№3 сабактын планы.: Сөз байлыгы
Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору: Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)? Көпчүлүк балдар окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу? Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы? Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы? Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы? |
Жүгүртмө.
Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.
Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкындагы буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жазып,сүрөттөрдү тартып же тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.
Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт
Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого бардык балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап бериши керек. Ошондой эле тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.
Сабактын планы. 5 мүнөт
Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап бериши керек.
Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт
Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга суроолорду окуу башталганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуу бүткөндөн кийин бериши керек. Бул класска окуу учурунда «Карга менен түлкү» деген Эзоптун тамсили окулат.
Окуганга чейин:
Мага түлкүнү көрсөткүлөчү (түлкүнүн сүрөтүн бала көрсөтүп берүүсүн сурангыла).
Мага карганы көрсөткүлөчү (карганы көрсөтүп берүүсүн сурангыла).
Түлкү абдан айлакер жаныбар дешет. А силер «айлакер» деген эмне экенин билесиӊерби?
Бул эгерде адам айлакер болсо, эмнени кааласа ошону алуу үчүн көптөгөн айлаларды таба алат дегенди билдирет. Кандай ойлойсуӊар, айлакер болгон жакшыбы? Эмне үчүн?
Бул аӊгемеде түлкү абдан айлакер деп туура айтышабы, угуп көрөлү. Силер угууга даярсыӊарбы? Анда баштайлы.
Карга менен түлкү.
Бир жолу Түлкү бир кесим быштакты оозуна тиштеп алма бакта отурган Карганы көрдү. «Мен абдан ачкамын, мобу быштак менин шилекейимди куюлтуп жатат. Мен аны алышым керек», - деп түлкү ойлонду.
Түлкү дарактын түбүнө келди дагы Карга менен сүйлөшө баштады. «Саламатсыӊбы, татынакай Карга, - деди түлкү.
- Сен бүгүн кандай сулуусуӊ: сенин жүндөрүӊ кандай жылтылдак, сенин көздөрүӊ дагы сонун жалтылдашып. Балким, сенин үнүӊ да сонун чыгаар, бардык куштардыкынан кооз чыгаар, мага ырдап берчи? Мага бир гана сенин ырыӊды угууга мүмкүндүк бер, мен сен бардык куштардын ханышасы деп айтайын».
Карга башын өйдө кылып, ырдай албаса дагы кыйкыра баштады. Бирок ал оозун ачары замат быштак жерге кулап түштү. Аны түлкү илип алып, жеп койду.
«Мына ушундай» - деди Түлкү. –Мен каалаган ушул гана болчу. Сенин быштагыӊ үчүн мен сага бир кеӊеш беремин. Сени артыкча мактагандарга сен эч качан ишенбе, сен аларга бир нерсени алыш үчүн керексиӊ».
Окугандан кийин:
Силерге аӊгеме жактыбы? Келгиле, ал жөнүндө сүйлөшөлү.
Аӊгеменин башкы каармандары кимдер?
Түлкү каргадан эмнени алгысы келди? Түлкү Каргадан быштакты кантип алды?
Биз башында айткандай Түлкү абдан айлакер жаныбар. Бул аӊгемеде аны чын эле айлакер деп айткандай Түлкү эмнени жасады?
Бирдей мааниге ээ болгон сөздөр синонимдер деп аталат. «Талаш» деген сөзгө силер кандай синоним таба аласыӊар? «Айлакер» деген сөзгөчү?
Карама-каршы мааниси бар сөздөр антонимдер аталышат. «Акылдуу» деген сөзгө кайсы антонимдерди тандай аласыӊар? Ушул сөздү Каргага карата пайдалана аласыӊарбы? Эмне үчүн?
Көнүгүүлөр үчүн убакыт.
Көнүгүүнүн аталышы: «Ойду топтоо»
Баяндоо: Бул оюн белгилүү категорияга ээ болгон сөздөрдү балдарга табууга мүмкүндүк берет. Бул учурда балдар алакандарын чаап, манжалары менен шакылдатышы керек.
Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: Сөз байлыгы
Зарыл болгон материалдар: жок.
Көнүгүүнүн баяндамасы: Окуучулар айлампа болуп отурушу керек. Оюн «Ой топтоо» деп аталарын жана балдар ойлорун топтоп же силер бере турган жана белгилүү категорияга жооп берген сөздөрдү табуу үчүн абдан жакшы ойлонушу керек экендигин түшүндүргүлө.
Мисалы: Эгерде сиз «мөмө –жемиштер» категориясын айтсаӊыз, анда балдар кезеги менен мөмө-жемиштердин атын айтышы керек. Алар мурда айтылган мөмө-жемиштердин аталыштарын айта алышпайт. Оюн учурунда балдар сөздөрдүн ыргагына жараша үндөрдү чыгарышат: колдору менен тизесин чабышат, оӊ же сол колунун манжалары менен шакылдатышат. (сол кол менен тизеге чабуу, алакандарды чабуу, оӊ кол менен шакылдатуу – сөз). Эгерде балдардын бири зарыл болгон сөздү айта албаса оюн токтотулат. Сиз ар кандай категориялар менен үч раунд ойной аласыз (б.а. жаныбарлар, жер жемиштер, гүлдөр ж.б.)
Тарбиячы: Бүгүн биз өзүбүздүн сөз байлыгыбызды өнүктүрө ала турган оюнду ойнойбуз. Бул сөз «Ойду топтоо» деп аталат. Бул сөз ойду топтоп туруп, ойлонуп айтуу дегенди билгизет. Силердин милдет: мен берген белгилүү категорияга жооп берген сөздү табуу. Мисалы, эгерде мен «Мөмөлөр» деген категорияны берсем, силердин ар бириӊер кезеги менен бирден мөмөнү айтышыӊар керек. Оюн силердин бириӊер тиешелүү сөздү айта албай калганга чейин уланат. Мурда айтылган сөздөрдү силер кайталабагыла. Биз төрт деген эсеп менен ойнойбуз: биз бутту бир деген эсепте алакан менен чабабыз, эки –деген эсепте алакандарды чабабыз, үч деген эсепте сол колдун манжаларын шакылдатабыз, төрт деген эсепте сол колдун манжаларын шакылдатабыз. Даярсыӊарбы, анда баштайбыз. |
Оюндун кошумча ыкмалары: категориялардын ордуна сиз ошондой эле башка эрежелерди пайдалана аласыз. Мисалы: «Уйкаш сөздөр» , «С тамгасынан башталган сөздөр», «Үч тыбыштуу сөздөр» ж.б.
“Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт
Антонимдердин карточкалары
Сулуу Түрү суук Жакын Алыс |
Сабакка даярдык: кагаздын же картондун барактарын, калемдерди, карандаштарды, же маркерлерди даярдагыла.
Баяндама: Бул көнүгүүдө балдар картондун ар түрдүү четтеринде жазылган карама- каршы маанидеги сөздөр антонимдердин карточкасын жасоосу керек. Балдар ошондой эле карама-каршы маанисин көрсөтүү үчүн өз карточкаларында буюмдун аттарын да жазып коё алышат.
Портфолио/папканы толтуруу 15 мүнөт
Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же аларга жагып калган көнүгүүнү же Окуу лагерине байланыштуу башка бир сүрөттү тарта алышат.
Бүгүнкү аӊгемеден балдар эстеп калган сөздү портфолиосуна жазып коюусун сурангыла. Эгерде алардын колунан келсе, ал бул сөз эмнени билдирерин тартып же бул сөздү камтыган сүйлөмдү жазууну сурангыла.