СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдуу методдор

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдуу методдор»

ITLMдин теориялык негиздери ITLM деген эмне?

ITLM англис тилинен которгондо: сабак берүүнүн жана окутуунун интерактивдүү методдору дегенди билдирет.

I – (interactive) интерактивдүү

T – (teaching) сабак берүү

L – (learning) окутуу

M – (methods) методдор


Интерактивдүү методдор бул – окуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдер ортосунда өз ара аракеттешүүнү талап кылган методдор. «Интерактив» англис тилинин «interact» деген сөзүнөн алынган. «Inter» – бул «өз ара», «act» – «аракеттенүү». Сабак берүүнүн интерактивдүү методдору билим алуучунун зор активдүүлүгүн, анын алынган маалыматтарды өзүнүн ой элегинен кайра чыгармачыл түрдө өткөрүп чыгуусун эске алат. Окутуунун интерактивдүү моделинин негизги критерийлери: формалдуу эмес талкуунун мүмкүндүгү, материалды эркин баяндоо, семинарлардын көптүгү, лекциялардын аздыгы, окуучунун демилгеси, коллективдүү аракеттердин талап кылган топтук тапшырмалардын бардыгы, жазуу жүзүндөгү иштерди аткаруу.


Интерактивдүү методдор салттуу методдорго каршы коюлабы?

Эки методика гана бар деген пикир туура эмес. Үйрөнүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча айырмаланган жүздөгөн башка методдор бар. Эгерде Сиз, ал турсун эски окуу китеби менен иштеп жатып, шериктешип алып кайсы бир суроого жазуу жүзүндө жооп берүүдөн алдын,окуучулардан аны талкуулап чыгууну өтүнсөңүз, анда интерактивдүү методду колдонгон эсепте болосуз. Эгерде Сиз бул планда өз ишиңизди анализдеп чыксаңыз, анда мурда да биргелешип окутуунун элементтерин колдонуп сабак бергениңизди көрөсүз..

Айрым мугалимдер салттуу методдорду колдонууну токтотуу керекпи дешип сурашат.

Биз аларга албетте, жок деп айтабыз, анткени биздин максат – Сиздин сабак берүү методдоруңуздун арсеналын байытуу. Устат мугалим интерактивдүү методдон интерактивдүү эмеске өтүп кете алышы керек, муну ал зарылдыктан улам бир эле сабактын жүрүшүнүн ар башка этаптарында опоңой жасай алат.

Түшүнүктүү болсун үчүн төмөнкү мисалды келтиребиз: Сиз самолетто учуп баратып, учкучтан бул машинада учууну ага кантип окутушканын сурайсыз. Ал сизге баары аракеттерди талкуулоо процессинде келип чыкканын, анын үстүнө инструкторлор бир да жолу даяр, туура жоопторду беришпегенин, учкучтун ар кандай кырдаалдардагы аракеттеринин тартибин же фактыларын түшүндүрүшпөгөнүн айтат. Балким, Сиз ошондо ушул самолетко түшкөнүңүзгө өкүнөөрсүз. Эмне үчүн? Себеби учкучту даярдоонун басымдуу бөлүгү теория менен практиканы так билүүгө негизделген окутууну талап кылат. Демек, мугалим ар кандай милдеттерди аткаруу үчүн ар башка методдорду инструменттер катары колдонушу зарыл.

Интерактивдүү методдор качан колдонууга көбүрөөк ыңгайлуу?

Кээ бирөөлөр интерактивдүү методдорду колдонуунун негизги себебин алардын «кызыктуу» экени менен түшүндүрүшөт. Бул жаңылыш пикир. Кайсыл сабакты албайлы, анын максаты – жөн гана кызыгууну ойготуудан көп эсе кенен. Бул методдорду тандоонун себеби, алардын бир нерсеге окутуунун натыйжалуу жолдору болуп саналышканы менен түшүндүрүлөт. Натыйжалуу делип, окуучулардын белгилүү бир окуу максатына жетүүсүндө убакыт, жабдуу өңдүү ресурстардын эң аз сарпталышын талап кылган метод эсептелет. Методду тандоодон мурун сиз эмнеден сабак берериңизди жана эмнеге үйрөткүңүз келерин (сиздин окуу максатыңыз кандай экенин) так билип алышыңыз зарыл. Эгерде Сизге окуучулардын анык фактылардын белгилүү системасын өздөштүрүүсүнө жетишүү керек болсо, анда балким азыраак интерактивдүү методду колдонуу натыйжалуураак болор. Эгерде Сизде мектеп окуучуларында көндүмдөр менен билгичтиктерди иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса (мисалы, чет тилинде сүйлөө), анда интерактивдүүрөк методду колдонгонуңуз туура. Бул жерде көбүнчө эң эле натыйжалуу методду колдонуу окуучулар үчүн да көбүрөөк кызыктуу болору өңдүү мыкты дал келүүлөр опоңой байкалат.

Математикалык маселелерди чечүү сыяктуу кээ бир билгичтиктер интерактивдүү метод аркылуу жакшыраак иштелип чыгышы мүмкүн (анткени бул жерде процесс, алынган жоопко караганда көбүрөөк мааниге ээ), бирок окуучу математикалык маселелерди чыгарууну үйрөнөрү менен, аларды чечүүдө машыгууну өзү жалгыз жүргүзгөнү оң.

Мындан интерактивдүү методдор салттуу методдорго караганда жакшыраак деп же тескеринче салттуу методдор мыктыраак деп айтуу таптакыр туура эместигин түшүнсөк болот. Бул жерде жөн гана сабак берүү акценттери алмаштырылган жана бул сөзсүз Сиздин карооңузга коюлган негизге ээ.



Салттуу жана интерактивдүү окутуу


Мугалим салттуу окутууда сабактын мазмунун өзү аркылуу өткөргөн «фильтр» ролун ойнойт.












Салттуу окутууда окуучулардын тажрыйба алуу аймагы, мугалими жана бири-бири менен болгон карым-катышы пассивдүү мүнөзгө ээ болот.


Интерактивдүү окутуу окуучулардын тажрыйба алуу аймагы менен түздөн-түз карым-катышына негизделет, анткени мындай карым-катышта мугалим даяр билимдерди бербейт, тескеринче окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө түрткү берет.






Интерактивдүү окутууда окуучулар менен мугалимдин карым-катыштарында өзгөрүүлөр болууга тийиш. Мугалим активдүүлүгү окуучулардын активдүүлүгүнө жол берет, анткени анын максаты – алардын демилгесине шарт түзүү.




Интерактивдүү методдор


Жуптарда иштөө методикасы


Эмнеден баштаса болот? Топтордо иштөө көндүмдөрү жок класста окуучулар менен топтук ишти кантип уюштуруу мүмкүн? деген суроолорго: «Жупташып иштөөгө аракет кылып көр » деп жооп берсе болот. Бул парталардын көнүмүш жайгашуусуна өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт, балким баарынан мурун балдарды топтук ишке өтүүгө даярдайт. Балдар жуптарда иштешип, бири-бирин үйрөтө алган, жаңы материалды окуп үйрөнүшкөн, көнүгүшкөн, билгендерин текшеришкен ж.б.у.с. ар кандай методикалар бар. Жарым-жартылай жупташып иштөө белгилүү бир алгоритмдин эсебинен камсыздалат. Ал биринчи иретте натыйжалуу өз ара окутууну, текшерүүнү, талкуулоону, түшүнүүнү туура камсыз кылуу үчүн берилет.

Бирок, бул жерде дагы бардык балдардан дароо жакшы ишти күтүү мүмкүн эмес. Ишти уюштуруу жупташып иштөөнүн оозеки нормаларын жана эрежелерин акырындык менен өздөштүрүүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Сабактардын сапаты балдардын индивидуалдуу ыкмаларына жана түшүнүү, баарлашуу, ой жүгүртүү техникасына түздөн -түз көз каранды. Аларды алгоритмге киргизе албайсың. Алар менен мугалим изилдөөчүнүн, методисттин позициясында туруп, такай алектениши зарыл.

Мугалимдин жакшы ишинин критерийи болуп бул жерде окуучунун жупташып иштөөдөгү дагы, окуу материалын өздөштүрүүдөгү дагы ийгиликтүүлүгү эсептелет.

Өз ара диктант жазуунун мисалында жупташып иштөөнү карап көрөлү. Алдын ала жетишерлик тексттерди, ар бир окуучуга бирден тийгидей кылып, даярдап алуу зарыл. Картон кагазга чапталат. Натыйжада болжол менен бир эле эрежелерге ар түрдүү тексттери бар карточкалар пайда болот. Ар бир окуучуга бирден карточка берилет. Бардык окуучулар жуп жубу менен орун алышат. Эгерде окуучулардын саны так болсо, мугалим шериги жок окуучу менен олтурат же ага өз алдынча тапшырма берет. Жумуш төмөнкү тартипте, башкача айтканда төмөнкү алгоритм боюнча жүрөт:

1. 1 Өнөктөш (Р1) өз карточкасынан бирден сүйлөмдү үнүн чыгарып окуйт. 2 Өнөктөш (Р2) өз дептерине жазат.

2. Р2 (1) – 2 Өнөктөш Р1 алгоритмдин 1 пункттунда эмне кылса, ошону аткарат.

3. Р1 жана Р2 дептерлери менен алмашат.

4. Өз алдынча, карточканы карабастан жазылган диктантты текшерет.

5. Р1 жана Р2 дагы бир жолу биргеликте жазылган диктантты текшеришет.

6. Р1 Р2нин көзөмөлү астында өз каталарын талдап жазат.

7. Р2 (6) – 2 номердеги өнөктөш Р1 алгоритмдин алтынчы пункттунда эмне кылса, ошону кайталайт.

8. Р1 жана Р2 дагы бир жолу биргелешип эки ишти тең текшеришет жана өз колдорун коюшат: «Текшерди Р1», «Текшерди Р2».

9. Р1 жана Р2 карточкалар менен алмашат жана өздөрүнө жаңы өнөктөштөрдү тапканы жөнөшөт.

10. Бир сабакта 45 минутанын ичинде айрым окуучулар 2-3 диктант, ал эми башкалары араң 1-2 диктант жазышат. Акырындык менен, өзгөрүлмө курамдагы жуптарда иштөө көндүмүнө ээ болу менен, - бардык окуучулардын ишинин ылдамдыгы жана сапаты жакшыра баштайт. Бардыгынын кол жазмасы байкаларлык өзгөрөт . 2-3 сабактын ичинде окуучулар жупташып иштөө алгоритмин жакшы өздөштүрүп калышат жана мындан ары мугалимдин шыбырап айтуусуна муктаж болушпайт. Тескеринче, кээ бир окуучулар башка окуучуларды, эгерде алар жупташып иштөөдө операциялардын ырааттуулугун сакташпаса, оңдоп түзөй башташат.

Жуптарда иштин кандай жүргөнү бул үлгүдө көрсөтүлгөн. Жупташып иштөөнүн негизги элементтерин 1 схема түрүндө сүрөттөсө болот:






1 схема. Окуучулардын жупташып иштөөсүнүн негизги элементтери

Схемадан көрүнүп турат:

а) ар бир окуучу карточканын «ээси» же «кожоюну» болуп эсептелет;

б) ал өнөктөшүнө бир нерсени кабарлайт;

в) ал өз өнөктөшүнөн бир нерсе алат жана

г) окуучулардын ар бири алганын андан ары узатат.

Эмне «карточка» боло алат? Жогоруда келтирилген мисалда карточкада диктанттын тексти бар болчу. Карточкада бир же бир нече чыгарылышы бар же чыгарылышы жок математикалык маселелер болушу мүмкүн. Карточкада жаттоого зарыл болгон чет тилиндеги сүйлөм болушу ыктымал. Карточкада өнөктөш менен диалогдо иштеп жатып аткарылчу окуу китебиндеги көнүгүүнүн жөн гана номери болушу мүмкүн. Карточкада жуптарда иштелүүгө тийиш болгон, окуу китебиндеги параграфтын номери көрсөтүлүшү абзел. Бир сөз менен айтканда, карточкада баары болушу ыктымал. Бирок, ар дайым карточкада өнөктөштөргө жупта кайсыл алгоритм боюнча иштөөгө туура келери көрсөтүлөт.

