Жаңы темага өбөлгө
|
Сулайман тоо жөнүндө ыр окуп берем.
Ыйык тоо, касиеттүү Сулайман тоо,
Сулуулар Ак-Буураңдан суу алган тоо.
Келишип кылымдарда далай пенде
Зыярат, тилек айтса уга алган тоо.
Сулуу тоо, касиеттүү, берекелүү,
Пастыктан, бийиктиктен чыңалган тоо.
Ынтымак— ырыс чачкан Сулайман тоо.
1.Ыр эмне жөнүндө болду?
2.Сулайман тоо Кыргызстандын касы облусунда жайгашкан?
3.Балдар Кыргызстан кандай өлкө?
|
Ырды угушат, мазмунун түшүнүшөт.
-Сулайман тоо жөнүндө.
-Ош облусунда.
- Кыргызстан-тоолуу өлкө.
|
Мактоо
Азаматсы
ңар!
|
|
Бышыктоо
Эс алуу көнүгүүсү
|
Тоо жөнүндөгү текстти 3 топко болүп берет.
1-топ.Ушу суроолорго даярданышат.
1.Кыргызстандын аймагында канча тоо кыркалары бар?
2.Чоң-Алай тоосу өлкөбүздүн кайсы жагында?
3.Тянь-Шань деген аталыш эмне дегенди билдирет?
4. Тоолор деп эмнени айтабыз?
5.Тоолор бийиктиги боюнча кантип айырмаланат?
6.Теңир тоо кандай тоого кирет?
7.Тоолордун эң бийиги кайсы тоо?
8. Эң узун кырка тоо кайсы?
9.Тоолор эмнеден турат?
2-топ. Ушу суроолор боюнча даярданышат.
1.Чоку деп эмнени айтабыз?
2.Чокусу менен тоо этегинин ортосу эмне деп аталат?
3.Тоолордун капталы кандай болот?
4.Чокудан ылдый жак кандай көрүнөт?
5.Тоолордун бийик жеринде эмнелер жайгашкан?
6. Сырттар деген эмне?
7.Сырттарда кар кайсы мезгилде жаайт?
8.Сырт эмне үчүн кышкы мыкты жайыт?
9.Сырттарда эмне үчүн кар тез ээрийт?
Берилген суроолорго жооп беришет.
3-топ.Ушул суроолор боюнча даярданышат.
1.Тоо этегинде эмнелер өсөт?
2.Тоо капталдарында эмнелер болот?
3.Карлуу чокуларда өсүмдүктөр өсөбү? Эмне үчүн?
4.Тоого бийик чыксаң эмне боло баштайт?
5.Өтө бийиктикте эмне кылуу кыйын болот?
6.Тоонун чокусунда күн кандай тиет?
7.Күндөн калкалоосуз айнексиз эмне көз болот?
8.Тоолордун чокуларында түбөлүк эмне жатат?
Синквейн “Тоо”
Кластер “Тоо”
Тоолордо эмнелер өсөт кластер түздүртөт
|
1- топ
1.Кыргызстандын аймагында 88 тоо кыркалары бар.
2.Чоң-Алай тоосу өлкөбүздүн түштүгүндө жайгашкан. Ал башка тоо системасы Памирге кирет.
3. Тянь-Шань деген аталыш Теңир тоо дегенди билдирет.
4.Тоолор-бул жер бетиндеги тегиз эмес участоктору,алар курчап турган аймактан өтө бийик көтөрүлүп турат.
5. Тоолор бийиктиги боюнча тайпак, бөксө жана бийик тоо болуп айырмаланат.
6.Теңир тоо бийик тоого кирет.
7.Тоолордун эң бийиги Жеңиш пиги .
8. Эң узун кырка тоо-Какшаал тоо.
9.Тоолор тоо этегинен, тоо боорунан, чокудан турат.
2- топ.
1. Чоку-тоонун эң бийик бөлүгү.
2.Чокусу менен тоо этегинин ортосу тоо боору деп аталат.
3.Тоолордун капталы тик жана жантайма болот.
4.Чокудан булуттар менен канаттуулар таман астында жүргөндөй көрүнөт.
5.Тоолордун бийик жеринде сырттар жайгашкан.
6. Сырт- суук, жарым чөлдүү түздүк.
7.Сырттарда кар жай мезгилде жаайт.
8.Сырт э кышкы мыкты жайыт, кышында кар жок болот.
9.Сырттарда түз тийген күндүн нурларынан кар тез ээрийт.
3-топ
1.Тоо этегинде терек,эмен, зараң, кайың өсөт.
2.Тоо капталдарында ийне жалбырактуу токойлор болот.
3.Карлуу чокуларда өсүмдүктөр өспөйт. Себеби,өтө суук.
4.Тоого бийик чыксаң суук боло баштайт.
5.Өтө бийиктикте дем алуу кыйын болот.
6.Тоонун чокусунда күн ачуу тиет.
7.Күндөн калкалоосуз айнексиз көз каарыгып кетет.
8.Тоолордун чокуларында түбөлүк мөңгүлөр жатат.
Топтордр түзүшөт
|
Мактоо
Мактоо
Кол чабуу менен.
Смайлик
тер
Мактоо ,
смайлик
|
|