СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометрия 9-класс

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Гемотетия. Окшош озгоруу

Просмотр содержимого документа
«Геометрия 9-класс»

Предмети: Геометрия классы: 9

Бекитемин:






Датасы:







Сабактын темасы: Гомотетия. Окшош ѳзгѳртүү

Сабактын тиби: Стандарттык

Колдонулуучу усулдар: Топко, жупка, жеке

Баалоо усулдары жана техникалары: Диагностикалык

Сабактын жабдылышы:Таблица


Сабактын максаты (күтүлүүчү натыйжа)

Компетенттүүлүк

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга гомотетия жана окшош ѳзгѳртүү жѳнүндѳ түшүнүк берүү

Окуучулар берилген суроолорго жооп бере алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын эске тутуусун, элестѳѳсүн ѳстүрүү менен ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳндүрүү

Окуучулар ѳз алдынча кѳнүгүүлѳрдү ишей алышса

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккѳ тарбиялоо

Окуучулар бири-бирине жардам бере алышса

Сабактын мазмуну

Түшүндүрмөлөр (комментарийлер)

1.Уюштуруу. Саламдашуу. Балдар менен ишенимдүү сүйлөшүү.

Жагымдуу маанай жаралат. Психологиялык чѳйрѳ түзүлѳт. Теманы түшүнүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүлѳт.

2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен.

3. Жаңы теманы өтүү.

1-кадам.

Геометрияда формасын ѳзгѳртпѳй, бирок сызыктуу чоӊдуктарын бирдей санга чоӊойтуучу же кичирейтүүчү ѳзгѳртүү да каралат. Андай ѳзгѳртүүнүн катарына окшош ѳзгѳртүү да кирет. Аныктама: тегиздиктин ар кандай А жана В чекиттерин тиешелүү түрдѳ А' жана В' чекиттерине А'В'=k*АВ(k 0) болгондой кылып чагылдыруу окшош ѳзгѳртүү деп аталат. Мында k саны окшоштук коеффициенти деп аталат. Окшош ѳзгѳртүү ѳз ара бир маанилүү болоору түшүнүктүү. Ошондуктан окшош фигуралардын туура келүүчү кесиндилеринин катыштары барабар (пропорциялаш) болушат. Аныктама: тегиздиктин ар бир М чекитин ОМ'=k*ОМ болгондой кылып, ОМ түз сызыгында жатуучу М' чекитине чагылдыруу гомотетия же борбордук окшош ѳзгѳртүү деп аталат. Мында О-гомотетия борбору, k-гомотетия коеффициенти болот. М жана М' гомотетиялуу чекиттер болушат. О борбору ѳзү-ѳзүнѳ гомотетиялуу деп эсептелет. Эгерде k0 (kѳз ара бир маанилүү ѳзгѳртүү болот. Гомотетия борбору аркылуу ѳтүүчү түз сызык ѳзү-ѳзүнѳ ѳзгѳртүлѳт. Гомотетиялуу түз сызыктар параллель болушат. Гомотетияда параллель эки түз сызык параллель эки түз сызыкка ѳтѳт. Гомотетияда эки түз сызыктын арасындагы бурч ѳзгѳрбѳйт.

4. Бышыктоо. 2-кадам №1, №2, №3

5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо

6. Жыйынтыктоо

7. Үй тапшырма. №4, №5



Маалымат алуу жогорулайт.



Түшүндүрүү процесси жүрѳт.



Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот.

















Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт.





Түшүндүрүү процесси жүрѳт.