СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометрия 9-класс

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Геометрия 9-класс

Просмотр содержимого документа
«Геометрия 9-класс»



Предмети: Геометрия классы: 9

Бекитемин:






Датасы:







Сабактын темасы: Тегиздиктеги чекиттин координаталары

Сабактын тиби: Стандарттык

Колдонулуучу усулдар: Топко, жупка, жеке

Баалоо усулдары жана техникалары: Диагностикалык

Сабактын жабдылышы:Таблица


Сабактын максаты(күтүлүүчү натыйжа)

Компетенттүүлүк

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга тегиздиктеги чекиттин координаталары жѳнүндѳ түшүнүк берүү


Окуучулар берилген суроолорго жооп бере алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын эске тутуусун, элестѳѳсүн ѳстүрүү менен ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳндүрүү


Окуучулар ѳз алдынча кѳнүгүүлѳрдү ишей алышса

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккѳ тарбиялоо


Окуучулар бири-бирине жардам бере алышса

Сабактын мазмуну

Түшүндүрмөлөр (комментарийлер)

1.Уюштуруу. Саламдашуу. Балдар менен ишенимдүү сүйлөшүү.

Жагымдуу маанай жаралат. Психологиялык чѳйрѳ түзүлѳт. Теманы түшүнүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүлѳт.

2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен.

3. Жаңы теманы өтүү.

1-кадам. Тегиздикте бири-бирине перпендикулярдуу болгон жана О чекитинде кесилишүүчү эки окту алалы. Алардын бири горизонталдуу, экинчиси вертикалдуу болушсун. Горизонталдуу окту х аркылуу белгилеп, абсцисса огу деп атайбыз, ал эми вертикалдуу окту у аркылуу белгилеп, ордината огу деп атайбыз. О чекити координаталар башталышы деп аталат. Бул октор боюнча алынуучу масштаб бирдиктери бирдей болуусу керек. Координаталар октору тегиздикти тѳрт бѳлүккѳ бѳлѳт. Аларды чейректер деп атайбыз. Бул координаталык системага карата тегиздиктеги ар кандай чекиттин абалын атайбыз. Маселеде чекит берилген десе, анда анын координаталары берилген болот; ал эми чекитти табуу керек десе, анда анын координаталарын табуу керек деп түшүнѳбүз. I чейрек үчүн х 0, у 0; II чейрек үчүн х 0, у 0; III чейрек үчүн хIV чейрек үчүн х0, у

4. Бышыктоо.

2-кадам. Координаталар системасында

А(4;2), В(-2;1,5), С(2;-2), D(0;3) чекиттерин түзгүлѳ.


5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо

6. Жыйынтыктоо

7. Үй тапшырма. №2, 3, 4



Маалымат алуу жогорулайт.



Түшүндүрүү процесси жүрѳт.



Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот.













Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт.






Түшүндүрүү процесси жүрѳт.