КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
НООКАТ РАЙОНУ
БЕЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
“КЕҢЕШ” орто мектебинин
информатика мугалими
Үркүнбаева Бактыгүл Маннаповна
2023-2024-окуу жылы үчүн 8-класстар үчүн информатика предмети боюнча календарлык тематикалык план
Информатика предмети боюнча календарлык планды түзүүдө №869/1 2021жылдын 28 майындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын
2023-2024-окуу жылы үчүн базистик окуу планындагы информатика предмети боюнча түшүндүрмө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 «Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 24-майындагы №4/5 коллегиясынын чечиминин негизинде, окуу-тарбия процессин уюштурууда, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамыннын негизинде түзүлгөн
“Информатика” предмети предметтик стандартка, окуу программасына жана окуу-методикалык комплексине ылайык, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-, 6-, 7- жана 9-класстарында жумасына 1 сааттан, 8-класста 2 саат, а эми окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-9-класстарында жумасына 1 сааттык жүктөм менен окутулат. «Информатика» предмети санариптик сабаттуулуктун негиздерин, ошондой эле программалоо көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн окутулат.
«Информатика» боюнча 5-9-класстарда окуучулардын саны 25 же андан ашык болсо;
Информатиканы окутуунун максаты жана милдеттери.
Учурдагы информациялык билим берүү коомундагы окуу-тарбия процессин уюштуруу – заманбап мектеп окуучусунун информациялык маданиятын калыптандыруучу, ошондой эле ИКТ пайдалануу муктаждыктарын канааттандыруучу негизги шарттардын бири болуп саналат
ИКТ каражаттары окуу процессин индивидуалдаштырууга, анын таасирдүүлүгү менен натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Дал ушул “Информатика” курсунда окуучулар маалымат технологияларынын теориялык негиздери менен таанышып, ИКТ каражаттарын колдонуунун практикалык билимине ээ болушат. Бүгүнкү күндө ИКТ каражаттары башка предметтерди өздөштүрүүдө да, күнүмдүк турмушта да кеңири колдонулууда.
Информатиканы окуп, аны өздөштүрүү – жалпы билим берүүнүн башкы максаттарына жетишүүсү үчүн маанилүү салым кошуу менен бирге, төмөнкү милдеттерди ишке ашырууга көмөк көрсөтөт:
5 – 6- класстар
– окуучуларда жалпы билим, билгичтиктерди информатиканын жана ИКТнын методдорунун, каражаттарынын жана ыкмаларынын негизинде өнүктүрүү, тактап айтканда, информациянын ар кандай түрлөрү менен иштөө, өз алдынча иш-аракеттерди пландоо, жекече жана топто маалыматтык ишмердүүлүгүн жүргүзүү, натыйжаларга жетишүү жана аларды баалоо жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүү;
– окуучуларда информация менен иштөөгө карата жоопкерчиликтүү жана тандоочу мамилени калыптандыруу, таанып-билүү, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.
7 – 9-класстар
– окуучуларда бирдиктүү, бүтүн дүйнөлүк көз карашты калыптандыруу, инсан жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык ресурсу катары эсептелген информация тууралуу билимди жогорулатуунун, ошондой эле бүгүнкү күндө информациялык процесстердин аткарган ролун түшүнүүнүн эсебинен илим жана коомдук практиканын учурдагы деңгээлине дал келген көз карашты калыптандыруу;
– окуучуларда жалпы окуу жана маданий көндүмдөрдү андан-ары өркүндөтүү; информатика жана ИКТ багытындагы билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү жалпылоо жана системалаштыруу процессинде информация менен иштөө боюнча окуучулардын өз алдынча окуу иш-аракетин (долбоор, моделдөө, изилдөө иш-аракети ж.б.) өнүктүрүү;
– окуучуларда информация менен иштөөгө карата жоопкерчиликтүү жана тандоочу мамилени калыптандыруу, укуктук жана этикалык тараптарын эске алуу менен билим алууну улантууга умтулуу жана ИКТ каражаттарын колдонуу аркылуу жаратуучулук ишмердүүлүк аткаруу шыгын калыптандыруу.
Календарлык тематикалык план тууралуу
Календарлык тематикалык план календардык күндөрдү жана аларга туура келе турган темаларды, тематиканы пландаштырат. Демек, негизги маселе – темаларды сааттарга бөлүштүрүп, календардык күндөргө коюу жана аларды ишке ашыруу. КТПда ушул айтылган пункттар болушу керек. Ал эми, ар бир сабактын максаттары, күтүлүүчү натыйжалар, колдонулуучу каражаттар, калыптандырылуучу компетенттүүлүктөр, баалоонун түрлөрү СПКда берилгени туура болмокчу. Анткени, буларды окуу жылынын башында эле бүтүндөй окуу жылына пландаштырып жаза салуу, биринчиден, оңойго турбайт, мугалимдин өтө көп убактысын алат. Экинчиден, жалган жазууга, жасалмалуулукка жол ачат. Өтө эле көп убакытты жасалмалуулукка, жалган жазууга жумшоо – кечирилгис кылмыш эмеспи.
Эскертүү: эгерде мугалим жыл ичиндеги баардык сааттарымды алдын ала кылдат пландайм, жогоруда көрсөтүлгөндөрдү жазып чыгам десе, ага тыюу салууга болбойт.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 31-декабрындагы №__ буйругу менен бекиген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин 2-тиркемесинде КТПнын төмөндөгүдөй формасы берилди:
| № | Тема-лардын аталышы | Сааттардын саны | План-далган күн | Өтүлгөн күн | Жаб-дылышы | Эскертүү |
| 1. | | | | | | |
| 2. | | | | | | |
| 3. | | | | | | |
Дароо эле «Эмне үчүн жогоруда аталган пункттардын баары алынып, жабдылышы кошулуп калды?» деген суроо берилери айкын. Бүгүнкүдөй сабак үчүн жабдуулар тартыш болуп турган чакта жабдуу, колдонулуучу каражаттар тууралуу эртең сабак өтөм дегенде эмес, алдын ала пландаштырып алсак деген ойдо бул пункт киргизилди.
Эскертүү: мугалим КТПда сабактын жабдылышы жана эскертүү тик саптарын толтурбаган болсо, аны олуттуу кемчилик катары кароого болбойт.
Сабактын план-конспекти
СПК кандай кызмат аткарышы же ал кандай болушу керек?
СПК сабакты алдын ала түзүлгөн план боюнча өтүүгө, сабакта ырааттуулукту сактоого, пландалган нерселерди калтырып кетпөөгө, сабактын конкреттүү натыйжаларын пландаштырып, аларга жетишүүгө, убакытты туура пайдаланууга ж.б. жардам бериши зарыл. Демек, ал түзүмдүк (структуралык) жактан так жана түшүнүктүү, мугалим сабак учурунда аны колдоно алгандай жазылышы зарыл. Татаал түрдө өтө көп бетке жазылган СПКны пайдалануу абдан эле ыңгайсыз болот. Сабак учурунда мугалим аны кайра-кайра окуй бере албайт, окуучулардын алдында бул абдан ыңгайсыздыкты жаратат. Тескерисинче кыска, так, колдонууга ыңгайлуу жазылган СПК мугалим үчүн пайдалуу болуп саналат.
КР жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин 1-тиркемесинде: «үч жылдан ашык үзгүлтүксүз иштегендерге сабактын план-конспектин кыс-карган структуралык формада жазууга уруксат берилет,
1) Сабактын максаттары бир нече вариантта коюлуп жүрөт, көптөн бери негизинен төмөнкүдөй вариант колдонулат:
Билим берүүчү максат;
өнүктүрүүчү максат;
Тарбиялоочу максат.
Мында бул үч компоненттин биримдиги сакталышы керек.
Коммуникациялык;
Кептик;
Социо-маданий деп коюп жүрүшөт.
Окуучулардын өнүгүүсүнө негиздеп, мындан башкачараак формада жазып жаткандар да бар.
«СПК сабакты алдын ала түзүлгөн план боюнча өтүүгө, сабакта ырааттуулукту сактоого, пландалган нерселерди калтырып кетпөөгө, сабактын конкреттүү натыйжаларын пландаштырып, аларга жетишүүгө, убакытты туура пайдаланууга ж.б. жардам бериши керектигин» эске алсак, мугалимге сабактын максаттарын бул варианттардын каалаган түрүндө коюусуна уруксат берүү керек. Эң негизгиси, коюлган конкреттүү натыйжаларга жетүү болуп саналат.
Албетте, сабактын максаттары кандай вариантта жазылса да, ал так, конкреттүү, ченеле турган болуп, SMART критерийлерин эске алуу менен, баланын позициясынан коюлушу керек.
SMART сөзү англис тилинен «акылдуу» деп которулат:
S (Specific) – конкреттүү, спецификалуу;
M (Measurable) – ченеле, өлчөнө турган;
A (Affordable) – жетишиле, ишке ашырыла турган;
R (Realistic) – реалдуу, натыйжага багытталган;
T (Time-bound) – убактысы аныкталган.
Максаттар сабак менен тыгыз байланышта ишке ашат, б.а. сабакты, анын мазмунун толук ачып бериши керек. Максаттар сабактын мазмунунан аз да, көп да болбошу керек. Сабакта колдонулган көнүгүүлөр, ишмердиктер, ыкмалар ж.б. максат менен байланышып турушу
зарыл.
Компетенттүүлүктөр
Мектепте Информатика предметин окутууда окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат.
Компетенттүүлүк – (лат. competes ‒ ылайык келүү, шайкештик) – белгилүү бир кырдаалдарда (окуу, инсандык, кесиптик иште) окуучунун билимдерди, ыктарды жана жөндөмдүүлүктөрдү жана алардын ар кандай элементтерин өз алдынча колдоно алуучу өзүнүн көп кырдуу жөндөмү.
Негизги компетенттүүлүктөр конкреттүү предметтин мазмунунда калыптанып, ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билимдин натыйжалары болуп эсептелет. Негизги компетенттүүлүктөр көп функциялуулугу менен айырмаланат.
