СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика жана информация

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Информация жана информатика

Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз, жана физика курсунан билгендей энергия жок болбойт, ал жөн гана бир формадан экинчисине өтүп турат. Ушундай энергиянын алмашуусу берилиштердин пайда болуусуна алып келет. Бул берилиштерди өлчөөдө жана каттодо маалыматтар келип чыгат.

 Маалыматтар � катталган берилиштер. Бардык эле берилиштер информация боло бербейт. Эгер кандайдыр бир чет тилдеги радиоберүүнү угуп жатсак белгилүү бир маалымат алып жаткан болобуз, бирок чет тилди билбей, аны түшүнө албагандан кийин информация алдык деп айта албайбыз. Ошондуктан, информация � бул маалыматтардын жана аларга тиешелүү ыкмалардын өз ара катышынан пайда болгон жыйынтык.

Информациянын төмөнкү касиеттери эң маанилүү деп эсептелинет:

1.           объективдүүлүк жана субъективдүүлүк (маалыматты иштетүүдө ыкмалардын канчалык субъективдүү элементи колдонулса, информация ошончолук объективдүү);

2.           толуктук (информациянын толуктугу анын сапаттулугун айгинелейт);

3.           ишенимдүүлүк;

4.           дал келүү;

5.           жеткиликтүүлүк

6.           актуалдуулук.

Маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн эң негизгиси � кагаз, б.а. маалыматтар кагаз бетинин оптикалык көрүнүшүнүн өзгөрүүсүнөн пайда болот. Магниттик касиеттеринин өзгөрүүсүнөн пайда болгон маалымат алып жүрүүчүлөрдүн катарына магнит ленталарын, дисктерди киргизишет, ал эми сырткы катмарынын химиялык түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнөн фотосүрөттөр келип чыгат.

Маалыматтар менен болгон амалдардын ичинен төмөнкүлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • -         жыйноо;

  • -         калыптоо;

  • -         фильтрлөө;

  • -         сорттоо;

  • -         архивациялоо;

  • -         коргоо;

  • -         ташуу;

  • -         өзгөртүп түзүү.

Ар түрдүү типтеги маалыматтар менен иштөөнү автоматташтырууда алардын формасын бирдей кылуу керек, б.а. бир типтеги маалыматарды башка типтеги маалымат менен камтуу керек. Эсептөө техникасында экилик система менен коддоо колдонулат, жана анын негизин 0 жана 1 сандарынын удаалаштыгы түзөт. Англисчеден binary digit � экилик цифра же кыскартып bit (бит) деп коюшат.

Бир бит менен 0 жана 1 (ооба же жок, ак же кара ж.б.) маанилери туюндурулат. Эгер биттин санын экиге чейин көбөйтсөк, анда  00  01  10  11  сыяктуу төрт башка түшүнүк пайда болот.

Азыркы убакта байт деп аталуучу 8 биттин тобунан турган форма колдонулат.

Ондук сан

Экилик сан

Байт

1

1

0000 0001

2

10

0000 0010

255

11111111

1111 1111

 Эң кичине маалымат өлчөө бирдиги болуп байт эсептелет. Тексттик информациянын 1 символу  1 байт менен коддолот. Болжол менен калыптоого кабылбаган 1 бет текст 2 Кбайтка барабар.

1 Мбайт = 1024 Кбайт = 1020 байт,

1 Гбайт = 1024 Мбайт = 1030 байт,

1 Тбайт = 1024 Гбайт = 1040 байт.

Маалыматтарды сактоо бирдиги катары файл эсептелет. Файл � жекече атка ээ болгон, байттардын каалагандай санынан турган удаалаштык. Файлда кандайдыр бир эле типке тиешелүү маалыматтар сакталат, ошондуктан маалыматтардын тиби файл тибин аныктайт. Файлдар иерархдык түзүлүштү түзөт, жана ал файл түзүлүшү деп аталат. Файлдык түзүлүштүн чокусу катары маалымат алып жүрүүчүнүн аты эсептелет, андан кийин файлдар папкаларга (каталогдорго) уюшулат, ар бир папка (каталог) ичине дагы бир нече папкаларды (каталогдорду) камтуусу мүмкүн. Файлдын толук аты катары анын жекече аты жана аны ачуу (жүктөө) жолу каралат. Файлдын толук атынын жазылуусунун мисалы:

<Алып жүрүүчүнүн аты>\<каталог-1 аты>\�\<каталог-N аты>\<файлдын жекече аты>.

