| 1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт) Ата-энелер чогулушунун токтомун жазышат. ТОКТОМ Курманжан Датка атындагы Ош лицейинин 9-классынын жалпы чогулушунун токтому Ош шаары 4.11.2019 Чогулушка 30 окуучу, класс жетекечиси Тайыр кызы Нургүл жана директордун тарбия иштер боюнча жардамчысы Росита Ормотоева катышты. Күн тартибинде: Экинчи чейрек жана аны ийгиликтүү аяктоо тууралуу. Жаңы жылга даярдык Угулду: Биринчи маселе боюнча билим министи Абдуллаева Айназик баяндама жасады. Ал чейректин аягына аз калганын, айрым окуучулар кээ бир сабактардан жакшы баалары аз экенин айтты. Классташтарын: кыздарды чейректи ийгиликтүү аяктоого чакырды. Тайыр кызы Нургүл, Росита Ормотаевалар сөзгө чыгып сүйлөшүп бардык окуучуларды чымырканып окууга чакырды. 1-чейрек менен 2-черектин баалары биригип чыгаарын аытып өттү. Чечим: 1.Чейректи жалаң «4», «5» менен аяктоо үчун бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалсын, мугалимдер тарабынан кошумча тапшырмалар берилсин! Экинчи маселе боюнча маданият сектору Эркулова арууке соз сүйлөп, Жаңы жылды бал-маскарад менен тосуп алуу керектигин айтты. Бал-маскраддын болжолдуу планын сунуштады. Тайыр кызы Нургул, Росита Ормотаевалар сөз сүйлөп Эркулова Аруукенин планын жактырышты жана өздөрү да жекече ойлорун айтып кошумчалады. Чечим: Жаңы жылды тосуп алуу боюнча сунуш кылынган план толуктоолору менен бекитилсин. Жаңы жылды тосуп алууну уюштуруу Эркулова Аруукеге тапшырылсын. Чогулуштун төрайымы: Абдуллаева Айназик Чогулуштун катчысы: Эркулова Арууке Жарыя кантип жазылат. (Обнародование) Жакынкы убакта өтүүчү түрдүү иш-чараларды - бошогон вакансиялар, көркөмфильм, концерт берүү, жарманкелер, мекеме, ишканалардын ачылуу аземи тууралуу ошондой эле социалдык иштерди калкка кабарлап айтууда колдонулуучу иш кагаз - жарыя деп аталат. Оозеки түрдөгү жарыя сыналгы, үналгылардан айтылат. Ал эми "жарыя кантип жазылат", аны жарыя бөлүмдөрүнүн (реквизиттеринин) төмөнкү сүрөттөгү схемасынан таанышып алсаңыз болот: Жарыя кантип жазылат. (Обнародование) 1. бөлүм иш кагаздын аталышы жазылат (Жарыя); 2. бөлүм - жарыя тексти. Текст нуска, түшүнүктүү жазылып, сүйлөм мааниси логика иретинде жазылат; 3. бөлүм - иш-чара болуучу күнү, жылы, сааты; 4. бөлүм - иш-чара боло турган жер; 5. бөлүм - иш-чара өтүшүнө тиешелүү кошумча маалымат. 6. бөлүм иш-чара же акция, флэшмоб болобу, аны уюштурган коомдук уюм, мекеме же жеке ишкер. Жарыя жана кулактандыруу бөлүмдөрү, бирдей эле болот, бирок жарыяда аты жазылса, кээ бир учурда аталбай, өтө турган иш-чара түз жазылат. | Жарыя 2060-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Мамлекетинин өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин кызматкерлери менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн пресс-конференциясы өткөрүлөт. Пресс-конференция саат 14.00до башталат. Көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция | | | |