СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информация и медиа

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информация и медиа»





1 - САБАК

Тема: Маалымат жана медиа

Сабактын максаты: маалыматты сын көз менен баалоо жана массалык маалымат каражаттарынын иши боюнча жалпы түшүнүк.

Милдеттер:

  • Адамдын жана жалпы коомдун нравалык маданиятын калыптандыруудагы ММК ролунун өсүшү жана демократия процессиндеги сөз эркиндигинин ролу туурасында түшүнүк берүү.

  • Окуучулардын топ-топ болуп иштөө жөндөмүн, аудитория алдында оозеки речь сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү.

  • Өз алдынча ой жүгүртүүгө жана өз көз караштары үчүн жоопкерчиликке тарбиялоо.



Предметтер аралык байланыш:адам жана коом, жарандыктаануу.

Сабактын жабдылышы:

  • Видеоматериалдар;

  • Мультимедиалык проектор

  • КРнын мыйзамдары


Сабактын тиби:жаңы материалды изилдөө.

Негизги түшүнүктөр: маалымат, ММК, медиатүзүмдөр, медиасабаттуулук, сын кө менен ой жүгүртүү.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу учуру. Саламдашуу. Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү. Класста кызматташуу маанайын түзүү.

2.  жаңы материалды изилдөө

Сабактын планы:

-Маалымат жана анын түрлөрү

- Заманбап дүйнөдөгү медиа жана маалыматтын орду

- ММК эркиндиги - демократиялык коомдун маанилүү көрсөткүчү катары







слайдтын №

Слайдтын мазмуну


1

Бүгүн биз силер менен абдан маанилүү, медиа жана малыматтык сабаттуулук боюнча жаңы эксперименталдык курсун баштап жатабыз. Заманбап коом маалыматтын жана билимдин ролунун жогорулашы, глобалдык маалыматтык мейкиндикти түзүү менен мүнөздөлөт.Ал адамдар ортосундагы натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү,дүйнөлүк маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү, маалыматтык продукт же кызматка болгон муктаждыкты канагаттандарууну камсыз кылат. Биздин сабактын темасы “Маалымат жана масс медиа”, бирок алгач маалымат деген эмне экенин карап көрөлү, маалыматтын кандай түрлөрү бар, ал кандай болушу керек? Сабактын жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарына эмнелер кирээрин, алардын функциясы, коомдогу ролун талдаганга да аракет кылабыз. быть. Бул курс 8 сабактан турат.

Бири-бирибизге ийгилик каалайлы!

2

“Маалымат деген эмне?” деген видеороликти көрүү

https://www.youtube.com/watch?v=yl9xjHAD8F8&index=2&list=PLeACsCPrcY3BqjumpB8flFpX58DVh_waK

3

Маалымат деген эмне?

«Информация» деген термин латын тилинен information – түшүндүрүү, баяндап айтып берүү, малыматтар топтому дегенди түшүндүрөт.

Информация – бул адамдар, предметтер, фактылар, окуялар жана процесстер жөнүндөгү сунушталып жаткан формасынан көз карандысыз бардык маалыматтар.


Заманбап коом маалыматтын жана билимдин ролунун жогорулашы, глобалдык маалыматтык мейкиндикти түзүү менен мүнөздөлөт. Ал адамдар ортосундагы натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү, дүйнөлүк маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү, маалыматтык продукт же кызматка болгон муктаждыкты канагаттандарууну камсыз кылат.

Информация - бул белгилүү бир маалыматтарды кабыл алуу жана аларды аң-сезиминде иштеп чыгуунун негизинде алган керектөөчүнүн билими. Информация документ түрүндө, сызуу-чийүү түрүндө, сүрөт, текст, добуш же жарык белгилери, электрдик же нервдик импульстар түрүндө болушу мүмкүн. Башкача айтканда, маалымат алып жүрүүчү катары бардык материалдык объект болушу мүмкүн. Бардык информация билдирүүлөр аркылуу жеткирилет.


Айлана-чөйрөнү таанып-билүү менен ар бирибиз ал туурасында жеке өзүбүздүн элестетүүбүзгө ээ болобуз. Күнүгө биз жаңы бир нерсе үйрөнөбүз – информация алабыз. Адабияттарда бул термин боюнча ар кайсы тараптан чечмелеген өтө көп аныктамаларды табууга болот.



4

Сунушталган формасы жагынан маалыматтын (информациянын) түрлөрү


1-көнүгүү. Маалымат. Чакан топтордо иштөө (сунушталган убакыт 15 мин.)

1-кадам. Окуучуларды 3 топко бөлгүлө.

2-кадам. Ар бир топко тапшырмаларды таратып бергиле (алдын ала тапшырмалары менен карточколорду даярдап койсо болот же тапшырманы доскага жазып бергиле).