Мугалимдер жана окуучулар окутуунун эффективдүүлүгүн жакшыртуу үчүн улам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип издешет, алгоритмдердин жана карточкалардын жаңы варианттарын түзүшөт.

Албетте, мугалим бүтүндөй классты карточкалар менен камсыз кыла албайт. Окуучулардын жупташып иштөө көндүмдөрү өнүккөн сайын класстын маалыматты кайра иштөө мүмкүнчүлүктөрү бат кеңейгендиктен , муну аткаруу жеңил эмес. Мына ошондуктан окуучуларды даяр карточкалар менен иштөөгө үйрөтүү гана маанилүү эмес, алардын өздөрүн да карточка түзүүгө үйрөтүү андан да маанилүү.

Эгерде окуучулар биринчи класстан эле алгоритм боюнча жупташып иштөө көндүмдөрүнө ээ болушса, муну 3-4 класстарда эле колго алууга мүмкүн болуп калат. Айрым-айрым барактар менен папка түрүндө басылып чыгуучу ар түрдүү окуу куралдары карточка түзүүнүн жакшы кол- кабышы боло алышат.

Окуу процессин сүрөттөөгө кайрадан келели. Бул жерде белгилеп коюшубуз керек, эч качан жупташып иштебеген кадимки класс, мына моментип «а дегенде эле» жупташып иштөөгө даяр болбойт. Көп жагынан бул айтканыбыз мугалимге да тиешелүү. Жуптарда сапаттуу иштеш үчүн окуучуга төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу зарыл:

  • окуу – өзү үчүн эмес, өнөктөшү үчүн үнүн чыгарып, өзү жана өнөктөшү баарын түшүнүшү үчүн үнүн акырын чыгарып.

  • сүйлөө – дагы да үнүн акырын чыгарып, даана

  • угуу – окуп же сүйлөп жатып, кебин оңдоого жана оюн так айтууга жардам берген өнөктөшүн көңүл коюп угуу;

  • суроо берүү – бул оңой иш эмес: суроолор негизинен талкууланып жаткан тема боюнча болушу керек; суроо өнөктөшкө ал сүйлөп жатканды тереңирээк түшүнүүгө жардам берүүгө тийиш; суроо темадан өтө эле алыстап кетпеши керек;

  • жазуу – эми өзү үчүн гана эмес, кандай гана жаман жана түшүнүксүз жазылган нерсе болсун, талдоого көнгөн мугалим үчүн да жазууга туура келет; өз өнөктөштөрүң үчүн алардын дептерлеринде жана алар үчүн жазууга туура келет, ал эми бул деген эң чоң жоопкерчилик; көрүнгөн адам жазылганды жеңил түшүнгөндөй кылып жазуу керек;

  • жуптардын жана топтун иштөө процессин башкаруу;

  • эсеп жана көзөмөл жүргүзүү.


Булар окуучунун кыйла маанилүү көндүмдөрү жупташып иштөө жогорку натыйжаларды берсин үчүн, окуучу аларга мыктылап ээ болууга тийиш. Жупташып иштөөгө зарыл болгон бир катар майда көндүмдөр да бар. Мугалимдин класстагы функциялары да өзгөрөт. Мугалим билүүгө тийиш:

  • бир окуучунун ишин уюштурууну;

  • жупка биригишкен окуучулардын чакан окуу топторунун ишин уюштурууну;

  • бүтүндөй окуу тобунун (60 адам оптималдуу) ишин уюштурууну;

  • жупташып иштөө процессине маалыматты киргизүүнү;

  • эсеп менен көзөмөлдү жолго коюуну (өзү аткарбаш керек, жолго коюуга тийиш!)

  • процессти пландаштырууну жана аны башкарууну;

  • карточка түзүүнү;

  • жуптардагы иштин алгоритми менен окуп-үйрөнүлүүчү материалды салыштырууну;

Мугалим жупташып окутууда акырындык менен предмет боюнча малымат булагы болуу функциясын азайтып, анын ордуна процессти жөнгө салуучунун функциясына ээ болот. Бул анын ишинин оордук борбору иштин ыкмаларын окутууга которуларын билдирет. Шериктешүү режиминдеги окуучулар тобунун жумушунун толук картинасын берүү үчүн топтогу жумуш учурунун сүрөттөп берели.


Эмнени көрөбүз?

Кенен бөлмөдө окуучулар жуптары отурушат. Жуптар столдун «эки четинде» олтурушат, - бул баары бекем сактачу, милдеттүү шарт. Айрым окуучулар бөлөк-бөлөк отурушат жана өз алдынча иштеп жатышат. Бир мугалим өзүнүн айланасына окуучулардын анча чоң эмес тобун топтоп алып, аларга бир нерсени түшүндүрүп жатат. Мезгил мезгили менен окуучулардын кай бири ордунан туруп, башка өнөктөшкө барат. Кээде кимдир - бирөө эшикке үнсүз чыгат же класска кирет.


Эмнени угабыз?

Биз бир кылка күңгүрөгөн үндөрдү угабыз. Бардык окуучулар үндөрүн акырын чыгарып, бирок даана сүйлөөнү үйрөнүп алышкан. Топто бир эле мезгилде окуучулардын жарымына жакыны сүйлөйт.

Эгерде көңүл буруп карасак, биз, окуучулар өнөктөштөрүн алмаштырып жатып, үстүндө графаларга бөлүштүрүлгөн баракчалар жаткан столго басып келишип, кандайдыр бир белгилерди коюп жатышканын байкайбыз. Булар аткарылган тапшырмаларды эсепке алуу баракчалары. Окуучулар өз алдынча эсепке алууну жүргүзүшөт; үйрөнүлүп жаткан бир темага эсепке алуунун бир баракчасы туура келет.

Окуу тобунда бир эле мезгилде 6-8 темалар окуп үйрөнүлөт. Ошентип, бир теманы орто эсеп менен бир эле убакта 9-10 окуучу окуп үйрөнөт. Ошол эле учурда окуучулар каалоолору боюнча бир темадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мугалим карточкаларды стол үстүнө жаят. Окуучулар акырындык менен басып келишип, мугалим алып келген темаларды үйрөнө башташат. Эгерде зарылчылык болсо мугалим чакан топ үчүн кыска лекция өтөт. Көңүл бөлүп кароо менен биз ,окуучулар бөлмөдө кандай кааласа , ошондой отурушпаганын, тескеринче үйрөнүлүп жаткан теманын тегерегинде топтолушканын көрөбүз.


Жупташып иштөөнүн артыкчылыктары


1 тенденция

Окуучулар/мугалим катышын 1:1 ге чейин төмөндөтүү. Жупташып иштөө процессинде биз бул катышты оңой ишке ашырабыз. Жупта бир үйрөнүүчүгө бир үйрөтүүчү туура келет. Ошону менен катар кол көтөрүү жана мугалимден түшүнүк алуу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Ошентип биз, жупташып иштөө процесси бул тенденциянын нугунда жатканын көрөбүз, бир эле убакта ал жеңип өтүүгө мүмкүн болбочудай көрүнгөн кыйынчылыкты чечет.

2 тенденция

10% сапатсыз продукциялар. Жупташып окутууда биз 100% сапаттуу продукцияны сөзсүз алабыз. Эмненин эсебинен ушундай болот? Биринчи иретте, ким болбосун, эң начар окуучу дагы өзүнүн жекече ылдамдыгы менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинин эсебинен. Процесс ага өзү менен өзү болууга мүмкүндүк берет. Бул окуучу иштөөчү маалыматтык толуктоону тандоого да тиешелүү: ал качан кааласа, тигил же бул темага көп же аз убакыт бөлө алат; ал өнөктөшү «түшүнүксүз» түшүндүрүп жатканын көрсө, аны алмаштыра алат. Мунун баары ушундай эле өлчөмдө ,эгерде аларга күчүнө жараша тапшырма берсек, мыкты окуучуларга да тиешелүү болот. Жалпысынан жупташып окутуу бардык параметрлер боюнча процессти инсанга карай индивидуалдуу багыттоону камсыз кылат. Ушунун өзү 100%-к сапатты камсыз кылат.

3 тенденция

Жумуш ордун издөө убактысын көбөйтүү. Көптөгөн өнөктөштөрүнө карточка мазмунун өз сөздөрү менен түшүндүрүп жана айтып берүүгө туура келгендиктен, окуучулар жуптарда иштөөдө билимдерди курамдаштырууну үйрөнүшөт. Алар ошондой эле жаңы билимдерди жана иш көндүмдөрдү тез издөө көндүмүнө ээ болушат. Анын эсебинен алар окуу материалын орто эсеп менен топтук ишке караганда болжол менен 2 эсе тезирээк өздөштүрүшөт. Бул болсо азырынча текст, фильм же компьютер түрүндө катталбаган, тар адистер ээ болгон билимдерди жана көндүмдөрдү билим берүү процессине тартуу үчүн убакытты бошотот. Биз бул билимдерди четки билимдер деп атайбыз. Четки билимдерди тирүү адамдар менен болуучу диалогдордон гана алуу мүмкүн. Жупташып иштөө бардык окуучуларды диалогко ээ болуунун жогорку сапаты менен жабдыйт. Ошентип, жупташып окутуу адамга бош жумушчу орундарды сунуш кылган, билимий даярдык менен талаптар ортосундагы ажырымды практикалык жактан толук жоюшу мүмкүн. Кыскача айтканда, ар бир окуучу жеке касиеттерине баарынан көбүрөөк ылайык келген жумушчу ордуна өзүн көңүлдөнтүү үчүн зарыл болгондун баарына ээ. Улантып окуп кетүү жөндөмү – ар бир адамда өмүр боюу сакталат.

Кынтыксыз «+» тардын катарына жуптарда кыздар менен балдардын бетме-бет иштешкени, баарлашканы, ортолорундагы проблемалардын жоктуга да кирет. Жупташып окутуу колго алынган класстарда жүрүм-турумдун, кийимдин жана гигиенанын жеке маданияты кескин жогорулайт. Жупташып окутуу класстарындагы балдардын ата-энелери эки нерсеге таң калышат:

  • алардын балдары мектепте демейдегиден узагыраак кармалышат;

  • үйдө балдар менен конфликттер дээрлик токтойт.


Анын себеби да түшүнүктүү: жупташып окутуу билимге карата кызуу кызыгууну гана эмес, ошону менен катар, баланы бардык ададмар, анын ичинде ата-энелери менен жакшыраак баарлашууга жардам берчү сапаттуу коммуникация жөндөмү менен жабдыйт. Улуттар ортосундагы мамилелерге келсек, практика көрсөткөндөй, ар түрдүү эне тилдеги балдар окуган калсстарда, эгерде окуу процессинде бул тилдерде баарлашууга дем берилсе, бардык балдар бардык тилдерде бирдей жакшы сүйлөшөт, жазышат жана окушат. Улуттар аралык мамилелер үчүн бул өтө чоң мааниге ээ: ар кандай улуттардын ортосундагы сапаттуу коммуникациянын бардыгы ар дайым алардын ортосундагы тынчтыкты камсыз кылат.

Жуптарда окутуунун натыйжалары чынында билимдерди өздөштүрүүнүн чектеринен алыста жатат. Башка сөз менен айтканда, жупташып окутуу коомдогу дагы, билим берүүдөгү дагы маанилүү тенденциялардын кыйынчылыктарын автоматтуу түрдө чечкен ,окуучулар менен мугалимдердин бирдиктүү өзүн-өзү уюштуруучу ишмердиги болуп эсептелет.


Ойлон, шеригиң менен иште, пикириң менен бөлүш

Бул эмне?

