СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдуу методдор

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдуу методдор»

И нтерактивдүү методдор


Жуптарда иштөө методикасы


«Эмнеден баштаса болот? Топтордо иштөө көндүмдөрү жок класста окуучулар менен топтук ишти кантип уюштуруу мүмкүн?» – деген суроолорго: «Жупташып иштөөгө аракет кылып көр » – деп жооп берсе болот. Бул парталардын көнүмүш жайгашуусуна өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт, балким баарынан мурун балдарды топтук ишке өтүүгө даярдайт. Балдар жуптарда иштешип, бири-бирин үйрөтө алган, жаңы материалды окуп үйрөнүшкөн, көнүгүшкөн, билгендерин текшеришкен ж.б.у.с. ар кандай методикалар бар. Жарым-жартылай жупташып иштөө белгилүү бир алгоритмдин эсебинен камсыздалат. Ал биринчи иретте натыйжалуу өз ара окутууну, текшерүүнү, талкуулоону, түшүнүүнү туура камсыз кылуу үчүн берилет.

Бирок, бул жерде дагы бардык балдардан дароо жакшы ишти күтүү мүмкүн эмес. Ишти уюштуруу жупташып иштөөнүн оозеки нормаларын жана эрежелерин акырындык менен өздөштүрүүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Сабактардын сапаты балдардын индивидуалдуу ыкмаларына жана түшүнүү, баарлашуу, ой жүгүртүү техникасына түздөн-түз көз каранды. Аларды алгоритмге киргизе албайсың. Алар менен мугалим изилдөөчүнүн, методисттин позициясында туруп, такай алектениши зарыл.

Мугалимдин жакшы ишинин критерийи болуп бул жерде окуучунун жупташып иштөөдөгү дагы, окуу материалын өздөштүрүүдөгү дагы ийгиликтүүлүгү эсептелет.

Өз ара диктант жазуунун мисалында жупташып иштөөнү карап көрөлү. Алдын ала жетишерлик тексттерди, ар бир окуучуга бирден тийгидей кылып, даярдап алуу зарыл. Картон кагазга чапталат. Натыйжада болжол менен бир эле эрежелерге ар түрдүү тексттери бар карточкалар пайда болот. Ар бир окуучуга бирден карточка берилет. Бардык окуучулар жуп-жубу менен орун алышат. Эгерде окуучулардын саны так болсо, мугалим шериги жок окуучу менен олтурат же ага өз алдынча тапшырма берет. Жумуш төмөнкү тартипте, башкача айтканда төмөнкү алгоритм боюнча жүрөт:

1. 1- Өнөктөш (Р1) өз карточкасынан бирден сүйлөмдү үнүн чыгарып окуйт. 2- Өнөктөш (Р2) өз дептерине жазат.

2. Р2 (1) – 2- Өнөктөш Р1 алгоритмдин 1- пункттунда эмне кылса, ошону аткарат.

3. Р1 жана Р2 дептерлери менен алмашат.

4. Өз алдынча, карточканы карабастан жазылган диктантты текшерет.

5. Р1 жана Р2 дагы бир жолу биргеликте жазылган диктантты текшеришет.

6. Р1 Р2нин көзөмөлү астында өз каталарын талдап жазат.

7. Р2 (6) – 2 номердеги өнөктөш Р1 алгоритмдин алтынчы пункттунда эмне кылса, ошону кайталайт.

8 . Р1 жана Р2 дагы бир жолу биргелешип эки ишти тең текшеришет жана өз колдорун коюшат: «Текшерди Р1», «Текшерди Р2».

9 . Р1 жана Р2 карточкалар менен алмашат жана өздөрүнө жаңы өнөктөштөрдү тапканы жөнөшөт.

10. Бир сабакта 45 минутанын ичинде айрым окуучулар 2-3 диктант, ал эми башкалары араң 1-2 диктант жазышат. Акырындык менен, өзгөрүлмө курамдагы жуптарда иштөө көндүмүнө ээ болу менен, бардык окуучулардын ишинин ылдамдыгы жана сапаты жакшыра баштайт. Бардыгынын кол жазмасы байкаларлык өзгөрөт . 2-3 сабактын ичинде окуучулар жупташып иштөө алгоритмин жакшы өздөштүрүп калышат жана мындан ары мугалимдин шыбырап айтуусуна муктаж болушпайт. Тескеринче, кээ бир окуучулар башка окуучуларды, эгерде алар жупташып иштөөдө операциялардын ырааттуулугун сакташпаса, оңдоп түзөй башташат.

Жуптарда иштин кандай жүргөнү бул үлгүдө көрсөтүлгөн. Жупташып иштөөнүн негизги элементтерин 1-схема түрүндө сүрөттөсө болот:










1-схема. Окуучулардын жупташып иштөөсүнүн негизги элементтери

Схемадан көрүнүп турат:

а) ар бир окуучу карточканын «ээси» же «кожоюну» болуп эсептелет;

б) ал өнөктөшүнө бир нерсени кабарлайт;

в) ал өз өнөктөшүнөн бир нерсе алат жана

г) окуучулардын ар бири алганын андан ары узатат.

Эмне «карточка» боло алат? Жогоруда келтирилген мисалда карточкада диктанттын тексти бар болчу. Карточкада бир же бир нече чыгарылышы бар же чыгарылышы жок математикалык маселелер болушу мүмкүн. Карточкада жаттоого зарыл болгон чет тилиндеги сүйлөм болушу ыктымал. Карточкада өнөктөш менен диалогдо иштеп жатып аткарылуучу окуу китебиндеги көнүгүүнүн жөн гана номери болушу мүмкүн. Карточкада жуптарда иштелүүгө тийиш болгон, окуу китебиндеги параграфтын номери көрсөтүлүшү абзел. Бир сөз менен айтканда, карточкада баары болушу ыктымал. Бирок, ар дайым карточкада өнөктөштөргө жупта кайсы алгоритм боюнча иштөөгө туура келери көрсөтүлөт.

Мугалимдер жана окуучулар окутуунун эффективдүүлүгүн жакшыртуу үчүн улам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип издешет, алгоритмдердин жана карточкалардын жаңы варианттарын түзүшөт.

А лбетте, мугалим бүтүндөй классты карточкалар менен камсыз кыла албайт. Окуучулардын жупташып иштөө көндүмдөрү өнүккөн сайын класстын маалыматты кайра иштөө мүмкүнчүлүктөрү бат кеңейгендиктен , муну аткаруу жеңил эмес. Мына ошондуктан окуучуларды даяр карточкалар менен иштөөгө үйрөтүү гана маанилүү эмес, алардын өздөрүн да карточка түзүүгө үйрөтүү андан да маанилүү.

Б ул жерде белгилеп коюшубуз керек, эч качан жупташып иштебеген кадимки класс «адегенде эле» жупташып иштөөгө даяр болбойт. Көп жагынан бул айтканыбыз мугалимге да тиешелүү. Жуптарда сапаттуу иштеш үчүн окуучуга төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу зарыл:

  • окуу – өзү үчүн эмес, өнөктөшү үчүн үнүн чыгарып, өзү жана өнөктөшү баарын түшүнүшү үчүн үнүн акырын чыгарып окуу;

  • сүйлөө – дагы да үнүн акырын чыгарып, даана айтуу;

  • угуу – окуп же сүйлөп жатып, кебин оңдоого жана оюн так айтууга жардам берген өнөктөшүн көңүл коюп угуу;

  • суроо берүү – бул оңой иш эмес: суроолор негизинен талкууланып жаткан тема боюнча болушу керек; суроо өнөктөшкө ал сүйлөп жатканды тереңирээк түшүнүүгө жардам берүүгө тийиш; суроо темадан өтө эле алыстап кетпеши керек;

  • жазуу – эми өзү үчүн гана эмес, кандай гана жаман жана түшүнүксүз жазылган нерсе болсун, талдоого көнгөн мугалим үчүн да жазууга туура келет; өз өнөктөштөрүң үчүн алардын дептерлеринде жана алар үчүн жазууга туура келет, ал эми бул деген эң чоң жоопкерчилик; ар бир адам жазылганды жеңил түшүнгөндөй кылып жазуу керек;

  • жуптардын жана топтун иштөө процессин башкаруу;

  • эсеп жана көзөмөл жүргүзүү.


Булар окуучунун кыйла маанилүү көндүмдөрү жупташып иштөө жогорку натыйжаларды берсин үчүн, окуучу аларга мыктылап ээ болууга тийиш. Жупташып иштөөгө зарыл болгон бир катар майда көндүмдөр да бар. Мугалимдин класстагы функциялары да өзгөрөт. Мугалим билүүгө тийиш:

  • бир окуучунун ишин уюштурууну;

  • жупка биригишкен окуучулардын чакан топторунун ишин уюштурууну;

  • бүтүндөй окуу тобунун (60 адам оптималдуу) ишин уюштурууну;

  • жупташып иштөө процессине маалыматты киргизүүнү;

  • эсеп менен көзөмөлдү жолго коюуну (өзү аткарбаш керек, жолго коюуга тийиш!)

  • процессти пландаштырууну жана аны башкарууну;

  • карточка түзүүнү;

  • жуптардагы иштин алгоритми менен окуп үйрөнүлүүчү материалды салыштырууну;

Мугалим жупташып окутууда акырындык менен предмет боюнча маалымат булагы болуу функциясын азайтып, анын ордуна процессти жөнгө салуучунун функциясына ээ болот. Бул анын ишинин оордук борбору иштин ыкмаларын окутууга которуларын билдирет. Шериктешүү режиминдеги окуучулар тобунун жумушунун толук картинасын берүү үчүн топтогу жумуш учурунун сүрөттөп берели.

Эмнени көрөбүз?

К енен бөлмөдө окуучулар жуптары отурушат. Жуптар столдун «эки четинде» олтурушат, – бул баары бекем сактачу, милдеттүү шарт. Айрым окуучулар бөлөк-бөлөк отурушат жана өз алдынча иштеп жатышат. Бир мугалим өзүнүн айланасына окуучулардын анча чоң эмес тобун топтоп алып, аларга бир нерсени түшүндүрүп жатат. Мезгил-мезгили менен окуучулардын кай бири ордунан туруп, башка өнөктөшкө барат. Кээде кимдир-бирөө эшикке үнсүз чыгат же класска кирет.

Э мнени угабыз?

Биз бир кылка күңгүрөгөн үндөрдү угабыз. Бардык окуучулар үндөрүн акырын чыгарып, бирок даана сүйлөөнү үйрөнүп алышкан. Топто бир эле мезгилде окуучулардын жарымына жакыны сүйлөйт.

Эгерде көңүл буруп карасак, биз, окуучулар өнөктөштөрүн алмаштырып жатып, үстүндө графаларга бөлүштүрүлгөн баракчалар жаткан столго басып келишип, кандайдыр бир белгилерди коюп жатышканын байкайбыз. Булар аткарылган тапшырмаларды эсепке алуу баракчалары. Окуучулар өз алдынча эсепке алууну жүргүзүшөт; үйрөнүлүп жаткан бир темага эсепке алуунун бир баракчасы туура келет.

Окуу тобунда бир эле мезгилде 6-8 темалар окуп үйрөнүлөт. Ошентип, бир теманы орто эсеп менен бир эле убакта 9-10 окуучу окуп үйрөнөт. Ошол эле учурда окуучулар каалоолору боюнча бир темадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мугалим карточкаларды стол үстүнө жаят. Окуучулар акырындык менен басып келишип, мугалим алып келген темаларды үйрөнө башташат. Эгерде зарылчылык болсо мугалим чакан топ үчүн кыска лекция өтөт. Көңүл бөлүп кароо менен биз ,окуучулар бөлмөдө кандай кааласа , ошондой отурушпаганын, тескеринче үйрөнүлүп жаткан теманын тегерегинде топтолушканын көрөбүз.


Жупташып иштөөнүн артыкчылыктары


1-тенденция

Окуучулар/мугалим катышын 1:1ге чейин төмөндөтүү. Жупташып иштөө процессинде биз бул катышты оңой ишке ашырабыз. Жупта бир үйрөнүүчүгө бир үйрөтүүчү туура келет. Ошону менен катар кол көтөрүү жана мугалимден түшүнүк алуу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Ошентип биз, жупташып иштөө процесси бул тенденциянын нугунда жатканын көрөбүз, бир эле убакта ал жеңип өтүүгө мүмкүн болбочудай көрүнгөн кыйынчылыкты чечет.