 Информатика � маалыматтарды компьютердин жардамы менен түзүү, сактоо, жыйноо, өзгөртүп түзүү жана жөнөтүүнүн жоболорун калыптоочу жана компьютердин иштөө принциптери менен аларды башкаруу ыкмалары жөнүндөгү техникалык илим.

Информатика илиминин предметин төмөнкү түшүнүктөр түзөт:

  • �              компьютердин аспаптык жабдуусу;

  • �              компьютердин программалык жабдуусу;

  • �              аспаптык жана программалык жабдуулардын өз ара карым-катнаш каражаттары;

  • �              аспаптык жана программалык жабдуулардын адам менен карым-катнаш каражаттары.

Адам менен аспаптык жана программалык жабдуулардын катышынын ыкмалары жана каражаттары колдонуучунун интерфейсин түзөт.

Информатиканын негизги маселеси болуп компьютердин аспаптык жана программалык жабдуулары менен иштөө ыкмаларын жана жоболорун калыптоо эсептелет. Бул маселелердин катарына практикалык колдонуулардын төмөнкү багыттарын бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • �        компьютердин архитектурасы;

  • �        компьютердин интерфейси;

  • �        программалоо;

  • �        маалыматтарды өзгөртүп түзүү;

  • �        информацияны коргоо;

  • �        автоматташтыруу;

  • �        стандарттоо.

 Компьютер жана анын чөйрөсүнүн өнүгүү тарыхы

     Информатика компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адамзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди. Жетишкендиктердин биринчиси XV кылымдын ортосунда Иоган Гутенберг тарабынан ойлоп табылган басып чыгаруучу станок. Анын жардамы менен берилиштерди ыңгайлуу жана ишенимдүү түрдө жыйноо жана таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи революция катары XIX кылымдын аягында пайда болгон телефон жана радио байланышы эсептелет, алардын жардамы менен коммуникация реалдуу убакытта ишке ашырылды. Үчүнчү жетишкендик XX кылымда эсептөөчү каражат катары пайда болгон компьютер менен байланыштуу. Кийин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө байланыш-катнаш каражаттарын кошуп учурдун талабындагы маалыматтуу коомду түзүүнүн башкы куралына айланды.

Механикалык эсептөөчү түзүлүштөрдүн тарыхы миңдеген жылга чейинки убакытты камтыйт. Биринчи эсептөөчү каражат болуп абак (чот) эсептелген, ал болжол менен биздин эрага чейин 2,5 миң жыл мурда пайда болгон. Акыркы миң жылдыкта механикалык түзүлүштөр сандык, андан кийин электрдик, акырында электрондук түзүлүштөргө өзгөртүлүүнүн негизинде учурдагы компьютерлердин пайда болушуна алып келди.

кылымдын башында Европада араб цифралары тарала баштап, кийин автоматтык эсептөөнүн негизин түздү. Логарифмди биринчи киргизген барон Джон Нейлердин иштерине негизделип, Англияда биринчи эсептөөчү түзүлүш � логарифмдик сызгыч пайда болду. 1642-жылы атасынын күндө аткарган эсептөө жумушун жеңилдетүү максатында көрүнүктүү математик Блез Пас�каль биринчи эсептегич машинаны жасаган. XIX кылымдын башында гана программалануучу машина пайда болду. Перфокарта менен башкарылган биринчи программалануучу машина 1804-жылы Джозеф Джаккард тарабынан иштелип чыккан токуучу станок болгон. Ал кездемелердин үлгү сүрөттөрүн сырткы сактоочу түзүлүштө сактаган. Мындан кийин 1830-жылы Чарльз Беббидж тарабынан биринчи программалануучу эсептөөчү машина иштелип, бирок ошол учурда ишке киргизилбей, 140 жыл өткөндөн кийин Беббидждин чиймелери пайдаланылып иштелип чыккан. Бул машинага алгачкы программаны 1842-жылы лорд Байрондун кызы Ада Лавлейс иштеп чыккан. Биринчи программалоочу аялдын атын түбөлүккө калтыруу максатында программалоо тилинин бири АДА деп аталган.

XIX кылымдын аягында, б.а 1896-жылы Герман Холлерит тарабынан негизделген Tabulating Machine Company компаниясы кийин IBM деп аталып эсептөөчү техниканы өркүндөтүүнүн дүйнөлүк борбору болуп калды.

Компьютердик техниканын өнүгүшүнүн этаптарын аныктаган маанилүү ачылыштар төмөндөгү жадыбалда келтирилген.

1457

Басып чыгаруучу станокту ойлоп табуу

Иоганн Гутенберг

1642

Биринчи эсептөөчү машина

Блез Паскаль

1804

Станокту башкара турган биринчи перфокарта

Джозеф Джаккард

1830

Биринчи программалануучу компьютер

Чарльз Беббидж

1842

Эсептөөчү машина үчүн биринчи программа

Ада Лавлейс

1876

Телефондун ойлоп табылышы

Александр Белл

1927

Биринчи аналог компьютери

MIT

1937

Биринчи лампалуу компьютер

Джон Атанасов

1940

Эки компьютер арасында маалыматтарды жиберүү

Джордж Стибиц

1945

Сандарды магниттик жолу менен жазуу

IBM

1947

Транзистордун ойлоп табылышы

Уильям Бедфорд Шокли

1958

Биринчи интегралдык схема

Джек Килби

1964

Биринчи локалдык тармак

Ливемор лабораториясы,АКШ

1969

Микропроцессордун ойлоп табылышы

Тед Хофф (Intel)

1974

Алгачкы микрокомпьютер

Лес Солмен

1981

Алгачкы жеке компьютер

IBM

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи аналог компьютери 1927-жылы Массачусет технологиялык институтунда иштелип чыккан.  Ошондон баштап компьютер муундары электрондук базалары өзгөртүлгөн ачылыштар менен кошо өнүгүп келди.

1. Биринчи муундагы (элементтик базасы электрондук лам�па) компьютерлердин пайда болушу жана өркүндөшү кыркынчы-элүүнчү жылдарга туура келет, бул машиналарга программалар машинанын коду менен жазылчу. Мындай компьютерлердин көлөмү өтө чоң болгон жана бир нече миң электрондук лампалардан турган.

2. Элүүнчү жылдардын аягы-алтымышынчы жылдардын ортосунда экинчи муундагы компьютерлер жарым өткөргүч элементтерине негиз-делип ишке киргизиле баштаган. Программалар алгоритм тилдерин пайдалануу менен иштелип чыккан, компьютердин көлөмү кичирей-тилип мини-компьютер деп аталган компьютерлер пайда болгон.

3. Алтымышынчы жылдардын ортосу�жетимишинчи жылдардын ор-тосундагы мезгилде интегралдык схемаларга негиз�делген үчүнчү муун-дагы компьютерлер иштелип чыккан. Ком�пьютердин көлөмү андан ары кичирейтилип, алыста жайгашкан терминалдарга жетүү аткарылган. Ушул учур микропроцессордун пайда болушуна туура келет.

4. Жетимишинчи жылдардын ортосунан-сексенинчи жылдардын ортосуна чейинки мөөнөттө микропроцессорго негизделген төртүнчү муундагы компьютерлер пайда болду. Жеке компьютерлердин кеңири таркалуу мезгили болду жана ошону менен катар көп процессордуу кубаттуу эсептөөчү системалар өркүндөтүлдү.

5.       Сексенинчи жылдардын ортосунан баштап бешинчи муундагы компьютерлердин эпохасы башталды. Элементтик базасы өтө чоң интегралдык схемаларга (VLSI �very large scale integration) негизделген компьютерлердин тармактарынын кеңири жайылышы менен компьютердин колдонулушу көбөйүүдө.

Компьютердин өнүгүшү менен анын чөйрөсү жана программалык жабдыгы дагы өнүгүү жолунда келатат.

