Бүгүнкү сабакта активдүү катышкан окуучулар быйтыкча менен бааланат (сары жалбырак-5; төрт бурчтук-4; үч бурчтук-3; )жана доскада турган плакаттагы даракты бышыктоодо алган билимиңер менен жашылдандырабыз. Бүгүнкү темага көңулүңөрдү бургула. for цикли while циклинен кайсы бир командаларды алдын ала белгилүү санда кайталоо үчүн колдонулгандыгы менен айырмаланат. Ал эми while цикли тескерисинче кайсы бир аракеттерди канча жолу кайталай тургандыгы белгисиз болгон учурларда колдонулат. Бирок анда циклди токтотуучу шарт белгилүү. for циклинин колдонулушун кеңири карап көрөлү. for циклинин python тилинде жазылышы төмөнкү схема боюнча жүрөт: 1) for i in range (5): print(i) Бул жерде i өзгөрмөсү (муну циклдин өзгөрмөсү деп аташат) 0дон 5ке чейинки, 5 озу кирбейт(башкача айтканда 0дон 4ко чейин) диапазондо (in range) өзгөрөт. Ошентип цикл туптуура 5 жолу кайталанат. Берилген схемада for цикли көрсөтүлгөн диапазондогу бардык элементтерди терип чыгат. Циклде ар бир элементке for тулкусунда жазылган аракеттер колдонулат. for сөзүнөн кийин жазылган i өзгөрүлмөсүнө циклдин ар бир өтүүсүндө диапазондогу кезектеги элемент ыйгарылат. Келгиле, мисалды карап көрөлү: letter өзгөрмөсүнө ар бир жолу python сабынын жаңы элементи ыйгарылып турсун. print командасы экранга бул саптын ар бир тамгасын бирден чыгарат: 2) for letter in ‘Python’: print(letter, ‘тамгасы’ , ) Төмөнкү мисалда ар бир кийинки өтүүдө өзгөрмөнүн мааниси берилген диапазондогу санга көбөйтүп турат: 3) f = 12 for i in range (1, 6): f = f + i print(f) 27 “for i in range (1, 6)” цикли беш жолу аткарылат (6-кирбейт). Циклдин ар бир кадамында f өзгөрмөсү i санына өсүп турат. Баштапкы мааниси f=12. Циклде маанилери өзгөрүп турат: 1-өтүү: f=12+1=13 2-өтүү: f=13+2=15 3-өтүү: f=15+3=18 4-өтүү: f=18+4=22 5-өтүү: f=22+5=27 Кыскача мындай кылып жазсак болот: f=12+1+2+3+4+5=27 Range() функциясынын аргументтери төмөнкүдөй берилет: range(x) – 0 дон x-ке чейинки маанилерди алат, бирок х – диапазонго кирбейт; range(y, x) – y-тен x-ке чейинки бардык маанилерди алат, мында да x диапазонго кирбейт; range(y, x, s) – y-тен x-ке чейинки бардык маанилерди s кадамы менен алат. Мисалы: for i in range (0, 15, 3): print(i) Берилген мисалда for цикли 0дон 15ке чейинки маанилерди 3 кадам менен алат, жыйынтыгында ал ар бир үчүнчү санды чыгарып берет: 0 3 6 9 12 Андан тышкары кадам үчүн терс сандарды да колдонсо болот, анда цикл маанилерди тескери багытта тандап ала баштайт: 4) for i in range (100, 0, -20): print(i) for циклинен айырмаланып while цикли саны менен эмес логикалык шарты менен жетектелет. Ошондуктан кодду канча жолу аткарарынын так санын билүүнүн кажети жок. while циклинин коду логикалык шарт чындык маанисинде (true) болгонго чейин кайталана берет. 5) code = 23 b = int(input('Введите двузначный код: ')) while b != code: print('Неверный код. Введите снова: ') b = int(input('Введите двузначный код: ')) if b == code: print('Код введен верно') | Түшүнүү процесси жүрөт Тема боюнча ой жүгүртүүсү өсөт Циклдер боюнча түшүнүгү кеңейет 1 0 1 2 3 4 2 P тамгасы y тамгасы t тамгасы h тамгасы o тамгасы n тамгасы 4 100 80 60 40 20 5 Введите двузначный код: 32 Неверный код. Введите снова Введите двузначный код: 45 Неверный код. Введите снова Введите двузначный код: 96 Неверный код. Введите снова Введите двузначный код:23 Код введен верно |