5 класс (68 саат) | |
№ | Тематика б | саат | Мөөнөтү | Факт. Дата | Аткарылуучу окуу тапшырмалары | |
| 1-чейрек | 8 | | | | |
1 бөлүм | Информатика жана маалымат (7 тема) | | | | | |
1.1 | Коопсуздук техникасы | 1 | | | -
“Коопсуздук техникасы” түшүнүгүн киргизүү. -
Электр приборлоруна кирген компьютер менен коопсуз иштөөнүн негизги эрежелерин карап чыгуу. -
Компьютердин алдында туура отуруу эрежелерин аныктоо. | |
1.2 | Информатика жана маалымат | 1 | | | -
Информатика илими эмнени үйрөтөөрүн аныктоо. -
“Маалымат” түшүнүгүн киргизүү. -
Кабыл алуу формасы боюнча маалыматтын кандай түрлөрү бар экенин түшүндүрүү. -
Маалыматтын чындыкка дал келбеши мүмкүн экенин көрсөтүү. -
Мисалдар аркылуу маалыматтын негизги касиеттерин түшүндүрүү: пайдалуу, түшүнүктүү, актуалдуу, толук, ишенимдүү. -
Кабыл алуу боюнча маалыматтын түрлөрүн аныктоо. -
Маалымат менен жасалган аракеттерди талкуулоо. | |
1.3 | Бит жана байт | 2 | | | -
Компьютерде малымат кандай сакталаарын карап чыгуу. -
Экилик сигнал түшүнүгүн берүү. -
Маалыматты өлчөө бирдиктерин жана алардын айырмачылыктарын аныктоо. | |
1.4 | Экилик эсептөө системасы | 3 | | | -
“Эсептөө системасы” түшүнүгүн киргизүү, эсептөө системасынын түптөлүшү. -
Мисалдар аркылуу сандардын экилик эсептөө системасынан ондук системага өтүшүн көрсөтүп берүү. -
Сандардын ондук системадан башка позициялык системаларга которулушунун алгоритмин түшүндүрүү. -
Позициялык эсептөө системасындагы сандардын которулушунун ыкмаларын териштирүү. | |
1 бөлүм | Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | | | | | |
| 2-чейрек | 7 | | | | |
1.5 | Логика жана ой жүгүртүү | 1 | | | | |
1.6 | Логикалык маселелерди чыгаруу ыкмалары | 3 | | | | |
1.7 | Объекттердин модели жана моделдөө. -
Моделдөө процессинин максаттары жана негизги түшүнүктөрү тууралуу маалымат берүү. -
Материалдык жана материалдык эмес объекттер дагы (энергия, маалымат) изилденүүчү объекттер боло алаарын аныктоо. -
Объекттердин негизги касиеттерин карап чыгуу. | 1 | | | -
“Объект”, “модель” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Объекттин касиеттерин жана белгилерин аныктоо. -
Моделдерди жаратуу себептерин карап чыгуу. -
Натуралдык жана маалыматтык моделдердин айырмачылыгын талкуулоо. -
Адамдын ишиндеги моделдөөнүн ордун аныктоо. -
Моделдердин түрлөрү жана типтери менен тааныштыруу. -
Маселени коюу этаптарын көрсөтүү: маселени сүрөттөө, моделдөөнүн максаты, маселенин формализациясы | |
2 бөлүм | Компьютер жана программалык камсыздоо (7 тема) | | | |
2.1 | ЭЭМ. Компьютерлердин түрлөрү жана алардын милдети | 1 | | | -
ЭЭМ өнүгүү этаптарын карап чыгуу -
Компьютердин функционалдык блоктору, компьютердин түзүлүшү жана түрлөрү менен тааныштыруу | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | | | | |
| 3-чейрек | 10 | | | | |
2.2 | Компьютердин негизги түзүлүшү | 1 | | | | |
2.3 | Топбаскыч жана чычкан | 1 | | | -
Топбаскычтын негизги аймактарын, баскычтардын негизги милдеттерин изилдөө. -
Чычканды колдонуунунун негизги ыкмаларын карап чыгуу | |
2.4 | Операциялык система | 1 | | | -
“Операциялык система” түшүнүгүн аныктоо. -
ОС курамы жана функционалдык мүнөздөмөлөрүн үйрөнүү -
Окуучуларды популярдуу операциялык системалар менен тааныштыруу. -
Графикалык интерфейс жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу. | |
2.5 | Файлдар -
Окуучуларды файлдар менен иштөөгө үйрөтүү: жаратуу, көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү, файлдарды корзинадан кайра кайтаруу, маска боюнча издөөнү ишке ашыруу | 1 | | | -
Файл, анын аты, файлдын маскасы тууралуу түшүнүктү калыптандыруу. -
