Просмотр содержимого документа
«Ийгиликке жетүүнүн жолдору»
Жеңиш тобокелчиликтин артында:
Оюндан жеңишке жетишүү үчүн,ал оюнду ойноп көрүш керек.Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн тобокелчилик жардамга келет.Муну менен сен коркпостон,өзүңө ешенүүнү үйрөнөсүң.
Эч кимге актанба!
Эч качан актанба.Туура эмес кылган нерсеңдин ката экенин биринчи өзүң моюнуңа ал,анан башкаларга жөн гана түшүндүрүп кой. Кечке эле кайталап, кырдаалды түшүндүрөм деп чалына берүүнүн кереги жок.
Өзүңдү мактаганды үйрөн!
Кыргызда “ өзүңдү өзүң сыйлабасаң,өңгө да сени сыйлабайт” деген учкул сөз бар. Баасын төмөн түшүрүп алган адам дайыма өзүнө “мен толуп кеттим”, “боюм кыска”, “бетимде кемчиликтер көп,мурдум бучук”, “өтө эле арыктап кеттим,балким ,кыздар көңүл бурбай жатканы ушундан болбосун” деген сыяктуу жемелерди көп айтат.Мындай тескери баа адамдын алдыга жылдыргандын ордуна артка тартары бышык. Андыктан өзүңдүн артыкчылыктарыңды көбүрөөк көргөнгө аракет кыл жана айта жүр. Ал сенин мактанчаактыгың эмес,өзүңдү баалай билгениң.
Жылмаюу-күчтүү курал
Душманыңдын деңгээлине түшүп калбас үчүн абдан эффективдүү курал-бул жылмаюу. Ал канчалык сага оор казган сайын сен жөн гана жылмайып койсоң, кызаргыча ачууланып кетээри бышык. Ар дайым жылмайып, көтөрүңкү маанайда жүргөнүң,негативдүү көз караштардан калканыч болот. Анан калса жылмаюуга жылмаюу менен жооп берген адамдын оң энергия алып, жан дүйнөң тазарарына кепилдик бар.
Айланадыгылардын көңүлүн ал
Мүмкүнчүлүгүңо жараша адамдарга жакшылык кылууга умтул.Эң жөнөкөй мисал, кары адамдардын баштыгын көтөрүшүп кой, коомдук транспорттто орун бер, мырзалар айымдарды сыйлап жол берип койгон элпектик сага пайда алып келет. Алардын сага ыраазы боло жылмайып караганы, кары адамдардын батасы, айткан ыраазычылыктарынын баары сага ишеним тартуулайт. Бирок эсиңе тут, өзүн-өзү баалай билүү менен өзүн-өзү жарнамалоо эки башка нерсе.
“Кан соргучтардан” арыл!
Айланаңдагы сенин “каныңды соргон”адамдардан арыл.
Алар кимдер?
Пайдасы жок достор.Аларды сен да кыйынчылыктарда
жардамга чакырып сынап, иргеп ал. Болбосо ар түрдүү негативдери менен сенин убактыңды, көп нервиңди алып, баркыңды түшүрүп коюшат.
Жалкоолук менен күрөш
Жашоого болгон нааразычылыкты азайт
Жаңылып калуу коркунучтуу эмес