Аквакультура-суудагы “фермаларда”,”плантацияларда” балык,молюска,бермет,балыр ж.б деңиз жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн колдо кармап өстуруу.
Асеан-туштук Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоцациясы.Бруней,Вьетнам,Индонезия,Камбоджа,Лаос,Малайзия,Мьянма,Сингапур,Таиланд,Филиппин өлкөлөрү кирет.
О.А.Э-Африканын бирдиктүү уюму.1963-жылы уюшулуп,Африканын 51 мамлекетин бириктирген уюм.Штаб квартирасы Аддис-Абебада.
Геноцид-калктын кээ бир топторун рассалык,улуттук,этностук же диндик айырмачылыктары боюнча кыргынга алуу.
Гринпис-1971-жылы айлана чөйрөнүнүн жабыркашын токтотуу максатында уюшулган уюм.Гринпис ядролук куралды сыноого,айлана-чөйрөнүн өнөр-жай ж.б калдыктар менен булганышына каршы турат.
Демография-калктын өсүп-өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнундө илим.Калктын санын,табигый өсүшүн,курактык жана жыныстык абалын изилдейт.
Депопуляция-Өлкөнүн же райондун калкынын санынын өсүшү,аны толуктай албагандыгынын натыйжасында,калктын жалпы санынын азайышы.
Депрессиялык район-ИТРдин мезгилинде эски өндүрүштүн көптүгүнөн,экономикалык өсүштүн көп стимулдарынан ажыраган район.Бул түшүнүк 1929-1933-жылдардагы кризистерден п.б
Сегрегация-Кээ бир этностук топторду мажбурлоо жолу менен бөлүндү кылуу саясаты.
Сепаратизм-мамлекетти түзүүгө багытталган бөлүп жаруу саясаты.
Ресурстук цикл-жаратылыш ресурстарын табуу,алып чыгуу,иштетүү,пайдалануу,калдыктарын айлана-чөйрөгө чыгаруу жолдоруна байкоо жүргүзүү.
Совет Европы-адам укугу негизги эркиндиктер жана парламенттик демократия боюнча консультация берүүчү уюм.
Соода балансы-жыл ичинде өлкөгө алынып келинген жана тышка чыгарылып кеткен товарлардын баасынын катнашы.
Субурбанизация-Калктын борбордук бөлүктөн чет жакты карай,эмгектенген жакка көчүшү.
Теократиялык монархия-өкмөттүн башында ошондой эле диндин да башында турган өкүлчүлүк.М:Ватикан.
Технопарк-илимди көп талап кылган фирмалар.Негизги милдети жаңы идеяларды иш жүзүнө ашыруу,мөөнөтүн кыскартуу.
ТНК-Транснациональная корпорация.Ар башка өлкөлөрдө жайгашкан,бир тармактагы иш каналардын бирикмеси.(Корпорация,концерн)
Унитардык мамлекет-аймактык амдинстрациялык түзүлүшү боюнча өлкөдө бир гана мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлиги бар мамлекет.
Федерациялык мамлекет-аймактык админстррациялык тузүлүшү боюнча бирдиктүү башкаруу органдарынан жана мыйзамдарынан башка өзүн-өзү башкара турган аймактык бирдиктери,өзүнун мыйзам чыгаруучу,аткаруучу жана сот бийлиги бар өлкөлөр.(Провинция,штат ж.б)
Экономикалык активдүү калк-эмгекке жарамдуу калктын материалдык өндүрүшкө катышкан жана өндүрүштүк эмес чөйрөдө иштеген бөлүгү.
ЭГП-өлкөнүн региондук,экономикалык,географиялык абалы.
Этнология-калктын пайда болгон алардын мүнөздүү өзгөчөлүтөрү,этностук процесстерге байланышкан карым-катнаштары жөнүндөгү илим.
Этнос-тили,аймагы,чарбасы,маданияты боюнча бирдиктүү,тарыхый калыптанган адамдардын туруктуу тобу.
Аккумуляция-талкаланган,борпоң тектердин жана сууда жашаган организмдердин калдыктарынын жер бетинде же суу түбүндө топтолушу.Жер бетиндеги аккумуляциялык агын суунун аракети менен рельефтин терс формаларында топтолот.
Антициклон-атмосферадагы жогорку басымдуу област.Эң жогорку басым борборунда,четке карай басым азаят,ошондуктан шамалдын багыты борбордон четке карай түндүк жарым шарда сааттын жебесинин багыты боюнча куюндап,түштүк жарым шарда ага каршы багытта куюндап согот.Антициклон таасири миңдеген км жетиши мүмкүн.
Бедленд-Бузулган жерлер.Тоо капталдарынын этектеринде же дөңсөөлүү аймактарда кескин жана татаал тилмеленген аянттар.Негизинен кургакчыл климаттуу региондордо сейрек жааган жаан-чачындардын сууларынан эрозияга учураган,чарбага такыр жарабаган жерлер.Адам баласы ыксыз жаман пайдаланган эңкейиш жерлер да жасалма бедлендге айланышы мүмкүн.