2-тенденция

1 0% сапатсыз продукциялар. Жупташып окутууда биз 100% сапаттуу продукцияны сөзсүз алабыз. Эмненин эсебинен ушундай болот? Биринчи иретте, ким болбосун, эң начар окуучу дагы өзүнүн жекече ылдамдыгы менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинин эсебинен. Процесс ага өзү менен өзү болууга мүмкүндүк берет. Бул окуучу иштөөчү маалыматтык толуктоону тандоого да тиешелүү: ал качан кааласа, тигил же бул темага көп же аз убакыт бөлө алат; ал өнөктөшү «түшүнүксүз» түшүндүрүп жатканын көрсө, аны алмаштыра алат. Мунун баары ушундай эле өлчөмдө ,эгерде аларга күчүнө жараша тапшырма берсек, мыкты окуучуларга да тиешелүү болот. Жалпысынан жупташып окутуу бардык параметрлер боюнча процессти инсанга карай индивидуалдуу багыттоону камсыз кылат. Ушунун өзү 100%тик сапатты камсыз кылат.

3 -тенденция

Жумуш ордун издөө убактысын көбөйтүү. Көптөгөн өнөктөштөрүнө карточка мазмунун өз сөздөрү менен түшүндүрүп жана айтып берүүгө туура келгендиктен, окуучулар жуптарда иштөөдө билимдерди курамдаштырууну үйрөнүшөт. Алар ошондой эле жаңы билимдерди жана иш көндүмдөрдү тез издөө көндүмүнө ээ болушат. Анын эсебинен алар окуу материалын орто эсеп менен топтук ишке караганда болжол менен 2 эсе тезирээк өздөштүрүшөт. Бул болсо азырынча текст, фильм же компьютер түрүндө катталбаган, тар адистер ээ болгон билимдерди жана көндүмдөрдү билим берүү процессине тартуу үчүн убакытты бошотот. Биз бул билимдерди четки билимдер деп атайбыз. Четки билимдерди тирүү адамдар менен болуучу диалогдордон гана алуу мүмкүн. Жупташып иштөө бардык окуучуларды диалогко ээ болуунун жогорку сапаты менен жабдыйт. Ошентип, жупташып окутуу адамга бош жумушчу орундарды сунуш кылган, билимий даярдык менен талаптар ортосундагы ажырымды практикалык жактан толук жоюшу мүмкүн. Кыскача айтканда, ар бир окуучу жеке касиеттерине баарынан көбүрөөк ылайык келген жумушчу ордуна өзүн көңүлдөнтүү үчүн зарыл болгондун баарына ээ. Улантып окуп кетүү жөндөмү – ар бир адамда өмүр боюу сакталат.

Кынтыксыз «+» тардын катарына жуптарда кыздар менен балдардын бетме-бет иштешкени, баарлашканы, ортолорундагы проблемалардын жоктуга да кирет. Жупташып окутуу колго алынган класстарда жүрүм-турумдун, кийимдин жана гигиенанын жеке маданияты кескин жогорулайт. Жупташып окутуу класстарындагы балдардын ата-энелери эки нерсеге таң калышат:

  • алардын балдары мектепте демейдегиден узагыраак кармалышат;

  • үйдө балдар менен конфликттер дээрлик токтойт.


Анын себеби да түшүнүктүү: жупташып окутуу билимге карата кызуу кызыгууну гана эмес, ошону менен катар, баланы бардык ададмар, анын ичинде ата-энелери менен жакшыраак баарлашууга жардам берчү сапаттуу коммуникация жөндөмү менен жабдыйт. Улуттар ортосундагы мамилелерге келсек, практика көрсөткөндөй, ар түрдүү эне тилдеги балдар окуган класстарда, эгерде окуу процессинде бул тилдерде баарлашууга дем берилсе, бардык балдар бардык тилдерде бирдей жакшы сүйлөшөт, жазышат жана окушат. Улуттар аралык мамилелер үчүн бул өтө чоң мааниге ээ: ар кандай улуттардын ортосундагы сапаттуу коммуникациянын бардыгы ар дайым алардын ортосундагы тынчтыкты камсыз кылат.

Ж уптарда окутуунун натыйжалары чынында билимдерди өздөштүрүүнүн чектеринен алыста жатат. Башка сөз менен айтканда, жупташып окутуу коомдогу дагы, билим берүүдөгү дагы маанилүү тенденциялардын кыйынчылыктарын автоматтуу түрдө чечкен, окуучулар менен мугалимдердин бирдиктүү өзүн-өзү уюштуруучу ишмердиги болуп эсептелет.

О йлон, шеригиң менен иште, пикир алыш


Бул эмне?

Ойлон, шеригиң менен иште, пикириң менен бөлүш – бул зор артыкчылыктарга ээ техника. Бул – окуучулардын активдүү катышуусу жана маалыматты мыкты эске тутуусу. Бул процедураны колдонуу менен окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана публикага алып чыгардан алдын өздөрүнүн идеяларын бейпил контексте апробациядан өткөрүшөт. Окуучулардын ишеними бекемдеп, баарына занятиелерге катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Тапшырмага убакыттын көбүрөөк берилиши жана окуучулардын окуу ишине кошкон сапаттык салымы – булар мугалимге берилүүчү артыкчылыктар болуп саналышат. Окуучулар дагы, мугалимдер дагы бирдей деңгээлде алардан эмнени күтүп жатышканын ачык билишет. Бул модель биринчи жолу Мэрилэнд университетинен Фрэнк Лиман (Frank Lyman) тарабынан сунушталган. Бул көнүгүүнү аткаруунун төрт этабы бар. Ар бир этап убакыттык рамка менен чектелет.


Кантип аткарса болот?

Биринчи кадам – Мугалим суроо берет

Бул мугалим жалпы класска берүүчү түз суроо же проблема болушу мүмкүн. Мисалы, «Белоснежка окуясында роза эмнени билдирет?». Бул моделде бир гана жоопту талап кылган төмөн деңгээлдеги суроолорду колдонбош керек. Суроолор проблемаларды же дилеммаларды жаратуулары зарыл, мындай суроолорду окуучулар жан дилдери менен кабыл алышат жана ойлонууга жөндөмдүү болушат.


Экинчи кадам – Окуучулар индивидуалдуу ойлонушат

Мугалимдин белгиси боюнча суроого жоопту ойлонуу үчүн окуучуларга чектелген убакыт берилет. Жоопко берилүүчү убакыт мугалим тарабынан окуучулардын билимдерине, суроонун мүнөзүнө жана программанын талабына жараша аныкталат. Эгерде окуучулар өздөрүнүн индивидуалдуу жоопторун жана чечимдерин жазып отурушса пайдалуу болот. Бирок, окуучулар берилген суроого бир гана туура жооптун болбошун, ошондуктан алардын ар бири өздөрүнүн кайсы бир туура жообун бере аларын түшүнүүлөрү зарыл.


Үчүнчү кадам – Шериктешип талкуулоо

Шериктешип алып окуучулар жалпы жоопту түзүшөт. Кээде окуучулардын төрттөн топтошуусун өтүнүп, бул процессти бир кадам алдыга жылдырууга болот. Бул болсо жалпы жоопту бардык топтун алдына коюудан мурда, аны «полировкалоо» үчүн жасалат. Шериктешип иштөөнүн бул этабы талкууланып жаткан суроодон келип чыккан окуучулар ортосундагы проблемалар жөнүндөгү диалогго да түрткү берет.

Төртүнчү кадам – Окуучулар өз жоопторун бүткүл класс менен бөлүшөт

Б ул этапта окуучулар өз чечимдерин индивидуалдуу да, коллективдүү да бүткүл класска алып чыгышат. Кайсы жерде өнөктөш окуучулар таблица же диаграмма түрүндө жооп боюнча көрсөтмө материал даярдашса, анда алардын ар бири өз акылынын жемиши менен мактана алышат. «Ойлон, шеригиң менен иште жана пикириң менен бөлүш» көнүгүүсүнүн соңку этабы бардык окуучуларга бир канча артыкчылыктарды берет. Ар башка адамдар чечимдин ар башка, уникалдуу жолдорун табышкандай эле, окуучулар да проблемаларды чечүүгө карата ар башка мамилелердин бардыгын түшүнүшөт. Андан да концепциялар китептин же мугалимдин тилинде түшүндүрүлбөстөн, окуучулардын өздөрүнүн жандуу тилинде жеткирилет. Буга кошумча окуучулар өз ойлорун кагазга чиймелеп же тартып берген жерлерде ар кандай үйрөтүүчү модалдуулуктар жана артык көрүүлөр болушу мүмкүн.


Биргелешип окутуунун структурасы жана техникасы


Тизмелерди түзүү

Тизмелерди түзүү кайсы бир концепциялар үчүн аныктамалардын же сүрөттөөлөрдүн варианттарын топтоо техникасы же акыл чабуулу техникасы катарында колдонулушу мүмкүн. Тизмени түзүүдө окуучулардан бир нерсеге аныктама же сүрөттөмө берүүчү сөздөрдү атап өтүү жагы талап кылынат. Бул жумушту окуучулар бүтүшөрү менен, сиз бул тизмени топтук же ачык талкууларды фасилитациялоо үчүн колдоносуз. Мисалы: Окуучулардан мотивдештирилген окуучу эмне кылып жатканын сүрөттөөчү же аныктоочу 5-7 сөздү же фразаны атоону өтүнүңүз. Ушул эле жерде Сиз окуучуларды тизмелерди кичи топтордо талкуулоого же баардыгы макул болгон жооптун бир вариантын тандоо үчүн чогулуусун өтүнө аласыз. Бул техниканы башка методдор менен айкалыштыруу аркылуу, Сиз биргелешип окутуунун эң күчтүү түзүмүн ээ болосуз.

Эки бөлүктүү күндөлүк

Эки бөлүктүү көндөлүк класстагы талкууга даярдык көрүү процессинде окуучулар тарабынан окулган макалаларды жана башка ресурстарды белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Окуучулар окуу үчүн берилген материалдарды окушат жана алар боюнча ой жүгүртүшөт. Окуучулар эки бөлүктүү күндөлүктү даярдашат. Ал кантип жасалат: дептер бети узатасынан так экиге бөлүнөт, сол жагына цитаталар, окулгандан маанилүү учурлар, кызыктуу фразалар ж.б. жазылат, оң жагына окуучу окулган материал боюнча жалпы жонунан же белгилүү бир тематика боюнча өзүнүн түшүндүрмөлөрүн жазат. Окуучулар өздөрүнүн жазып, толтурулган күндөлүктөрүн мектепке алып келишет. Класста окуучулар өз күндөлүктөрүн талкууну баштоо, өнөктөшкөн аннотацияны аткаруу үчүн колдоно алышат ж.б.

Жупташкан аннотациялар

Окуучулар экиден болуп алышып, кайсы бир макалага, китептин бөлүмүнө, мазмунуна сереп салышат же аларды окуп-үйрөнүшөт жана окуу же ой-жүгүртүү максатында эки бөлүктүү күндөлүктөр менен алмашышат. Окуучулар урунттуу учурларын талкуулашат, окшош жана окшош эмес ой-пикирлерди, идеяларды издешет. Окуучулар биргеликте макаланы, главаны же концепцияны коротундулоочу айкаштырылган аннотация даярдашат.



Ч ыгуу картасы

Ар бир окуучудан төмөнкү суроолорду комментарийлөөнү өтүнүңүз: Бүгүн үйрөнгөндөн кайсынысы Сизге эң маанилүү жана пайдалуу болуп көрүндү? Кайсы эки суроо Сиз үчүн дагы эле ачык эмес жана аларды сурагыңыз келет? Эмне туурасында көбүрөөк билгиңиз келет?

Окуучуларга бир минута берип, убакытты белгилеп алыңыз. Бул иш аларга көңүлдү мазмунга топтоштурууга, ал эми Сизге, мугалим катары кайтарым байланышын берет. Сиз бул бир минуталык иштерди келерки күндүн талкуусун баштоого, топтогу дискуссияны фасилитациялоого, же окуучулардын берилген материалды өздөштүрүүсүнө жана түшүнүүсүнө байланышкан кайтарым маалыматын алуу үчүн колдонсоңуз болот.


Проблеманы жөнөт

«Проблеманы жөнөт» техникасын топтордо материалды талкуулоодо жана сереп салууда же тематикалык маалыматка тиешеси бар проблеманын мүмкүн болгон чечилишинде колдонууга болот.

  1. Топтун ар бир мүчөсү проблеманы таап, аны карточкага жазат. Андан кийин топтун башка мүчөлөрүнө суроо коёт.

  2. Эгерде берилген суроонун жообу туурасында топтун бардык мүчөлөрү бир пикирде болушса, анда жооп карточканын арткы бетине жазылат. Эгерде жоопко бирдиктүү пикир жок болсо, анда жооп боюнча келишүү үчүн ал кайрадан каралат.

  3. Топтун мүчөлөрү карточканын суроо жазылган тарабын «С» тамгасы менен, ал эми жооп жазылган бөлүгүн «Ж» тамгасы менен белгилешет.

  4. Ар бир топ суроолор жазылган карточканы башка топко жөнөтөт.

  5. Топтун ар бир мүчөсү суроолор үймөкчөсүнөн бир суроону алат да аны топтун алдында окуп берет. Биринчи суроо окулган соң, топтогулар аны талкуулай башташат. Эгерде жооп даяр болсо, жоопторду салыштыруу максатында жана карточкадагы жооп менен макулдугун же макул эместигин билдирүү үчүн карточканы аңтарып коюшат. Эгер алар биринчи топтун жообу менен макул болушпаса, анда алар ошол эле жерге альтернатива катарында өздөрүнүн жообун жазышат.

  6. Жогоруда берилген процедураны кайталоо менен экинчи топ үймөкчөлөрдөгү карточкалардын ар бир суроосун карап чыгып, жооп берет.

  7. Суроолор жазылган карточкалар каалоолору боюнча үчүнчү, төртүнчү же бешинчи топко берилиши ыктымал.

  8. Карточкалар үймөгү андан соң кайрадан биринчи топко берилет. Жөнөтүп жаткан топ кайсы суроону болбосун талкуулап, тактап берет.

Вариациялар: Бул көнүгүүнүн варианты катары так ушундай процессти, топтор үчүн бирдиктүү жообу жок, кайсы-бир реалдуу проблеманы талкуулоодо колдонууга болот.

  1. Т оптор кароо үчүн кайсы проблеманы тандоону чечишет. Ар бир топ өз проблемасын чечкени туура.

  2. Б ул жерде топтор кайсы бир проблеманын бир чечилишин табууга акыл чабуулун колдоно алышат. Проблема жазылып, конверттин сыртына чапталат. Ал эми чечимдин тизмеси конвертке салынат.

  3. Андан соң конверт кийинки төпкө берилет. Ар бир топ мурунку топтун ишин окубай туруп, проблеманы акыл чабуулу методу аркылуу 3-5 минута талкуулайт, анан жооптор жазылган баракчасын конвертке салышат.

  4. Бул процесс бир же бир канча топтордо улантылышы мүмкүн. Акыркы топ мурунку топтор тарабынан сунуш кылынган бардык чечимдерди карап чыгат жана болжолдуу жоопторду камтыган жооптордун приоритеттүү тизмесин иштеп чыгат. Андан соң бул тизме топко тааныштырылат.


«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

  1. Мугалим кайсы бир суроо боюнча кыска (10-15 минуталык) лекция өткөрөт.

  2. Окуучулар индивидуалдуу түрдө иштешет, берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

  3. Окуучулар өздөрү тарабынан берилген суроолордун баарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Бул тапшырма окуучуларды талкууланып жаткан темага тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга милдеттендирүү үчүн түзүлгөн.

  4. Окуучулар колдон келишинче көбүрөөк суроолорду колдонуулары керек.

  5. Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир окуучу талкуу үчүн суроосун сунуштайт.


Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат...?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

Кантип … түшүндүрүңүз?

Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар?

… жөнүндө мен кандай тыянак чыгара алам?

… менен …. ортосунда кандай айырма бар?

… менен …. окшоштугу кайсы?

… кантип колдоно алам?

… күчтүү жана начар жактары кайсыар?

Кайсынысы эң жакшы … болуп саналат жана эмнеликтен?








А кыл чабуулу


Бул эмне?


Акыл чабуулу – бул идеяларды иштеп чыгуучу жана проблемаларды чечүүчү адамдар тобуна эсептелген, процедуралардын спецификалык жыйнамы. Класста акыл чабуулун жүргүзүү проблемаларды чечүүнүн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди түзүүнүн жана мүмкүн болгон суроо-жоопторду аныктоонун эң мыкты жол-жобосу болуп саналат. Кайсы гана предмет боюнча, кандай суроо болбосун акыл чабуулу методу аркылуу каралышы мүмкүн.


Кантип аткарса болот?


Акыл чабуулун жүргүзүүнүн кадамдары

Мугалим катары Сиз «фасилитатор» сыпатында аракеттенесиз.

  1. Даярдоо

Сабактын башталышына чейин кароого коюлуучу суроону же проблеманы талкуулаңыз. Окуучуларга бул жөнүндө ойлонууга жана бул суроого «тереңдөөгө» бир аз убакыт бериңиз.


  1. Фактыларды табуу

Чечүүнү талап кылган проблеманы, суроону же маселени так белгилеңиз. Суроо түшүнүктүү болушу керек. Талкууга коюлуучу суроону доскага жазыңыз. Окуучулардын кыялдануусун курчутуу максатында темага тиешелүү кандай суроолор болбосун талкуулаңыз.


  1. Машыгуу

Акыл чабуулун жүргүзүү техникасын машыктыруу үчүн жөнөкөй, мүмкүн күлкүлүү суроону алып чыгыңыз. Ал сунуш кылынган темага байланышпаган суроо болушу керек.



  1. Идеяларды иштеп чыгуу

Бул этап берилген суроо боюнча акыл чабуулунан башталат. Окуучуларды идея сунуштоого шыктандырыңыз. Кимиси болбосун ар кайсы убакта сүйлөй алат. Доскага мына ушул этаптын төмөнкү эрежелерин жазып коюңуз.

Сындабагыла жана баалабагыла (башка бирөө тарабынан айтылгандарды кылбашы, баа бербеши же сындабашы керек).

Туура эмес жооптор болбойт (оюңузга эмне келсе, баарын айтыңыз. Башыңызда сактабаңыз. Баары өтөт. «Акылсыз» жана колдонуудан алыс идеялар кээде өзүнүн артынан пайдалуу идеяларды алып келет).