3-Кадам.Топтордун презентациясы. Окуучулардын болжолдуу жоопторун угуу.

4-Кадам.Мугалимдин толуктоосу:

Бул жана кийинки сабактарда биз силер менен массалык маалымат деген эмес, анын функцияларын кененирээк талдайбыз. Жалпы маалымат агымынын журналистке кайсы маалымат кызыктуу болушу мүмкүн экенин билебиз. Бул маалыматты ММК өз аудиториясына: окурманга, көрүүчүгө жана угарманга кандай түрдө жеткириши керектигин билебиз. Жана эмне үчүн сөз эркиндиги абдан маанилүү экендигин, кандай мыйзамдар ар бир адамга сөз эркиндиги жана эркин пикир айтуу менен камсыз кылып жатканын билебиз.


5

ММК деген эмес?

Массалык маалымат каражаттары (ММК) – бул техникалык каражаттардын жардамы менен коомдо ачык жалпыга жеткиликтүү маалымат берүү үчүн түзүлгөн мекеме.

ММКлар маалыматты чогултап, иштеп чыгат (анализдейт) жана өз аудиториясына берет (трансляция).

6

ММКларга эмнелер кирет?

ММКлар төмөндөгүдөй бөлүнөт:

• Басылма– бул китептер, гезиттер, журналдар, башкача айтканда, текст, графика, сүрөттөрү менен кагазга басылган жана көбөйтүлгөн чыгармалар;

• Электрондук - бул телевидение, эгер таркатуучу акустикалык же визуалдык маалыматты аналогдук же санарип түрүндө кабель же электромагниттик толкундар менен (жерден же спутник аркылуу) эсебинен трансляция кылса, ошону менен бирге мындай маалыматтарды ар түрдүү передача катары телевизиондук аппараттарда кабель, антенна же спутник аркылуу кабыл алышат;

• Радио – бул медианын бир түрү, анда радокомпаниялар программаларды түзүп, аларды радиостанциялар аркылуу радиоприемниктерге таркатышат, угуучулар аларды тандап угушат;

• Жаңы медиалар – бул массалык маалымат каражаттарынын жаңы форматы, санарип каражаттардан каалаган убакта көрүүгө болот жана колдонуучулардын контент түзүүгө жана аны таратууга активдүү катышуусуна жол берет”.



7

Мугалимдин толуктоосу: Интернет жана тармактык басылмалар, маселен «24.kg», «Zanoza» маалымат агенттиктери, интернет-гезиттер, КРнын “ММКлар жөнүндө” мыйзамы боюнча Кыргызстанда ММК болуп эсептелбейт. Бирок, маалыматтык-жаңылыктык веб-сайттары же интернет басылмалары бар айрым юридикалык субъектилер ММК катары башка продуктуларын: журнал, гезит, бюллетендерин каттатышат.

Дүйнөдө азыркыга чейин Интернетти массалык маалымат каражаты катары эсептөө керекпи деген маселенин үстүндө талкуу жүрүп келет. Бирок бир нерсени эске алуу керек, барган сайын глобалдык тармак негизги массалык маалымат каражатына айланган адамдардын саны өсүүдө.

8

Массалык маалымат каражаттарына гезит, журнал, алардын тиркемеси, альманах, китептер, бюллетендер, туруктуу аты бар көпчүлүккө таркатылчу бир жолку басылмалар, теле-радио, кино- жана видеостудиялар, мамлекеттик органдар, маалымат агенттиктери, саясий, коомдук ж.б. уюмдар, жеке адамдар тарабынан чыгарылган аудиовизуалдык запистер жана программалар кирет.

КРнын “ММК жөнүндө” мыйзамы 2- июль, 1992-ж. №938-XII

(КРнын мыйзамдарынын редакциясы 08.05.1993 –ж. №1228-XII, 22.02.2013-ж. №29, 17.05.2014-ж. №69, 04.01.2017-ж. №1)

9

ММК функциялары

  • Маалыматтык функциясы – ар кандай коомдук кызыкчылыктарды, пикирлерди, саясий көз караштарды алып чыгуу.

  • Социалдаштыруу– адамдарды саясий баалуулуктарга, нормаларга, жүрүм-турум эрежелерине багыттоо.

  • Сындоо жана контроль– бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн анализдөө, контроль кылуу.

  • Коомдук пикирди калыптандыруу– массанын аң-сезимине таасир этүү.

  • Мобилдештирүүбелгилүү бир маселени чечүүдө адамдардын башын кошуу, маалымдоо.

10

Эркин ММ демократиялык коомдун маанилүү көрсөткүчү катары.

