СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интернет даректери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интернет даректери»

Муса Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектеби



Ачык сабак


Тема: Интернет даректери


8-А класс

Мугалим: Залымова Айжамал Кабылжановна



Сокулук 2019-жыл

19-апрель 2019-жыл

М.Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектеби

Так илимдер” усулдук бирикмеси

Предмети:

Информатика

8 -класс

4-чейрек

Сабактын темасы:

Интернет даректери

Сабактын тиби:

жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар:

Интерактивдүү усулдар (долбоор усулу), топ менен иштөө, жуп менен иштөө

Баалоо усулдары:

Формативдик балоо.

Көрсөтмөлүүлүк каражаттар:

Мультимедиялык телевизор, видио сүрөттөр, таблица таркатмалар, флипчарт доска ж.б


Негизги копетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк:

  • Маалыматтык

  • Социалдык-коммуникациялык

  • Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

  • Предметтик – Окуучулар жаны билимди өздөрү изденишет.

  • МетапредметтикОкуучулар берилген жаңы тема боюнча долбоор түзө алышат



Мазмундук тилке:

  • Протокол түшүнүгү

  • Домендик ат

  • Георафиялык домен

  • Домендин деңгээлдери ж.б.

Провайдерлерди кантип тандоо керек:

  • Провайдер деген эмне?

  • Кыргызстандагы провайдерлер







  • Жеке инсандык

Окуучулар өз алдынча ой жүгүртүүгө, маалымат издөөгө, чечим кабыл алууга калыптанышат.



Чечилүүчү окуу маселелери:

  • Интернет даректери жана провайдерлер боюнча жалпы түшүнүү;

  • Интернетке кошулган ар бир комьютердин интернеттик даректерин аныктай билүүнү

калыптандыруу/системалаштыруу;

  • Интернет даректерин практика жүзүндө калыптандыруу/актуалдаштыруу;

Негизги түшүнүктөр:

  • Домендик ат

  • Почталык дарек

  • IP дарек

  • Протокол

  • Сервер

  • Провайдерлер

  • Роуминг



Негизги компетенттүүлүктөр: Предметтик компетенттүүлүктөр:

1.Маалыматтык компетенттүүлүк (НК 1) 1.Маалымат жана маалыматтык процесстер(ПК 1)

2.Социалдык коммуникативдик комп (НК 2) 2. Компьютер(ПК 2)

3. “Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” (НК 3) 3.Алгоритмдер жана программалоо (ПК3)

4. Маалымат жана байланыш технологияларык (ПК 4)

Сабактын жүрушү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Компенентүүлүк

Баалоо

НК

ПК

I. Мотивация Уюштуруу

Шыктандыруу

1.Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо

2.Шыктандыруу

  • Саламдашуу.

  • Класста жагымдуу жагдай түзүү, мотивация түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

Алтын эрежени сактоо

1.Мугалим менен бирдикте жагымдуу маанай түзүүгө катышат

  • Физикалык чөйрө түзүлөт.

Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

НК(3)


Азаматсыңар” дайыма бири бирибизге жардам берип, ачык маанайда жүрөлү

2. Мээге чабуул ыкмасы:

Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо

1.Тема жана максат менен таанышышат

  • Суроттор, суроолор менен ачуу

  • Теманын максатын коюу

  • Сабактын тиби

  • Техникалык коопсуздук эрежесин сактоо

  • Баалоо баракчасын түшүндүрүү


2. Слайд. Суроолор, сүрөттор.

Бүткүл дүйнөнү бириктирип турган желе? Информацияны тез, ыкчам издөө үчүн бизге эмне керек? Досторубуз менен электрондук кат жазуу үчүн биз эмнесин билишибиз керек? Интернетке кошулган ар бир абонентин эмнеси болот?

Техникалык коопсуздукту сакташат.

Баалоо баракчасын түшүндүрүү



1.Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат.


2. Мугалим менен бирдикте теманы коюшат

Сабактын максаты менен таанышышат

1.Интернеттеги колдонуучунун дареги жана анын түрлөрү менен таанышат

2.Даректин жазылышындагы өзгөчөлүктөрдү аныктайт

3.Өзүдүк компьютеринин дарегин аныктайт жана провайдерлерди туура тандоону үйрөнүшөт.

Техникалык коопсуздукту сакташат.

НК3




ПК1


Азаматсыңар!











Эң жакшы олтургула!

3. Жаңы тема боюнча түшүндүрмө берүү

Интернет даректери . Интернеттен баардыгы пайдаланууну каалайт. Интернет-дүйнөнү бойлой жайгашкан жана жалгыз тармакка бириктирилген миңдеген компьютер тармактарынын комплекси. Интернетте маалымат алмашуу стандарттык эрежелер негизинде ишке ашырылат.

Интернеттеги маалыматтарды узатуу эрежелери протоколдор . Мисалы: Эң биринчи протокол - Network Control Protocol (NCP – тармакты контролдоо протоколу. Ал эми 1983-жылы ARPANET Transmission Control Protocol и Internet Protocol (TCP/IP ) иштелип чыккан.

TCP/IP протоколу –бул тармак ичиндеги компьютерлердин ортосундагы информацияларды алмаштыруучу каражат.

TCP/IP протоколунун маалыматты узатуу усулу төмөндөгүчө: (1.1. сүрөт )


Интернет даректери:

Почталык дарек;

IP дарек;

Домендик ат;

Провайдерлер деген эмне?

Кыргызстандагы провайдерлер


Жаңы маалыматты окуучулар кабыл алышат.

НК3



ПК1



Окуучулар тарабынан даярдалган долбоор

1-топ



















Почталык дарек: Интернет тармагындагы колдонуучулардын почталык дареги – бул кандайдыр бир серверде жайгашкан почталык ящиктин дареги болуп эсептелет. Мисалы:

[email protected]

  1. Almaz-колдонуучунун аты

  2. @- “эт”

  3. mail.ru- сервердин домендик аты


Россияда -“ит”

Германияда- “маймыл” ”Кыргызстанда – “маймылча”

Ал эми бизде Сервер – бул Интернеттеги эң негизги түшүнүктөрдүн бири

Се́рвер (англ. Server - кызматчы)

Сервер — белгилүү бир кызмат функцияларын аткаруучу атайын компьютер

Доме́н (фр. domaine) — область; структуранын бирдиги

Домендик ат — интернет-сервердин дарегин табууга жардам берүүчү символдук аталыш


Биринчи топтогу балдар даярдап келген долбоордук иштерин презентациялашат.


















НК2


НК3

ПК4









Окуучулар кол чабуу менен ыраазычылык билдиришет



Азаматсыңар олтургула! Рахмат!


Баалоо

(топтун ишин)

Берилген долбоорлор менен иштөө

2-топ






















IP дарек

Жер шарындагы ар бир үйдүн дареги бар болгон сыяктуу, тармактагы б.а. виртуалдуу мейкиндиктеги ар бир компьютердин дагы дареги болот.

Ал дарек IP дарек деп аталат. Ар бир компьютерге интернет тармагында 32-разряыддуу IP дарек ыйгарылат. N = 232 =4 294 967 IP-дарек тармактын дарегин жана ал тармактагы компьютердин дарегин камтыйт.

IP-дарек төмөндөгүдөй класстарга бөлүнөт.



А классы

0-127

Дүйнөлүк масштабдагы Интернет кызматын көрсөтүүчүлөрдүн деңгээли

В классы

128-191

Интернет кызматын көрсөтүүчүлөрдүн орточо деңгээли

С классы

192-223

Интернет кызматын көрсөтүүчүлөрдүн төмөнкү деңгээли



IP–дарек (IP-adress) – 4 бөлүктөн турган номур, мисалы - 192.168.1.32 Ар бир Интернетке кошулган компьютер, уникалдуу номурга ээ  

192.168.1.32- биринчи эки бөлүк (192.168.)- Географиялык орундар. Экинчи эки бөлүк (1.32) – олтурган жумушчу ордун.

