СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Индия 17-19-кылымдарда

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

17-19-кылымдарда Индиянын социалдык-экономикалык абалы, элдик көтөрүлүш,  Англиянын үстөмдүгү жана  Ост-Индия компаниясы тууралуу маалыматтар берилген 

Просмотр содержимого документа
«Индия 17-19-кылымдарда»

Тема: Индия 17- 19- кылымдарда  Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген  Текшерген: Бакеева Б. З.

Тема: Индия 17- 19- кылымдарда

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

Текшерген: Бакеева Б. З.

План: 1. Индиянын 17-19 – кылымдагы социалдык-экономикалык абалы 2. Англиянын колониялык үстөмдүгү жана Ост-Индия компаниясы 3. Индиядагы элдик көтөрүлүш 4. Колдонулган адабияттар

План:

  • 1. Индиянын 17-19 – кылымдагы социалдык-экономикалык абалы
  • 2. Англиянын колониялык үстөмдүгү жана Ост-Индия компаниясы
  • 3. Индиядагы элдик көтөрүлүш
  • 4. Колдонулган адабияттар
 Индиянын 17-19 – кылымдагы социалдык-экономикалык абалы Индиянын түндүгүндө Могол империясы түзүлүп, 17-кылымда Индиянын түштүгүнө чейинки аймакты ээлеп алган. Державанын негиздөөчүсү Тимуриддердин урпагы Бабур болгон. Бул империянын түзүлүшүнөн кийин Индияда ич ара чыр-чатактар токтоп, чарбачылыгы, кол өнөрчүлүгү, соодасы калыбына келе баштаган.

Индиянын 17-19 – кылымдагы социалдык-экономикалык абалы

  • Индиянын түндүгүндө Могол империясы түзүлүп, 17-кылымда Индиянын түштүгүнө чейинки аймакты ээлеп алган. Державанын негиздөөчүсү Тимуриддердин урпагы Бабур болгон. Бул империянын түзүлүшүнөн кийин Индияда ич ара чыр-чатактар токтоп, чарбачылыгы, кол өнөрчүлүгү, соодасы калыбына келе баштаган.
Могол империясынын башчысы Акбардын (1556-1605-жж) мезгилинде борбордук бийлик бекемделип, реформалар жүргүзүлүп, империянын гүлдөп өнүккөн мезгили болгон. Анын тушунда дыйкандар салыгы акчага алмаштырылган.Ири мамлекеттик жер фондусу аскердик-лендик системасын жараткан жана аскерлерге жерлер берилген. 17-кылымда өлкөнүн экономикалык борбору Бенгалия болгон. Кол өнөрчүлүк, кездеме токуу, селитра өндүрүү жана кеме куруу абдан өнүккөн. Улуу Могол империясында акырындык менен кризис күч алып, 1858-жылы империя жоюлган. Индиядагы Могол доору өнүккөн феодалдык мамилени өнүктүргөн. Аны борборлошкон бийлик бекемдеп, жөнгө салган.
  • Могол империясынын башчысы Акбардын (1556-1605-жж) мезгилинде борбордук бийлик бекемделип, реформалар жүргүзүлүп, империянын гүлдөп өнүккөн мезгили болгон. Анын тушунда дыйкандар салыгы акчага алмаштырылган.Ири мамлекеттик жер фондусу аскердик-лендик системасын жараткан жана аскерлерге жерлер берилген.
  • 17-кылымда өлкөнүн экономикалык борбору Бенгалия болгон. Кол өнөрчүлүк, кездеме токуу, селитра өндүрүү жана кеме куруу абдан өнүккөн.
  • Улуу Могол империясында акырындык менен кризис күч алып, 1858-жылы империя жоюлган.
  • Индиядагы Могол доору өнүккөн феодалдык мамилени өнүктүргөн. Аны борборлошкон бийлик бекемдеп, жөнгө салган.
Англиянын колониялык үстөмдүгү жана Ост-Индия компаниясы 17-кылымдын биринчи жарымында англиялыктар Индиянын порт шаарларына келе баштаган. Англиялыктар соода компанияларын түзүшүп,ири бийликке ээ болушкан. 1757-жылы англиялык Ост-Индиялык компания Индияны толук ээлеп, ээликтери көбөйө берген. Калониялык саясатты жүргүзүшүп, өлкөнүн кен байлыктарын талап тоношкон жана ар түрдүү салыктарды салышкан. Англиялык парламент 1773-жылы компаниянын ишин мыйзамдаштырган. Компания байыган сайын жергиликтүү элдин нааразычылыгы күчөгөн.