Пресса канчалык эркин болсо, сөз эркиндиги канчалык көп болсо, өлкөдөгү демократиянын да деңгээли ошончолук жогору болот. Биз мунун эки рейтингдин мисалында талдай алабыз. Биринчи рейтинг демократиянын деңгээлинин глобалдык индексин көрсөтөт. Андагы ар бир өлкөнүн абалы британиялык The Economist Intelligence Unit (http://gtmarket.ru/ratings/democracy-index/info)изилдөө борборунун методикасы боюнча эсептелет. Экинчи рейтинг – бул сөз эркиндигинин индекси, аны “Репортеры без границ” эл аралык уюму түзөт. (https://rsf.org/en/ranking/2017)

Прессанын эркиндиги жана коомдогу демократиянын деңгээли.

Демократиянын деңгээли боюнча рейтингде биринчи бештикке кирген өлкөлөр, б.а. көбүрөөк демократиялуу өлкөлөр: 1.Норвегия, 2 Швеция, 3 Исландия, 4. Дания, 5. Жаңы Зеландия.

11

Сөз эркиндигинин индексиндеги беш өлкөнүн катарына бул тизмедеги үч өлкө да кирет. Мисалы, Норвегия – демократия индески боюнча да, сөз эркиндиги боюнча да биринчи орунда турат. Андан кийин Швеция демократия рейтинги боюнча экинчи орунда. Үчүнчү орунда Финляндия, төртүнчү орундаДания, бул өлкө демократия ретингинде да төртүнчү орунда. Сөз эркиндиги боюнча рейтингдин бешинчи катарын Нидерланддар өлкөсү ээлейт.




12

Келгиле андан ары карап көрөлү: демократия деңгээли боюнча үчүнчү орунда турганИсландия, сөз эркиндиги индексинде онунчу орунду ээлейт. Эң демократиялуу делген беш өлкөнүн соңундагы Жаңы Зеландия сөз эркиндиги рентингинде 13-орунду. Сөз эркиндиги боюнча үчүнчү орундагы Финляндия, демократиянын деңгээли боюнча тогузунчу орунга, Нидерланддар онунчу орунга ээ. Демек, бул жерде мыйзам ченемдүүлүко кубө болуп жатабыз: сөз эркиндиги боюнча өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, өлкөнүн демократия деңгээли боюнча да көрсөткүчтөрү ошончолук жогору болот. Бул 2017-жылы алынган маалыматтар


13

Кайсы өлкөлөрдүн бул индекстер боюнча рейтингдери төмөн экенин карап көрөлү.

Демократиянын деңгээли боюнча акыркы бештикте: Сауд Аравия, Сирия, Чад, Гвинея Бисау жана акыркысы Түндүк Корея. Түндүк Кореясөз эркиндиги боюнча да акыркы орунда. Анын алдында Кытай, Сирия, Түркмөнстан жана Эритрея (Чыгыш Африкадагы өлкө) турат.


14

Эки рейтингди салыштырып көрөлү: кайрадан эле демократия рейтингинде акыркы орунда турган өлкөлөр, сөз эркиндиги боюнча да бири-биринен алыс эмес жайгашты. Бир гана Гвинея Бисау демократиянын деңгээли боюнча көрсөткүчтөрү абдан жаман болгону менен, сөз эркиндиги боюнча отө төмөн эмес орунда турат.


15

Эми биздин региондогу өлкөлөрдү салыштырып көрөлү. Сөз эркиндиги боюнча кырдаал Кыргызстанда коңшулары жана Россияга караганда жакшыраак – 89-орунда. Россия 148 орунда, Таджикстан – 149-орунда, Казакстан – 157-орунда, жогоруда айтылгандай туркмөнстан 168-орунда жана Өзбекстан 169-орунда турат.

Демократиянын деңгээли боюнча да Кыргызстан коңшуларынын арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө, 106 – орун, гибриддик режим. Ушул эле убакта региондун башка өлкөлөрүндө жана Россия авторитардык режим деп бааланган. Орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:Россия – 122, Казахстан – 143, Таджикистан – 151, Өзбекстан – 161, бул орунда түштүк коңшубуз Түркмөнстан менен бөлүшөт.

16

2 – көнүгүү. «Кыргыз Републикасынын мыйзамдары» (сунушталган убакыт 15 мин.)

Жалаа үчүн кылмыш жазасынын алынышы.

Жала жабууга берилчү жазанын деңгээли сөз эркиндигинин деңгээлине таасирин тийгизет. Медиачөйрөдөгү юристтер, мунун жыйынтыгында өлкөдөгү демократиялык режим коркунуч алдында калат. Кесиптик ишмердүүлүгү үчүн журналистке кылмыш жаза коркунучу келсе же түрмөгө камалса сөз эркиндигин ишке ашыруу мүмкүн эмес деп ишенишет. 2010-жылга чейин Кыргызстанда ар бир журналист жалаа үчүн кылмыш жазага тартылып же түрмөгө отурушу мүмкүн болчу.

90-жылдары эле бир катар журналисттер өз материалдары үчүн түрмөгө отурушкан.

Мугалим үчун: (окуучуларга окуп берүү милдеттүү эмес):

Макалалар президент Акаевдин мүлкү туурасында, тактап айтканда, Швейцариядагы вилласына байланыштуу болгон.

Жалаа үчүн кылмыш жазасын алып салууга төрт жолу аракет болгон: 1997-жылы, 2001, 2003 жана 2007-жылдары. Акыры 2010-жылы гана жаңыКонституция жазылыпп жатканда, баш мыйзамдын текстине маалымат таратуу үчүн кылмыш жазасын берүүгө тыюу салган берене киргилизген. Бирок, муну менен журналисттердин өз публикациясы үчүн жоопкерчилиги алынбайт. Мындай иштер граждандык укуктун чегинде каралат.

17

1-Кадам.Окуучуларды чакан топторго бөлгүлө. Топторго төмөнкү мыйзамдардын беренелери жардам бере турган кырдаалдарды презентациялоо (сүрөт тарса же сценка койсо болот) тапшырмасы берилет:

1-топ: Адамды каралаган же кадыр-баркына шек келтирген маалымат таратканы үчүн эч ким кылмыш жазасына тартылбайт. (КРнын Конституциясы, 33-берене)

Башкача айтканда, эгер кимде-ким бирөөнүнкадыр-баркына шек келтирсе же жалаа жапса, айыпкер бул үчүн кылмыш жазасына тартылбайт.

2 топ: Журналисттин милдети:- өз маалыматынын чын-бышыгын текшерүү (Закона КРнын «ММК жөнүндө» мыйзамы, 20-берене)

Түшүндүрмө жасоо: Журналисттердин өз публикациясы үчүн жоопкерчилигин эч ким албайт. Мындай иштер граждандык укуктун чегинде каралат.

3 топ: Маалыматка жетүү эркиндигинин кепилдиги жана принциптери

Ар бир адамга мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан маалымат алуу укугуна кепилдиги берилет...Мамлекет ар бир адамдын малымат издөө, алуу, иликтөө, өндүрүү, жеткирүү жана таратуу укугун коргой. (КРнын «Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы маалыматтын жеткиликтүүлүгү жөнүндө» мыйзамы, 3-берене)

Мугалимдин толуктоосу: Медиаукук жаатындагы юристтердин айтымында, ар-намыска шек келтирүү жана жалаа жабуу – адам өлтүрүү, каракчылык, токмоктоо сыяктуу оор кылмыш эмес, ошондуктан “сөз үчүн” кылмыш жазасы көрүлбөш керек. Бирок, мыйзам журналисттерге өз материалдары үчүн жоопкерчилик тартууга, маалыматты текшерүүгө, чындыгын далилдеген фактыларды издөөгө милдеттендирет.Муну менен эле, мыйзам мамлекеттик органдар туурасындагы маалыматты алуу укугун берет. Мындай укук ар бир жаранда бар экенин силер билишиңер керек. Силер мамлекеттик органдардын кызматтары, иши туурасында маалыматты талап кылганга укугуңар бар, эгер бул маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болбосо же конфиденциалдуу мүнөзгө ээ болбосо.

Мугалим үчүн: (эгер окуучулар мамлекеттик сыр деген эмне деп сурап калса)

Справка: https://voynavfoto.jimdo.com/%D0%B2%D0%BE%D0%B9%D0%BD%D0%B0-%D0%B2-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BA%D0%B5-2003-2011/

Мамлекеттик сыр–каалаган маалымат жүктөгүчтөрдө сакталган, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмү, коопсуздугу, экономикалык жана саясий кызыкчылыктары жөнүндөгү, мамлекет көзөмөл кылган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелип чыккан атайын тизме жана эрежелер менен чектелген маалымат.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамынан

18

Сабакты жыйынтыктоо. Бүтүмдөр:

    • Маалымат – бул бизди курчап турган дүйнө туурасындагы билдирүүлөр.

    • ММКлар бир гана маалымдоо эмес, социалдаштыруу, коомдук пикир жаратуу, мобилдетирүү ж.б. функцияларды да аткарат

    • Сөз эркиндиги демократиянын деңгээли менен түздөн-түз байланыштуу.

    • “Сөз үчун” кылмыш жазасы каралбаш керек.

    • Ар бир адам, эгер ал маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болбосо же конфиденциалдуу мүнөзгө ээ болбосо, маалымат алууга укуктуу.