И деялар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы (кыска тизмени узарткандан көрө, узунун кыскарткан жеңил).

К омбинацияны өзгөртүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз (башка адамдардын идеяларын көбөйтүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз)

Өзүңүздү бош коюңуз, ойноңуз жана ырахаттаныңыз (акыл чабуулунун сессиясы оюнкараактык жана релаксация маанайында болууга тийиш). Ал жакшы жүргүзүлө, сөзсүз оюн-зооктой жеңил өтөт. Мында достук жарыш менен өз ара жардам чырмалышкан атмосфера түзүлөт.

Унчукпай коюу туура (адамдар унчукпай турганда, мүмкүн алар ойлонушат. Адатта, унчукпай коюудан кийин жакшы идеялар пайда болот).

Фасилитатор катары окуучуларга ушул эрежелерди эскертип коюңуз.


5. Чечимдерди табуу

Сиз зарыл учурду сезсеңиз (же Сизде аз убакыт калса), идеяларды иштеп чыгуу боюнча ишти токтото туруп, акыркы фазага өтүп жатканыңызды жарыя кылыңыз. Бул учурга доскада жазылган ойлор каралып, алар сынчыл бааланган болот. Кандай чечимдин же идеянын мааниси бар? Кайсыныкы жок? Алардын кээ бирлери өтө эле жөнөкөй, башкалары өтө эле татаал көрүнбөйбү? Алардын кайсынысын турмушта колдонсо болот, кайсынысын колдоно албайбыз? Ар бир чечимдин же идеянын жыйынтыгы же натыйжасы кандай болмокчу? Тизмени керек эмес идеяларды сызуу же өчүрүү менен акырындап азайтыңыз. Бир канча эң мыкты чечимдерди/идеяларды тандоого аракеттениңиз.


6.Ишке киргизүү

Эгерде акыл чабуулунун сессиясы ишке киргизүүгө зарыл болгон (мисалы, экзамен көрсөткүчтөрүн жакшыртуунун жолдору) идеяларды иштеп чыгууга багытталса, анда аны сынап көрүңүз жана иштиктүү экендигине өзүңүз ишенгендей болуңуз. Бир аз убакытты жыйынтыктарды талкуулоого жумшаңыз.



















К онцепциялык карта


Бул эмне?

Концепциялыкк карта – ойлорду тааныштыруу жана байланыштыруу жолу. СМдин негизги эрежелерин 60- жылдары Карнелл университетинен профессор Джозеф Новак (Joseph D. Novak) иштеп чыккан, ал өз кезегинде жаңы концепцияларды түзүү үчүн мындан мурунку тажрыйбанын маанилүүлүгүн көрсөткөн Дэвид Озубэлдин (David Ausubel) теориясына таянган.

Сунуш кылынган метод жаңы билимдерди жана маалыматтарды конспектилөөнүн стандарттуу схемасына альтернатива катарында колдонгонго кызмат кылат. Карталарды түзүү Сизге мүмкүндүк берет:

- башкы, экинчи, үчүнчү (ж.б.у.с.) бутактарды колдонуу эсебинен иерархиялык катарда идеялардарды курамдаштырууга;

- ачык жана түстүү образдардын жардамы менен идеяларды күчөтүүгө;

- алардын ортосундагы байланышты көрсөтүүгө,

- концепцияларды түс, шрифттин өлчөмү, өзгөчө белгилөөлөр менен бөлүп көрсөтүүгө,

- атайын символдордун жардамы менен идеяларды баалоого жана комментариялоого.

Кантип аткарса болот?

Картография концепциясы өз ичине негизги идеяны жазууну жана негизги ой менен байланышкан жаңы, ассоциацияланган идеяларды ойлонуштурууну камтыйт. Жазып алган урунттуу идеяларга көңүлдү топтоштуруу аркылуу Сиз жаңы маалыматты түшүнүүгө жана эстеп калууга жардам берген ыңгайда билимди баяндайсыз.

1-кадам. Башкы идеяны так ортосуна жайгаштырыңыз

Көпчүлүк окуучуларга аң-сезим картасын ландшафттык стилде чийүү үчүн дептер менен иштөө ыңгайлуураактай сезилет. Бул учурда башкы ой же тема кагаздын так ортосунда жайгашат, бул болсо башкы идеянын тегерегине башка ойлорду жазуу үчүн максимум орунду камсыз кылат.

2-кадам. Актай казазга, паузасыз, ой жүгүртүүсүз же редакциялоосуз тез тартыңыз

Маалыматты кийинчерээк редакциялоо үчүн Сизде жетишээрлик убакыт болот, ошондуктан бул этапта ар бир мүмкүнчүлүктү аң-сезим картасына киргизүү маанилүү. Кээде ал сиздин теманы билүүңүздүн ачкычы боло алган мүмкүнчүлүктөрдүн бириболуп калат.

3-кадам. Байланыштарды издеңиз

С издин аң-сезим картаңызда пайда болгон ойлордун байламын көрсөтүү үчүн сызыкчыларды, түстөрдү, жебелерди, бутакчаларды же каалаган башка белгилерди колдонуңуз. Бул байланыштар Сиздин жаңы маалыматты же дил-баяндын курамдаштырылган планын түзүүңүзгө маанилүү болушу мүмкүн. Картаны өздүк символдордун жана сүрөттөрдүн жардамы менен жасалгалап жатып, Сиз, эске түшүрүүгө жана түшүнүүгө жардам берген ойлордун ортосунда визуалдык жана ойлонуштурулган байланыштарды курасыз.

4 -кадам. Баш тамгаларды колдонуңуз

Баш тамгаларды колдонуу идеясы Сиздин жалаң гана урунттуу учурларды жазууңузга дем берүүдө турат. Баш тамгалар менен жазылган сөздөрдү диаграммаларда да кыйналбай окууга болот. Ошого карабастан сиздин өзүңүздүн түшүндүрмөлөрүңүздү кичинекей тамгалар менен бергиңиз келиши мүмкүн. Кээ бир окуучулар буга келерки этаптарда аң-сезим картасын түзүүдө кайрылышат, башкалары болсо ушинтип, мисалы, баалоонун критерийлерин жазышат.