Просмотр содержимого документа
«Информатика жана информация»

Информация жана информатика

Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз, жана физика курсунан билгендей энергия жок болбойт, ал жөн гана бир формадан экинчисине өтүп турат. Ушундай энергиянын алмашуусу берилиштердин пайда болуусуна алып келет. Бул берилиштерди өлчөөдө жана каттодо маалыматтар келип чыгат.

 Маалыматтар � катталган берилиштер. Бардык эле берилиштер информация боло бербейт. Эгер кандайдыр бир чет тилдеги радиоберүүнү угуп жатсак белгилүү бир маалымат алып жаткан болобуз, бирок чет тилди билбей, аны түшүнө албагандан кийин информация алдык деп айта албайбыз. Ошондуктан, информация � бул маалыматтардын жана аларга тиешелүү ыкмалардын өз ара катышынан пайда болгон жыйынтык.

Информациянын төмөнкү касиеттери эң маанилүү деп эсептелинет:

1.           объективдүүлүк жана субъективдүүлүк (маалыматты иштетүүдө ыкмалардын канчалык субъективдүү элементи колдонулса, информация ошончолук объективдүү);

2.           толуктук (информациянын толуктугу анын сапаттулугун айгинелейт);

3.           ишенимдүүлүк;

4.           дал келүү;

5.           жеткиликтүүлүк

6.           актуалдуулук.

Маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн эң негизгиси � кагаз, б.а. маалыматтар кагаз бетинин оптикалык көрүнүшүнүн өзгөрүүсүнөн пайда болот. Магниттик касиеттеринин өзгөрүүсүнөн пайда болгон маалымат алып жүрүүчүлөрдүн катарына магнит ленталарын, дисктерди киргизишет, ал эми сырткы катмарынын химиялык түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнөн фотосүрөттөр келип чыгат.

Маалыматтар менен болгон амалдардын ичинен төмөнкүлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • -         жыйноо;

  • -         калыптоо;

  • -         фильтрлөө;

  • -         сорттоо;

  • -         архивациялоо;

  • -         коргоо;

  • -         ташуу;

  • -         өзгөртүп түзүү.

Ар түрдүү типтеги маалыматтар менен иштөөнү автоматташтырууда алардын формасын бирдей кылуу керек, б.а. бир типтеги маалыматарды башка типтеги маалымат менен камтуу керек. Эсептөө техникасында экилик система менен коддоо колдонулат, жана анын негизин 0 жана 1 сандарынын удаалаштыгы түзөт. Англисчеден binary digit � экилик цифра же кыскартып bit (бит) деп коюшат.

Бир бит менен 0 жана 1 (ооба же жок, ак же кара ж.б.) маанилери туюндурулат. Эгер биттин санын экиге чейин көбөйтсөк, анда  00  01  10  11  сыяктуу төрт башка түшүнүк пайда болот.

Азыркы убакта байт деп аталуучу 8 биттин тобунан турган форма колдонулат.

Ондук сан

Экилик сан

Байт

1

1

0000 0001

2

10

0000 0010

255

11111111

1111 1111

 Эң кичине маалымат өлчөө бирдиги болуп байт эсептелет. Тексттик информациянын 1 символу  1 байт менен коддолот. Болжол менен калыптоого кабылбаган 1 бет текст 2 Кбайтка барабар.

1 Мбайт = 1024 Кбайт = 1020 байт,

1 Гбайт = 1024 Мбайт = 1030 байт,

1 Тбайт = 1024 Гбайт = 1040 байт.

Маалыматтарды сактоо бирдиги катары файл эсептелет. Файл � жекече атка ээ болгон, байттардын каалагандай санынан турган удаалаштык. Файлда кандайдыр бир эле типке тиешелүү маалыматтар сакталат, ошондуктан маалыматтардын тиби файл тибин аныктайт. Файлдар иерархдык түзүлүштү түзөт, жана ал файл түзүлүшү деп аталат. Файлдык түзүлүштүн чокусу катары маалымат алып жүрүүчүнүн аты эсептелет, андан кийин файлдар папкаларга (каталогдорго) уюшулат, ар бир папка (каталог) ичине дагы бир нече папкаларды (каталогдорду) камтуусу мүмкүн. Файлдын толук аты катары анын жекече аты жана аны ачуу (жүктөө) жолу каралат. Файлдын толук атынын жазылуусунун мисалы:

\\�\N аты\.