Окуучуларга файлдын мүнөздөмөлөрүн жана файл менен жасалчу аракеттерди көрсөтүү. -
Окуучуларды файлдарды кеңейтүүнүн түрлөрү жана файлдардын атрибуттары менен тааныштыруу. | |
2.6 | Жөнөкөй тексттик редактор(Блокнот) | 2 | | | -
Текстти терүүнүн негизги эрежелерин үйрөнүү. -
Тексттик документти редакциялоо жөнүндө тушүнүк берүү. -
Окуучуларды Блокнот программасына текстти киргизип, редакциялоого үйрөтүү. | |
2.7 | Графикалык редактор Системалык ой жүгуртүүнүн негиздерин калыптандыруу, чыгармачыл потенциалды өнүктүрүү. | 3 | | | -
Компьютердик графика деген эмне экенин түшүндүрүү. -
Окуучуларга графикалык объекттерди жаратуу боюнча графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү. -
Окуучуларды графикалык редактордун интерфейси жана анын негизги объекттери – куралдар панели, түстөр панели менен тааныштыруу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | | | | | |
| 4-чейрек | 8 | | | | |
3 бөлүм | Программалоо (2 тема) | | | | | |
3.1. | Аткаруучунун командалар системасы (АКС) жана алгоритми | 2 | | | -
Алгоритм түшүнүгүн жана касиеттерин изилдөө. -
Айлана-чөйрөдөгү алгоритмдердин мисалдарын карап чыгуу. -
Окуучуларды формалдуу аткаруучулар, аткаруучулардын чөйрөсү жана АКС менен тааныштыруу. | |
3.2. | Негизги алгоритмдик конструкциялар -
Сызыктуу алгоритм. -
Тармактуу алгоритм. -
Циклдык алгоритм. | 3 | | | -
Негизги үч алгоритмдик конструкцияны териштирип, аларды колдонуунун айырмачылыгын көрсөтүү. -
Алгоритмдерди жазуу ыкмаларын карап чыгуу | |
4 бөлүм | Компьютердик тармактар жана интернет (3 тема) | | | |
4.1 | Компьютердик тармактар жана интернет | 1 | | | -
Окуучуларга интернет тармагы, анын мүмкүнчүлүктөрү, функциялары (маалыматты таратуу принциптери ж.б.) тууралуу түшүнүк берүү. -
«Домен», «URL», «IPдарек» түшүнүктөрүн киргизүү. -
Сайттын домендик атын жаратуу принциптерин түшүндүрүү. | |
4.2. | Сайттар жана социалдык тармактар | 1 | | | | |
4.3. | Издөө системалары, энциклопедиялар | -
“Издөө системасы” түшүнүгүн киргизүү. -
Ийгиликтүү жана ийгиликсиз түзүлгөн издөө талаптарынын мисалдарын көрсөтүү. -
Популярдуу сөздүктөр менен котомо сервистерди жана аларды жөнөкөй жашоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | | | | |
| Резерв | 1 саат | | | |
6 класс (34 саат) | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | |
| 2-чейрек | 7 саат | | | | |
1.6 | Арифметикалык операциялар | 2 | | | | |
1.7 | Коддоо жана декоддоо | 2 | | | -
Окуучуларды коддоо жана декоддоо түшүнүктөрү менен тааныштыруу. -
Тексттик маалыматты коддоо ыкмаларын карап чыгуу. -
Сандык маалыматты коддоо ыкмаларын карап чыгуу. -
Маалыматты графикалык коддоо ыкмаларын карап чыгуу: вектордук жана растердик. | |
1.8 | Моделдер жана моделдөө | 2 | | | -
Окуучулар менен бизди курчап турган моделдерди карап чыгып, объекттерди, процесстерди жана кубулуштарды моделдөөнү айырмалап билүүгө үйрөтүү. -
Окуучуларга натуралык (материалдык) жана маалыматтык (материалдык эмес) моделдердин айырмасын көрсөтүү. -
“Маалыматтык моделдер” түшнүгүн берип, түрлөрүн талдап чыгуу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | |
| 3-чейрек | 10 | | | | |
1.9 | Компьютердин логикасы «Логикалык айтым» түшүнүгүн киргизүү, ошондой эле «логикалык вентилдер» менен таанышуу. | 2 | | | -
Жөнөкөй жана курама логикалык айтымдар деген эмне экенин карап чыгуу. -
Логикалык байламталардын маанисин изилдөө. -
Төмөнкү тушүнүктөр менен таанышуу: -
Логикалык кошуу – дизъюнкция (И) -
Логикалык көбөйтүү – конъюнкция (ИЛИ) -
Логикалык төгүндөө – инверсия (НЕ) -
