СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информация термини

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаны тема

Просмотр содержимого документа
«Информация термини»


Датасы _____________________ 1-2-группа

Датасы: _____________________ 3-группа

Датасы: _____________________ 4-группа

Сабактын темасы: Информатика илими. Информация термини

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар информатика жана информация жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк-Информатика илими эмнени окутарын билишет, информациялар менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Информацияны туура жайылтууга үйрөнүшөт. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Информатиканы окутуунун методикасы» Д.Карагулов Бишкек 2009, интернет сайты. www.infourok.ru

Жабдылыштар: плакаттар, картинкалар, доска маркер

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү, аңгемелешүү методу;

Сабактын формасы: Ангемелешүү сабагы

Предмет аралык байланыш: биология, химия, англис тили

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу- Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, ар кандай жагымдуу сөздөр менен психологиясын сабакка буруу. Журналга белгилөө

Бүгүнкү сабагыбызда эмнелерди үйрөнөбүз?

  1. Информатика илими эмнени окутат?

  2. Информатика илими кайдан келип чыккан?

  3. Информатика илими англис тилдүү өлкөлөрдө кандай аталат?

  4. Информация термини, информациянын түрлөрү, информациянын касиеттери

  5. Информацияны кабыл алуу органдары, информацияны кабыл алуу булактары, жөнүндө маалымат алабыз.

  6. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  7. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу информатика илими информация терминин айтып берет

Информация терминине, информациянын түрлөрүнө ой бөлүшөт

Окуучулар информатика илимин жана информацияны иштетүүнү үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар информацияны кабыл алуу органдарына мисалдарды аткарышат

Окуучулар бири-биринен аталган теманы үйрүнүшөт жана талкуулайт

Компьютердикинформациянын түрлөрүн классификациялайт

Креативдүү

Окуучулар информациянын касиеттерин ар кайсы убакта пайдаланышат

Информацияларды кабыл алат, жайылтат

Окуучулар информациялар менен иштөөнү жеке жашоосунда билишет


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Компьютерде иштеп жатканда жумуш ордуна башка нерселерди алууга мүкүнбү? Себеби?

  2. Компьютерде иштеп жаткан учурдагы техникалык коопсуздук эрежени айтабыз?

  3. Компьютерде иштеген учурда ден-соолугубузга зыяны тийбеш үчүн эмне кылабыз?

  4. Өрттүн алдын алуунун кандай эрежелери бар?

  5. Өрт чыкса кайсы номерге чалабыз?

Жаӊы тема:

Информатика илими бул жандуу жана жансыз жаратылыштагы информацияларды жана аларды автоматтын жардамында иштетүүнү үйрөтүүчү илим.

Информатика илиминин негизги кызыкчылыгы- информациянын структурасы, анын касиеттери, информацияларды кабыл алуу, сактоо, жөнөтүү, өзгөртүү болуп эсептелет.

Компьютер менен информатика түшүнүктөрүнүн байланышындагы термин Францияда ХХ кылымдын 60-жылдарында пайда болгон. Термин француз тилинде маалымат менен antomatique (автоматик) сөзүнүн биригүүсүнөн пайда болуп, маалыматтык автоматика же маалыматтарды автоматтык иштетүү дегенди билдирген. Информатиканын терминологиялык калыптанышы кибернетика илиминин өнүгүшүнүн негизинде келип чыккан.Анткени англис тилдүү колдонуучулар информатика илимин компьютердик илим (Computer Sience) деп кабыл алышкан.

Информатика илими- философия, психология, математика, лингвистика, кибернетика, электроника, радиоэлектроника бир нече фундаменталдуу жана колдонмо илимдердин байланыштарынын негизинде пайда болгон. Информатика илими компьютердик техниканын келип чыгышы жана анын өнүгүшү менен дагы тыгыз байланышта.

Информация латын тилинин “infomatio” cөзүнөн алынган, бизче жанылык, маалымат деген маанини берет. Информацияны биз курчап турган дүйнөдөн алабыз. Информацияны биз сабактарда китептерден алабыз, досторубуз менен сүйлөшүүдөн алабыз.

Мисалы: Сабакта мугалим өткөн жаны тема биз үчүн информация болот. Телевизордон көргөн кинолор, кабарлар, музыкалар ж.б. бардык жаныдан кабыл алып жаткан кубулуштар биз үчүн информация болот.

Курчап турган дүйнө силерге ар кандай информацияларды берет. Информация жансыз жаратылышта сүрөттөлүш катары берилет. Мисалы: тоо-таш, суу-муз, бак-дарак.

Информациянын түрлөрү:

  • Текстик информация (текстер, жазуулар)

  • Сандык информация (цифралар менен берилген)

  • Графикалык информация (сүрөттөр, чиймелер)

  • Музыкалык информация (үн, сигнал, музыкалар)


Адам сырткы дүйнөдөн информацияны бардык сезүү органдарынын жардамы менен кабыл алат.

  1. Көрүү органы.(90% эсинде калат)

  2. Угуу органы (9% эсинде калат)

  3. Жыт билүү органы

  4. Даам билүү органы

  5. Сезүү органы менен сырткы дүйнөдөн информацияны кабыл алат.


Биз угуп жана кабыл алып жаткан информация төмөнкү касиеттерге ээ

  • Түшүнүктүүлүк

  • Толуктуулук

  • Актуалдуулук

  • Ишенимдүүлк

  • Жеткиликтүүлүк


Жаны теманы бышыктоо: “Мага суроо барбы өткөн тема боюнча” суроолоруна жооп

берилет.


Үй тапшырма: Информация билип, угуп келесинер? Силерде бүгүн кандай жанылыктар

болду?

Билимин баалоо: Активдүү катышып, туура ой жүгүртүү менен жооп берүүсүнө жана

оригиналдуу суроолорду табуусуна жараша бааланат.


3