 Информатика � маалыматтарды компьютердин жардамы менен түзүү, сактоо, жыйноо, өзгөртүп түзүү жана жөнөтүүнүн жоболорун калыптоочу жана компьютердин иштөө принциптери менен аларды башкаруу ыкмалары жөнүндөгү техникалык илим.

Информатика илиминин предметин төмөнкү түшүнүктөр түзөт:

  • �              компьютердин аспаптык жабдуусу;

  • �              компьютердин программалык жабдуусу;

  • �              аспаптык жана программалык жабдуулардын өз ара карым-катнаш каражаттары;

  • �              аспаптык жана программалык жабдуулардын адам менен карым-катнаш каражаттары.

Адам менен аспаптык жана программалык жабдуулардын катышынын ыкмалары жана каражаттары колдонуучунун интерфейсин түзөт.

Информатиканын негизги маселеси болуп компьютердин аспаптык жана программалык жабдуулары менен иштөө ыкмаларын жана жоболорун калыптоо эсептелет. Бул маселелердин катарына практикалык колдонуулардын төмөнкү багыттарын бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • �        компьютердин архитектурасы;

  • �        компьютердин интерфейси;

  • �        программалоо;

  • �        маалыматтарды өзгөртүп түзүү;

  • �        информацияны коргоо;

  • �        автоматташтыруу;

  • �        стандарттоо.

 Компьютер жана анын чөйрөсүнүн өнүгүү тарыхы

     Информатика компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адамзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди. Жетишкендиктердин биринчиси XV кылымдын ортосунда Иоган Гутенберг тарабынан ойлоп табылган басып чыгаруучу станок. Анын жардамы менен берилиштерди ыңгайлуу жана ишенимдүү түрдө жыйноо жана таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи революция катары XIX кылымдын аягында пайда болгон телефон жана радио байланышы эсептелет, алардын жардамы менен коммуникация реалдуу убакытта ишке ашырылды. Үчүнчү жетишкендик XX кылымда эсептөөчү каражат катары пайда болгон компьютер менен байланыштуу. Кийин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө байланыш-катнаш каражаттарын кошуп учурдун талабындагы маалыматтуу коомду түзүүнүн башкы куралына айланды.

Механикалык эсептөөчү түзүлүштөрдүн тарыхы миңдеген жылга чейинки убакытты камтыйт. Биринчи эсептөөчү каражат болуп абак (чот) эсептелген, ал болжол менен биздин эрага чейин 2,5 миң жыл мурда пайда болгон. Акыркы миң жылдыкта механикалык түзүлүштөр сандык, андан кийин электрдик, акырында электрондук түзүлүштөргө өзгөртүлүүнүн негизинде учурдагы компьютерлердин пайда болушуна алып келди.

кылымдын башында Европада араб цифралары тарала баштап, кийин автоматтык эсептөөнүн негизин түздү. Логарифмди биринчи киргизген барон Джон Нейлердин иштерине негизделип, Англияда биринчи эсептөөчү түзүлүш � логарифмдик сызгыч пайда болду. 1642-жылы атасынын күндө аткарган эсептөө жумушун жеңилдетүү максатында көрүнүктүү математик Блез Пас�каль биринчи эсептегич машинаны жасаган. XIX кылымдын башында гана программалануучу машина пайда болду. Перфокарта менен башкарылган биринчи программалануучу машина 1804-жылы Джозеф Джаккард тарабынан иштелип чыккан токуучу станок болгон. Ал кездемелердин үлгү сүрөттөрүн сырткы сактоочу түзүлүштө сактаган. Мындан кийин 1830-жылы Чарльз Беббидж тарабынан биринчи программалануучу эсептөөчү машина иштелип, бирок ошол учурда ишке киргизилбей, 140 жыл өткөндөн кийин Беббидждин чиймелери пайдаланылып иштелип чыккан. Бул машинага алгачкы программаны 1842-жылы лорд Байрондун кызы Ада Лавлейс иштеп чыккан. Биринчи программалоочу аялдын атын түбөлүккө калтыруу максатында программалоо тилинин бири АДА деп аталган.