Логикалык операцияларды чыгаруу алгоритмдерин колдонуу. | |
2 бөлүм | Компьютер жана программалык камсыздоо (5 тема) | | | | | |
2.1 | Операциялык система, системалык утилиттер | 1 | | | -
Окуучуларды ОС, утилиттер, драйверлер, архиваторлор жана ОС менен биргелешип иштешкен башка кошумча программалык каражаттар менен тааныштыруу. -
Окуучуларды компьютерге орнотулган ОС аныктоого үйрөтүү. | |
2.2 | Файлдык система | 1 | | | -
Оуучуларды файлдын атындагы анын аталышын жана кеңейтмесин айырмалоого үйрөтүү. -
Файлды издөө үчүн маскаларды колдонуу -
Файлдарды локалдык жана булуттук сактоонун принциптери менен окуучуарды тааныштыруу. | |
2.3 | Тексттик процессор | 3 | | | -
Текст менен иштөөгө арналган программаларды карап чыгуу: тексттик редактор менен тексттик процессор жана алардын айырмасы -
Тексттик докуметтин структурасын түзүү үчүн колдонулган куралдар менен тааныштыруу (кийин мазмунун түзүш үчүн). -
Колонтитулдарды коюп, беттердин номерин белгилеп, баракчаны альбомдуктан китептик абалга алмаштырууга үйрөтүү. -
Тексттерди мамычаларга бөлүүгө үйрөтүү. -
Шрифттерди, абзацтарды коюп, тизмелерди түзүүгө үйрөтүү. -
Окуучуларды текстте таблица жана диаграммаларды түзүүгө, сүрөттөрдү коюп, стилдерди өзгөртүүгө үйрөтүү. | |
2.4. | Үн менен видеону жаратуу жана иштеп чыгуу Практика. Видеоредактордо видеону монтаждоо. | 3 | | | -
Видеоредакторлордун негизги талааларын, куралдар панелин карап чыгуу. -
Клиптерди аралаштыруу үчүн кадрлоону колдонуп, клиптердин ортосунда эффекттерди коюу. -
Үн жана видеону кошууга үйрөтүү. -
Титр жана түрдүү аудио-эффекттерди кошууну үйрөтүү. | | |
2.3. | GIMP графикалык редактору GIMP растердик графиканы иштеп чыгуу боюнча программа менен таанышуу Практика. Берилген темага графикалык редакторду колдонуп, коллаж түзүү. | 2 | | | -
Програманын интерфесин жана куралдар панелин карап чыгуу. -
Окуучуларды редактордо сүрөттү ачууга, өлчөмүн, жарыктыгын, контрастын өзгөртүүгө, айрым аймактарын бөлүп, белгилөөгө, аларды өзгөртүүгө (түсүн, контрастын аламаштыруу ж.б.) үйрөтүү. | | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | |
| 4-чейрек | 7 | | | | |
3 бөлүм | Программалоо (2 тема) | | | | | |
3.1 | Программалар жана программалоо тилдери | 1 | | | -
Алоритм жана программанын касиеттерин, алардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын карап чыгып, салыштыруу. -
Окуучуларды ойдон чыгарылган робот үчүн кыймыл аракеттердин алгоритмдерин түзүүгө үйрөтүү. -
Популярдуу программалоо тилдерин карап чыгуу. | | |
3.2 | Scratch тилинде программалоонун негиздери | 3 | | | -
Scratch интерфейси жана негизги командалары менен таанышуу. -
Окуучуларды блокторду жылдырып, жөнөкөй командаларды түзгөнгө үйрөтүү -
Scratch тилинде колонулуучу циклдар менен шарттардын блокторун карап чыгуу. -
Практика. Окуучуларды маселени чыгарууга үйрөтүү: мышыкты квадратты айланып өтүүгө мажбурлоо. | | |
4 бөлүм | Компьютердик тармактар жана интернет (2 тема) | | | | |
4.1 | HTML – гипертексттик белги салуу тили Практика. Мугалим берген тема боюнча өзүнүн HTML-баракчасын жаратуу. | 2 | | | -
Окуучуларга веб-баракчаларга жайгаштырылган түстүү сүрөттөр, жүгүрмө саптар, таблицалар менен көптөгөн толтуруу үчүн формалардын баары HTML тилинин жардамы менен чыгаарын айтып берүү. -
«Гипертекст», «гипершилтеме», «тег», «HTML» терминдерине түшүндүрмө берүү. -
HTML-документинин түзүлүшүн түшүндүрүү. -
Түрдүү тегдердин функцияларын карап чыгуу (аталышы, шрифттин өлчөмү, түсү ж.б.). -
Окуучуларды жөнөкөй тексттик редактордун жардамында, тизме, фото, жүгүрмө сап жана башка сайттарга гиппершилтемелерди жайгаштырып, HTML-документ түзүүгө үйрөтүү. | | |