5-кадам. Көбүрөөк орун калтырыңыз

Эң пайдалуу аң-сезим карталары – булар убакытка удаа маалымат менен толукталып тургандар. Аң-сезим картасын алгач кагаз бетине түшүргөндөн кийин теманы окуп-үйрөнүүнүн бүткүл баскычтарында, экзамендерди тапшыруу мөөнөтү башталганга чейин, Сиз кээ бир нерселерди белгилеп, маалыматты же суроолорду кошумчалай аласыз. Ошондуктан көбүрөөк орун калтыруу сунушталат.



Үлгү:


Сүрөттө көрүнүп тургандай тааныштыруулар картасы түшүнүктү, пунктту же суроону камтыган ячейкалардан турат. Ячейкалардын ар бир башкасы менен жебелер аркылуу байланышкан. Жебе мамилелер багытын сүрөттөйт жана сүйлөм катары окулат.

Башка варианты: Сиз негизги темадан баштайсыз, өтө маанилүү жалпы идеяларды сунуштайсыз жана аларды бутактар сыяктуу анын тегерегине жайгаштырасыз, андан кийин бул бутактардан өз идеяларыңыз же түйүндүү сөздөр жайгаштырылган бутакчаларды (2,3-бутактар, ушул тартипте) чыгарасыз.

И нтеллект – карталарды түзүүнүн негизин көрүү каражаттарын колдонуу болуп саналат. Биринчиден, Сиз узатасынан жазылган бутактарды тартасыз. Бул бутактар идеялардын тартиби, маанилүүлүгү боюнча жайгаштырууга, бирине-бирин байланыштырууга жардам берет.

Э кинчиден, Сиз сүрөттөрдү сөз жүзүндө айтылган идеялардын түшүндүрүүлөрү катары колдоносуз, ошондой эле идеяларды чечмелөө, көңүлдү топтоо үчүн атайын символдорду пайдаланыңыз. Бул болсо картаны көзгө толумдуу, эсте каларлык жана түшүнүктүүрөөк кылып көрсөтөт. Бул жерде картаны түзүү боюнча дагы бир эстеткич берилген:



Түзүлүшү


Артыкчылыктарыары

Варианттары

Мыйзамдары

Эс-тутум карталары











К атегориялык образ

Бул эмне?

Бул стратегия окуучуларга акыл чабуулу учурунда пайда болгон идеяларды уюштурууга мүмкүндүк берет жана аларды терең түшүнүүгө негиз жаратат.

Категория – кайсы бир белгилеринин жалпылыгы боюнча бириккен предметтер, кубулуштар, фактылар тобу.

Эмнени өнүктүрөт?

Инсандык түзүмгө максаттуу багыт алуулардын спектри:

  • Маалыматтык – билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр;

  • Операциялык – акыл аракеттеринин жол-жоболору;

Кантип аткарса болот?

1-кадам. Топто «акыл чабуулун» жүргүзүү жана берилген тема боюнча бардык идеяларды жазып чыгуу.

2-кадам. Алынган маалыматты кайсы бир белгилердин негизинде бириктире алган жалпы идеялардын категорияларын табуу.

3-кадам. Актай кагазга же доскага категорияларды жазып чыгыңыз. Акыл чабуулунун натыйжасында алынган идеяларды, маалыматтарды ылайыктуу категорияларга бөлүштүрүңүз.

4-кадам. Бөлүштүрүү учурунда окуучулар кайсы бир категориянын аталышын өзгөртө алышат. Жаңы категориялардын пайда болуусу мүмкүн.

5-кадам. Топтор башка иштер менен алмаша же тааныша алгыдай жол-жобону ойлонуштуруңуз.



Мугалимге/окутуучуга сунуштар

  1. Маалыматты категорияларга бөлүштүрүүнүн бирдиктүү, туура жол-жобосу жок.

  2. Бир топтогу категорияларды бөлүштүрүү экинчисиндеги бөлүштүрүүдөн айырмаланат.

  3. Кандай жумуш болбосун, салыштырбаңыз, өзгөчөлөнтүп көрсөтпөңүз. Биринчиден, бул топтук эгоизмди жаратат. Экинчиден, Сиздин окуучуларыңыз акылсыз эмес, алар өздөрү баа бере алышат.

  4. Алдын-ала даярдалган категорияларыңызды бербеңиз. Эгерде Сиз өз окуучуларыңыздын ой жүгүртүүсүн бааласаңыз, анда аларга эркиндик бериңиз.

  5. Категориялык серептерди түзүү акыркы жыйынтык катары эмес, процесс катары маанилүү.

  6. Мына ушул методду сабактын башталышында да, аяк ченинде да колдонууга болот.






Э двард де Бононун алты шляпа методу


(же Алты Түс, Алты Шляпа)


Эмне себептен шляпалар?


Ой жүгүртүү менен шляпалар ортосунда салтка айланган байланыш бар.

  • Шляпа оңой кийилет жана алынат.

  • Мындан тышкары, шляпалар белгилүү бир ролду көрсөтүшөт. Англис тилинде шляпа ар качан ишмердиктин түрү менен ассоциацияланат – кондуктордун шляпасы, полисмендин шляпасы ж.б.у.с. «Кимдир-бирөөнүн шляпасын кийүү» деген сөз айкашы конкреттүү ишмердик менен алек болуу дегенди билдирет. Адам, өз оюнда белгилүү түстөгү шляпаны кийип жатып, аны менен ассоциацияланган ой жүгүртүү тибин тандайт.

Ар бир ойчулдун роль алмаштырууну: шляпаларды кийүүнү жана аларды чечүүнү билгени абдан маанилүү.

Алты шляпа – ой жүгүртүүнүн ар башка алты жолу. Мында ушул ар биринин кыскача сүрөттөлүшү берилген:



Ак шляпа. Цифралар жана фактылар. Маалыматтар. Суроолор. Толук бейтараптык жана объективдүүлүк. Биз кандай маалыматка ээбиз? Бизге Дагы кандай маалымат зарыл?



Кызыл шляпа. Эмоциялар бийлиги. Интуиция, сезимдер жана алдын ала сезүүлөр. Сезимдерди негиздөө талап кылынбайт. Бул тууралуу менде кандай сезимдер пайда болот?




Кара шляпа. ”Этияттык». Ойлоо. Баалоо. Чынбы? Иштеше алабы? Кемчиликтери эмнеде? Бул жерде эмнеси туура эмес?