Ойлон, шеригиң менен иште, пикириң менен бөлүш – бул зор артыкчылыктарга ээ техника. Бул – окуучулардын активдүү катышуусу жана маалыматты мыкты эске тутуусу. Бул процедураны колдонуу менен окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана публикага алып чыгардан алдын өздөрүнүн идеяларын бейпил контексте апробациядан өткөрүшөт. Окуучулардын ишеними бекемдеп, баарына занятиелерге катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Тапшырмага убакыттын көбүрөөк берилиши жана окуучулардын окуу ишине кошкон сапаттык салымы – булар мугалимге берилүүчү артыкчылыктар болуп саналышат. Окуучулар дагы, мугалимдер дагы бирдей деңгээлде алардан эмнени күтүп жатышканын ачык билишет. Бул модель биринчи жолу Мэрилэнд университетинен Фрэнк Лиман (Frank Lyman) тарабынан сунушталган. Бул көнүгүүнү аткаруунун төрт этабы бар. Ар бир этап убакыттык рамка менен чектелет.


Кантип аткарса болот?

Биринчи кадам – Мугалим суроо берет

Бул мугалим жалпы класска берүүчү түз суроо же проблема болушу мүмкүн. Мисалы, «Белоснежка окуясында роза эмнени билдирет?». Бул моделде бир гана жоопту талап кылган төмөн деңгээлдеги суроолорду колдонбош керек. Суроолор проблемаларды же дилеммаларды жаратуулары зарыл, мындай суроолорду окуучулар жан дилдери менен кабыл алышат жана ойлонууга жөндөмдүү болушат.

Экинчи кадам – Окуучулар индивидуалдуу ойлонушат

Мугалимдин белгиси боюнча суроого жоопту ойлонуу үчүн окуучуларга чектелген убакыт берилет. Жоопко берилүүчү убакыт мугалим тарабынан окуучулардын билимдерине, суроонун мүнөзүнө жана программанын талабына жараша аныкталат. Эгерде окуучулар өздөрүнүн индивидуалдуу жоопторун жана чечимдерин жазып отурушса пайдалуу болот. Бирок, окуучулар берилген суроого бир гана туура жооптун болбошун, ошондуктан алардын ар бири өздөрүнүн кайсы бир туура жообун бере аларын түшүнүүлөрү зарыл.

Үчүнчү кадам – Шериктешип талкуулоо

Шериктешип алып окуучулар жалпы жоопту түзүшөт. Кээде окуучулардын төрттөн топтошуусун өтүнүп, бул процессти бир кадам алдыга жылдырууга болот. Бул болсо жалпы жоопту бардык топтун алдына коюудан алдын, аны «полировкалоо» үчүн жасалат. Шериктешип иштөөнүн бул этабы талкууланып жаткан суроодон келип чыккан окуучулар ортосундагы проблемалар жөнүндөгү диалогко да түрткү берет.

Төртүнчү кадам – Окуучулар өз жоопторун бүткүл класс менен бөлүшөт

Бул этапта окуучулар индивидуалдуу да, коллективдүү да өз чечимдерин бүткүл класска алып чыгышат. Кайсы жерде өнөктөш окуучулар таблица же диаграмма түрүндө жооп боюнча көрсөтмө материал даярдашса, анда алардын ар бири өз акылынын жемиши менен мактана алышат. «Ойлон, шеригиң менен иште жана пикириң менен бөлүш» көнүгүүсүнүн аяккы этабы бардык окуучуларга бир канча артыкчылыктарды берет. Ар башка адамдар чечимдин ар башка, уникалдуу жолдорун табышкандай эле, окуучулар да проблемаларды чечүүгө карата ар башка мамилелердин бардыгын түшүнүшөт. Андан да концепциялар китептин же мугалимдин тилинде түшүндүрүлбөстөн, окуучулардын өздөрүнүн жандуу тилинде жеткирилет. Буга кошумча окуучулар өз ойлорун кагазга чиймелеп же тартып берген жерлерде ар кандай үйрөтүүчү модалдуулуктар жана артык көрүүлөр болушу мүмкүн.

Жыйынтыктап жатып, бир эскертүүнү кайталап коюуну зарыл деп таптык: «Ойлон, шеригиң менен иштеп, пикириң менен бөлүш» көнүгүүсүнүн ийгилиги жана сапаты биринчи этапта берилген суроонун сапатына көз каранды болот. Эгерде суроо окуучуралдарды чын дилден ой-жүгүртүүсүнө түрткү берсе, анда ушундай эле жасалма эмес түшүнүү башка этаптарда да сөзсүз пайда болот.


Биргелешип окутуунун структурасы жана техникасы


Тизмелерди түзүү

Тизмелерди түзүү кайсы бир концепциялар үчүн аныктамалардын же сүрөттөөлөрдүн варианттарын топтоо техникасы же акыл чабуулу техникасы катарында колдонулушу мүмкүн. Тизмени түзүүдө окуучулардан бир нерсеге аныктама же сүрөттөмө берүүчү сөздөрдү атап өтүү жагы талап кылынат. Бул жумушту окуучулар бүтүшөрү менен, сиз бул тизмени топтук же ачык талкууларды фасилитациялоо үчүн колдоносуз. Мисалы: Окуучулардан мотивдештирилген окуучу эмне кылып жатканын сүрөттөөчү же аныктоочу 5-7 сөздү же фразаны атоону өтүнүңүз. Ушул эле жерде сиз окуучуларды тизмелерди кичи топтордо талкуулоого же баардыгы макул болгон жооптун бир вариантын тандоо үчүн чогулуусун өтүнө аласыз. Бул техниканы башка методдор менен айкалыштыруу аркылуу, сиз биргелешип окутуунун эң күчтүү түзүмүн ээ болосуз.

Эки бөлүктүү күндөлүк

Эки бөлүктүү көндөлүк класстагы талкууга даярдык көрүү процессинде окуучулар тарабынан окулган макалаларды жана башка ресурстарды белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Окуучулар окуу үчүн берилген материалдарды окушат жана алар боюнча ой-жүгүртүшөт. Окуучулар эки бөлүктүү күндөлүктү даярдашат. Ал кантип жасалат: дептер бети узатасынан так экиге бөлүнөт, сол жагына цитаталар, окулгандан маанилүү учурлар, кызыктуу фразалар ж.б. жазылат, оң жагына окуучу окулган материал боюнча жалпы жонунан же белгилүү бир тематика боюнча өзүнүн комментарийлерин жазат. Окуучулар өздөрүнүн жазып, толтурулган күндөлүктөрүн мектепке алып келишет. Класста окуучулар өз күндөлүктөрүн талкууну баштоо, өнөктөшкөн аннотацияны аткаруу үчүн колдоно алышат ж.б.

