Просмотр содержимого документа
«Касиеттүү ыйык Сулайман тоо.»
Сулайман тоо касиеттүү, ыйык тоо
Максаты - бул проектин негизги максаты Сулайман тоонун табигый жаратылышын сактап калуу болуп эсептелет. Сулайман тоонун тарыхый мурастарын жаш муундарга жеткирүү биздин милдетибиз.
Актуалдуулугу - касиеттүү ыйык Сулайман тоо, өзүнүн табигый жаратылышы, байыркы эстеликтери менен аларды сактап калуу үчүн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилди. Сулайман тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилиши келечектин жана бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.
Сулайман тоосу байыртадан айланасындагы, жалпы эле чөлкөмдө жашаган элдер үчүн ыйык туткан, касиеттүү жай катары бапестелип, кызмат кылып келген. Анын таржымалы тээ байыркы доорго барып такалат. Ал алгач заростризм динин тутунгандардын, андан кийин мусулмандардын ыйык жери катары маалым. XV кылымда жашап өткөн Өзгөн ээлигинин вазири Султан Мази тоонун түштүк чыгыш чокусуна өзүнө жайкы резиденция салдырган.Сулайман тоо ошол мезгилде эле мусулмандардын эң көрүнүктүү жайларынан болгон. Кыргызстандын эң баалуу 6 эстеликтеринин бири болуп саналган Сулайман тоонун касиеттүүлүгү жана тарыхый-маданий эстеликтерин уникалдуулугу эске алынып, ал жакында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009- жылдын июнь айында киргизилген.
Жаратылышка аяр мамиле кылуу, коргоо жана анын байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу ар бир жарандын ыйык милдети. Ал эми жаратылыш бул бизди курчап турган ар түрлүү жердин бети, анын үстүндөгү аба массасы, суулар, топурактар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар, т.а. биз жашаган табигый чөйрө. Табигый чөйрөнүн аталган бөлүктөрүнө туура мамиле кылуу, коргоо жана анын байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн алардын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы үйрөнүү зарыл. Жаратылыштын курамындагы компоненттердин ар биринин өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жана ченемдүүлүктөрдү билбей туруп жасалган адам баласынын аракеттери, өзгөчө ири масштабдагы жаратылыш процесстеринин жүрүшүнө киришкен аракеттер терс натыйжаларга алып келери дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жатат.
Жаратылыш ресурстарын пайдаланып чарбачылыкты жүргүзүүдө, жаратылыш деген бири-бири менен тыгыз байланышкан, бири-бирине көз каранды компоненттерден турган бирдиктүү организм экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Организмдин туура багытта өсүп-өнүгүшү ошол жерде жашаган калктын иш-аракеттеринин багытына түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, ар бир адам жаратылыш ресурстарынын булактарын, жаратылышты коргоонун негиздерин жана жаратылыштын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшылап үйрөнүүсү зарыл
Жаратылышты жакшыртуу максатында, көп өлчөмдө ресурстарды алуу үчүн жасаган адам баласынын чарбалык аракети көп аймактарга туташ таасирин тийгизип жатат. Мындай шартта аймактык-жаратылыш комплекстеринин табигый өсүп-өнүгүүсүн сактоонун, коруктардын пайда болушунун чоң илимий мааниси бар. Экологиялык тарбия табияттын таза, бүтүн, шайкеш болуусу адамзат үчүн өтө зарыл. Андагы биологиялык мамилелердин тең салмактуулугунун бузулуусуна жол коюуга болбойт. Ошого карабастан адам өзүнүн чөйрөсүну өзгөртүүчү активдүү эмгеги менен табигый процесске кийлигишип, жаратылыштын байлыгын өз пайдасына багындыруу үчүн кээде ал процесстерди бузуп да жиберет. Эгерде адамдын мындай ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынбаса, экологиялык мыйзам ченемдүүлүктү эске алып, пайдаланылган табигый ресурстарды кайра ордуна келтирүү үчүн аракеттенбесе, табияттын балансы бузулуп, адамзат жашоосуна коркунуч келтирүүчү процесстерге кириптер болот. Бул өңдүү дүйнөлүк адамзатка жана айрым аймактын элдерине тиешелүү экологиялык проблемалар көп.