СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кайталоо жана бышыктоо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайталоо жана бышыктоо

Просмотр содержимого документа
«Кайталоо жана бышыктоо»



К









Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү чыгармачылык борбору

Компьютердик сабаттуулук ийрими



Ачык сабактын иштелмеси








Тема: Өтүлгөн темаларды кайталоо жана бышыктоо



Информатика мугалими: Маанова Чынара Пирмановна




     









Датасы: _____________________________________________________________________

Сабактын темасы: Өтүлгөн темаларды кайталоо жана бышыктоо

Сабактын максаты:

а)Билим берүүчүлүк: Буга чейинки алган билимдерин, практикалык көндүмдөрүн ар кандай оюндар, суроолор, тапшырмалар менен кайталап, бышыктайт.

б)Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар өз компотенттүүлүгүн көрсөтө алышат.Ар кандай көнүгүүлөрдү аткаруу менен ой жүгүртүүнөрдү өстүрөсүңөр. Windows операциондук системасынын жумушчу столунун элементтери менен иштөөнү, жумушчу столду жасалгалоону практикадан аткарышат.

в)Тарбия берүүчүлүк : Ыйман, адептүүлүккө, сурро берүү, жооп берүү маданиятына, активдүүлүккө, шамдагайлыкка, тапкычтыкка тарбияланышат. Жумушчу стол жана элементтери менен иштөөдөгү практикалык көндүмдөргө калыптанасыңар.

Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы кайталоо, бышыктоо

Сабактын методу: Интерактивдүү, аңгемелешүү, илюстративдик, жекече иштөө

Сабактын формасы: Демонстрация, таймаш-диспут, өз алдынча көнүгүүлөр сабагы

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, адеп сабагы, табият таануу

Сабактын жабдылышы: Компьютер, проектор, слайд, ватман, смайликтер, кроссворд, сүрөт, тест, чаптамалар, топ, гүл, доска, маркер , таратмалар, ж.б.

Сабактын жүрүшү:

а) уюштуруу (жагымдуу маанай) 5 мин

б) суроо-жооп жана тест (7 мин)

в) табышмактар 5 мин,

г) Анаграмма оюну 7 мин

д) крассворд (5 мин)

с) практикалык иш (9 мин)

е) Бышыктоо (3 мин)

ё) үйгө тапшырма берүү (1 мин)

ж) Баалоо (3 мин)

  1. Саламдашуу:

Саламдашуу салт экен

Сабырдуу кыргыз элимде

Салтты биз да колдойлу

Саламдашып баштайлы.

Ассалому алейкум. Окуучуларым амансыңарбы?

Балдар: Саламатчылык эжеке!

Мугалим: Сабагыбызды ыйман, адеп жана маданият менен баштап алалы. 2017-жыл Кыргыз Республикасында “ыйман, адеп жана маданият жылы” деп белгиленген.

Ыйман деген эмне? Адеп деген эмне? Маданият деген эмне?

Мугалим: Жакшы балдар бүгүн ноябрдын канчасы?

Окуучулар:_________________________________

Мугалим: бүгүнкү сабакта ким жок?

Аттарын айтуу менен жоктолот.

Мугалим: Анда эмесе балдар, биз сабагыбыз жакшы маанайда жүрүш үчүн бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алайлы.

  • _______________сага ден-соолук каалайм

  • Ийгилик каалайм

  • _______________Узун өмүр, жашоондо ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин.

  • ________________Көздөрүң сага абдан жарашат

  • Сабакка активдүү катышууңду каалайм

  • _________________Чачыңдын жасалгасы абдан сонун жарашыптыр

  • Бүгүнкү сабакта жакшы баа алышыңды каалайм

  • _________________Келечекте элдин керегине жараган инсан болушуңду каалайм

  • Адилеттүүсүң, чечкиндүүсүң, сабырдуусуң.

Сабактын темасы жана максаты айтылат (Слайддан)

Балдар бири бири менен саламдашып бири бирине жагымдуу маанай тартуулап гүл беришет.

Мугалим : балдар силерге берилген гүлдөрдүн желекчелеринде интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмалар бар, ошол боюнча 2 топко бөлүнгүлө, отуруп алдыкпы балдар силердин тобуңардын аты Wi-FI силердин атыңар internet

Интернет деген эмне? Бүткүл дүйнөлүк байланыш, мында чексиз көп компьютерлер бири-бири менен байланышкан.

Wi-FI деген эмне? Бул деле байланыш, бирок байланышкан компьютерлер чектелген.

Силердин сабактагы активдүүлүгүңөрдү баалоо үчүн баалоо каражаттары жөнүндө маалымат айта кетейин.

Калпак-“5”

Комуз-“4”

Оймо-“3”

Ар бир жооп берген окуучуларга баалоо каражаттарын берем өзүнөрдүн алдыңардагы баракчага жабыштырып барасыңар. Окуучулар досканын жанында күтүү дарагы, жана смайликтер бар. Күлүп турган смайлик сабак жакшы өттү дегенди, ал эми кабагы начар болуп турган смайлик сабак жакпады дегенди түшүндүрөт. Сабагыбыздын аягында өзүнөргө жаккан смайликти бирден алып күтүү дарагына илип койсоңор болот.

Сабагыбыз төрт бөлүмдөн турат,компьютердин негизги түзүлүшү да төрт бөлүктөн турат. Ар бир бөлүмдө командалар тапшырмаларды аткарып компьютердин негизги түзүлүштөрүн астыбыздагы доскага толуктап аласыңар. Монитор, системалык блок, клавиатура, мышка.

