Просмотр содержимого документа
«Канча тил билсең, ошончо дил билесиң.»
Канча тил билсең, ошончо дил билесиң.
Сабактын максаты:Окуучуларга кыргыз тилинин улуулугун,көркөм сөздөргө бай экендигин жеткирүү.Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу эне тилинен байкала тургандыгын баалай билүүгө багыттоо.”Өнөр алды кызыл тил”деген сөздүн айланасында талкуу уюштуруу.Балдарды сөздү барктай билүүгө, таза, маданияттуу сүйлөөгө тарбиялоо. Мамлекеттик тилдин күнгой – тескейи жөнүндө да пикирлешүү.
Өнөр алды кызыл тил.
Кеп көрку – тил, ойдун көркү – сөз болот.
Кишиде – жүз, жүздун көркү – көз болот.
Кыргыз эли тилге , сүйлөө маданиятына артыкча маани берген эл болгондуктан,” өнөр алды кызыл тил” дешкен.
Эне тил!
Кандай жөнөкөй , кандай терең, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.
1989-жылы 23- сентябрында мамлекеттик тил жөнүнө мыйзам кабыл алынган эле.Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун.-дешет эмеспи.
Тил- бул нечендеген кылымдарды карытып, урпактардан урпактарга көөнөргүс касиетин менен улаган улуу көчүн улаган тарыхы. Улуттун улуулугун сактаган эне тили. Улуу акын Р. Гамзатов:”Эгер эртең алар тилим жок болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым”-деп жазат.
Анын сыңарындай, кыргыз эли да,өз эне тилин сүйүп жана аны кылымдардан кылымына кастарлап сактап келүүдө.
“ Адамдын эне тили - анын жан тамыры”.”Дил бермети – тил” демекчи,жан дүйнөдөгү ой – тизмектерин тил аркылуу билдиресин да. Ошондуктан тээ алмусактан келе жаткан булбул тилдүү таңдайынан чаң чыккан,күлкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таң атырган кыргыз элимдин урпактарына бал татыган бата кеби менен Умай энебиз да батасын берет:
Касиеттүү кыргыз элибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда, кыргыз тили жоголбосуна,дүйнөлүк башка тилдер менен тең тайлаша өнүгүшүнө ишенебиз.
“Эне – бул мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – бул эне сүтү менен кошо сиңген абиир”- деп айткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов.