СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Графикалык коддоо.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Графикалык коддоо.»

    Сабактын темасы: Графикалык маалыматты коддоо. Экрандын мониторундагы графикалык маалымат

Сабактын темасы: Графикалык маалыматты коддоо. Экрандын мониторундагы графикалык маалымат

Бүгүн сабакта : компьютерде графикалык маалыматты көрсөтүү формалары менен таанышуу; түс кантип коддолот, түстөрдүн кандай моделдери жана режимдери бар, түстүү сүрөттөлүш кандай касиеттерге ээ болот;  RGB жана CMYK режимдериндеги түстүн сандык жазууларын, түстүн берилген тереңдигиндеги түстөрдүн максималдуу санын, берилген түстөрдүн саны үчүн түстүн тиешелүү тереңдигин, сүрөттөлүштүн маалыматтык көлөмүн аныктаганга үйрөнөбүз;

Бүгүн сабакта :

  • компьютерде графикалык маалыматты көрсөтүү формалары менен таанышуу; түс кантип коддолот, түстөрдүн кандай моделдери жана режимдери бар, түстүү сүрөттөлүш кандай касиеттерге ээ болот;
  • RGB жана CMYK режимдериндеги түстүн сандык жазууларын, түстүн берилген тереңдигиндеги түстөрдүн максималдуу санын, берилген түстөрдүн саны үчүн түстүн тиешелүү тереңдигин, сүрөттөлүштүн маалыматтык көлөмүн аныктаганга үйрөнөбүз;
CMYK системасында түстөрдү түзүү. CMYK түстөрдү берүү системасында түстөрдүн палитрасы көгүш, кочкул кызыл, сары жана кара боѐкторду кошуу жолу менен алынат. HSB түстөрдү берүү системасы базалык параметрлер катары К ошумча түстү, түстүн Каныгуусун , Жарыктыгын колдонот. Мейкиндик боюнча дискреттештирүүдө сүрөттөлүш өзүнүн түсүнө – пикселдер жана чекиттерине ээ болгон өзүнчө элементтерге бөлүнөт. Мейкиндик боюнча дискреттештирүү-нүн жыйынтыгы болуп растрдык сүрөттөлүш эсептелет. Растрдык сүрөттөлүштүн сапаты чечүүчү жөндөмдүүлүк менен аныкталат. Пиксель – сүрөттүн эң минималдык аймагы. Ар бир пикселге башкалардан көз карандысыз түрдө түс берүүгө болот.

CMYK системасында түстөрдү түзүү. CMYK түстөрдү берүү системасында түстөрдүн палитрасы көгүш, кочкул кызыл, сары жана кара боѐкторду кошуу жолу менен алынат.

HSB түстөрдү берүү системасы базалык параметрлер катары К ошумча түстү, түстүн Каныгуусун , Жарыктыгын колдонот.

Мейкиндик боюнча дискреттештирүүдө сүрөттөлүш өзүнүн түсүнө – пикселдер жана чекиттерине ээ болгон өзүнчө элементтерге бөлүнөт. Мейкиндик боюнча дискреттештирүү-нүн жыйынтыгы болуп растрдык сүрөттөлүш эсептелет. Растрдык сүрөттөлүштүн сапаты чечүүчү жөндөмдүүлүк менен аныкталат.

Пиксель – сүрөттүн эң минималдык аймагы. Ар бир пикселге башкалардан көз карандысыз түрдө түс берүүгө болот.

Экрандын мониторундагы графикалык маалымат Сүрөттөлүштүн сапаты монитордун чечүүчү жөндөмдүүлүгү менен аныкталат, б.а. сүрөт түзүлгөн чекиттердин саны менен. Чечүүчү жөндөмдүүлүгү канчалык чоң болсо, сүрөттөлүш дагы ошончолук сапаттуу. Чечүү – сүрөттөлүштүн бир дюйм өлчөмүнө туура келүүчү пикселдердин саны. Түстүн тереңдиги – бул пикселдин түсүн коддоо үчүн колдонулган биттердин саны.

Экрандын мониторундагы графикалык маалымат

Сүрөттөлүштүн сапаты монитордун чечүүчү жөндөмдүүлүгү менен аныкталат, б.а. сүрөт түзүлгөн чекиттердин саны менен. Чечүүчү жөндөмдүүлүгү канчалык чоң болсо, сүрөттөлүш дагы ошончолук сапаттуу.

