-----------------облусу ,----------------------району
Адибай Маматов атындагы №66 орто мектеби
Темасы : Кыргыз өлкөсүндөгү кыргыз жарандарынын укуктары
Мугалим: Ажимаматова Нуриля
2024 жыл
Тегерек столдун темасы : Кыргыз өлкөсүндөгү кыргыз жарандарынын укуктары
Сабактын максаты :
1. Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, сабырдуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоону сактоо.
3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү
Күтүлүүчү натыйжалар:
А. Окуучулар балдардын укуктары, милдеттери жана балдар укугу тууралуу конвенция, балдар кодекси жөнүндө билишет.
Б. Окуучулар билгендерин эркин айтышат. Балдардын милдеттерин жана укуктарын эркин жайылта алышат.
В. Окуучулар бири-биринин эркиндиги менен укугун баалоого жана урматтоого тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
Натыйжага жете алат: эгерде окуучу балдардын укуктарын, милдеттерин, Балдар укуктарынын Конвенциясын жана Балдар Кодексин так билсе.
Натыйжага жете алат: эгерде окуучу өз оюн далилдүү айтып берүүгө калыптанса, теманы кунт коюп укса, ойлонуусу терең болуп, кызыгуусу артып жаңыланса.
Натыйжага жете алат: эгерде окуучу мыйзамдарды билип урматтаса, алган билимин турмушта так колдоно алса, укуктарын билип далилдесе.
Сабактын милдети: когнитивдик же таанып билүү, ишмердүүлүк жана баалуулук.
Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү.
Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү, аралаш сабак.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, сүрөттөр, компьютер, проектор, интерактивдүү доска ж.б. “
Сабакта колдонулган программалар: Повер Поинт, Санва, Кахут, мугалимдин калькулятору.
Сабактын жүрүшү. Сабактын этаптары:
Мотивация уюштуруу, шыктандыруу.
Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо.
Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү.
Окуучуларга макалдарды улап кетүү шарты менен таратмалар берилет.
1. Атанын кадырын балалуу болгондо билерсин, ата-энеңдин кадырын балалуу болгондо билерсин.
2. Акылдуу бала элпек, акылсыз бала тентек.
3. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?
4. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу.
5. Балаңды өзүм дебе, эрке багып.
Таратмалар түсү боюнча топторго ажыратылат.
Окуучулардын иш-аракети:
1. Мугалим менен бирге жагымдуу маанай түзүүгө катышат.
2. Мугалим берген макалды улап кетет.
3. Таратмалар боюнча топко бөлүнүп отурушат.
Балдардын билим деңгээли негизги жана предметтик компетенттүүлүк критерийлери боюнча бааланат. Окуучуларды кызыктырып “азаматсыңар”, “дагы эмнени билесиңер” деген сыпаттама айтылып баа коюлат.
теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоодо окуучулар:
1. Тема жана анын максаты менен таанышышат.
2. Доскага илинген плакаттардан кыскача түшүндүрмө берилет.
3. Тема окуучулар менен бирдикте талкууланат.
Окуучулардын иш-аракети:
1. Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат.
2. Мугалим менен бирдикте тема тандашат.
3. Ошондой эле ал темага максат коюшат.
Мугалимдин түшүндүрмөсү;
Жарандык укук – өзүнө жарандык укук илимин, жарандык укук сабагын, жарандык мыйзамдарды камтыган укук тармагы. Мүлктүк жана ага байланышкан жеке мүлктүк эмес байланыштар анын негизги өзөгүн түзөт. Мыйзамда каралган учурларда Ж. у. адам укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле материалдык эмес жеке кертбашына тийешелүү убайларын (мүлктүк эмес жеке мамилелерин, м.: адамдык абийири менен ар-намысын коргоону) коргоого багытталган мамилелерди жөнгө салат. КРде Жарандык кодекс анын негизги булагы болуп саналат.
ЖАРАНДЫК УКУК ОБЪЕКТИЛЕРИ – жарандык укук мамилелери пайда болгон материалдык жана материалдык эмес (байлыктар)жыргалчылыктар. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. о. буюмдар, акча жана баалуу кагаздар, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар.
Бул укук жөндөмдүүлүгүн толугу менен ишке ашыруу үчүн жаранда аракетке жөндөмдүүлүгү болушу керек.Аракет жөндөмдүүлүгү толугу менен жаран 18 жашка толгондо келип чыгат.
Мугалим аудиторияга төмөнкү суроолор менен кайрылат (проблемалык ой –жүгүртүү методун колдонсо болот):
Татыктуу жаран болуу үчүн кесипкөйлүк гана жетиштүүбү?
Кыргызстандын жараны үчүн ар-намыстын, элин-жерин сүйүүнүн, мекенчилдиктин, абийирдин, жоопкерчиликтин ролу канчалык?
Эскертүү: суроолор башкача түзүлүшү да мүмкүн, бирок нарк концепти менен кесипкөйлүктүн байланышы ачылууга тийиш
1-тапшырма. «Өзүңдү тааныштыр”. «Мен» кластерин түзгүлө. Эки-экиден болуп талкуулагыла.(уч топко тен берилет )
Жалпы талкуу:
Канча инсандыгыңыз бар?
Кандай инсандыктар өзгөрүшү мүмкүн?
Коомдун көп түрдүүлүгү менен инсандын көп түрдүүлүгү кандай байланышта?