Экинчи топтогу балдар даярдап келген долбоордук иштерин презентациялашат.















НК2


НК3

ПК4















Окуучулар кол чабуу менен ыраазычылык билдиришет



Азаматсыңар олтургула! Рахмат!


Баалоо

(топтун ишин)




Берилген долбоорлор менен иштөө

3-топ









































Домендик ат

Домендик ат - адам тарабынан жеңил кабыл алынуучу компьютердин адреси болуп эсептелет. Домендик ат латын алфавитинен,

цифралардан жана дефис белгисинен турат. М:

Mail.rcom.kg мында:

kg- эң жогорку деңгээлдеги домен

rcom.- экинчи деңгээлдеги домен

Mail.- почталык сервердин же компьютердин аты.

Домендик атты ыйгаруу белгилүү бир системага ээ.

Биринчи деңгээлдеги домендер эки топко бөлүнөт:

  • аймактык (ru, ua,uk, us);

  • аймактык эмес (com, org, net).

1) Аймактык:

  • ru –Россия

  • ca – Канада

  • uk – Великобритания

  • au – Австралия

  • kg Кыргызстан

  • uz – Өзбекстан

  • by – Беларусь;

  • kz – Казахстан;

  • ua – Украина

  • de Германия

  • us – АКШ ж.б.

2) Аймактык эмес (мекемелер үчүн):

  • com – коммерциялык уюмдар

  • edu – билим берүүчү жана илимий

  • уюмдар

  • net – тармактык администрация

  • org – коммерциялык эмес уюмдар

  • gov – мамлекеттик

  • milаскердик тармагындагы мекемелер үчүн ж.б.


Бардык колдонуучулар үчүн:

  • biz – коммерциялык уюмдар

  • info – массалык маалымат каражаттары

  • name - тармактык администрация

  • pro – врачтар, юристтер, бухгалтерлер ж.б. профессия ээлери үчүн

Айрым кесип ээлери үчүн:

  • museum – музей жана ага тиешелүү уюмдар үчүн

  • aero – авиакомпания үчүн ж.б.


Азыркы учурдагы Интернеттин домендик системасын башкарган корпорация ICANN


Үчүнчү топтогу балдар даярдап келген долбоордук иштерин презентациялашат.






































НК2


НК3

ПК4








































Окуучулар кол чабуу менен ыраазычылык билдиришет



Азаматсыңар олтургула! Рахмат!


Баалоо

(топтун ишин)

Берилген долбоорлор менен иштөө

Провайдерлер

4-топ













































ПРОВАЙДЕР (англ. тилинен которгондо –тапшыруучу, өткөрүүчү, камсыздоо,) - Интернет чөйрөсүндө тармакка кошуу кызматын аткарат, б.а. интернетте on-line режиминде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Интернетин кээ бир бөлүктөтүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү жана пайдалануучуларга түрдүү кызмат көрсөтүүчү фирмалар. Провайдерлер бир нече жүз миңдеген клиентке кызмат көрсөтүү жана маалыматтарды жиберүү үчүн жогору ылдамдыктагы байланыш каналдарын пайдаланышат.

Туташтыруу жолу боюнча:

  • Коммутатордук телефондук линиялар үчүн модем

  • ISDN — бөлүнгөн телефондук линиялар үчүн модем

  • АDSL — кадимки телефондук тармак аркылуу

  • Кабелдик телеберүү каналы

  • Радиоканал

  • Уюлдук — GPRS, EDGE, ж.б. уюлдук байланыштын протоколдору

  • Спутниктик байланыш

  • PLC — электр тармагы аркылуу

РОУМИНГ – бул өзүңдүн шаарыңда провайдер менен келишим түзүп, ал интернет кызматты башка шаарлардан пайдалана алгандыгы

