы эмес, фасилитаторы катары карайт. Маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, тыянак чыгаруу, чечим кабыл алуу, өз ара аракеттенүү зарыл болгон тапшырмаларды берет.

Окутуу окуучуларга көбүрөөк багытталган жана мугалим сабакта үстөмдүк кылбайт (болжол менен 20%/80% катышы). Системалуу түрдө окуучулар негизги компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн практикалык топтук тапшырмаларды, долбоорлорду аткарууга тартылышат.

    1. Сабакта дифференцияланган окутууну колдонуу

Мугалим бүт класс (фронталдык) же айрым окуучулар менен гана иштейт, иштин топтук, жуптук формаларын колдонбойт. Бардыгы үчүн бирдей тапшырмалар, түшүндүрүү ыкмалары, нускамалар колдонулат.

Мугалим сабакта дифференцияланган окутуунун ыкмаларын колдонот, окуучулардын билим алуу муктаждыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн: иштин ар кандай формаларын жана методдорун колдонуу/ топторду түзүү/түшүндүрүү, жаңы материалды көрсөтүү/ ар кандай деңгээлдеги тапшырмалар/ суроолорго, практикага жана өз алдынча иштөөгө убакыт берүү ж. б. аркылуу эске алат.

Мугалим дифференциацияланган окутууну ийкемдүү жүргүзөт, ар кандай лингвистикалык, маданий жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрү бар окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарына шайкеш келген ар кандай стратегияларды, формаларды жана иш методдорун колдонот

    1. Ресурстарды жана ИКТыны пайдалануу

Мугалим окуу куралдарын, кошумча ресурстарды жана ИКТыны жетиштүү деңгээлде пайдаланбайт же колдонбойт.

Мугалим ар кандай окуу жана маалыматтык ресурстарды жана окуу куралдарын, анын ичинде кошумча окуу материалдарын, аудио-визуалдык материалдарды, окутууну колдогон маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонот.


Мугалим ИКТыны кошо алганда, ар кандай ресурстарды жана окуу куралдарын ийкемдүү колдонот. Окуучулар ар кандай булактардан алынган маалыматты колдонуу, дал келүү жана талдоо боюнча калыптанган көндүмдөрүн көрсөтүшөт.

  1. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү

    1. Физикалык чөйрөнүн коопсуздугу жана адаптацияланышы

Сабактын максаттарына жана окуучулардын муктаждыктарына ылайыкташтырбастан учурдагы физикалык чөйрөнү жана окуу куралдарын колдонот \ сабактын максаттарына кандайдыр бир деңгээлде ыңгайлашат.

Физикалык чөйрө негизинен коопсуздук талаптарына жооп берет.

Класстагы окуучулар үчүн коопсуз чөйрөнү түзөт. Сабактын максаттарына ылайык мейкиндикти уюштурат, физикалык чөйрөнү жана окутуунун колдо болгон материалдык каражаттарын (окуу куралдары, ТКЖ, дидактикалык материалдар ж.б.) ылайыкташтырат.

Физикалык мейкиндикти байытат, ар кандай ресурстарды жана окуу куралдарын (окуу куралдары, дидактикалык материалдар, ТКЖ, лабораториялык жабдуулар ж.б.) ар бир окуучуга өз алдынча билим алууга жардам берүү үчүн, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн шарттарды түзүү.

    1. Бардык окуучулардын билим берүү процессине катышуусу

Класста сабакта билим берүү процессине катышпаган окуучулар бар.

Ошол эле окуучуларга суроолорду берет, анткени алар туура жооп берерин билишет.

Жоопту ойлонууга аз убакыт берет.

Бардык окуучулар билим берүү процессине катышышат.\ Мугалим иштин топтук жана жеке формаларын, стратегияларын жана методдорун ар кандай колдонот, ошондуктан бардык окуучуларды билим берүү процессине тартуу окуучуларды жооп берүүдөн мурун жооп жөнүндө ойлонууга убакыт берет.

