Интеллектик деңгээлин аныктоочу диагностика.
Тест төмөнкү 4 тапшырманын деңгээлинде түзүлөт.
I. Маалымдуулук.
II. Анология.
III. Классификация.
IV. Жалпылоо.
I-тапшырма: Маалымдуулук боюнча тапшырма:
1 .Инсандын ишемердүүлүгүнүн кандайдыр бир бөлүгүн чагылдырган закондордун жыйындысы.
а) резолиция б) токтом в) салт г) кодекс д) план.
2. Эгерде талаш- тартыш келишим менен аяктаса ал кандай деп аталат.
а) компромисс, б) мамиле түзүү в) биригүү г) сүйлөшүүлөр д) келишпестик.
3. Чөйрөгө кызыкчылыктын жоктугу жана активдүүлүктүн төмөндүгү:
а) рационалдуу, б) пассивдүүлүк в) сезимталдуулук г) карама-каршылык д) карамүртөздүк.
4. Тактык , кеңири жана терең таанып билүү деген эмне?
А) интеллект б) тажрыйбалуу в) эрудит г) талант д) өзү жөнүндө ою.
5. Коалиция – деген эмне ?
а) конкуренция б) саясат в) келишпөөчүлүк г) ажырым д) биригүү.
II-тапшырма : Сол жакта көрсөтүлгөн сөздүн синонимин же маанисине жалпы сөздү тапкыла.
1.Анализ бул-
а) факт ,б) талдоо ,в) сын пикир г) жөндөм
2. Эталон-бул
А) көчүрмө , б) форма , в) негизи, г) үлгүсү.
3. Эффективдүү –бул
А) зарылчылык ,б) таасирдүү , в) чечкиндүү г) өзгөчө
4)Сентименталдуу-
А) сезимтал б) жайдары в) таң калычтуу г) поэтикалуу.
III- тапшырма. Аналогия .
1. Фигура: үч бурчтук- нерсенин абалы.
А) суюктук, б) кыймыл, в)температура, г)суу ,д)молекула
2. Диаметр: радиус-айланасы.
А) дуга б) сегмент ,в) кесинди, г) линия д) айлампа
3. Тик бурчтук: түздүк = куб.
А)мейкиндик, б) нерсенин кыры ,в) бийиктик ,г )бурчтук
4.Согуш:өлүм = жеке менчик.
А) феодализм б) капитализм в) теңсиздик г) кулчулук Д) крепостной дыйкандар
5.Роман: глава = ыр.
А) поэма б) рифма в) ыр саптары г) ыргактар д) жанр
IV-тапшырма. Классифакация.
А) түз. Б) ромб, в) тик бурчтук ,г) квадрат, д) үч бурчтук.
2.үч бурчтук. Б) кесинди в) узундук , г) квадрат д) айлана.
3.а) ылдамдык, б) туруксуздук , в) күч г) салмак д) тыгыздык.
4.А)барометр, б) флюгер, в) термометр , г) компас, д) азимут.
V- тапшырма(терс сапат, сезүү органдары, нерсенин абалы, социалдык өзгөрүш кайра түзүү , жаратылыш кырсыктары )
1.Цунами-ураган
2.Чыккынчылык –коркоктук
3.Көз-мурун
4.Суюктук –катуу зат
5.Реформа-революция.