Чечүү – сүрөттөлүштүн бир дюйм өлчөмүнө туура келүүчү пикселдердин саны.

Түстүн тереңдиги – бул пикселдин түсүн коддоо үчүн колдонулган биттердин саны.

Монитордун экраны негизги эки режимде иштей алат: тексттик графикалык.

Монитордун экраны негизги эки режимде иштей алат:

тексттик

графикалык.

Графикалык режимдер төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт:  Чечүүчү жөндөмдүүлүгү – чекиттердин саны, алардын жардамы менен экранда сүрөттөлүштү алууга мүмкүн болот: мисалы, 1920 х 1080.  Түстүн тереңдиги – чекиттин түсүн коддоо үчүн колдонулган биттердин саны, мисалы, 8,16, 24, 32 бит. Монитордун экранында чагылдырылган түстөрдүн саны төмөнкү формула менен аныкталат: K=2 I , мында К – түстөрдүн саны, I – түстүн тереңдиги же биттик тереңдик.

Графикалык режимдер төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт:

Чечүүчү жөндөмдүүлүгү – чекиттердин саны, алардын жардамы менен экранда сүрөттөлүштү алууга мүмкүн болот: мисалы, 1920 х 1080.

Түстүн тереңдиги – чекиттин түсүн коддоо үчүн колдонулган биттердин саны, мисалы, 8,16, 24, 32 бит. Монитордун экранында чагылдырылган түстөрдүн саны төмөнкү формула менен аныкталат:

K=2 I ,

мында К – түстөрдүн саны, I – түстүн тереңдиги же биттик тереңдик.

Таблица. Түстүн тереңдиги (I) жана чагылдырылган түстөрдүн саны (К)

Таблица. Түстүн тереңдиги (I) жана чагылдырылган түстөрдүн саны (К)

Сүрөттөлүштү коддоонун сапаты төмөнкүлөргө көз каранды: Дискреттөө жыштыгына , б.а. сүрөтөлүш бөлүнгөн фрагменттердин өлчөмүнө. Коддоонун тереңдигине , б.а. бир чекит үчүн керек болгон түстүн санына.   Монитордун экранында сүрөттөлүштү чыгаруу үчүн сүрөттөлүштүн бардык чекиттеринин түстөрү сактала турган компьютердин видеоэси керек.   Видеоэс– бул графикалык сүрөттөлүш түзүлгөн оперативдүү эстин бөлүгү. Видеоэстин көлөмү төмөнкү формула менен эсептелет: V=I*X*Y, мында I – өзүнчө чекиттин түсүнүн тереңдиги, X, Y – экрандын горизонталдык жана вертикалык өлчөмдөрү (Xтин Yке көбөйтүндүсү экрандын чечүүчү жөндөмдүүлүгүн берет).

Сүрөттөлүштү коддоонун сапаты төмөнкүлөргө көз каранды:

Дискреттөө жыштыгына , б.а. сүрөтөлүш бөлүнгөн фрагменттердин өлчөмүнө.

Коддоонун тереңдигине , б.а. бир чекит үчүн керек болгон түстүн санына.

  Монитордун экранында сүрөттөлүштү чыгаруу үчүн сүрөттөлүштүн бардык чекиттеринин түстөрү сактала турган компьютердин видеоэси керек.

  Видеоэс– бул графикалык сүрөттөлүш түзүлгөн оперативдүү эстин бөлүгү.

Видеоэстин көлөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

V=I*X*Y,

мында I – өзүнчө чекиттин түсүнүн тереңдиги,

X, Y – экрандын горизонталдык жана вертикалык өлчөмдөрү (Xтин Yке көбөйтүндүсү экрандын чечүүчү жөндөмдүүлүгүн берет).

Мисал 1 . Эгерде сүрөттө 65536 түс колдонулса, анын түсүнүн тереңдиги кандай? 256 түстүкүчү? 16 түстүкүчү? Чыгаруу:  K=2 I , формуласын жана таблицаны колдонобуз. 2 I = 65536, I=16. Жообу: 16 бит  2 I = 256, I=8. Жообу: 8 бит  2 I = 16, I=4. Жообу: 4 бит Мисал 2 . Монитордун экраны – 1024х768 чекиттен турат, түстүн тереңдиги – 16 бит. Бул графикалык режим үчүн керек болгон видеоэстин көлөмү канчага барабар?     Чыгаруу: Vэс = I * X * Y , Vэс = 1024 * 768 * 16 (бит) = 12 582 912 бит  12 582 912 бит :8 = 1 572 864 байт 1 572 864 байт:1024= 1536Кбайт 1536Кбайт:1024 1,5Мбайт. Жообу:  1,5Мбайт.

Мисал 1 . Эгерде сүрөттө 65536 түс колдонулса, анын түсүнүн тереңдиги кандай? 256 түстүкүчү? 16 түстүкүчү?

Чыгаруу: K=2 I , формуласын жана таблицаны колдонобуз. 2 I = 65536, I=16. Жообу: 16 бит

2 I = 256, I=8. Жообу: 8 бит

2 I = 16, I=4. Жообу: 4 бит

Мисал 2 . Монитордун экраны – 1024х768 чекиттен турат, түстүн тереңдиги – 16 бит. Бул графикалык режим үчүн керек болгон видеоэстин көлөмү канчага барабар?

 

  Чыгаруу: Vэс = I * X * Y ,

Vэс = 1024 * 768 * 16 (бит) = 12 582 912 бит

12 582 912 бит :8 = 1 572 864 байт

1 572 864 байт:1024= 1536Кбайт

1536Кбайт:1024 1,5Мбайт. Жообу: 1,5Мбайт.

1-маселе . Чечүүчү жөндөмдүүлүгү 1024 х 700 чекиттен жана түстүн палитрасы 65536 түстөн турган монитордун High Color режимин берүүгө керек болгон компьютердин видеоэсинин көлөмүн килобайт менен аныктагыла. Чыгаруу: 1. К = 2 I формуласы боюнча, K – түстүн саны, I – түстүн тереңдиги. 2 I =65536 болгондуктан таблица боюнча түстүн тереңдиги I = 16 битке (2 16 = 65 536) барабар болот. 2. Сүрөттөлүштүн чекиттеринин саны 1024 * 700 = 716 800гө барабар 3. Видеоэстин талап кылынуучу көлөмү 16 бит * 716 800 = 11 468 800 битке барабар болот. Эми муну килобайтка которобуз: 11 468 800 бит: 8 =1 433 600 байт 1 433 600 байт: 1024 = 1400 Кб Жообу: 1400 Кб

1-маселе . Чечүүчү жөндөмдүүлүгү 1024 х 700 чекиттен жана түстүн палитрасы 65536 түстөн турган монитордун High Color режимин берүүгө керек болгон компьютердин видеоэсинин көлөмүн килобайт менен аныктагыла.

Чыгаруу:

1. К = 2 I формуласы боюнча, K – түстүн саны, I – түстүн тереңдиги. 2 I =65536 болгондуктан таблица боюнча түстүн тереңдиги I = 16 битке (2 16 = 65 536) барабар болот.

2. Сүрөттөлүштүн чекиттеринин саны 1024 * 700 = 716 800гө барабар

3. Видеоэстин талап кылынуучу көлөмү 16 бит * 716 800 =

11 468 800 битке барабар болот.

Эми муну килобайтка которобуз:

11 468 800 бит: 8 =1 433 600 байт

1 433 600 байт: 1024 = 1400 Кб Жообу: 1400 Кб

2-маселе Растрдык графикалык сүрөттү өзгөртүп түзүү процессинде түстүн саны 65536 дан 16 га чейин азайды. Маалыматтык көлөм канча эсе азайды.  Чыгаруу:  1) 2 х =65536, х=16 2) 2 у =16, у=4 3) К=х/у= 16/4=4, Жообу: маалыматтык көлөм 4 эсе азаят. 3-маселе Сүрөттөлүш графикалык чечилиши 1024 х 768 болгон монитордун экранында 256 түстүк палитраны колдонуу менен түзүлгөн. Бул сүрөттү сактоого керек болгон эстин көлөмүн эсептегиле. Чыгаруу: 1024 х 768* 8= 1024 * 768 * 8 бит = 1024 * 768 байт = (пикселдердин саны ) (бир пикселдин түсүнө туура келген биттердин саны ) = 768 Кбайт  Жообу : 768 Кбайт

2-маселе

Растрдык графикалык сүрөттү өзгөртүп түзүү процессинде түстүн саны 65536 дан 16 га чейин азайды. Маалыматтык көлөм канча эсе азайды.