Англиянын колониялык үстөмдүгү жана Ост-Индия компаниясы

  • 17-кылымдын биринчи жарымында англиялыктар Индиянын порт шаарларына келе баштаган. Англиялыктар соода компанияларын түзүшүп,ири бийликке ээ болушкан. 1757-жылы англиялык Ост-Индиялык компания Индияны толук ээлеп, ээликтери көбөйө берген. Калониялык саясатты жүргүзүшүп, өлкөнүн кен байлыктарын талап тоношкон жана ар түрдүү салыктарды салышкан. Англиялык парламент 1773-жылы компаниянын ишин мыйзамдаштырган. Компания байыган сайын жергиликтүү элдин нааразычылыгы күчөгөн.
Англиялык Ост-Индия компаниясы (1600–1858) Ост-Индия (Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия) жана Кытай менен соода жүргүзүүчү жеке компания катары түзүлүп, кийин басып алынган аймактарды эксплуатациялоочу, башкаруучу саясий органга жана англиялык өкмөттүн аппаратына айланган. 1623-жылдан Англиялык Ост-Индия компаниясы өз иштерин негизинен Индияда жүргүзүп, ал жерден Азия жана Европа өлкөлөрүнө кездеме, жип, индиго (боёк), апийим, селитра жөнөтүп турган. 
  • Англиялык Ост-Индия компаниясы (1600–1858) Ост-Индия (Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия) жана Кытай менен соода жүргүзүүчү жеке компания катары түзүлүп, кийин басып алынган аймактарды эксплуатациялоочу, башкаруучу саясий органга жана англиялык өкмөттүн аппаратына айланган. 1623-жылдан Англиялык Ост-Индия компаниясы өз иштерин негизинен Индияда жүргүзүп, ал жерден Азия жана Европа өлкөлөрүнө кездеме, жип, индиго (боёк), апийим, селитра жөнөтүп турган. 
Англиялык Ост-Индия компаниясы 17-кылымда эле бир катар мамлекеттик укуктарга (согуш ачууга, тынчтык келишим түзүүгө, тыйын чыгарууга, армия кармоого ж. б.) ээ болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан соода кылууда баскынчылык жана жергиликтүү элди талап-тоноо саясатын жүргүзө баштаган.  1849-ж. Индияны басып алган. Анын Индиядагы колониялык саясаты индиялыктардын өлүмүнө, жакырдануусуна, өнөр жайы менен айыл чарбасынын төмөндөшүнө алып келген. 1858-ж. Индия элинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында Англиялык Ост-Индия компаниясы жоюлган. 
  • Англиялык Ост-Индия компаниясы 17-кылымда эле бир катар мамлекеттик укуктарга (согуш ачууга, тынчтык келишим түзүүгө, тыйын чыгарууга, армия кармоого ж. б.) ээ болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан соода кылууда баскынчылык жана жергиликтүү элди талап-тоноо саясатын жүргүзө баштаган.
  • 1849-ж. Индияны басып алган. Анын Индиядагы колониялык саясаты индиялыктардын өлүмүнө, жакырдануусуна, өнөр жайы менен айыл чарбасынын төмөндөшүнө алып келген. 1858-ж. Индия элинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында Англиялык Ост-Индия компаниясы жоюлган. 
Индиядагы элдик көтөрүлүш Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857-59) анын өзөгүн сыпайлар түзгөндүктөн, Сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып келет. Көтөрүлүштүн чыгышынын себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация тарабынан жамааттык жер ээлеринен алынган салыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тиешелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Колониялык эзүүнүн кесепети жана англиялык товарлардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү айрыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчүн эл массасы болгондо да дыйкандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду феодалдар ойногон. 

Индиядагы элдик көтөрүлүш

  • Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857-59) анын өзөгүн сыпайлар түзгөндүктөн, Сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып келет. Көтөрүлүштүн чыгышынын себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация тарабынан жамааттык жер ээлеринен алынган салыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тиешелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Колониялык эзүүнүн кесепети жана англиялык товарлардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү айрыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчүн эл массасы болгондо да дыйкандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду феодалдар ойногон. 
Көтөрүлүш 1857-ж. 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет алган. Улуу Моголдордун династиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах 11ни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарында да көтөрүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, козголоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чыгып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкарууну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрүлүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин жана бирдиктүү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колониячылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү баскан жана демилгени өз колуна алууга жетишкен. 1857-ж. англиялык аскерлердин чабуулу башталып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Дели шаары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу борбору Ауд ш. болуп калган. 1858-ж. 19-мартта Лакхнау англичандардын колуна өткөн.
  • Көтөрүлүш 1857-ж. 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет алган. Улуу Моголдордун династиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах 11ни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарында да көтөрүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, козголоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чыгып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкарууну жеткире уюштура алышкан эмес.
  • Көтөрүлүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин жана бирдиктүү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колониячылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү баскан жана демилгени өз колуна алууга жетишкен. 1857-ж. англиялык аскерлердин чабуулу башталып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Дели шаары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу борбору Ауд ш. болуп калган. 1858-ж. 19-мартта Лакхнау англичандардын колуна өткөн.
1859-жылы англичандар тарабынан көтөрүлүш биротоло басылган. Англиянын парламентти Индияны өзүнүн колониясы деп жарыялаган. Көтөрүлүштүн натыйжасында колониялык саясат жумшарып, жер реформалары жүргүзүлүп, салыктар азайтылган. Индиянын өнөр жайы калыбына келтирип, акырындап өнүгө баштаган.
  • 1859-жылы англичандар тарабынан көтөрүлүш биротоло басылган. Англиянын парламентти Индияны өзүнүн колониясы деп жарыялаган. Көтөрүлүштүн натыйжасында колониялык саясат жумшарып, жер реформалары жүргүзүлүп, салыктар азайтылган. Индиянын өнөр жайы калыбына келтирип, акырындап өнүгө баштаган.
Колдонулган адабияттар: Новая история Индии. М., 1961. Осипов А. М.  Великое восстание в Индии 1857-1859 гг. — М.:  Учпедгиз , 1957. — 144 с. —  15 000 экз.  (обл.) “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы : 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5 Антонова К. Л. Английское завоевание Индии в XVIII веке. М., 1958.

Колдонулган адабияттар:

  • Новая история Индии. М., 1961.
  • Осипов А. М.  Великое восстание в Индии 1857-1859 гг. — М.:  Учпедгиз , 1957. — 144 с. —  15 000 экз.  (обл.)
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы : 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Антонова К. Л. Английское завоевание Индии в XVIII веке. М., 1958.
Көңүл бурганыңыздарга  чоң рахмат!!!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!!!