Просмотр содержимого документа
«Каратма сөз 9-класс»
Кыргыз тили 9-класс
Мугалим:
Алыбаева Айжан
Саламатсыңарбы, окуучуларым.
Кутмандуу күнүңөр менен!
Баарыңарга жагымдуу
маанай каалайм.
Балдар, маанайыңар ачык болсун,
билимиңер терең болсун,
күнүңөр көңүлдүү болсун.
Сабактын темасы:
Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр.
Каратма сөз.
Бүгүнкү сабакта:
* Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр жана каратма сөз анын түзүлүшү боюнча маалымат алабыз.
* Каратма сөздөрдүн сүйлөмдогү ордун, анын милдетин аткаруучу сөздөр, сөзтизмектери боюнча билебиз.
* Каратма сөздүн маанисин, грамматикалык түзүлүшү боюнча маалымат алабыз.
Каратма сөз
Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр.
Киринди сөз
Сырдык сөз
Сүйлөм тутумунда ой-пикирдин кимге арналгандыгын, эмнеге кайрылуу иретинде айтылгандыгын билдирүүчү сөз же сөздөрдун тизмеги да болот:
1) Көкөтөй чалга аш бердик, Манас,
Ашка аралаш баш бердик, Манас. («Манас»)
2) Суугуңду өз мойнума алайын
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
(Алыкул)
Каратма сөз
Сүйлөмдө айтылган ойдун кимге, эмнеге арналгандыгын билдирүүчү соз же сөздөрдүн тизмеги каратма сөз деп аталат.
Каратма сөз
чакырык
кайрылуу
интонациячы менен айтылат.