Ушуга байланыштуу негизгилер катары төмөнкү үч компетенттүүлүк каралат:
маалыматтык компетенттүүлүк – өз ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана ишке ашыруу, аргументтүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты пайдаланууга болгон даярдык.
өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – маалыматта, окуудагы жана турмуштук кырдаалдардагы карамакаршылыктарды табууга жана ар түрдүү ыкмаларды өз алдынча жана башка адамдар менен өз ара биргелешип колдонууга, ошондой эле андан аркы аракеттер тууралуу чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.
Компетенттүүлүктүн ар бир түрү бир катар аспектилерди камтыйт. Ар бир аспект үчүн калыптануунун үч деңгээли белгиленген.
Биринчи деңгээл (репродуктивдүү) окуучулардын үлгү боюнча (аткаруунун берилген алгоритмин) аткара билүүсү менен мүнөздөлөт.
Экинчи деңгээл (продуктивдүү) окуучулар жөнөкөй ишмердикти аткаруу, ал ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.
Үчүнчү деңгээл (креативдүү) окуучулардын өз алдынча конструкциялоонун элементтери жана аны негиздөө менен коштолгон татаал составдуу ишмердикти аткарууну билдирет.
Негизги компетенттүүлүккө караганда жекече мааниге ээ болгон компетенттүүлүк предметтик компетенттүүлүк деп аталат. Бул компетенттүүлүктөр “Технология” деп аталган билим берүү тармагынын чегинде жана окуу предметинде пайда болот.
Предметтик компетенттүүлүктүн багыттары
Маалыматтык-коммуникативдик компетенттүүлүгү, маалыматтарды издөө, кабыл алуу, аралыкка берүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ыкмаларына ээ болуу.
Алгоритмдик жана программалоо компетенттүүлүгү, логикалык жана алгоритмдик ой-жүгүртүүнүн негиздерин билүү, жөнөкөй алгоритмдерди түзүү жана алгоритм аркылуу иш жүргүзө алуу;
ИКТ-квалификациянын негиздери, информациялык маелелерди чечүү; компьютердик байланыштарды администрациялоо;
Колдонуучулук компетенттүүлүк маалыматтык маселелерди чечүүдө компьютердин түрдүү программалык каражаттарын, интернет сервистерин, санариптик техникаларды колдонуунун негиздерин жана башка да санариптик каражаттарын колдоно билүү.
Информатика предмети боюнча баалоо системасы төмөнкү иш-аракеттер менен берилет:
Башталгыч иштер (сентябрдын башы) окутууну улантуу жана кемчиликтерди түзөтүү үчүн коррекциялык иштерди пландоо максатында окуучулардын реалдуу билим деңгээли менен актуалдуу деңгээлинин ортосундагы айырмачылыкты аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мугалим башталгыч иштердин натыйжаларын журналга жана окуучунун күндөлүгүнө 5 баллдык шкала боюнча коёт, ошондой эле билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди көзөмөлдөө таблицасына проценттик катышта белгилейт.
Тесттик тапшырмалар окуу маселесин чыгаруу үчүн керек болгон иш-аракеттин операциялык түзүлүшү боюнча окуучунун өздөштүргөн билимин текшерүүгө багытталган тапшырмаларды камтыйт. Бул иштин натыйжалары журналга жана окуучунун күндөлүгүнө 5 баллдык шкала боюнча коюлат.
Текшерүү иши окуучулардын предметтик маданий ыкмаларды/каражаттарды өздөштүрүү деңгээлдерин аныктоого багытталып, теманын жыйынтыгы боюнча 5 баллдык шкала боюнча бааланат.
Аралык жана жыйынтыктоочу текшерүү иши (декабрь, апрель айларынын аягы) окуу чейректеги негизги темаларды камтыйт.
Баа коюунун критерийлери
«5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
өтүлгөн материалды катасыз айтып же жазып берсе;
билим, билгичтик жана практикалык көндүмдөрдүн бардык көлөмүн программага ылайык өздөштүргөн болсо;
материалды жазуу түрүндө же оозеки формада аң сезимдүү айтып бере алат, тексттеги негизги жоболорду бөлүп көрсөтө алат, өзгөртүлүп берилген суроолорго оңой жооп берсе;
бүтүндөй материалды так жана толугу менен айтып берет, жазуу иштерин катасыз аткара алса;
алган билимдерин практикада эркин колдоно алса.
«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
программалык материалдын билимдерин өздөштүрсө;
материалды аң сезимдүү түрдө айтып берип, бирок анын маанилүү жактарын дайыма ажыратып айта албаса;
билимдерин практикада колдоно алат, бирок өзгөртүлүп берилген суроолорго оңой жооп бере албаса;
оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда каталар болушу мүмкүн, мугалим эскерткен кемчиликтерди оңой оңдой алса.
«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
программалык материалдын билимдерин өздөштүрөт, бирок өз алдынча айтып берүүдө кыйналат жана мугалим тарабынан тактап-толуктай турган суроолордун берилишин талап кылса;
оозеки суроолорго жооп берүүнү каалайт;
өзгөртүлүп берилген суроолорго жооп берүүдө кыйналса;
оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда каталар болсо.
«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
материал туурасында башка түшүнүккө ээ болсо;
оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда орой каталар болсо.