Жупташкан аннотациялар

Окуучулар экиден болуп алышып, кайсы бир макалага, китептин бөлүмүнө, мазмунуна сереп салышат же аларды окуп-үйрөнүшөт жана окуу же ой-жүгүртүү максатында эки бөлүктүү күндөлүктөр менен аламашышат. Окуучулар урунттуу учурларын талкуулашат жана окшош жана окшош эмес ой-пикирлерди, идеяларды издешет. Окуучулар биргеликте макаланы, главаны же концепцияны коротундулоочу айкаштырылган аннотация даярдашат.



Чыгуу картасы

Ар бир окуучудан төмөнкү суроолорду комментарийлөөнү өтүнүңүз: Бүгүн үйрөнгөндөн кайсынысы Сизге эң маанилүү жана пайдалуу болуп көрүндү? Кайсыл эки суроо сиз үчүн дагы эле ачык эмес жана аларды сурагыңыз келет? Эмне туурасында көбүрөөк билгиңиз келет?

Окуучуларга бир минута берип, убакытты белгилеп алыңыз. Бул иш аларга көңүлдү мазмунга топтоштурууга, ал эми сизге, мугалим катары кайтарым байланышын берет. Сиз бул бир минуталык иштерди келерки күндүн талкуусун баштоого, топтогу дискуссияны фасилитациялоого, же окуучулардын берилген материалды өздөштүрүүсүнө жана түшүнүүсүнө байланышкан кайтарым маалыматын алуу үчүн колдонсоңуз болот.


Проблеманы жөнөт

«Проблеманы жөнөт» техникасын топтордо материалды талкуулоодо жана сереп салууда же тематикалык маалыматка тиешеси бар проблеманын мүмкүн болгон чечилишинде колдонууга болот.

  1. Топтун ар бир мүчөсү проблеманы таап, аны карточкага жазат. Андан кийин топтун башка мүчөлөрүнө суроо коет.

  2. Эгерде берилген суроонун жообу туурасында топтун бардык мүчөлөрү бир пикирде болушса, анда жооп карточканын арткы бетине жазылат. Эгерде жоопко бирдиктүү пикир жок болсо, анда жооп боюнча келишүү үчүн ал кайрадан каралат.

  3. Топтун мүчөлөрү карточканын суроо жазылган тарабын «С» тамгасы менен, ал эми жооп жазылган бөлүгүн «Ж» тамгасы менен белгилешет.

  4. Ар бир топ суроолор жазылган карточканы башка топко жөнөтөт.

  5. Топтун ар бир мүчөсү суроолор үймөкчөсүнөн бир суроону алат да аны топтун алдында окуп берет. Биринчи суроо окуган соң, топтогулар аны талкуулай башташат. Эгерде жооп даяр болсо, жоопторду салыштыруу максатында жана карточкадагы жооп менен макулдугун же макул эместиги билдирүү үчүн карточканы аңтарып коюшат. Эгер алар биринчи топтун жообу менен макул болушпаса, анда алар ошол эле жерге альтернатива катарында өздөрүнүн жообун жазышат.

  6. Жогоруда берилген процедураны кайталоо менен экинчи топ үймөкчөлөрдөгү карточкалардын ар бир суроосун карап чыгып, жооп берет.

  7. Суроолор жазылган карточкалар каалоолору боюнча үчүнчү, төртүнчү же бешинчи топко берилиши ыктымал.

  8. Карточкалар үймөгү андан соң кайрадан биринчи топко берилет. Жөнөтүп жаткан топ кайсыл суроону болбосун талкуулап, тактап берет.

Вариациялар: Бул көнүгүүнүн варианты катары так ушундай процессти, топтор үчүн бирдиктүү жообу жок, кайсы-бир реалдуу проблеманы талкуулоодо колдонууга болот.

  1. Топтор кароо үчүн кайсыл проблеманы тандоону чечишет. Ар бир топтун өз проблемасын чеччени туура.

  2. Бул жерде топтор кайсы бир проблеманын бир чечилишин табууга акыл чабуулун колдоно алышат. Проблема жазылып, конверттин сыртына чапталат. Ал эми чечимдин тизмеси конвертке салынат.

  3. Андан соң конверт кийинки төпкө берилет. Ар бир топ мурунку топтун ишин окубай туруп, проблеманы акыл чабуулу методу аркылуу 3-5 минута талкуулайт, анан жооптор жазылган баракчасын конвертке салышат.

  4. бул процесс бир же бир канча топтордо улантылышы мүмкүн. Акыркы топ мурунку топтор тарабынан сунуш кылынган бардык чечимдерди карап чыгат жана болжолдуу жоопторду камтыган жооптордун приоритеттүү тизмесин иштеп чыгат. Андан соң бул тизме топко тааныштырылат.


«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз-ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

  1. Мугалим кайсы бир суроо боюнча кыска (10-15 минуталык) лекция өткөрөт.

  2. Окуучулар индивидуалдуу түрдө иштешет, берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

  3. Окуучулар өздөрү тарабынан берилген суроолор баарына жооп берүүгө мажбур эмес. Бул тапшырма окуучуларды талкууланып жаткан темага тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга мажбурлоо үчүн түзүлгөн.

  4. Окуучулар колдон келишинче көбүрөөк суроолорду колдонуулары керек.

  5. Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир окуучу талкуу үчүн суроосун сунуштайт.


Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат….?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

Кантип … түшүндүрүңүз?

Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар?

… жөнүндө мен кандай тыянак чыгара алам?

… менен …. ортосунда кандай айырма бар?

… менен …. окшоштугу кайсы?

… кантип колдоно алам?

… күчтүү жана начар жактары кайсылар?

Кайсынысы эң жакшы …. болуп саналат жана эмнеликтен?


Акыл чабуулу


Бул эмне?


Акыл чабуулу – бул идеяларды иштеп чыгуучу жана проблемаларды чечүүчү адамдар тобуна эсептелген, процедуралардын спецификалык жыйнамы. Класста акыл чабуулун жүргүзүү проблемаларды чечүүнүн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди түзүүнүн жана мүмкүн болгон суроо-жоопторду аныктоонун эң мыкты жол-жобосу болуп саналат. Кайсыл гана предмет боюнча, кандай суроо болбосун акыл чабуулу методу аркылуу каралышы мүмкүн.


Кантип аткарса болот?


Акыл чабуулун жүргүзүүнүн кадамдары

Мугалим катары сиз «фасилитатор» сыпатында аракеттенесиз.

  1. Даярдоо

Сабактын башталышына чейин кароого коюлуучу суроону же проблеманы талкуулаңыз. Окуучуларга бул жөнүндө ойлонууга жана бул суроого «тереңдөөгө» бир аз убакыт бериңиз.

  1. Фактыларды табуу

Чечүүнү талап кылган проблеманы, суроону же маселени так белгилеңиз. Суроо түшүнүктүү болушу керек. Талкууга коюлуучу суроону доскага жазыңыз. Окуучулардын кыялдануусун курчутуу максатында темага тиешелүү кандай суроолор болбосун талкуулаңыз.

  1. Разминка

Акыл чабуулун жүргүзүү техникасын машыктыруу үчүн жөнөкөй, мүмкүн күлкүлүү суроону разминкага алып чыгыңыз. Бул сунуш кылынган темага байланышпаган суроо болушу керек.

  1. Идеяларды иштеп чыгуу

Бул этап берилген суроо боюнча акыл чабуулунан башталат. Окуучуларды идея сунуштоого шыктандырыңыз. Кимиси болбосун ар кайсы убакта сүйлөй алат. Доскага мына ушул этаптын төмөнкү эрежелерин жазып коюңуз.

Сындабагыла жана баалабагыла (башка бирөө тарабынан айтылгандарды кылбашы, баа бербеши же сындабашы керек).

Туура эмес жооптор болбойт (оюңузга эмне келсе, баарын айтыңыз. Башыңызда сактабаңыз. Баары өтөт. «Акылсыз» жана колдонуудан алыс идеялар кээде өзүнүн артынан пайдалуу идеяларды алып келишет).

Идеялар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы (кыска тизмени узарткандан көрө, узунун кыскарткан жеңил).

Комбинацияны өзгөртүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз (башка адамдардын идеяларын көбөйтүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз)

Өзүңүздү бош коюңуз, ойноңуз жана ырахаттаныңыз (акыл чабуулунун сессиясы оюнкараактык жана релаксация маанайында болууга тийиш). Ал жакшы жүргүзүлө, сөзсүз оюн-зооктой жеңил өтөт. Мында достук жарыш менен өз ара жардам чырмалышкан атмосфера түзүлөт.

Унчукпай коюу туура (адамдар унчукпай турганда, мүмкүн алар ойлонушат. Адатта, унчукпай коюудан кийин жакшы идеялар пайда болот).

Фасилитатор катары окуучуларга ушул эрежелерди эскертип коюңуз.

5. Чечимдерди табуу

Качан сиз зарыл учурду сезсеңиз (же качан сизде аз убакыт калса), идеяларды иштеп чыгуу боюнча ишти токтото туруп, эми акыркы фазага өтүп жатканыңызды жарыя кылыңыз. Бул учурга доскада жазылган ойлор каралып, алар сынчыл бааланган болот. Кандай чечимдин же идеянын мааниси бар? Кайсыныкы жок? Алардын кээ бирлери өтө эле жөнөкөй, башкалары өтө эле татаал көрүнбөйбү? Алардын кайсынысын турмушта практикалүү жакын колдонсо болот, кайсынысын колдоно албайбыз? Ар бир чечимдин же идеянын жыйынтыгы же натыйжасы кандай болмокчу? Тизмени керек эмес идеяларды сызуу же өчүрүү менен акырындап ичкертиңиз. Бир канча эң мыкты чечимдерди/идеяларды тандоого аракеттениңиз.

6.Ишке киргизүү

Эгерде акыл чабуулунун сессиясы ишке киргизүүгө зарыл болгон (мисалы, экзамен көрсөткүчтөрүн жакшыртуунун жолдору), идеяларды иштеп чыгууга багытталса, анда аны сынап көрүңүз жана иштиктүү экендигине өзүңүз ишенгендей болуңуз. Бир аз убакытты жыйынтыктарды талкуулоого жумшаңыз.



Инсерт

Бул эмне

Инсерт – текст менен иштөөдөгү активдүүлүктү колдоо инструменти. Барак бетине белги коюунун интерактивдүү системасы. Берилген амал окуучулардын өздөрүнүн маалымат түшүнүүсүнө көз салуусуна багытталат.

Эмнени өнүктүрөт?

  • Текст менен натыйжалуу иштөө көндүмүн

  • Активдүү, терең ойлонулган окууну

  • Мурда белгилүү болгон материал менен жаңысын байланыштыруу жөндөмүн

  • Теманы андан ары үйрөнүүнү стимулдаштырат

Көрүнүшү кандай?

«V» - (ооба), эгер сиз окуп жатканга, билгениңиз туура келген учурда коюлат.

«-» - (алуу), эгер маалымат сиздин билгениңизге карама-каршы келсе коюлат.

«+» - (кошуу), эгер окуп жатканыңыз Сиз үчүн жаңы болсо коюлат.

«?» - (суроо), эгер информация кошумча маалыматтарды талап кылса же түшүнүксүз болсо коюлат.

Кантип аткарат?

1 – кадам. Акыл чабуулун өткөрүңүз.

2 – кадам. «ИНСЕРТ» белгиси менен индивидуалдык окуу

3 – кадам. Акыл чабуулунун жыйынтыктарын жуптардагы же кичинекей топтордогу окуунун натыйжалары менен салыштыруу жана талкуулоо.