4.2 | Интернет тармагындагы коопсуздук. Вирустар. | 1 | | | | | |
4.3. | Онлайн окутуу сервистери Практика. Code.org сайтында программалоонун блоктук тилин колдонгон оюндардын биринен өтүү. | -
Окуучуларга окуу үчүн онлайн системаларды кантип колдонууну көрсөтүү (ошондой эле смартфондор аркылуу дагы). -
Программалоо ыгын өз алдынча өнүктүрүү үчүн колдонууга мүмкүн болгон code.org сервиси жөнүндө кененирээк айтып берүү. | | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | | | | | | |
| Резерв | 1 саат | | | | |
7 класс (34 саат) | |
№ | Тема | Саат | Мөөнөтү | Факт. Дата | Аткарылчу окуу тапшырмалары | |
| 1-чейрек | 8 | | | | |
1 бөлүм | Информатика жана информация (3 тема) | | | | | |
1.1 | Компьютер адамдын жашоосунда | 1 | | | -
Компьютерде иштөөдөгү коопсуздук эрежелери тууралуу түшүнүктү калыптандыруу. -
Ой жүгүртүү, эске тутуу, анализдөө менен негизгисин белгилөө, маселе коюп жана аны чечүү шыгын өнүктүрүү. -
Эсептөө техникасын колдонууда, максаттуулукка, эмгекчилдикке, чыдамкайлыкка, ыкыластуулукка, тыкандыкка жана тактыкка тарбиялоо. | |
1.2 | Маалыматтык процесстер жана маалматты сактоо | 1 | | | -
Маалыматтык процесстер тууралуу окуучулардын түшүнүгүн кеңейтүү; -
Окуучулардын маалыматты таратуучу шаймандар тууралуу түшүнүгүн системалаштыруу -
Адамдын турмушунда, жаратылышта, коомдо, техникада маалыматты сактоо жана бөлүшүү мисалдарын карап чыгуу. -
Маалыматты мазмундуу жана алфавиттик өлчөө ыкмалары менен окуучуларды тааныштыруу. -
Маалыматты таратуу схемасын карап чыгуу. | |
1.3 | Тексттик маалыматты коддоо | 1 | | | -
Окуучуларга тексттик маалымат компьютердин эсинде кандайча коддолоору тууралуу түшүнүк берүү; -
Тексттик редактор менен коддук таблицаларды колдонуп, кодун символун жана символду код боюнча аныктоого үйрөтүү; -
ASCII коддоо таблицасынын түзүлүшүн колдонуу менен коддор таблицасынын жардамында символдорду коддоо жана декоддоого үйрөтүү. | |
2 бөлүм | Компьютер жана программалык камсыздоо (3 тема) | | | |
2.1 | Программалык камсыздоонун түзүлүшү жана түрлөрү Системалык жана прикладдык программалык камсыздоонун түрдүү категориялары жөнүндө түшүнүктү системалаштыруу; адамдардын жашоосунда түрдүү системалык жана прикладдык программалык камсыздоонун колдонулушун карап чыгуу. | 1 | | | -
Системалык жана прикладдык программалар түшүнүгүн киргизүү. -
Прикладдык прораммалардын үлгүлөрүн жана классификациясын карап чыгуу. -
Программалык камсыздоону туура орнотуу жөнүндө билимди өнүктүрүү (ишенимдүү булактардан, ОС эске алуу менен ж.б.). | |
2.2 | Электрондук таблицалар | 3 | | | -
Интерфейс менен таанышуу жана электрондук таблицалар менен иштөө ыкмаларын үйрөнүү. -
Электрондук табицалардын уячаларында тексттерди, сандарды жана формулаларды жайгаштыруу эрежелерин, электрондук таблицаларын иштөө шарттарын карап чыгуу. -
Окуучуларды маалыматты киргизип, иргеп жана сорттоого үйрөтүү. -
Формулалар, шилтемелер жана функциялар менен иштөө. -
Мастер диаграммды колдонуп, диаграммаларды жаратуу, диаграммалардын элементтерин кошуу жана форматтоо. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 2-чейрек | 8 | | | | |
2.3 | Презентациялар -
Технология жана мультимедиага байланыштуу негизги түшүнүктөрдү ситемалаштыруу; дизайн, сүрөт, видео жана башкаларды колдонуп, жөнөкөй презентацияларды түзүү. | 4 | | | -
OpenOffice.org Impress тиркемесинин интерфейсин өздөштүрүү; слайд жана презентацияларды түзүү технологиялары тууралуу түшүнүк берүү. -
Презентацияларды форматтоонун негизги мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө: слайддарды, тексттерди, сүрөттөрдү кошуу, тизмелерди түзүү ж.б. -
“Анимация” түшүнүгүн карап чыгуу, конкреттүү мисал аркылуу презентацияда анимацияны колдонуу жолдорун көрсөтүү, презентациядагы анимацияны тууралоо жөндөмүнө ээ болуу боюнча окуучулардын ишин уюштуруу. | |
|
3 бөлүм | Программалоо (5 тема) | | | |
3.1 | Python программалоо тили | 3 | | | Компьютерде программалоо чөйрөсүн орнотуу процесин карап чыгуу, интерфейс менен таанышуу. -
Базалык функцияларын изилдөө: print, input, randint. -
“Өзгөрмө” түшүнүгүн киргизүү -
Сандарды кошуу боюнча жөнөкөй программаны жазуу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 3-чейрек | 10 | | | | |
3.2 | Маалыматтардын түрлөрү жана алардын үстүндө жасалчу операциялар | 3 | | | -
Маалыматтын түрлөрүн карап чыгуу (int, float, bool, str) -
Python программасындагы арифметикалык туюнтмаларды жана сандар менен болгон операцияларды үйрөнүү. -
Маалыматтарды киргизүү жана чыгаруу. -
Адашкан сандарды чыгаруучу программаны колдонуу. -
Math модулунун стандарттык математикалык функцияларын карап чыгуу. | |
3.3 | Шарттуу операторлор | 3 | | | -
Окуучуларды шарттуу операторлордун жардамында бир катар альтернативдик шарттар менен жөнөкөй программаларды жазганга үйрөтүү. -
Окуучуларга салыштыруу операторлорун колдонуп, жөнөкөй программаларды жазууну үйрөтүү. | |
3.4 | while жана for циклдары | 3 | | | | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 4-чейрек | 7 | | | | |
4 бөлүм | Компьютердик тармактар жана интернет (3 тема) | | | | | |
3.1 | Татаал издөө сурамдары | 1 | | | -
Окуучулардын дүйнөлүк желе боюнча түшүнүктөрүн жалпылап, системалаштыруу. -
Интернет тармагындагы маалыматтарды издөө ыкмалары жана издөө системаларынын иштөө принциптери тууралуу маалыматты системалаштыруу. -
Татаал издөө сурамдарын түзүү эрежелери менен таанышуу. | |
3.2 | Сайттардын конструкторлору | 3 | | | -
Сайттын “кыймылдаткычы” түшүнүгүн киргизүү (content management system – CMS) – сайттын ичиндегилерди башкаруу системасы. -
Wix платформасынын үлгүсүндө, сайттын мазмунун түзүү, иреттөө, редакциялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу: документ жана медиафайлдарга толтуруу ж.б. | |
3.3 | Электрондук почта жана булуттук тейлөө | 2 | | | -
Окуучуларды электрондук почтаны колдонууга үйрөтүү (эгер окуучунун э-почтасы жок болсо, жаңысын түзүү шарт). Туура логиндерди жаратуу эрежелерин сактоо зарыл. -
Окуучуларды Google Диск кызматын пайдаланууга жана башкаларга ал жактагы маалыматты колдонуусуна түрдүү деңгээлдеги уруксат берүүгө үйрөтүү. -
Окуучуларды Google документтери (тексттик, таблицалык, презентациялар) менен иштөөгө, ошондой эле документтер менен папкаларды чогуу редакциялоого үйрөтүү. -
Окуучуларды Google котормочулары менен иштөөгө үйрөтүү. -
Окуучуларды Google Maps менен иштөөгө үйрөтүү – каттамдарды түзүү, аралыктарды аныктоо ж.б. (муктаж болсо мобилдик каражаттарда дагы). | |
| Текшерүү иши | 1 | | |
| Резерв | 1 саат | | |
8 класс (68 саат) | |
№ | Тема | саат | Мөөнөтү | Факт. Дата | Аткарылчу окуу тапшырмалары | |
| 1-чейрек | 16 | | | | |
1 бөлүм | Информатика жана маалымат | | | | | |
1.1 | Логикалык туюнтмалар жана амалдар -
Төмөндөгү түшүнүктөр жөнүндө билимди системалаштыруу: логикалык туюнтма, логикалык чоңдуктар, логикалык операциялар, ошондой эле татаал туюнтмалады түзүү. | 2 | | | -
“Логика”, “Логикалык билдирүүлөр”, “татаал билдирүүлөр”, “логикалык туюнтмалар” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Негизги логикалык операциялар менен тааныштыруу (дизъюнкция, конъюнкция, импликация, инверсия, эквиваленттүүлүк). -
Логикалык операциялардын жашоодогу үлгүлөрүн көрсөтүү. -
Окуучуларды аныктык таблицасын колдонууга үйрөтүү. | |
1.2 | Логика мыйзамдары | 3 | | | -
Окуучуларды логика мыйзамдары менен тааныштыруу; логикалык туюнтмаларды өзгөртүү эрежелерин тактоо. -
Логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. -
Логиканын негизги мыйзамдарын так айтууга үйрөнүү. | |
1.3 | Логикалык амалдарды чыгаруу | 4 | | | -
Логикалык теңдемелерди чыгаруу ыкмаларын карап чыгуу. -
Логикалык туюнтмаларды билдирүүлөр алгебрасынын жардамы менен чыгаруу. -
Аныктык таблицасын түзүү. | |
2 бөлүм | Компьютер жана программалык камсыздоо (2 тема) | | | |
2.1 | Программалык камсыздоо жана лицензиялардын түрлөрү | 1 | | | -
Компьютердин “программалык камсыздоосу” түшүнүгү жана анын курамы менен тааныштыруу. -
“Лицензия” түшүнүгүн киргизүү, ПК лицензияларынын түрлөрү тууралуу айтып берүү: проприетардык (акылуу) жана эркин (акысыз). -
Аналитикалык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө, конкреттүү программа кайсы программалык камсыздоого тиешелүү экенин аныктай билүүгө көмөктөшүү. -
Этикалык жана укуктук нормаларды эске алуу менен интеллектуалдык менчикке жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо. | |
2.2 | Малыматтар базасы | 5 | | | -
“Маалыматтар базасы” түшүнүгүн киргизүү. -
Маалымат базаларын уюштуруунун үч моделин карап чыгуу. -
Окуучуларга таблица түзүү, жазылгандарды киргизүү жана оңдоо эрежелерин үйрөтүү. -
Окуучуларды отчёттордун жана сурамдардын формаларын түзгөнгө үйрөтүү. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | |
| 2-чейрек | 16 | | | |
3 бөлүм | Программалоо (7 тема) | | | |
3.1 | Татаал шарттар: and, or, not | 3 | | | -
“Татаал шарттар” жана “логикалык операторлор” түшүнүгүн киргизүү. -
and логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык көбөйтүү). -
or логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык кошуу). -
not логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык төгүндөө). | |
3.2 | Тизмелер, кортеждер жана сөздүктөр | 4 | | | -
“Элемент”, “тизме”, “кортеж”, “сөздүк” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Тизмелердин, кортеждердин жана сөздүктрдүн синтаксисин изилдөө. -
Берилген структуралардын элементтери менен болгон базалык операцияларды карап чыгуу. | |
3.3 | Циклдык алгоримдер | 4 | | | -
Python программалоо тилинде while жана for циклдарын колдонуп, практикалык маселелерди чыгаруу. -
Колдонуучу компьютер каткан санды табууга мажбур болгон программа-оюнду талдоо. | |
3.4 | Тиркелген шартуу операциялар жана циклдар | 4 | | | -
Тышкы жана ички циклдар менен таанышуу,тышкы циклдын ички циклды чакырышынын мисалдарын карап чыгуу. -
Шарттуу операторлор менен тиркелген циклдарды колдонуп, практикалык маселелерди чыгаруу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 3-чейрек | 20 | | | | |
3.5 | Функциялар | 6 | | | -
Киргизилген функциялар жана өз алдынча жаралган функциялар тууралуу түшүндүрмө берүү. -
Аргументтердин функцияга өткөрүлүшүн карап чыгуу. -
Глобалдык жана локалдык өзгөрмөлөрдү колдонууну өздөштүрүү. -
Маанилерди функциядан кайтаруу, return колдонуу. | |
3.6 | Массивдер | 5 | | | -
“Массив”, “массивдин элементи” түшүнүктөрүн киризүү. -
Python тилинде массивдер менен иштөө үчүн тизмелер колдонулаарын окуучуларга маалымдоо. -
Массивге маалыматты киргизүү ыкмалары, ошондой эле тизмелердин генераторлорун пайдаланып, randint функциясын колдонууну үйрөнүү. -
Белгилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн тизмедеги элементтерди топтоо. | |
3.7 | Саптар жана алар менен болгон операциялар | 4 | | | -
“Сап”, “кесик” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Саптарды жасалгалоо үчүн кесиктерди пайдаланууну үйрөнүү . -
lower, split, join, find, replace, reverse ж.б. саптардын ыкмаларын изилдөө. -
Саптардын ыкмалары, саптарды салыштыруу жана сорттоо боюнча практикалык маселелерди чыгаруу. | |
3.8 | Саптарды форматтоо | 4 | | | -
“Шаблон” түшүнүгүн киргизүү. -
format() жана оператор % функцияларын колдонуудагы айырмачылыкты карап чыгуу. -
int, float, str стандарттык функцияларды колдонуу менен сандарды саптарга жана саптарды сандарга өзгөртүү ыкмаларын териштирүү. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 4-чейрек | 14 | | | | |
3.9 | Python программасында графика менен иштөө | 6 | | | -
Программада # белгисинен кийин эле жазылчу комментарийлерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске салуу. -
Turtle модулун орнотуу, калемди иштетүү, графика үчүн терезечеде жөнөкөй геометриялык фигураларды жаратуу. -
Текстти киргизип, ошондой эле графика үчүн терезечеде аны форматтоо. -
Өнүккөн графиканы жаратуу үчүн Tkinter модулунда иштөө (баскычтар, чек-бокстор, рандомдук жол менен тандалган диаметрлер жана түстөр менен тегеректерди тартуу). | |
4 бөлүм | Компьютердик тармактар жана интернет | | | |
4.1 | Компьютердик тармактар -
Окутулуп жаткан негизги түшүнүктөр боюнча маалымат берүү: компьютердик тармактар, интернеттин архитектурасы, пакеттер менен алмашуу, сервер, кардар. | 2 | | | -
“Компьютердик түйүн”, “пакеттер”, “DNS”, «IPдарек», «сервер» түшүнүктөрүн киргизүү. -
Интернет түйүнүндө маалыматтарды таратуу схемасын карап чыгуу. -
Практикалык иш: Wi-Fi роутерин ырастоону өздөштүрүү (үйдө, класста) | |
4.2 | Интернет протоколдорунун түрлөрү | 1 | | | -
Интернеттеги протоколдордун иштөө принциптерин карап чыгуу: TCP/IP, HTTP, FTP, SMTP, POP3, IMAP. -
Алар эмне үчүн жана кайда колдонулаарын түшүндүрүү. | |
4.3 | Стилдердин каскаддык таблицалары (CSS) | 3 | | | -
Окуучуларга HTML-баракчасын жаратууда тексттерди форматтоо ишин жеңилдетүү үчүн CSS колдонулаарын түшүндүрүү. -
«Стиль» жана «селектор» түшүнүктөрүн киргизүү. -
CSSтеги синтаксисти карап чыгуу. -
HTML-документке стилдерди кошуу ыкмаларын изилдөө. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| Резерв | 2 саат | | | | |
9 класс (34 саат) | |
№ | Тема | саат | Мөөнөтү | Факт. Дата | Аткарылчу окуу тапшырмалары | | | |
| 1-чейрек | 7 | | | | |
1 бөлүм | Информатика жана маалымат (3 тема) | | | | | |
1.1 | Маалыматтык сабаттуулук | 1 | | | -
Окуучуларды конкреттүү маалыматка болгон муктаждыктарын өз алдынча аныктоого үйрөтүү. -
Ишенимдүү маалымат булактарын таап, фейк менен спамдарды айырмалай билүү. -
Маалыматтын сапатын кылдат анализдеп, баалап көрүү. -
Өзүнүн жана башкалардын маалыматын натыйдалуу жана этиканын чегинен чыкпай колдонууга үйрөтүү. -
Өздүк жеке маалыматты коргоого үйрөтүү. | |
1.2 | Шифрлөө жана электрондук-санариптик кол тамга | 1 | | | -
Санарип технологиялар менен электрондук документтердин доорунда адамды идентификациялоонун негизги жолу бул - ЭСК экенин окуучуларга түшүндүрүү. -
“ЭСК”, “электрондук документ”, “аутентификация”, “криптография” түшүнүктөрүн кигизүү. -
Симметриялык жана асимметриялык шифрлөөнүн механизмдери, алардын коопсуздук деңгээли менен колдонуу аймактарын изилдөө. | |
1.3 | Графикалык маалыматты коддоо | 3 | | | -
“Компьютердик графика”, “дискретизация” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Вектордук, фракталдык жана растердик сүрөттөрдүн айырмачылыктарын көрсөтүү. -
