СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канаттуулар майрамы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Канаттуулар биздин досубуз деген темада дубал газета, канаттуулар жөнүндө жазылган китеп, жомок, открыткалардын топтору, эмблема, альбомдор жана канаттуулар адамдын досу, уясын бузбайлы, жумурткасын албайлы, канаттуу досторду сактайлы, канаттуулар талаа санитарлары деген сөздөр жазылган чакырыктар. Мындан тышкары окуучулар кеченин жүрүшүнө ылайык кээ бир канаттуулардын сүрөтүн тартып, маскаларын даярдашат. Мисалы, балдар карганын кебин кийишет

Просмотр содержимого документа
«Канаттуулар майрамы»

Канаттуулар майрамы


Кеченин темасы: Канаттууларды тосолу

Кеченин максаты: Жазгы жаратылыштын сырларын түшүндүрүү

Кеченин жабдылышы: Канаттуулар биздин досубуз деген темада дубал газета, канаттуулар жөнүндө жазылган китеп, жомок, открыткалардын топтору, эмблема, альбомдор жана канаттуулар адамдын досу, уясын бузбайлы, жумурткасын албайлы, канаттуу досторду сактайлы, канаттуулар талаа санитарлары деген сөздөр жазылган чакырыктар. Мындан тышкары окуучулар кеченин жүрүшүнө ылайык кээ бир канаттуулардын сүрөтүн тартып, маскаларын даярдашат. Мисалы, балдар карганын кебин кийишет.


Алып баруучу:

Жаз келди деп куштар сайрашат,

Миң түрлөнтүп тилин кайрашат.


(Келгин куштар сырттан киришет).


Алып баруучу: Кел, келгиле меймандар, эмнеге кечигип калдыңар?


Кара чыйырчык (1-окуучу):

Кайтып келдик сагынып,

Кабак чытпай кабыл ал.

Алып баруучу:

Ой анда жок капабыз,

А биз күтүп жатабыз.


Келгин куштар: Ассалому алейкум, балдар?


Балдар: Алейкум ас-салам.


Алып баруучу: Кана эмесе анда, батыраак төргө өткүлө.


Келгин куштар: Ой, рахмат, рахмат!

Балдар канаттууларга уяларды белекке беришет жана канаттуларды даярдалган орундарга жайгаштырышат.


Бир окуучу канаттууларга суроо менен кайрылат:


Алыс жактан келдиңер, келгин куштар,

Көкүрөктө алоолоп сагынычтар.

Кыйкуулаган эң назик үнүңөрдө,

Айткылачы деги кандай жаңылык бар?


Каркыра (1-окуучу)

Жол жүрдүк элди көрдүк эчен-эчен,

Кол булгап баш ийкешип эсендешкен.

Ойлору ал балдардын башка десек,

Алар тынчтыкты эле каалайт экен.


Окуучулар музыка менен «Тынчтык керек» деген ырды аткарышат.

2-окуучу:

Шыргыйда сарай орногон,

Сарайда ырчы ойногон.

Үнү мукам сыбызгып.

Анын аты …


Балдар: Чыйырчык.


3-окуучу:

Кара чыйырчык көрсөңөр,

Урбагыла таш менен.

Там башына кооздоп,

Үй салгыла кеп кенен


4-окуучу:

Кыш куюп ылай чылабайт,

Ичи-тышын шыбабайт.

Колуна аспап кармабайт,

Салат үйүн укмуштай.


Балдар: Чабалекей.


5-окуучу:

Чабалекей чакылдап,

Учуп келди шакылдап.

Алыс жактан келгени.

Жаз кабарын бергени.


6-окуучу: Эрте жазда талаа торгойдун шаңдуу үнүнө бөлөнөт. Ал анча чоң эмес күрөң бозомук түстөгү куш. Курт-кумурска, жөргөмүш, чегирткелер менен азыктанат.

7-окуучу:

Сайра торгой тилиң катпасын,

Мен гана эмес жылан мактасын.

Сайра-сайра конбо сен жерге,

Абадагы алтын тактасың.


8-окуучу: Турнанын 15 түрүнөн жетөө эл аралык Кызыл китепке катталган. Бизде чыгыш турнасы жашайт. Уясын сазга камыштардын арасына салат.