Кайталоо билим алуунун энеси” демекчи балдар өтүлгөн темаларды кайталайлы, ал үчүн колубуздагы интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмаларыбыздын артында суроолор бар, ошолорго жооп берейли. Кана ким даяр?

  • Суроо-жооп 1-бөлүм.

  1. Системалык программалык камсыздоо деген эмне? Компьютердин ажырагыс бөлүгү, ансыз эч нерсе кыла албайбыз.

  2. Колдонмо программалык камсыздоо деген эмне? Колдонуучуга ыңгайлуу программалардын жыйындысы, аны прграммисттер түзөт.

  3. Компьютердин программалык жабдылышы кандай бөлүккө бөлүнгөн? Системалык, колдонмо, программалоо тилдери.

  4. Операциондук система деген эмне? Компьютерде болуп жаткан процесстерди башкаруучу жана колдонуучу менен баарлашуну уюштурган чоң программа

  5. Кандай операциондук системаларды билесинер?MS-DOS, Андроид, WINDOWS, Линукс операциондук системасы ж.б.

  6. Windows ОС системасы деген эмне? 1985-жылы Билл Гейтс тарабынан түзүлгөн.WINDOWS-бизче терезелер дегенди түшүндүрөт. Көптөгөн терезелер менен иштей алабыз.

  7. Информация деген эмне?

  8. Программа деген эмне?

  9. Компьютерде кандай колдонмо программаларды билесиңер?



  • Өтүлгөн темалар боюнча тест берилет. 1-бөлүм Монитор илинет

  • Компьютердин бөлүктөрү боюнча табышмактар берилет. 2-бөлүм Системалык блок илинет

  • Логикалык оюндар ойнотулат. 3-бөлүм Клавиатура илинет

  • Крассворд. 4-бөлүм мышка илинет

Балдар мен силерге ой-жүгүртүүңөрдү текшерүү үчүн суроолорду берем, суроолордун жоопторун билгендер болсо кол көтөрөбүз, дене-тарбия сабагы менен байланыштырып силерге топ ойноо оюнун ойноп кроссвортубузду түзүп алабыз.

  1. Жүз сомуң болгончо ,... (жуз досун болсун)

  2. Саат эмнени корсотот? (убакытты)

  3. Хоккей аянтчасы эмне менен капталган? (муз)

  4. Чай кайнайт, айран ... (уюйт)

  5. Төөнун сүтү эмне деп аталат? (шубат)

  6. Дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан жазуучу ким? (Чынгыз Айтматов)

  7. Муссор жыйноочу челек (урна)

  8. Курманжан Датка кинотасмасынын кино режисеру? (Садык Шернияз)

  9. Адам баласынын басып өткөн жолун окутуучу илим? (тарых)

  10. Жамгырдан кийинки жыт (озон)

  11. Өчүргүчтүн орусча аталышы (ластик)

Мына балдар кроссвордду да түзүп алдык. Жумушчу стол деген сөз пайда болду. Жана дагы бул жактагы компьютерибиздин негизги бөлүктөрү да толукталды.

Балдар биз буга чейин жумушчу стол менен таанышканбыз э.

Windows операциондук системасынын жумушчу столу жана анын элементтери менен практикадан билимибизди сынап көрөлү.

Операциондук системасы орнотулушу менен жумушчу стол даярдалат.

  1. Жумушчу столдогу элементтердин ичинен негизги элементтерини бөлүп көрсөтөбүз.

  2. Жумушчу столдогу элементтердин ичинен папкаларды бөлүп көрсөтөбүз.

  3. Жумушчу столдогу элементтердин ичинен файлдарды бөлүп көрсөтөбүз.

  4. Жумушчу столдун элементтеринин өлчөмүн чоңойтобуз, кайра калыбына келтиребиз.

  5. Жумушчу столу иреттейбиз ( жыйнайбыз)

  6. Жумушчу столдун элементтерин экрандан көрсөтпөй коёбуз. Кайра калыбына келтиребиз.

  7. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.

  8. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.

  9. Жумушчу столго папка түзөбүз.

  10. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөртөбүз.

  11. Жумушчу столго заставка коёбуз.

  12. Терезенин түсүн өзгөртүп алабыз.

  13. Пуск менюсуна кирип паинт программасын ачабыз.

  14. Жумушчу столдун элементтерин чачылбай турган кылып катыртып кой.

Сүйломдүн кубаттуулугун тап.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай”, “Китеп көктөгү асман, окуп чыксаң чоң дастан”

Бышыктоо

“Билим-кайталоо менен тастыктоонун мөмөсү” дегендей кана эмесе балдар бүгүнкү өтүлгөн сабактан силер эмнелерди билдиңер? Сабак кандай өттү доскадагы күтүү дарагын толтурабыз

Баалоо

Ар бир окуучу алган карточкаларын топтоп жыйынтык чыгарышат. Ар топтон бирден окуучу өзүнүн тобун баалайт.

Топтордун кандай баалангандыгы доскадагы сүрөттөн көрүнүп турат.

Үй тапшырмасы

Бүгүнкү сабакты кайталап, дагы жумушчу столдун кандай элементтери бар экендигин таап келесиңер.

Өзүңөр үй бүлөңөр менен сүрөткө түшүп ватсап аркылуу мага жибергиле . Кийинки сабакта жөнөткөн сурөтүңөрдү жумушчу столго коёбуз.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!