Оозеки жоопторду баалоонун критерийлери «5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
өздөштүрүлгөн теориянын негизинде толук жана туура жооп берсе;
материалды белгилүү логикалык ырааттуулук менен адабий тилде айтып берет: жооп өз алдынча берсе.
«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
өздөштүрүлгөн теориянын негизинде толук жана туура жооп берсе; материалды белгилүү логикалык ырааттуулук менен адабий тилде айтып берет, бирок эки-үч майда ката кетирип, аларды мугалимдин эскертүүсү боюнча оңдосо.
«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
жооп толук берилди, бирок маанилүү ката бар, же болбосо толук эмес
жооп берсе.
«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
жооп берип жатканда окуучунун өтүлгөн материалдын негизги мазмунун түшүнбөй калгандыгы аныкталганда же мугалимдин жол көрсөтүүчү суроолорунун жардамы менен оңдой албай калган маанилүү каталары бар болсо.
Практикалык ишти баалоонун критерийлери
«5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
иш туура жана толук аткарылган; туура жыйынтык чыгарылса; - иш план боюнча техникалык коопсуздукту сактоо менен аткарылса.
«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
жалпысынан иш туура аткарылган, эки-үч майда ката кетирилип, алар мугалимдин эскертүүсү боюнча оңдолсо.
«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:
ишти аткаруу учурунда эки (жана көп) маанилүү ката кетирилген жана бул каталарды окуучу мугалимдин эскертүүсү менен оңдой алган эмес.
Тесттерди баалоонун критерийлери
“3” деген баа туура жооптор жалпы суроолордун 60% -74% түзсө;
“4” деген баа туура жооптор жалпы суроолордун 75% - 90% түзсө; “5” деген баа окуучу тестти ийгиликтүү аткарып, туура жооптор жалпы суроолордун 90% ашыгын түзсө.
Окуучуларды баалоонун критерийлери
Баалоо окуучулардын билим алуусуна түрткү бериши керек жана буга ылайык, предметти окутуу процессинде ишке ашырылышы зарыл. Баалоо – төмөнкү үч максатта жүргүзүлөт:
Отчёт (окуучуларга, ата-энелерге, башка предметтердин мугалимдерине жана мектептин жетекчилигине).
| | Дүйшөмбү | шейшемби | шаршемби | бейшемби | жума | Ишемби |
| 800 - 845 | | | | | | |
| 850 – 935 | | | | | | |
| 940 – 1025 | | | | | | |
| 1030 – 1115 | | | | | | |
| 1120 – 1205 | | | | | | |
| 1210 – 1255 | | | | | | |
| | Дүйшөмбү | шейшемби | шаршемби | бейшемби | жума | Ишемби |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | Дүйшөмбү | шейшемби | шаршемби | бейшемби | жума | Ишемби |
| 800 - 845 | | | | | | |
| 850 – 935 | | | | | | |
| 940 – 1025 | | | | | | |
| 1030 – 1115 | | | | | | |
| 1120 – 1205 | | | | | | |
| 1210 – 1255 | | | | | | |
| | Дүйшөмбү | шейшемби | шаршемби | бейшемби | жума | Ишемби |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| | | | | | | |
| “Макулдашылды”: “_____”__________________2023-жыл | | “БЕКИТЕМИН”: “______”_________________”2023-жыл |
| “Кеңеш” орто мектебинин окуу бөлүм башчысы: ________________ (колу) Нарматова Жаңыл Төлөнбаевна | | “Кеңеш” орто мектебинин директору: ________________ (колу Мамазаитова Айнура Рыскуловна |
ИНФОРМАТИКА предметинен 2023-2024-окуу жылы үчүн календарлык планы
(8-класс үчүн)
| № | Сабактардын темасы | Окуучулардын ишмердүүлүктөрүнө мүнөздөмө | Сааты | Мөөнөтү | Үй тапшырма | Эскертүү | | | | | | | | | |
| к.м | ө.м | | | | | | | | | | |
| Информатика жана маалымат | | | | | | | | | | | | | |
| 1. | Логикалык туюнтмалар жана амалдар Жөнөкөй логикалык айтым Татаал логикалык айтым | Эсептөө системалары Экилик ЭС Сегиздик ЭС Он алтылык ЭС Римдик ЭС Гректердин ЭС Вавилондук ЭС | 1 | 05.09 | | Логикалык туюнтмалар жана амалдар | | | | | | | | | | |
| 2. | | 1 | 06.09 | | | | | | | | | | | | |
| 3. | Логиканын мыйзамдары Теңдештик закону Орун алмаштыруу закону | 1 | 08.09 | | алмаштыруу закону | | | | | | | | | | |
| 4. | Бөлүштүрүү закону | | 1 | 12.09 | | бөлүштүрүү закону | | | | | | | | | | |
