СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 24.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информацияны киргизүүчү түзүлүштөр

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Информацияны киргизүүчү түзүлүштөр

Просмотр содержимого документа
«Информацияны киргизүүчү түзүлүштөр»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-7-группа


Сабактын темасы: Компьютердин информацияны киргизүүчү түзүлүштөрү

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар компьютерге информацияны киргизүүчү түзүлүштөр жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- Компьютердин азыркы информациялык коомдогу ордун билүүгө жана ар кандай иштерде компьютердин аппараттык жабдылыштары менен иштей билүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, компьютердин жабдылыштарын аяр иштетүүгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на

компьютере» Москва 2009 г. доска, маркер,

Жабдылыштар: компьютер, плакаттар, картинкалар,

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү, аңгемелешүү

Сабактын формасы: лекция сабагы

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны теманы түшүндүрүү;

  • Клавиатура, сканер, мышь, микрофон, трекбол, дигитайзер, джойстик жөнүндө маалымат алышат.

  1. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  2. Логикалык оюндар

  3. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  4. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу компьютерге информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүнүн аталыштарын айтып берет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүн колдонууну үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү, оюндарды аткарышат

Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт жана айырмачылыктарын талкуулайт

Компьютердин түзүлүштөрүн классификациялайт


Креативдүү

Окуучулар информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүн айырмалай алышат

Окуучулар информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүнүн сүрөттөрүн тартышат

Окуучулар информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүн жеке жашоосунда иштетүүгө көнүгүшөт


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Компьютердин түзүлүшү кандай топторго бөлүнөт?

  2. Компьютердин аппараттык түзүлүшү кандай бөлүктөргө бөлүнөт?

  3. Базалык (негизги) бөлүгүнө кайсы түзүлүштөр кирет?

  4. Перифериялык (кошумча) бөлүгүнө кайсы түзүлүштөр кирет?

  5. Компьютердин программалык жабдылышы кандай бөлүктөрдөн турат?

  6. Колдонмо программалары кайсылар?

  7. Биринчи Персоналдык компьютерди кайсы фирма чыгарган?

  8. ПКге кайсы фирманын программасы орнотулган?

  9. Компьютердин кандай түрлөрү бар?

  1. Жаңы материалды берүү.

Эми балдар бүгүнкү карай турган темабыз бул эмненин сүрөтү? Клавиатура. Клавиатура кандай кызмат аткарат? Бул эмненин сүрөтү? Сканер. Сканер кандай кызмат аткарат? Бул эмненин сүрөтү? Мышь. Мышь кандай кызмат аткарат?

Бул эмненин сүрөтү? Микрофон. Микрофон кандай кызмат аткарат? Силер айткылачы бүгүн кандай тема өтөт экенбиз? “Компьютерге информацияны киргизүүчү түзүлүштөр”.

К омпьютердин информацияны киргизүүчү түзүлүштөрүнө көз жүгүртөбүз. Алар:

  1. Сканер

  2. Клавиатура

  3. Мышь,

  4. Микрофон, дигитайзер, джойстик

  5. Видео камера



Заманбап компьютерлер сан, добуш, графика, текст, видео информацияларды иштете алышат.Татаал графикалык сүрѳттѳрдү, фотографияларды, видеотасмаларды киргизүү үчүн сканер, санариптик фотоаппараттар жана видеокамералар колдонулат.

С канер-бул текстик жана графикалык маалыматты компьютерге өзүндөй киргизүүчү түзүлүш. Азыркы күндө компьютерге информацияны бир гана клавиатура менен киргизбестен, сканер, дигитайзер, мышь менен дагы киргизүү ишке ашырылат. Сканер менен дигитайзерлер камерага окшогон оптикалык кабыл алгычтар сыяктуу иштейт.

Дигитайзерлер- 10 см аралыктагы сапты көрүп, окуу жөндөмдүүлүгү аны жылдыруу ылдамдыгына жараша болот.

Д жойстик-автомобилдин туткасына окшогон, бетинде баскычтары бар түзүлүш, информацияны компьютерге киргизүүгө жана иштетүүгө жардам берет. Айрыкча компьютердик оюн ойногондо колдонулат.


Трекбол- мышканын өзү, бирок трекболдун үстүндө шарикчеси бар, ал шарикчени алакан менен тегеретүү менен экрандагы курсорду жылдыра алабыз.

Микрофон – добуш информацияларын компьютерге киргизүүгө жардам берет. Ар кандай үн запистерин жаздырат.

в идео камера- бул графикалык информацияны, сүрөттөрдү компьютерге санариптик жол менен киргизет.

Бүгүнкү күндѳ компьютерде ийгиликтүү иштѳѳ үчүн компьютердин эс тутумуна информация киргизүүчү негизги түзүлүштүн бири болгон клавиатуранын клавиштерин жакшылап ѳздѳшүрүү зарыл.

  • Жаны теманы бышыктоо: Логикалык оюн

АНАГРАММА (грек тилинен которгондо-“кайрадан” жана “жазуу” деген сөздөрүн билдирет)-аралашкан тамгаларды же тыбыштарды кайрадан куроо менен белгилүү бир сөздү табуучу адабияттык ыкма. Мисалы: апельсин-спаниель

Тапшырма: Информацияны киргизүүчү түзүлүштөргө байланышкан сөздөрдүн жандырмагын тапкыла. ЬШЫМ, НАСКЕР, ВИКЛУРАТА, СТКИДОЖЙ, КЛЕБРОТ, ФИКАНМОР, өрүкү, уууг, үезсү, эмэ.

Үйгө тапшырма: окуп келүү

Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу

суроолорду берүүсүнө, оюнга көнүл бөлүүсүнө жараша суммативдик бааланат.


Жыйынтык.Сабакта жогорудагы көрсөтүлгөн максаттарга жеттим, окуучулар тема боюнча толук маалымат алышты, сабакка активдүү катышышты. Сабак өз максатына жетти. (Сиз бул сабакта жогорудагы коюлган максаттарга жеттиңизби? Кандай артыкчылыктар/кемчиликтер болду?)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!