4 – кадам. «Инстерт» таблицасынын негизинде алынган маалыматты системалаштыруу.

Иштин бул түрүн жуптарда, кичинекей топтордо же өз алдынча өткөрүү мүмкүн.


«Инсерт» таблицасы


«V»

«-»

«+»

«?»






Мугалим үчүн кеңештер:

«Инсерт» белгисинин жардамы менен окууда, сөзсүз эле ар бир сапка белги коюу же белгилүү бир сандагы белги коюуларды талап кылуу зарыл эмес, абзацтарды да, айрым сөздөрдү да белгилеп алууга болот, башкысы, окурман өзүнүн маалыматты толук түшүнүүсүнө өзү көз салгандай болушу керек. Окуу китебин бүлдүрбөш үчүн, эгерде жөнөкөй карандаш жок болсо, китептин астына дептер коюуну сунуштоого болот жана бардык белги коюуларды дептер беттерине жүргүзүп, ошол эле учурда беттерин көрсөтүүнү эстен чыгарбоо зарыл, ошондо текстке каалаган учурда кайра кайрылып, кандай белгилер каерге коюлганын эстөө мүмкүн.


Кластер


Кластер түзүү – бул маалыматтар, идеялар жана суроолор картасын түзүү жолу. Кластер түзүү когнитивдүү изилдөөгө негизделет.

Кластер түзүү эмнеси менен пайдалуу?

  • Кластер түзүү Сизге идеяларды издеп табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсыл бир тартипке келгенге чейин курамдаштырууга же курамдаштырылганды кайра бузууга жардам берет.

  • Кластер түзүү бул кайсы бир фактордун тегерегинде пикир топтоо технологиясы.

  • Кластер түзүү – бул кимдер бирөөнүн тажрыйбасын колдонуу жана ага форма ыйгаруу техникасы. Жалпысынан бул изилдөө процесси.


Кластерге бөлүү методу

Кластерге бөлүү – бул үйрөнүүчүлөргө кайсыл бир тема боюнча эркин жана ачык ойлонууга жардам берген, ой-жүгүртүүнүн вариативдүүлүгүн, үйрөнүлүп жаткан түшүнүктүн (кубулуштун, окуянын) байланышын жана мамилелерин орнотуу жөндөмүн өнүктүрүүчү педагогикалык метод. Кластерге бөлүү идеялар ортосундагы байланыштар туурасындагы ой жүгүртүүнү стимулдаштырууга мүмкүнчүлүк берген түзүлүштөрдүн гана бөлүшүн талап кылат.

Бул ой жүгүртүүнүн сызыктык эмес формасы. Ал биздин мээнин кантип иштеши менен бекем байланышкан.

«Кластер» сөзү бир байлам, таңгак дегенди билдирет. Кластерге бөлүү жаңы ассоциацияларды чакырат, колдо болгон билимдерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, белгилүү тема боюнча жаңы түшүнүктөрдү ойлонуу процессине киргизет. Кластерди бөлүүнү белгилүү бир тема кылдаттык менен үйрөнүлгөнгө чейин колдонуу максатка көбүрөөк ылайыктуу.

Кластерге бөлүү ой-жүгүртүүнүн стимулу катары колдонулат. Кластерди топтук түзүү топтун идеялары үчүн өзөк катары кызмат кылат. Кластерге бөлүү абдан жеңил жана эсте оңой сакталат.


Кластер түзүүнүн ырааттуулугу:

  1. Класттык досканын же кагаздын чоң барагына негизги сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

  2. Сиздин пикириңизде берилген тема менен байланышкан сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

  3. Түшүнүктөр менен идеялардын ортосунда ылайыктуу байланышты орнотуңуз;

  4. Сиздин бардык идеяларыңыз түгөнгүчө же убакыт бүткүчө идеялардын канча вариантын жаза алсаңыз, ошончону жазыңыз.


Кластер түзүүнүн негизги эрежелери акыл чабуулун өткөрүү эрежелери менен окшош:

  1. Оюңузга эмне келсе, ошонун баарын жазыңыз. Бул ойлордун сапатына катуу карабаңыз, аларды жөн гана жаза бериңиз.

  2. Орфографияга, жазуу ишине тоскоол болчу башка факторлорго көңүл бурбаңыз.

  3. Бөлүнгөн убакыт бүтмөйүнчө жазууну токтотпоңуз.

  4. Мүмкүн болушунча көбүрөөк байланыштарды түзүүгө аракеттениңиз. Идеялардын санын, алардын агымын жана алардын ортосундагы байланышты чектебеңиз.

  5. Кластерге бөлүүнү биринчи жолу киргизип жатсаңыз, бүтүндөй топко тааныш схеманы тандап алыңыз. Демонстрациялоо максаттарында Атамекен, Багбанчылык өңдүү жана башка темалар колдонулушу мүмкүн.



Синквейн


Бул эмне?

Синквейн, француз тилинен которгондо – 5 сап. Синквейн маалыматты синтездөөгө, резюмелештирүүгө жардам берген, ак (рифмаланбаган) ыр.

Синквейнди жазуу эрежеси:

1 – сап: Темасы бир сөз менен (адатта зат атооч)

2 – сап: Теманы эки сөз менен баяндап жазуу (эки сын атооч)

3 – сап: Бул теманын чегинде аракеттерди баяндап жазуу (үч этиш же чакчыл)

4 – сап: Темага карата мамиле, сезимдер жана эмоциялар (төрт сөздөн турган фразалар)

5 – сап: Теманын маңызын бир сөз менен кайталоо (теманын синоними).


Синкейндин үлгүлөрү:

Окуу

Таанып-билүүчү, ойлонуштурулган Кубанычтуу жана трагедиялуу,

Билим, түшүнүк, жетишкендик тартуулоочу Жандандырып, көңүл көтөрүп, турмуш океанына чөмүлткөн

Рухтун, акылдын жана сезимдин өсүшү Сенин бийлигиңе чек жок,

Жан дүйнөнү байытуучу Не деген кереметсиң!






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!