Просмотр содержимого документа
«Геометриялык кече.»
Сабактын темасы:
Геометриялык кече.
Сабактын тиби: билимдерди бекемдөө сабагы.
Сабактын формасы:
сабак – мелдеш.
Ресурстар:
цифра жазылган жана фигуралар тартылган листтер, ноутбук, акылдуу доска, плакаттар,
Сабактын м аксаттары:
Күтүлүүчү натыйжа :
Билим берүүчүлүк: 1-чейректе өтүлгөн темаларды, төрт бурчтуктун түрлөрүн кайталоо.
1-чейректе өтүлгөн темаларды билишсе, төрт бурчтуктун түрлөрүн кайталашса.
Өнүктүрүүчүлүк:
Тактыкка, тапкычтыкка, чыйрактыкка, өз алдынча иштөөгө үйрөтүү.
Тактыкка, тапкычтыкка, чыйрактыкка, өз алдынча иштөөгө үйрөнүшсө.
Тарбия берүүчүлүк:
Ынтымак болууга, бири-бирин сыйлоого, убакытты туура пайдаланууга тарбиялоо.
Ынтымак болушса, бири-бирин сыйлашса, убакытты туура пайдаланууга тарбияланышса.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруучу бөлүк
А) Саламдашуу
Б) Окуучуларды жоктоо.
В) Кечени баштоо.
Ассалому алейкум келген мейман
Алик алып угуңуз салам айтам.
Ат арытып алыстан келгендерге
Жеке өзүмдүн атымдан салам айтам.
Кыштагы аппак кардай пейил каалайм Агып бүтпөс булактай өмүр каалайм
Кубанамын меймандардын келишине Бүгүнкү биздин геометриялык кечебизге
Командаларды сахнага чакыруу.
“ Илим ” командасы жана “ Билим ” командасы .
Командалардын капитандарын чакырып “чучу кулак” тартабыз.
Кеченин программасы:
2. Акыйнек.
3. Ыр
4. Макал-лакап
5. Эмблема чечмелөө
6. Суроо-жооп
7. Логикалык суроолор.
8. Жыйынтыктоо .