9-окуучу:

Көкөлөп учкан көк турна,

Достошуп элдер көп жылга.

Дүйнөдө тынчтык болсун деп,

Биз ырдайлы.сен да ырда (баары чогуу айтышат).


10-окуучу: Кашка чымчык төбөсү, желкеси, канаттары көгүш түстө. Булар саатына 100 дөн ашык курт-кумурска жейт.


11-окуучу:

Келгенби уя салар убагына,

Чымчыктар тынч бербеди кулагыма.

Өбүшүп чымчык менен дос болоюн,

Жеткиче өмүрүмдүн акырына.


Инсценировканы алты кыз аткарат. Апасы келип мындай сунуш кылат (музыка менен):

Балдарым көңүл бургула,

Баарыңар катар тургула.

Денени чыңдап маштайбыз,

Азыр көнүгүү баштайбыз.

(кыймылын көрсөтүп, кооз үн менен айтат)


Кана, катарга келгиле,

Бутту түзөп, канат кергиле.

Акырын, шашпагыла,

Бириңер да качпагыла.

Ошон үчүн, бир, эки … деп,

Санай баштагыла.


Жөжөлөр бири-бири менен чукчуңдап урушушат. Апасы ачууланып, жүнүн үрпөйтүп, канатын кагат. Акырында апасынын тилин алышат, бирок дагы эле буттары эп келбей чалыштап, жыгыла жаздап, көпкө кыйналышат (ушул кыймылдарды балдары жасайт). Энеси бут шилтеп, канатын сермеп, кайрадан буйрук берет: Мейли жыгыл, мейли чалышта, канат сермеп, бут шилтеп, апаңдан калышпа, учурунда машыкпай, учуу кыйын алыска. (Жөжөлөр телчигип, энесин туурап артынан кетишет).

«Жөжөлөрүм» деген ырды кыймыл менен жалпы ырдашат.


Бир окуучу: Каркыра турнадан кечирээк, көгүш, боз түстөгү куш. Ысыккөлдө, Соңкөлдө, Атбашыда уялайт.


Андан кийинки окуучу:


Алыс жактан келишет каркылар,

Көл үстүнөн учушат кайкып алар.

Каркылар, сүйкүмдүү каркыралар,

Каркыралар, күчү бар тартып алар.


Дагы бир окуучу: апрелдин аягында токойдун арасынан жана бактардан (магнитофонго жаздырылган күкүктүн үнү угулат) кү-күк деген үн чыгат.Уя салбайт, жумурткасын башка уяга ташып кетет, - деп айтат.

Андан кийин музыканын коштоосунда «Күкүк» деген ыр аткарылат.

Кереметтүү Ысыккөлдө ак куулар уялайт.

Көл үстүндө агарган,

Булут эмес. кар эмес.

Сүзүп жүргөн тээтиги,

Ысыккөлдүн ак куусу –


деп дагы бир окуучу айтат. «Ысыккөл вальсы» музыкасынын коштоосунда кыздар ак куу бийин бийлешет.


Карганын ролун аткарган балдар жана дагы төрт бала «Каргалар» деген инсценировканы аткарышат.


Балдар:

Каак-каак каргалар,

Балапандар кайда бар?

Уя жасап алалык,

/йгө алып баралык.

Силер учуп жүргүлө,

Эркин ойноп күлгүлө.


Каргалар:

Балдар, балдар баргыла,

Ойнуңарга кангыла.

Биз балапан бербейбиз,

Биз силерге келбейбиз.


Балдар:

Карга, карга какылдак,

Тургулачы какылдап.

Биз уяны табалык,

Жумуртканы алалык.

Какылдаган көк карга,

Баарыңарга бир чалма.

Балдар чалма ыргытышат. Каргалар тарап качышат. Балдар жумуртка издеп табышат. Карга болгон балдар каргалыкты таштап, кадимки балдар болуп калышат. Жумуртка тапкан балдардын алдынан чыгып, соогат сурашат.

Соогатчылар:


Соогат, соогат, курдаштар

Бир тилектүү сырдаштар.

Жумурткачылар:

Болсун, болсун бөлөлүк,

Бөлбөй чогуу көрөлүк.

Бөлбөй чогуу көрөлүк.

Кечени мугалим жыйынтыктайт.

5



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!