Сары шляпа. Артыкчылыктары. Позитивдүү ой корутундуларын куруу. Негиздөө. Эмне себептен муну жасаш керек? Артыкчылыктары кайсылар? Эмне үчүн муну жасоого мүмкүн? Эмне үчүн бул иштеп кетет?


Жашыл шляпа. Чыгармачылык. Ар түрдүү идеялар. Жаңы идеялар. Сунуштар. Болушу мүмкүн болгон чечимдер менен аракеттердин кээ бирлери кайсылар? Альтернативалары кайсылар?


К өк шляпа. Ой жүгүртүүнү уюштуруу. Ой жүгүртүү жөнүндө ой жүгүртүү. Биз эмнеге жетиштик? Мындан ары эмне кылуу керек?

Ш ляпаларды колдонуунун төрт тибин карап көрөлү


  1. Шляпаны кийүү. Талкуунун жүрүшүндө биз окуучудан ачык түстөгү шляпаны кийүүнү өтүнсөк болот. Же биз бүтүндөй топтон конкреттүү түстөгү шляпаны бир канча минуталар ичинде колдонууну сурана алабыз. «Кара шляпада катылган идея боюнча силердин оюңар кандай? Ал идеяны ишке ашырууга аракет кылсак, эмнеси калып калышы мүмкүн?» «Биз бир орунда туруп калдык. Эмне үчүн бизге жашыл шляпаны кийип, бул проблеманы чечүүнүн жаңы жолдорун издөөгө болбосун?»

  2. Шляпаны чечүү. Биз адамдан белгилүү түстөгү шляпаны чечүүнү өтүнсөк болот. Бул жерде биз азыркы учурда ой жүгүртүү кайсы бир типке таандык деп ойлойбуз. Биз адамды ой жүгүртүүнүн бул тибинен кайтууну суранабыз. Адам, балким, шляпаны билип туруп кийген эместир, бирок биздин баамыбызда аны колдонот. «Биз кызыл шляпадагы ой жүгүртүүгө көбүрөөк көңүл топтоштуруп жатат окшойбуз. Келгиле, аны бир азга чече туралы».

«Макул, кара шляпадагы бул ойлор жаман эмес. Келгиле, кара шляпаны азырынча коё туралы»

«Сиз көптөгөн жаңы идеяларды жана мүмкүнчүлүктөрдү таптыңыз – азыр бизде алар жетишерлик. Келгиле, эми жашыл шляпабызды чечели».


3. Шляпаны алмаштыруу. Эрежелер киргизилери менен, биз ой жүгүртүүнү заматта башка нукка салууну сурана алабыз. Биз буга окуучуга бир шляпаны чечип, экинчисин кийүүнү сунуштоо менен жетишебиз. Мындай метод адамды таарынтып албастан, андан ойлорунун жүрүшүн башка жолго салууну талап кылууга мүмкүндүк берет. Биз айтылган ойлорду ыксыз айыптабайбыз, жөн гана аларды өзгөртүүнү өтүнөбүз. «Биз оң жактарын угуп көрдүк. Эми келгиле сары шляпадан кара шляпага өтөлү. Эгерде мындай кылсак, кандай жамандыктар болушу мүмкүн?».

«Кара шляпада туруп Сиз идея эмнеликтен иштебеши мүмкүн экинин түшүндүрүңүз. Эми келиңиз, жашыл шляпага өтөлү жана проблеманы чечүүгө болобу, ошону карап көрөлү».

«Бул кызыктуу идея. Азыр келгиле, жашыл шляпаны чечип, агын киели. Бизге фактыларды баяндоо зарыл».


4. Өз ой жүгүртүүсүн белгилөө.

Б из ой жүгүртүүнүн кайсы тибин пайдаланганы жатканыбызды көрсөтүү үчүн шляпаны көрсөтө алабыз. Мисалы, кээде бир нерсени айтууга туура келет, бирок аны бирөөнү таарынтып койбостон аткаруу кыйынга турат. Ал эми жөн гана кара шляпаны кийип жатам деп айтуу менен, Сиз идеяны сунуштаган кишиге асылбастан, идеяны талкуулоо мүмкүнчүлүгүн аласыз. Шляпаларды өзүңүз колдонуңуз жана башкаларды шляпаларга үйрөтүп жатып, аларды пайдаланып жатканыңызды түшүндүрүңүз. «Кара шляпаны кийип жатып, мен, расписаниени өзгөртүүгө мүмкүн эмес, себеби биз аны качан эле таратып салдык деп эсептейм».

« Кызыл шляпаны бир секундага кийип жатып, мен математика боюнча мобул жаңы китептер эскилерине караганда анчейин жакпасын айта алам».

«Жашыл шляпаны кийгенимде, менин башыма грантка сурам берүү керек деген ой келди. Айтыңызчы, Сиз бул сунуш жөнүндө кандай ойдосуз?»

Айтылгандарды жыйынтыктайлы: биз башкалардан шляпаларды кийүүнү, алмаштырууну же белгилөөнү өтүнө алабыз. Биз дагы шляпаны кийип же чечип көрсөк болот. Методдун формалдуулугу жана «оюндук» аспектиси – анын эң бир жакшы жактарынан. Адамдар эрежелер боюнча ойноого үйрөнүшөт.

«Алты шляпа» методикасы универсалдуу – мисалы, аны топтук ишти кураштыруу жана убакытты үнөмдөө үчүн кеңешмелерде колдонушат. Ал ошондой эле индивидуалдуу пайдаланылат, анткени кызуу талаш-тартыштар ар бир адамдын башында да жүрөт. Факты жүзүндө аны каалаган креативдүү процессти кураштыруу үчүн, логиканы эмоциядан ажыратуу жана жаңы оригиналдуу идеяларды ойлоп табуу маанилүү болгон жерде колдонуу мүмкүн.


Ошентип, Эдвард де Бононун алты шляпа методу боюнча натыйжалуу ой жүгүртүү Сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • альтернативаларды көрүү, идеяларды жаратуу;

  • шаблондуу чечимдердин чегинен чыгуу;

  • окуучулардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;

  • адамдар ортосундагы коммуникацияны оптимизациялоо;

  • натыйжалуу жумушчу тобун түзүү;

  • зарыл учурда чыгармачыл болуу.



№5- гимназия мектеби Шооруков Бакытбек


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!