Бардык окуучулар билим берүү процессине тартылышат, мында окуучулардын сабактардагы ар кандай билим берүү муктаждыктары жана жөндөмдөрү эске алынат.

Окуучуларга ар дайым жооп берүүдөн мурун жоопту ойлонууга убакыт берет

    1. Жылуу мамиле климаты жана дискриминациянын эч кандай түрү жок

Негизинен сабакта мугалимдер менен окуучулардын өз ара мамилесинин жылуу климаты колдоого алынат \ \ гендердик, этникалык жана маданий стереотиптердин көрүнүштөрү бар.

Мугалимдер менен окуучулардын өз ара мамилелеринин жылуу-жумшак климаты түзүлгөн жана сабак бою сакталып турат, гендердик, этникалык жана маданий стереотиптерди жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн окутуу байланышында жана иш-аракеттеринде жок.

Сабакта жана сабактан тышкаркы убакта диалогго жана кызматташтыкка негизделген мугалимдер менен окуучулардын өз ара мамилелеринин жылуу-жумшак климаты түзүлгөн жана колдоого алынган, окуу баарлашуусунда жана ишмердүүлүгүндө гендердик, этникалык жана маданий стереотиптердин жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүнүн көрүнүштөрү жок.

    1. Классты башкаруу

Сабакта талкуулоонун ачык эрежелерин белгилебейт, бар болсо дагы, алар аткарылбайт.

Мугалимдин тапшырмаларды аткаруу боюнча көрсөтмөлөрү дайыма эле так боло бербейт. Убакыт көбүнчө класстагы максаттарга жетүү үчүн жетишсиз. Негизинен, мугалим түшүндүрүүгө убакыт бөлөт жана практикага жана окуучулардын суроолоруна дээрлик убакыт калтырбайт.

Класста талкуулоонун эрежелерин так жана түшүнүктү, негизинен мугалим тарабынан сакталат.

Тапшырмаларды аткаруу боюнча так көрсөтмөлөрдү берет жана аларды аткарууга жетиштүү убакыт бөлөт. Класста жумуш иретиндеги ызы-чууга жол берилет. Материалды узак убакытка түшүндүрүүгө аз убакыт коротот жана адатта окуучулардын суроолоруна жана практикасына жетиштүү убакыт калтырат.

Баары аткарган класстык талкуу эрежелерин белгилейт/эскертет. Так көрсөтмөлөрдү берет жана окуучулардын түшүнүгүнө жараша өзгөрүп турат.

Ар дайым көндүмдөрдү практикалоого жана окуучулардын суроолоруна жетиштүү убакыт калтырат.

Окуучулардын өзүн-өзү уюштуруунун жогорку деңгээлин көрсөтүшөт

3. Окуучулардын окуу натыйжаларына баа берүү, кайтарым байланыш жүргүзүү жана отчет берүү


    1. Вариативность оценивания

Мугалим баалоо методдорунун жана ыкмаларынын чектелген топтомун колдонот (суроо – жооп же репродуктивдүү тапшырмалар).

Мугалим класста баалоонун ар кандай түрлөрүн, формаларын жана методдорун, баалоо куралдарын бааланып жаткан билимдерине жана көндүмдөрүнө жараша, ошондой эле окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонот.

Мугалим сабакта баалоонун ар кандай түрлөрүн, формаларын жана методдорун ийкемдүү колдонот, бул билимди гана эмес, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктү, анын ичинде коммуникативдик, чыгармачыл көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүүнү баалоого мүмкүндүк берет.

    1. Формативдик баалоонун негизинде окутуунун адаптацияланышы

Кээ бир же бардык окуучулар планга ылайык натыйжаларга жетишпесе, алардын окуу практикасы анда санда же такыр өзгөрбөйт.

Адатта, мугалимдин столунун жанында же досканын жанына жайгашып турат, бул окуучулардын жүрүм-турумун байкоону чектейт.

Формативдик баалоонун тез ыкмаларын колдонуу менен окуучулардын сабак учурундагы прогрессин көзөмөлдөйт жана зарылдыгына жараша алардын окуу ыкмаларын жана кабыл алуусун жана кийинки сабактын пландарын тууралайт. Адатта, класстын айланасында жылып, окуучулардын жүрүм-турумун жакшыраак байкай алат.

Окууну жакшыртуу үчүн ар кандай формативдик баалоо ыкмаларын колдонот. Кээ бир же бардык окуучулар планга ылайык жетишкендиктерге/натыйжаларга жетише албаса, ар дайым окутуу практикасын өзгөртүү жолдорун табат.

    1. Баалоо критерийлери

Мугалим баалоо критерийлерин жана тапшырмаларды ийгиликтүү аткарбайт жана окуучуларга оозеки түрүндө жеткирбейт. Окуучулар критерийлерди билишпейт.

Окуучуларга тапшырмаларды баалоо критерийлери берилет (оозеки же жазуу жүзүндө) же критерийлер окуучулар менен талкууланды.

Мугалим критерийлерди эскертет же окуучулар менен биргеликте иштеп чыгат. Окуучулар баалоо критерийлерин билишет жана аларды тапшырмаларды аткарууда жана баалоодо колдонушат.

    1. Окуучулардын баалоого катышуусу

Сабакта мугалим гана баа берет.

Окуучулар өзүн-өзү баалоо жана өз ара баалоо менен алектенишет.

Окуучулар калыптанган өз ара баалоо жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн көрсөтүшөт

    1. Кайтарым байланышы

Мугалим окуучуларды мактоо, ошондой эле кыскача оозеки Баалоо менен колдойт, мисалы "Азаматсң!"/негизинен, терс жактарга басым жасайт. Белгилерди гана берет, көбүнчө окуучуга эч кандай кошумча маалымат бербейт, иштин мисалдарын көрсөтпөйт, окуучу өз натыйжасын жакшыртуу үчүн эмне кылышы керектигин түшүндүрбөйт.

Мугалим конструктивдүү жана тең салмактуу (кемчиликтерди жана жетишкендиктерине баа кою менен), негизинен критерийлерге негизделген, жеке окуучулардын, чакан топторуна же бүтүндөй класска оозеки жана/же жазуу жүзүндө прогресске жана ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керектигине басым жасайт. Баалар баалоо критерийлери менен бирге айтылат.

Мугалим критерийлерге негизделген конструктивдүү жооп кайтарат, ошондой эле окуучуларга бири-бирине комментарий берүүгө (оозеки же жазуу жүзүндө) мүмкүнчүлүк берет.

Бааларды окуучулар да, мугалим да баалоо критерийлери менен бирге айтышат.

    1. Баалоонун натыйжаларын документтештирүү

Мугалим классты же электрондук журналды толтурат.

Мугалим журналды толтурат жана окуучулардын прогрессине, сапаттык же сүрөттөөчү баалоого (башталгыч мектепте) көз салуу үчүн жазууларды жүргүзөт.

Мугалим журналды жүргүзөт. Зарыл болсо, жазууларды жүргүзөт. Окуучулар предмет боюнча прогрессинин өнүгүшүн көрсөткөн портфолиого ээ.



































Тиркеме 2. Санариптик сабакты баалоо боюнча Корутунду (методист тарабынан толтурулат)


Арыз ээси________________________________________________________________

Билим берүү уюму_______________________________________________

Район / Шаар________________________________


Окуткан предмети_____________________

Предмети боюнча санариптик сабак___________________

Сабакка шилтеме_______________________________


Санариптик сабакты берүү датасы___________


Алынган критерийлер боюнча шайкештик пайызы ___________


Жыйынтык:


  • Критерийлерге жооп берет

  • Критерийлерге жооп бербейт




Методисттин Аты-жөнү ____________________________________кол тамгасы________________

Датасы _____________________________________________________________________


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!