Просмотр содержимого документа
«Казакстан республикасы»
Талас облустук чет тилдер лицей-комплекс
География
окуучу: Кутболдиева Гүлзада
мугалим: Жекшенбеков Арслан
2020-жыл
Тема:Казакстан Республикасы
Казакстан
Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет. Кыргызстандын курамына 1991 жылдан баштап кирген
Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²).
Түндүк жана батыш тараптан Орусия, чыгыштан Кытай менен, түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.
Казакстан Республикасы
- Казакстан унитардык мамлекет.
- Казакстандын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган.
- Башкаруу формасы президенттик республика.
- Мамлекет башчысы бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент.
- Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат).
- Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. (Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат).
Мамлекет- тик түзүлушү
- Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүктөр жана сары-аркалар (бийиктиги 500-600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100-250 м) 30%ин, тоолор (1000-4000 м) 20%тейин ээлейт.
- Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум жана шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт.
- Анын чыгышында эрозиялык Мугожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт.
- Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак ж. а. жана чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан.
- Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган.
- Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100-150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап кетет.
Табияты
Климаты жана калкы
- Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл жана кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана чыгышында -18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө -3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28-30°Сге чейин.
- Калкынын басымдуу бөлүгүн (67,98%) казактар түзөт (2019-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (67,98%), өзбек (3,21), украин (1,47) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын уйгур (1,47), татар (1,10%), беларус, корей, азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт.
транспорт
- Темир жолунун жалпы узундугу 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги темир жолдору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы;
- Субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түштүк Сибирь (Карталы – Астана м Кулунду – Барнаул), Түштүк Казакстан (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс).
- Автомобиль жолунун узундугу 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет.
- Труба транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык трубалардын жалпы узундугу 23,1 миң км (2006); анын ичинде газ трубалары 11,0 миң км, нефть трубалары 10,3 миң км, продукт трубалары 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу трубалар 658 км.
экспорт 62.9млрд $
Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына жана дан эгинине (60%и нефтиге) туура келет. Казакстан товарларын (экспорт наркы % менен) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5), Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат.
Импорт 38.8 млрд $
Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу өнөр-жайынын продукциялары (машина жана жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. Казакстан бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!!!