| 5. | Кошумча закондор | 1 | 13.09 | | Кошумча закондор | | | | | | | | | | |
| 6. | Логикалык амалдарды чыгаруу Логикалык амалдарды аткаруу тартиби | 1 | 15.09 | | Логикалык амалдарды аткаруу тартиби | | | | | | | | | | |
| 7. | Экилик эсептөө системасы | Э Эсептөө системалары Экилик ЭС Сегиздик ЭС Он алтылык ЭС | 1 | 19.09 | | 432,1012 | | | | | | | | | | |
| 8. | Сегиздик эсептөө системасы | 1 | 20.09 | | 998,187 8,712 8 | | | | | | | | | | |
| 9. | Он алтылык эсептөө системасы | 1 | 22.09 | | 9716,28916,46716 | | | | | | | | | | |
| 10. | Текшерүү иш | Өз алдынча иштөө | 1 | 26.09 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| | Компьютер жана программалык камсыздоо (ПК) | | | | | | | | | | | | | |
| 11. | Программалык камсыздоо жана лицензиянын түрлөрү Эркин ПК Эркин эмес(акылуу) ПК | | 1 | 27.09 | | Программалык камсыздоо жана лицензиянын түрлөрү | | | | | | | | | | |
| 12. | | 1 | 29.09 | | Эркин ПК тарыхы | | | | | | | | | | |
| 13. | | Тексттик редактор Тексттик документтерди түзүү,барактын параметрлерин өзгөртүү, Текстти редактирлөө Текстти форматтоо | 1 | 03.10 | | MS Word тексттик редактору | | | | | | | | | | |
| 14. | Тексттик документтерди түзүү,барактын параметрлери | 1 | 04.10 | | Тексттик документтерди түзүү,барактын параметрлери | | | | | | | | | | |
| 15. | | 1 | 06.10 | | Тексттик документтерди ред | | | | | | | | | | |
| 16. | Тексттик документтерди форматтоо | Тексттик редактор Тексттик документтерди түзүү,барактын параметрлерин өзгөртүү, Текстти редактирлөө Текстти форматтоо | 1 | 10.10. | | Тексттик документтерди форматтоо | | | | | | | | | | |
| 17. | Практикалык иш | 1 | 11.10 | | Тексттик документ түзүү | | | | | | | | | | |
| 18. | Текстке таблица кошуу | 1 | 13.10 | | Текстке таблица кошуу | | | | | | | | | | |
| 19. | Текстке сүрөт кошуу | 1 | 17.10 | | Текстке сүрөт кошуу | | | | | | | | | | |
| 20. | Практикалык иш | 1 | 18.10 | | Реферат даярдоо | | | | | | | | | | |
| 21. | Маалыматтар базасы | МБ жана анын негизги элементтери жөнүндө түшүнүк интерфейсинин структурасы МББСнын инструменттеринин кызматы жана классификациясы МБ түзүүнүн жана редактирлөөнүн технологиясы Маалыматтарды группалоо, фильтрациялоо, издөө, алмаштыруу технологиясы Отчеттун кызматы жана аны түзүү технологиясы | 1 | 20.10 | | Маалыматтар базасы | | | | | | | | | | |
| 22. | МБнын түрлөрү | 1 | 24.10 | | МБнын түрлөрү | | | | | | | | | | |
| 23. | МББС | 1 | 25.10 | | МББС | | | | | | | | | | |
| 24. | Форма түзүү | 1 | 27.10 | | Форма түзүү | | | | | | | | | | |
| 25. | Суроо-талап түзүү | 1 | 31.10 | | Суроо-талап түзүү Отчет түзүү | | | | | | | | | | |
| 26. | Текшерүү иш | Өз алдынча иштөө | 1 | 01.11 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 27. | Анализ.Кайталоо | Билимдерин бекемдөө | 1 | 03.11 | | Чейректик кайталоо | | | | | | | | | | |
| | Программалоо (Python) | | | | | | | | | | | | | | |
| 1. | Программалоочу тилдер. Python программалоо тили | 1 | 14.11 | | Программалоочу тилдер. Python программалоо тили | | | | | | | | | | |
| 2. | Татаал шарттар: and, or, not | | 1 | 15.11 | | Татаал шарттар: and, or, not Аnd логикалык оператору (логикалык көбөйтүү) | | | | | | | | | | |
| 3. | | 1 | 17.11 | | Or логикалык оператору (логикалык кошуу) | | | | | | | | | | |
| 4. | | 1 | 21.11 | | | | | | | | | | | | |
| 5. | Тизмелер, кортеждер жана сөздүктөр. | | 1 | 22.11 | | Тизмелер, кортеждер жана сөздүктөр. Тизмелер | | | | | | | | | | |
| 6. | | 1 | 24.11 | | Сөздүктөр. | | | | | | | | | | |
| 7. | Циклдик алгоритмдер | 1 | 28.11 | | Циклдик алгоритмдер while цикли | | | | | | | | | | |
| 8. | | | 1 | 29.11 | | | | | | | | | | | | |
| 9. | Камтылган шарттуу амалдар жана циклдер | 1 | 01.12 | | Камтылган шарттуу амалдар жана циклдер | | | | | | | | | | |
| 10. | | | 1 | 05.12 | | Камтылган циклдер | | | | | | | | | | |
| 11. | Мисал иштөө | 1 | 06.12 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | | |
| 12. | Функциялар | | 1 | 08.12 | | Функциялар Функция жана алардын аргументтери | | | | | | | | | | |
| 13. | | | 1 | 12.12 | | Глобалдык жана локалдык өзгөрмөлөр | | | | | | | | | | |
| 14. | | 1 | 13.12 | | Функциядан маанилерди кайтаруу | | | | | | | | | | |
| 15. | MS Excel электрондук таблицасы | 1 | 15.12 | | MS Excel электрондук таблицасы | | | | | | | | | | |
| 16. | Уячалардын форматын өзгөртүү,даректөө | MS Excel электрондук таблицасында иштөө Уячалардын форматын өзгөртүү,даректөө Формула менен иштөө Диаграмма түзүү | 1 | 19.12 | | Уячалардын форматын өзгөртүү,даректөө | | | | | | | | | | |
| 17. | | 1 | 20.12 | | Формула менен иштөө | | | | | | | | | | |
| 18. | | 1 | 22.12 | | Диаграмма түзүү | | | | | | | | | | |
| 19. | | 1 | 26.12 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 20. | Текшерүү иши | Өз алдынча иштөө | 1 | 27.12 | | Т3 | | | | | | | | | | |
| 21 | Анализ ,кайталоо | Билимдерин бекемдөө | 1 | 29.12 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 21 | 3-чейрек | | | | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 3-чейрек | | | | | | | | | | |
| 1. | Массивдер | | 1 | 16.01 | | Массивдер | | | | | | | | | |
| 2. | Тизмени толтуруучу генераторлор | | 1 | 17.01 | | Тизмени толтуруучу генераторлор | | | | | | | | |
| 3. | Элементтерди киргизүү | | 1 | 19.01 | | Элементтерди киргизүү | | | | | | | | |
| 4. | Саптар жана алар менен болгон Амалдар.Саптарды иштетүү үчүн бөлүмдөрдү(үзүмдөрдү) колдонуу | | 1 | 23.01 | | Саптар жана алар менен болгон амалдар Саптарды иштетүү үчүн үзүмдөрдү колдонуу | | | | | | | | |
| 5. | Саптар методу | Python программасында программалоо | 1 | 24.01 | | Саптар методу | | | | | | | | |
| 6. | | 1 | 26.01 | | Саптарды салыштыруу жана сорттоо | | | | | | | | |
| 7. | Саптарды форматтоо | 1 | 30.01 | | Саптарды форматтоо | | | | | | | | | | |
| 8. | | | 1 | 31.01 | | Санды-сапка жана сапты-санга өзгөртүп түзүү | | | | | | | | | | |
| 9. | | 1 | 02.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | |
| 10. | Python тилинде графика менен иштөө Turtle модулунун жардамында сүрөт тартуу | Программанын терезеси Слайд. Слайд түзүү,макет текст менен иштөө. Форматтоо Сүрөт менен иштөө 3D сүрөттөлүштөрдү жасоо слайддын фонун коюу,түсүн алмаштыруу Гиперссылка менен иштөө Үн жана видео кошуу Анимация жасоо Слайдды көрсөтүүнү ылайыктоо | 1 | 06.02 | | Turtle модулунун жардамында сүрөт тартуу | | | | | | | | | | |
| 11. | Мисал иштөө | 1 | 07.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | | |
| 12. 13. | Мисал иштөө | 1 | 09.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | | |
| Графикалык объекттерди түзүү үчүн Tkinter менен иштөө Текшерүү иш | 1 | 13.02 | | Графикалык объекттерди түзүү үчүн Tkinter менен иштөөш | | | | | | | | | | |
| 14. | Мисал иштөө | 1 | 14.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | | |
| 15. | Мисал иштөө | 11 | 16.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | |
| 16. | | 1 | 20.02 | | Даяр функцияларды колдонуу | | | | | | | | | | |
| 17. | | 1 | 21.02 | | Мисал иштөө | | | | | | | | | | |
| 18. | Power Point презентациялык программасы Программанын терезеси | 1 | 23.02 | | Power Point презентациялык программасы | | | | | | | | | | |
| 19. | Слайд.Слайд түзүү,макет | 1 | 27.02 | | Слайд.Слайд түзүү,макет | | | | | | | | | | |
| 20. | Power Point презентациялык программа- сында текст менен иштөө.Форматтоо | 1 | 28.02 | | Power Point презентациялык программасында текст менен иштөө. | | | | | | | | | | |
| 21. | Power Point презентациялык программа- сында сүрөт,чийме,диаграммалар менен иштөө | 1 | 01.03 | | Power Point презентациялык программасында сүрөт,чийме,диаграммалар менен иштөө | | | | | | | | | | |
| 22. | 3D сүрөттөлүштөрдү жасоо | 1 | 05.03 | | 3D сүрөттөлүштөрдү жасоо | | | | | | | | | | |