Чыгаруу:

1) 2 х =65536, х=16 2) 2 у =16, у=4 3) К=х/у= 16/4=4, Жообу: маалыматтык көлөм 4 эсе азаят.

3-маселе

Сүрөттөлүш графикалык чечилиши 1024 х 768 болгон монитордун экранында 256 түстүк палитраны колдонуу менен түзүлгөн. Бул сүрөттү сактоого керек болгон эстин көлөмүн эсептегиле.

Чыгаруу: 1024 х 768* 8= 1024 * 768 * 8 бит = 1024 * 768 байт = (пикселдердин саны ) (бир пикселдин түсүнө туура келген биттердин саны ) = 768 Кбайт

Жообу : 768 Кбайт

4-маселе. 200 бет текстти (ар бир бетти 80 символду камтыган 50 сапты камтыйт) жана 10 түстүү сүрөттү камтыган китептин маалыматтык көлөмүн аныктагыла. Ар бир сүрөт графикалык чечилиши 800 х 600 болгон монитордо 16 түстүк палитрасы менен түзүлгөн. Мындай андагы маалыматты сактоо үчүн көлөмү 1,4 Мб болгон канча дискета керек болот? Чыгаруу: 80 * 50 * 200 симв. 1 символ – 1 байт   80 * 50 * 200 байт 80 * 10 Кбайт = 800 Кбайт – текстти сактоо үчүн 16 = 2 4 , * (800 * 600 * 4) бит = 10 * 100 * 2400 байт 2400 Кбайт - сүрөттөрдү сактоо үчүн 2400 + 800 = 3200 Кбайт 3, 2 Мб Жообу: 3, 2 Мб, үч дискета .

4-маселе.

200 бет текстти (ар бир бетти 80 символду камтыган 50 сапты камтыйт) жана 10 түстүү сүрөттү камтыган китептин маалыматтык көлөмүн аныктагыла. Ар бир сүрөт графикалык чечилиши 800 х 600 болгон монитордо 16 түстүк палитрасы менен түзүлгөн. Мындай андагы маалыматты сактоо үчүн көлөмү 1,4 Мб болгон канча дискета керек болот?

Чыгаруу: 80 * 50 * 200 симв. 1 символ – 1 байт

 

80 * 50 * 200 байт 80 * 10 Кбайт = 800 Кбайт – текстти сактоо үчүн

16 = 2 4 ,

  • * (800 * 600 * 4) бит = 10 * 100 * 2400 байт 2400 Кбайт - сүрөттөрдү сактоо үчүн

2400 + 800 = 3200 Кбайт 3, 2 Мб

Жообу: 3, 2 Мб, үч дискета .

ТАПШЫРМАЛАР : 1) 64 түс колдонулган палитра файлда канча орунду (көлөм) ээлейт? 128 түс колдонулсачы? 2) Графикалык чечилиши 800 х 600 жана түстүк палитрасы 32 болгон монитордо түзүлгөн сүрөттү сактоо үчүн керек болгон эстин көлөмүн эсептегиле. 3) Эгерде дисплейдин чечүүчү жөндөмдүүлүгү 800х600 пиксель, ал эми биттик тереңдиги 24 кө барабар болгон 4 бетти ээлеген сүрөттү сактоо үчүн видеоэстин канча көлөмү керектелет?

ТАПШЫРМАЛАР :

1) 64 түс колдонулган палитра файлда канча орунду (көлөм) ээлейт? 128 түс колдонулсачы?

2) Графикалык чечилиши 800 х 600 жана түстүк палитрасы 32 болгон монитордо түзүлгөн сүрөттү сактоо үчүн керек болгон эстин көлөмүн эсептегиле.

3) Эгерде дисплейдин чечүүчү жөндөмдүүлүгү 800х600 пиксель, ал эми биттик тереңдиги 24 кө барабар болгон 4 бетти ээлеген сүрөттү сактоо үчүн видеоэстин канча көлөмү керектелет?

Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!

Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!