Мисалы: Мегаком-роуминг

Кызмат

Үй түйүнүндө болгон учурда

Роумингде болгон учурда

«Мобилдик Интернет» 

 internet

 internet.kg


СУНУШТАР:

  • Провайдердин кеңсесинин үйгө жакын

болушу;

  • Экиден кем эмес телефон номерлер

болуусу (ADSL);

  • ММКда өзүн өтө ашыкча реклама кылган

провайдерди тандабоо;

  • Прайс-баракчаны көңүл коюп окуу;

  • Провайдердин бир нече байланыш

каналдарына ээ болушу;

  • Тааныштарыңар, досторуңардын

тажрыйбасы

Төртүнчү топтогу балдар даярдап келген долбоордук иштерин презентациялашат.



НК2

НК3

ПК4
































Окуучулар кол чабуу менен ыраазычылык билдиришет



Азаматсыңар олтургула! Рахмат!


Баалоо

(топтун ишин)

Практикалык иш.


  1. Почта дарек аркылуу кат алмашуу

  2. Өзүбүздүн компьютердеги IP даректерди аныктап көргүлө

  3. Аймактык домендер берилет кайсы мамлекетке тиешелуу экендигин белгилөө

  4. Биринчи деңгээлдеги домендер берилет. Берилген домендерди эки токо (аймактык, аймактык эмес) бөлушөт.


1. Топтогу балдар бири-бири менен кат электрондук кат жазышат

2. Интернетке туташкан компьютердин IP даректерин аныкташат

3. Аймактык домендерди кайсы мамлекетке тиешелүү экендигин атыкташат.

4. Берилген домендерди эки топко бөлүшөт.

НК1


НК2



НК3

ПК3










Азаматсыңыр! Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар?



Баалоо

(топтун ишин)

Бышыктоо:

Бүгүнкү тема боюнча кыска тест


Тест:

  1. Балыкчы шаарында интернетке кошулуу үчүн төмөндөгү провайдерлердин кайсынысын тандайсың?

Jet (Регион: Бишкек)

Saimanet (Регион: Бишкек)

AsiaInfo (Регион: Кыргызстан)

1. Jet 2. AsiaInfo 3. Saimanet 4. Айырмасы жок

2. Almaz_Jumanaliev@mail.ru – бул даректе адамдын аты менен фамилиясы _ (төмөнкү сызык) менен ажыратылган. Эмне үчүн бош орун (пробел) эле кылып койсо болбойт?

1. Тыюу салынган белги 2. Сызык аз орунду ээлейт

3. Символ болбой калат 4. Үтүр болуп окулат

3. Туура жазылган домендик атты аныктагыла?

  1. www.do-main.com

  2. www.-domain-.com

1. Экөө тең туура 2. Экөө тең туура эмес

3. а 4. b

4. [email protected] жана Z[email protected] деп

жазылган эки даректин

айырмасы барбы?

1. Жок 2. Ооба

5. Интернеттин туулган күнү качан?

1. 30-январь 1971-жыл

2. 20-октябрь 1969-жыл

3. 1-январь 1985-жыл

4. 17-май 1991-жыл




Окуучулар тестке жооб беришет

  • Аң сезимин ойготот

  • Ойлонот;

  • Изденет

  • Табат


Окуучулар жупта иштешет

НК2



НК3

ПК1

Мугалимдин алкыш сөзү Азамат,бали, рахмат






Окуучулар бири-бирин баалашат.

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу; Жыйынтыктарын балоо

Бааларды журналга кою

Үйгө тапшырма берүү

  • Жалпы Кыргызстан үчүн иштеген

провайдерлердин тизмесин аныктагыла;

  • Өзүңөрдүн талабыңарды

канааттандырган провайдерди тапкыла





Мугалимдин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. Ар бир окуучуга баа коюлат.

Рефлексия













Сабактагы жетишкендиктерим:_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________