| 23. | Power Point презентациялык программа- сында слайддын фонун коюу,түсүн алмаштыруу | 1 | 06.03 | | Слайддын фонун коюу,түсүн алмаштыруу | | | | | | | | | | |
| 24. | Гиперссылка менен иштөө | 1 | 07.03 | | Гиперссылка менен иштөө | | | | | | | | | | |
| 25. | Үн жана видео кошуу | 1 | 12.03 | | Үн жана видео кошуу | | | | | | | | | | |
| 26. | Анимация жасоо | 1 | 13.03 | | Анимация жасоо | | | | | | | | | | |
| 27. | Слайдды көрсөтүүнү ылайыктоо | 1 | 15.03 | | Слайдды көрсөтүүнү ылайыктоо | | | | | | | | | | |
| 28. | Кайталоо | 1 | 18.03 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 29. | Текшерүү иш | 1 | 19.03 | | Текшерүү иш | | | | | | | | | | |
| 30. | Чейректик кайталоо | 1 | 20.03 | | Чейректик кайталоо | | | | | | | | | | |
| 4-чейрек | | | 1 | | | | |
| 1. | Компьютердик тармактар жана интернет. Интернет .WWW | Интернет WWW Электрондук почта ,аккаунт. Гугл диск.Гугл сервистери Гугл документ | 1 | 02.04 | | Интернет .WWW | | | | | | | | | | |
| 2. | Электрондук почта ,аккаунт. | 1 | 03.04 | | Электрондук почта, аккаунт. | | | | | | | | | | |
| 3. | Гугл диск.Гугл сервистери | 1 | 05.04 | | Гугл диск.Гугл сервистери | | | | | | | | | | |
| 4. | Гугл документ | 1 | 09.04 | | Гугл документ | | | | | | | | | | |
| 5. | Практикалык иш | 1 | 10.04 | | Практикалык иш | | | | | | | | | | |
| 6. | Гугл таблица | 1 | 12.04 | | Гугл таблица | | | | | | | | | | |
| 7. | Практикалык иш | 1 | 16.04 | | Практикалык иш | | | | | | | | | | |
| 8. | Гугл презентация | 1 | 17.04 | | Гугл презентация | | | | | | | | | | |
| 9. | Практикалык иш | 1 | 19.04 | | Практикалык иш | | | | | | | | | | |
| 10. | Компьютердик тармактар Негизги түшүнүктөр. | 1 | 23.04 | | Компьютердик тармактар Негизги түшүнүктөр. | | | | | | | | | | |
| 11. | Локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын тескөө | 1 | 24.04 | | Wi-Fi тармагын тескөө | | | | | | | | | | |
| 12. | Интернет протоколдордун түрлөрү Интернетте колдонулган негизги протоколдор TCP/IP протоколу | Коомдун өнүгүүсүндө Интернеттин ролу; Браузер программалар жана анын башкаруучу элементтерин билүү | 1 | 26.04 | | Интернет протоколдордун түрлөрү | | | | | | | | | | |
| 13. | HTTP протоколу | 1 | 29.04 | | HTTP протоколу | | | | | | | | | | |
| 14. | FTP протокол | 1 | 30.04 | | FTP протокол | | | | | | | | | | |
| 15. | SMTP протоколу | 1 | 03.05 | | SMTP протоколу | | | | | | | | | | |
| 16. | POP3 протоколу IMAP протоколу | 1 | 07.05 | | POP3 протоколу IMAP протоколу | | | | | | | | | | |
| 17. | Стилдердин каскаддык таблицасы (CSS) | | | 08.05 | | Стилдердин каскаддык таблицасы (CSS) | | | | | | | | | | |
| 18. | Селектор түшүнүгү.Селектор түрлөрү | | 10.05 | | Селектор түшүнүгү.Селектор түрлөрү | | | | | | | | | | |
| 19. | | • Стилдерди HTML документтин ичине камтуу • Стилдерди импорттоо Селектор түшүнүгү.Селектор түрлөрү | | 14.05 | | Стилдерди HTML документтин ичине камтуу | | | | | | | | | |
| 20. | | 1 | 15.05 | | Стилдерди импорттоо | | | | | | | | | |
| 21. | Селектор түшүнүгү.Селектор түрлөрү | 1 | 17.05 | | Селектор түшүнүгү.Селектор түрлөрү | | | | | | | | | | |
| 22. | Чейректик кайталоо | | 1 | 21.05 | | Чейректик кайталоо | | | | | | | | | | |
| 23. | Текшерүү иш | | | 22.05 | | Кайталоо | | | | | | | | | | |
| 24. | Жылдык кайталоо | | 1 | 24.05 | | Жылдык кайталоо | | | | | | | | | | |
Окуу процессин уюштуруунун формалары
Билим берүү процессинин негизги формасы – бул сабак болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда сабактын биринчи бөлүгүндө жаңы материалдын теориясы менен тааныштыруу жүргүзүлөт, экинчи бөлүгүндө – 20-25 мүнөткө эсептелген практикалык жумуш формасында компьютердик практикум пландаштырылат. Практикалык жумуштар технологиялык ыкмаларды бышыктоого багытталып, окуучулар тарабынан толук түшүнүлгөн жана дайыма кызыгууну пайда кыла турган бирдиктүү, мазмундуу жыйынтыктарды алууну көздөйт. Ар түрдүү практикалык жумуштарды аткарууга бардык окуу сааттарынын жарымынан көбү бөлүнгөн.