Растер сүрөттөрү үчүн түстү берүү жана коддоонун үч негизги системасын карап чыгуу: HSB, RGB жана CMYK. -
Окуучуларды RGB жана CMYK режимдеринде түстүн сандык жазылышын, сүрөттүн маалыматтык өлчөмүн, өңдүн берилген тереңдиги үчүн колдонулган түстөрдүн максималдуу санын, берилген өңдөрдүн саны үчүн түстүн муктаж болгон тереңдигин аныктоого үйрөтүү. | |
2 бөлүм | Компьютер жана программалык камсыздоо (2 тема) | | | |
2.1 | Компьютердик графика | 1 | | | -
Компьютердик графиканы колдонуу тармактарын талдоо. -
Маалыматтык маселелерди чыгаруу үчүн компьютердик графиканы тандоого кызыктыруу максатында, анын түрүн аныктоого үйрөтүү. -
3 – өлчөмдүү графика 3D – моделдөөдөн эмнеси менен айырмаланаарын карап чыгуу. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 2- чейрек | 8 | | | | |
2.2 | Робототехниканын негиздери | 4 | | | -
Роботтордун түрлөрүн карап чыгуу. -
Arduino платасы, жарык диоддор жана резисторлор менен таанышуу. -
Arduino IDE прграммалоо чөйрөсүндөгү негизги функцияады изилдөө: voide setup жана voide loop. -
Жарык диодду платага туташтырып, тиешелүү программаны жазуу боюнча практикалык иш. | |
3 бөлүм | Программалоо (4 тема) | | | |
3.1 | Рекурсия | 3 | | | -
“Рекурсия” жана “фрактал” түшүнүктөрүн киргизүү, адамдын жашоосундагы рекрусиянын мисалдарын карап чыгуу. -
Рекрусияларды колдонуу мисалдарын изилдөө (факториалды эсептеп чыгуунун үлгүсүндө). -
Рекрусиянын түз жана тескери жүрүшүнүн мисалдарын карап чыгуу. -
Түшүндүрүү: рекрусия качан циклдын ордун ээлей алат. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| 3- чейрек | 10 | | | | |
3.2 | Массивдерди иштеп чыгуу алгоритмдери | 6 | | | -
Максималдуу элементти издөө, элементтин конкреттүү берилген белгиси, индекси ж.б. боюнча издөө аркылуу масивдеги элементти табуу алгоритмин карап чыгуу. -
Массив/тизмени модификациялоо үчүн функцияларды изилдөө, практикалык маселелерде колдонуу. -
Массивдин реверси үчүн функцияларды карап чыгуу. -
Массивдин элементтерин жылдыруу алгоритмин карап чыгуу. | |
3.3 | Тизмелерди иргөө | 3 | | | -
Сорттоо ыкмаларын карап чыгуу: көбүкчө ыкмасы, тандоо ыкмасы, “ыкчам сорттоо”. -
Алар эмнеси менен аырмаланаарын жана кайсыл жерде колдонуу натыйдалуу болооорун түшүндүрүп берүү. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | |
| 4- чейрек | 7 | | | | |
3.4 | Матрицалар | 3 | | | -
“Матрица” түшүнүгүн киргизүү -
Бир өлчөмдүү жана эки өлчөмдүү массивдердин ортосундагы айырманы чагылдыруу. -
Матрицаны адашкан сандар менен толтуруу боюнча практикалык маселени чыгаруу. -
Матрицанын элементтерин жылдыруу боюнча маселелерди чыгаруу. | |
4 бөлүм | Компьютердик тармактар жана интернет (2 тема) | | | |
4.1 | Келечек технологиялар | 2 | | | -
“Маалымат” түшүнүгүн кеңетүүнү улантуу, “технология”, “кубаттуу технологиялар”, “маалыматтык технологиялар”, «келечектин технологиялары», “ жасалма интеллект”, “буюмдардын интернети”, “виртуалдуу жана кошумча реалдуулук”, “жашыл энергия” түшүнүктөрүн киргизүү. -
Топтордун арасында “Адамдын гендик модификациясы этикага жатат деп ойлойсуңарбы?” темасы боюнча дебаттарды өткөрүү. | |
4.2 | Санариптик дүйнөдөгү коопсуздук | 1 | | | -
Окуучуларды «маалыматтык коопсузук», «фишинг», «бот» түшүнүктөрү менен тааныштыруу. -
«Маалыматты коргоо», «эки фактордуу аутентификация» түшүнүктөрүнө эмне кирээрин аныктоо. -
Желеде маалыматты коргоо ыкмалары, анын ичинде ишенимдүү сыр сөздөр аркылуу сактануу жолдорун өздөштүрүү. | |
| Текшерүү иши | 1 | | | | |
| Резерв | 2 саат | | | |