XIX кылымдын аягында, б.а 1896-жылы Герман Холлерит тарабынан негизделген Tabulating Machine Company компаниясы кийин IBM деп аталып эсептөөчү техниканы өркүндөтүүнүн дүйнөлүк борбору болуп калды.

Компьютердик техниканын өнүгүшүнүн этаптарын аныктаган маанилүү ачылыштар төмөндөгү жадыбалда келтирилген.

1457

Басып чыгаруучу станокту ойлоп табуу

Иоганн Гутенберг

1642

Биринчи эсептөөчү машина

Блез Паскаль

1804

Станокту башкара турган биринчи перфокарта

Джозеф Джаккард

1830

Биринчи программалануучу компьютер

Чарльз Беббидж

1842

Эсептөөчү машина үчүн биринчи программа

Ада Лавлейс

1876

Телефондун ойлоп табылышы

Александр Белл

1927

Биринчи аналог компьютери

MIT

1937

Биринчи лампалуу компьютер

Джон Атанасов

1940

Эки компьютер арасында маалыматтарды жиберүү

Джордж Стибиц

1945

Сандарды магниттик жолу менен жазуу

IBM

1947

Транзистордун ойлоп табылышы

Уильям Бедфорд Шокли

1958

Биринчи интегралдык схема

Джек Килби

1964

Биринчи локалдык тармак

Ливемор лабораториясы,АКШ

1969

Микропроцессордун ойлоп табылышы

Тед Хофф (Intel)

1974

Алгачкы микрокомпьютер

Лес Солмен

1981

Алгачкы жеке компьютер

IBM

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи аналог компьютери 1927-жылы Массачусет технологиялык институтунда иштелип чыккан.  Ошондон баштап компьютер муундары электрондук базалары өзгөртүлгөн ачылыштар менен кошо өнүгүп келди.

1. Биринчи муундагы (элементтик базасы электрондук лам�па) компьютерлердин пайда болушу жана өркүндөшү кыркынчы-элүүнчү
жылдарга туура келет, бул машиналарга программалар машинанын коду менен жазылчу. Мындай компьютерлердин көлөмү өтө
чоң болгон жана бир нече миң электрондук лампалардан турган.

2. Элүүнчү жылдардын аягы-алтымышынчы жылдардын ортосунда экинчи муундагы компьютерлер жарым өткөргүч элементтерине негиз-делип ишке киргизиле баштаган. Программалар алгоритм тилдерин пайдалануу менен иштелип чыккан, компьютердин көлөмү кичирей-тилип мини-компьютер деп аталган компьютерлер пайда болгон.

3. Алтымышынчы жылдардын ортосу�жетимишинчи жылдардын ор-тосундагы мезгилде интегралдык схемаларга негиз�делген үчүнчү муун-дагы компьютерлер иштелип чыккан. Ком�пьютердин көлөмү андан ары кичирейтилип, алыста жайгашкан терминалдарга жетүү аткарылган. Ушул учур микропроцессордун пайда болушуна туура келет.

4. Жетимишинчи жылдардын ортосунан-сексенинчи жылдардын ортосуна чейинки мөөнөттө микропроцессорго негизделген төртүнчү муундагы компьютерлер пайда болду. Жеке компьютерлердин кеңири таркалуу мезгили болду жана ошону менен катар көп процессордуу кубаттуу эсептөөчү системалар өркүндөтүлдү.

5.       Сексенинчи жылдардын ортосунан баштап бешинчи муундагы компьютерлердин эпохасы башталды. Элементтик базасы өтө чоң интегралдык схемаларга (VLSI �very large scale integration) негизделген компьютерлердин тармактарынын кеңири жайылышы менен компьютердин колдонулушу көбөйүүдө.

Компьютердин өнүгүшү менен анын чөйрөсү жана программалык жабдыгы дагы өнүгүү жолунда келатат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!