Билим берүү процессин иш жүзүнө ашырууда төмөндөгү педагогикалык технологиянын элементтерин пайдаланса болот:
Информатиканы окутуудагы педагогикалык процесстин негизине окуу ишмердигин уюштуруунун төмөндөгү формалары киргизилген:
− жалпы класстык формалар: сабак-лекция, аралашма сабак, оюнсабак, консультация, лабораториялык-практикалык жумуштар, программалык окутуу, зачеттук сабак.
− топтук формалар: сабактагы бүткүл топ менен жумуш аткаруу, бүткүл топ менен лаборатордук практикум, топтук чыгармачылык тапшырмалар.
− жекелик формалар: информациялардын электрондук булактары жана адабияттар менен иштөө, жазуу түрүндөгү көнүгүүлөр, программалоо боюнча жеке тапшырмаларды аткаруу же информациялык технологиялар боюнча тапшырмаларды компьютерде аткаруу, окутуп үйрөтүүчү программалар менен компьютерде иштөө.
Информатика сабактарында негизинен окутуунун төмөндөгү методдору колдонулат:
сөз түрүндө – лекция, оозеки айтып берүү, аңгемелешүү;
көрсөтмөлүү – сүрөттөлүштөр, компьютер жана кадимкидей окуу элементтери аркылуу демонстрациялоо;
практикалык – лаборатордук-практикалык жумуштарды аткаруу, өз алдынча сөздүктөр жана адабияттар менен иштөө (кадимки китеп түрүндөгү жана электрондук), өз алдынча жазып көнүгүү жумуштары, компьютерде өз алдынча иштөө.
Окутуунун методдорунун колдонулушунун логикалык мүнөзү: индуктивдүү; дедуктивдүү; изденүүчүлүк; репродуктивдүү; изденүүчүлүк.
Окуп, таанып билүү ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу методдору:
окууга болгон кызыгууну калыптандыруу; окууга болгон жоопкерчиликти, милдетти калыптандыруу.
Текшерүү жана өзүн-өзү текшерүүнүн методдору:
оозеки текшерүү – фронталдуу сурамжылоо, жеке сурамжылоо компьютердик тестирлөө;
жазуу түрүндө текшерүү – текшерүү иши, жазуу түрүндөгү тесттик тапшырмаларды аткаруу, лаборатордук-практикалык жумуштар боюнча жазуу түрүндөгү отчеттор, информатика боюнча диктанттар;
лаборатордук-практикалык текшерүү – лаборатордук-практикалык текшерүү жумуштары, текшерүүчү программалар менен иштөө;
өзүн-өзү текшерүү – үйрөнгөн материалды оозеки айтып берүү, үйрөнгөн материалды жазуу түрүндө көрсөтүү, окутуп үйрөтүүчү программалар менен иштөө, компьютердик тесттер.
Мугалим менен окуучулардын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо үчүн окутуунун формалары жана методдору чеберчилик менен тандап алуу керек. Традициялык болуп калыптанып калган класстагы сабак өтүүлөрдүн формаларын карап өтөлү: сабак, сабак-лекция, консультация, практикалык жумуштар, зачет.
Каникул:
Жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин тибине жана формасына карабастан, сабактар 2021-жылдын 1-сентябрында башталып, 2022-жылдын 25-майында аяктайт. Окуу жылынын созулушу, каникул мезгилдерин эсепке албаганда, төмөндөгүдөй болот: 1-класста — 33 жума, 2-4-класстарда — 34 жума, 5-11-класстарда экзамендик мезгилди эске алуу менен — 34 жумадан 36 жумага чейин.
Каникул мезгили, беш күндүк окуу жумасын эске алганда 24 календардык күн.
Каникул графиги:
Күзгү каникул — 7 күн: 2021-жылдын 1-ноябрынан 7-ноябрына чейин, сабак 2021-жылдын 8-ноябрынан башталат.
Кышкы каникул — 10 күн, 2021-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын 9-январына чейин, сабак — 2022-жылдын 10-январынан башталат.
Жазгы каникул — 7 күн, 2022-жылдын 21-мартынан 27-мартына чейин., cабак 2022-жылдын 28-мартында башталат.
1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча апталык каникул күндѳрү берилет. Сабактын узактыгы: 1-класстарда – 40 мүнѳт, 2-11-класстарда — 45 мүнѳт.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген, анын “Билим берүү процессинин режимине коюлуучу гигиеналык талаптар” аттуу 11-бөлүмүндөгү санитардык-эпидемиялык эрежелер жана нормалар тууралуу сунуштарга о.э. окуу-тарбиялык процесстерди уюштурууга ылайык:
Окуу сабактары 8:00дѳн эрте башталбайт.
Эки мөөнөттө иштеген жалпы билим берүүчү мектептерде 1-, 5-, 9-, 11-класстарда жана компенсацияланып окутулган класстарда сабак биринчи сменада уюштурулушу керек.
“Үй тапшырмалардын көлөмү (бардык предметтер боюнча) аларды аткарууга төмөндө белгиленген нормалардан (астрономиялык саат) жогору болбошу керек: 2-3-класстарда — 1,5 саат, 4-5-класстарда — 2 саат, 6-8-класстарда — 2,5 саат, 9 -11 класстарда — 3,5 саатка чейин».