Терминдер-А
Аба - атмосфераны түзүүчү газдардын табигый аралашмасы.
Аба ырайы - белгилүү бир аймактагы атмосферанын алдыңкы катмарынын бир учурдагы абалы.
Аба массасы - абанын тропосфердагы зор массасы; өлчөмү боюнча материктер же океандарга тендешкен, радиациялык жана жер бетинин бирдей шарттарында калыптанган, бирдей касиеттеги атмосферанын зор бөлүгү.
Адаптация - организмдин айлана-чөйрөгө ыкталышы.
Азимут - байкоо чектинин меридиан тешиздиги менен ошол чекит жана байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тегиздиктин аралыгындагы бурч. арабчадан (ас-сумут) жол, багыт деген маанини берет.
Айсберг - океан, деңиздерде, мөңгүгө жакын жайгашкан көлдөрдө калкып жүргөн муз сыныктары.
Алар - бир дарыя тармагын камтыган, башка дарыя тармактарынан суу бөлгүчтөр менен бөлүнүп турган жер бетинин бир бөлүгү.
Алювий - латынчадан шиленди, агынды болуп которулат.
Анемометр - шамалдын жана газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор.
Анклав - башка мамлекеттердин аймагы менен курчалган өлкө.
Арал - төрт тарабы суу менен курчалган кургактыктын кичине бөлүгү.