1.Сиздин оюнузча, ким Кыргызстандын жараны боло алат?
а) төрөлгөндө эле
б) паспорт алганда
в) Кыргызстанда жашаган
г) сиздин вариантыңыз
2.Өзүнүздү Кыргыз жараны катары эсептей аласызбы?
а) ооба, толук эсептейм
б) конок катары сезем
в) жок, такыр эсептебейм
г) сиздин вариант
3.Кыргызстан менен сыймыктанасызбы?
а) ооба, сыймыктанам
б) кээде гана
в) жок, уялам
г) сиздин вариант
4.Эмне үчүн бул кесипти тандадым
а) өзүмдүн каалоом
б) ата-энемдин каалоосу
в) ЖОЖ өтпөй калып
г) сиздин вариант
5.Кесиптин ээси болгондон кийин Кыргызстанда калып иштейсизби?
а) ооба, Кыргызстандан кетпейм
б) жок, Кыргызстанда калбайм
в) Кыргызстанда кесибим боюнча жакшы жумуш болсо өз жеримде эле калам
г) сиздин вариант
2-тапшырма. Балдар, келгиле, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы менен таанышалы. (1-тиркеме)
Документти окуп, менталдык картаны түзгүлө: максат, принциптер, багыттар. Концепциянын принциптерин мисалдар менен түшүндүргүлө.
3-тапшырма. Топто өзүңөрчө талкуулап, төмөнкү суроолорго жооп бергил
Кырдаалдарды (кейстерди) талкуулагыла.
1 топ
1-кырдаал. Башкаларга сабырсыз мамиле кылуу
Коомдо “башкага” – түрдүү диний жана этникалык топторго, майыптарга карата чыдамсыздык өкүм сүрүүдө.
Көп түрдүүлүгүн сыйлабоо коомдун биримдигине кандай таасир этет?
Башка этностук топторго (улуттарга), динге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата сабырсыздыкты кантип жеңе алабыз?
2 топ
2-кырдаал. Жарандык укуктары жана милдеттери
Коомдо адамдар өз укуктарын билип, талап кылышат, бирок мамлекет алдындагы милдеттерин аткарбаган кырдаал түзүлүп жатат.
3 топ Кыргыз жараны укук кол тийбестик баарыбызга бирдейби?
1 топ : Кыргыз жараны деген эмнени билдирет?
2 топ : кандай укуктарыңар бар?
3 топ : Үй-бүлөдө, мектепте кандай милдеттерди аткаруу керек?
Кыргызстандын жараны деген эмнени билдирет (Кыргыз жараны)?
Кыргыз жараны – бул Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же паспорту бар, улутуна, динине, кайсы үй-бүлөдө туулганына карабастан Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Конституциясына) ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон адам.
3-Тапшырма. Топтор менен иштөө. Каарманыңар тууралуу окуяны толуктагыла. Баракка сүрөттөрдү тандап, чаптагыла. Каарманыңар үчүн сүрөттөрдү тартсаӊар болот.
(Мугалим сүрөттөрдү толуктай алат )Плакат түзгүлө: «Үй-бүлөдө менин укугум”, “Үй-бүлөдө мен милдетим», «Мектепте менин укугум», «Мектепте менин милдетим».
Төмөндөгү сүрөттөрдү, 1-тапшырмадагы
Мугалим:
◊ Окуучулар бул сабактан алынган жыйынтыктар менен бөлүшүшөт.
◊ Жыйынтыктоо үчүн төмөндөгү оюнду өткөрсөңүз, окуучуларга парталаш олтурган классташына «Мен бүгүн сага
… каалайм» деген сүйлөмдү улантып айтууларын сунуштаңыз: (сүйлөмдөр жалаң гана позитивдүү болуусу керек).
Мисалы:
Кайтарым байланыш:
Бүгүн сабакта эмнени билдим?
Мен үчүн эмне кызык болду?
Кыргызстанда жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу үчүн мен эмне кыла алам?
Мугалимдин жыйынтык сөзү: Мына балдар биз бүгүнкү сабакта силер менен адам укугу жөнүндө кенири баарлаштык.Ар бирибиз өзүбүздүн укугубузду билип,ошого карап жол тутканыбыз биздин утугубуз экен.Ошону менен бирге башкаларды да өзүбүздөй ойлоп,алардын да укугун, кол тийбестигин тебелебестен мамиле кылганыбыз оң.Мамлекетибиздеги укук кол тийбестик баарыбызга бирдей экен.Кыргызстандын келечеги абийирдүү, нарктуу, өз ишинин мыкты билген кесипкөйлөрдүн колунда экендигин баса белгилөө. Кыргызстанды өнүктүрүү, аны көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин гана милдет. Кыргызстан “Кыргыз жараны” үчүн гана ыйык, биз башка жакка кетсек дагы, кайрылып келээр жерибиз ушул, башка жактан бактыбызды тапсак да, ата-бабабыз мурастап кеткен, бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер ушул, биз кай жерде болбойлу, биздин мекенибиз — Кыргызстан. Аны коргоо, аяр мамиле кылуу, сүйүү, аздектөө, өнүктүрүү биздин милдет. Ал эми өз кезегинде мамлекетик органдар ар бир жаран коопсуз, ынгайлуу шартта жашап, татыктуу эмгектенүүсүн камсыздоосу зарыл.
Сабакты “Алга, Кыргызстан!” (Азиз Батыровдун ыры) менен аяктоо