СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатиканын негиздери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатиканын негиздери»

Предмет: Информатика

Класс: 7

Сабактын темасы: WINDOWS системалык чөйрөсү

Негизги түшүнүктөр: операциялык система, программалык жабдуу, виндоус чөйрөсү

Сабактын когнитивдик максаты

Максатка жетүүнүн индикатору

Окуучулар windows терезеси боюнча маалыматтарга ээ болушат. Операциялык системанын компьютердин иштөө процессинде маанилүүлүгүн билишет. Жумушчу столдо папка түзүшөт.

Окуучулар windows терезеси боюнча маалыматтарга ээ болуусу. Операциялык системанын компьютердин иштөө процессинде маанилүүлүгүн билүүсү. Жумушчу столдо папка түзүүсү.

Сабактын социо-маданий максаты

Максатка жетүүнүн индикатору

Бири-бирине жардамдашып жана өз ара аракеттенишип, кызматташып иштөөгө багытталышат.

Бири-биринин оюн урматтап, кызматташтыкта иштөөсү

Баалоо критерийлери:

Суроолорго жооп беруусу-1 упай

Жаны маалыматка ээ болуусу – 1 упай

Чыгармачылык иши – 1 упай

Сабакта активдүүлүгүнө – 1 упай

Алтын эрежени сактоосу – 1 упай

Сабактын ресурстары:

ТСО, таркатма материал, көрсөтмө жана дидактикалык материал, сүйлөөчү дубалды жасалгалоо, канцтоварлар…


Максаттуу тилде жүргүзүлүүчү сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Сабактын киришүү этабы:

А) Жагымдуу психологиялык чөйрөнү түзүү(саламдашуу, окуучуларды алдындагы ишмердүүлүккө мотивациялоо);

Б) Сабакта физикалык чөйрөнү түзүү (окуучулар менен түрдүү жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу,);

В) Окуучуларды сабактын темасы, максаты жана милдеттери менен тааныштыруу ;

Г) Алдын ала окуучулардын билимдерин жана тажрыйбаларын актуалдаштыруу ;


Сабактын башында окуучулар оригиналдуу салам берип, бири-бирине жагымдуу жагдай түзүшөт.

Чакыруу

Өтүлгөн материалды кайталоо максатында мугалим окуучуларга суроо берет:

Окуучулардан ар кандай жооптор күтүлөт.

Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу, жаңы түшүнүктөрдү бышыктоо жана машыктыруу . Окуучуларга слайд көрсөтүлөт.

Окуучулар тема боюнча маалымат алышат:

Windows чөйрөсүндө түрдүү программалар менен иштөөдө курсор менен чычкандын мааниси өтө чоң.

Курсор  экранда кандайдыр бир образды алып жүрүүчү (жебече, квадрат, таякча, түстүү так ж.б.)кыймылдуу объект. Чычкан курсору жебече түрүндө көрсөтүлөт  , кыймылдуу. Аткарган жумушуна жараша өзгөрүп турат. Мисалы, программа ишке киргизилип же оперативдүү эске жүктөлүп жаткан учурда кум саатынын   формасын алат. Бул учурда, мурдагы абалга келмейинче эч кандай аракет жасабай күтүп туруу керек. Эгерде, жебечени терезелердин каптал жактарынын чегине алып келсек, анда ал эки тарапты караган жебечеге айланат да, терезенин өлчөмүн өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Тексттерди редакциялоодо таякча формасын алат. Ал эми объекттерди (сүрөт, чийме ж.б.) көрсөтүү, белгилөө, жылдыруу учурунда кайрадан жебечеге айланат. Ошондой эле түрдүү прикладдык программаларда кисть, суроо белгиси, текст формасы, бычак, кайчы, карандаш ж.б. формаларды алышы мүмкүн.

Экран курсору  бул курсор чычкан курсорунун аракети аркылуу белгиленип, аракетке келет. Төрт бурчтук түрүндө болот. Курсордун форманы алышы объект белгиленди дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтүп турат. Эгерде, объект белгиленген учурда Enter баскычы (же чычкандын сол баскычы 2 жолу тез-тез) басылса, анда объект маанисине жараша төмөнкү аракеттер жасалат:

а) объект  программалар тобу программалар тизмеси берилет;

б) объект  башкы меню менючалар ачылат;

в) объект  түпкү (акыркы) меню кандайдыр бир аракет (менюнун шарты) аткарылат;

в) объект программа программа жүргүзүлөт;

г) объект файл файл тибине жараша иш аткарылат.


Үйрөнгөн материалды бышыктоо: материалдарды жалпылаштыруу жана системалаштыруу, тема боюнча көндүмү жана тушүнүгун колдоно билүүсү, салыштыртыруу жана карама-каршы жактарын салыштыруу. Практикалык жана чыгармачыл тапшырмаларды тандоо,

Окуучуларды түшүнгөндөрүн кол белги берүү менен топко бөлөт.

Жупка тапшырма берет

Компьютерде окуучулар жаны папка ачууну үйрөнүшөт. Тапшырманы жупта аткарышат.

Сабакты жыйынтыктоо: Сабактын натыйжасын коюлган максат менен салыштыруу, кайтарым байланыш – окуучулар жетишкен натыйжаны анализдөө, «Кызыктуу болду…», «Мен билдим…», «эсте калды…» и т.д.

Окуучулар бүгүнкү сабактан кандай маалымат алгандыгы жөнүндө дептерлерине белгилешет.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо этабы: кайтарым байланышты уюштуруу, сабактын максаты жана милдетинин аткарылышы боюнча окуучуларга маалымат берүү

Окуучулар сабакта жооп берип катышкандыгына жараша бааланат.

Үй тапшырма: өтүлгөн материалды практикада колдоно билүүсү жана терең өздөштүрүүсү үчүн өз алдынча кайталап иштөөсүнө дал келген тапшырмаларды түзүү

Файл түзүү жана жаны папкага жайгаштыруу