Биоценоз-Бирдей табыгый факторлорго баш ийген,белгилүү жер бетинин бөлүгүн ээлеген бири-бири менен тыгыз байланыштагы өсүмдүктөр,топурактар,суулар,аба массасы жана рельеф менен бирге караганда биоценоз деп аталат.
Дендрид-котормосу (грек)-дарак,бак.Ири өрөөн аралык мөңгүлөрдүн тиби-дендрит тибиндеги мөңгү т.а дарак сыяктуу бутактап кеткен мөңгү.Негизги бөлүгү өрөөндү ээлеп,капталдарынан куймалары,аларда бутактап кеткен.М:Түштүк эңилчек мөңгүсү.
Денудация-талкаланган тоо тектеринин сууга агып,шамалга учуп,оордук күчүнүн таасири менен тоголонуп-кулап бийик жерден жапызды карай шилениши.Денудация темпи тектоникалык кыймылга жараша болот.Эгерде тектоникалык кыймыл денудациясы ылдамдыгынан аз болсо бийик тоолор да акырындап дөңсөөлүү түздүккө айланат.Тескерисинче болгондо тоолордун бийиктиги өзгөбөйт же бийиктей берет.
Ландшафт-георгафияда аймактык-жаратылыш комплекстеринин синоними.Регионалдык планда физика-географиялык райондоштурууну жүргүзүү үчүн кабыл алынган рангасыз бирдиик.Экинчи бир мааниси пайда болушу,өнүгүү тарыхы,географиялык,рельефи,климаты,топурагы жана өсүмдүктөрү бирдей типтеги белгилүү аймак.Бул мааниде ландшафт физика-географиялык райондоштуруунун негизги бирдиги.
Лесс-катмарланган,белгиси жок майда боштуктары бар ныкталган бирдей типтеги ак топурак (чопо).Негизинен тоо этектериндеги адырлардын үстүн,бөксө тоолорду каптап жатат.Калыңдыгы бир нече мден 100-200 мге чейин.Шамалдын аракетинен пайда болгон деген көз караш бар.
Оазис-Чөл жана жарым чөл зонасында суу менен камсыз болгонунва байланыштуу бак-дарактар ж.б өсүмдүктөр гүлдөп өскөн жай.Эреже катары ал жерлер ал жерлер калк отурукташкан жайларга айланган.М:Фергана өрөөнүнүн тегереги,Ташкен оазиси.
Саванна-узун чөптүү,сейрек өскөн чатыр сымал бутактанган дарактуу,тропиктик талаалар.Нымдуу жаанчыл мезгилде чөп киши боюнан өйдө болуп,калың өсөт.Кургакчыл мезгилде куурап калат.Ар кандай жапайы жаныбарларга бай.Африкада,Түштүк Америкада,Австралияда тараган.Мезгили менен гүлдөп өсүп,калган убактарда куурап калган талааларды да ушуга окшоштуруп саванна деп коюшат.
Циклон-Борбордук бөлүгүндө басымы төмөн,диаметри жүздөгөн кмге жеткен атмосфералык куюн.Шамсалдын багыты четтен борборго умтулган,түндүк жарым шарда саатын жебесинин багытына каршы,түштүк жарым шарда багыты менен куюндун жалпы ылдамдыгы саатына 30-40 км жаан-чачынды алып келет.
Циркуляция-зор аянтты ээлегени аба массаларынын же океандагы суу массаларынын бир багытты беттеп эбегейсиз чоң айлана боюнча жылышы.
Эрозия-Тоо тектеринин жана топурактын агын-суунун аракетинен жуулуп,желип кетиши.Натыйжада жер бетинде мүнөздүү рельефтин формалары пайда болот:өрөөндөр,коолор,кемелер ж.б
Адаптация-табият же адамзат тарабынан жаратылган алдыда боло турган климаттык таасирлер жана анын кесепеттеринин түрмөгүнө багытталган жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып,ага оңдөө,түзөтүүлөрдү киргизүү.Организмдин айлана-чөйрөгө ыкталышуусу.
Архипелаг-бири-бирине жакын жайгашкан,пайда болуу шарттары,биологиялык түзүлүшү боюнча окшош аралдар тобу.
Муссондор-багыты жылына эки жолу карама-каршы өзгөрүп турган туруктуу сезондук шамалдар:кышында кургактыктан океанды көздөй (кышкы муссон) жана жайында океандан кургактыкты көздөй(жайкы муссон) согот.
Пассаттар-океандардын тропиктик кеңдиктеринде жыл бою тупуктуу соккон шамалдар.
Фен-тоодон өрөөндү көздөй соккон катуу,кургак жылуу шамал.Тоо капталдарынан аба төмөн карай жылганда ал жылыйт да фенду п.к.Узактыгы 1 суткадан ашпайт.
Эпицентр-жер титирөөнун борборунун үстүндө жайгашкан жердин үстүнкү бети.Эпицентрдин борборунда бузулуулар байкалат.Ал сейсмикалык станциялардын жазуулары боюнча аныкталат.