СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тоголок Молдо *Кемчонтой* поэмасы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

*Кемчонтой* поэмасы

Просмотр содержимого документа
«Тоголок Молдо *Кемчонтой* поэмасы»

Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектеби










Тема: Тоголок Молдо “Кемчонтой” поэмасы




Замирбек кызы Төркүнбү









2021-2022-окуу жылы

Тема: Тоголок Молдо «Кемчонтой» поэмасы

Сабактын максаты: а) Окуучулар Тоголок Молдонун бейнесин окушуп ,

чыгармачылыгына кенен кайрылышат.

б) Тоголок Молдонун «Кемчонтой» поэмасындагы

образдар системасына анализ жүргүзүшүп талдоого

алышат.

в) Акындарды сыйлоого, бабалардан калган улуу

мурастарыбызды ардактоого , кийинки урпактарга

өткөрүп берүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр, маркер,батман, ТСО

Сабактын методу:

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу

2) Жаңы тема.

Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо) — 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да, дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнө таанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.

“Он сегиз жашка келгенде,
Акын болдум атанып.
“Манасты” бүт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”


– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.




Суроолор:

  1. Тоголок Молдо эмне себептен Байымбет аты өчүп “молдо” макамын алган?

  2. Аталаш агасы , Тоголок Молдонун билимдүү адам болушуна салым кошкон инсан ким?

  3. Атактуу кайсы манасчыдан таалим алган ?

  4. Сатиралык чыгармасынын атын атагыла.

  5. Акындын алгачкы жолу китеп түрүндө басылып чыккан чыгармасы кайсы?

  6. Фольклордук чыгармалардан жазып калтырганы кайсы?


Окуучулар эки топко бөлөбүз.

Биринчи топ - Келечек

Экинчи топ - Үмүт.


  1. Видеоролик. “Кемчонтой” поэмасы тууралуу видеоролик көрсөтүлөт.


  1. Блумдун ромашкасы. Класстер толтурушат .


  1. Кемчонтой” поэмасынан үзүндү. Сахналаштыруу.



Алып баруучу: Кемчонтойдон кеп келет,

Акылсыз акмак деп келет.

Кемчонтойдун жоругу,

Кандай жанга эп келет.


Ажал жетип күн бүтүп

Казы атаңды дүйнөдөн

Өмүрүнчө пара жеп

Кабы толуп күнөөдөн


Атасы казы өлгөн соң

Атадан калган бир малын

Сапырып чачып жоготкон.

Түбүндө Чонтой кутулбай

Түгөнбөгөн жомоктон

Бала кезден келесоо ,

Өз акылы такыр жок.

Ар кайсыны бир айтып

Сөзү орой,оозу жок,

Жалгыз эшек малы бар.

Эшегин айтат атым деп.

Эс акылы жогунан,

Энесин айтат катын деп.

Кемчонтойду энеси Багдагүл аттуу акылдуу жанга үйлөндүрүп баласынын айласын табат.

I КӨРҮНҮШ

( Акыл ойлогон мааниде столдун үстүндө казан, тамак куючу табагы, сузгу, кашыгы, тузу бар)

Багдагүл: Балакетке кабылдым,

Ушуну эр кыламбы?

Жакпаган жаман аш жасап

Жадатсамбы жаманды.

Кемчонтой: Катын бул кандай тамагың?

Алып баруучу: Ачка жатты калганын

Экинчи тамак салганын

Көргөн жок сузгу алганын,

Алдына койду ашы суу

Чонтой салды ызы-чуу,

Суюк аш ичип жатты

Табакты катуу ыргытып

Ордунан тура калып,

Кемчонтой: Кана катын тойгонум?

Багдагүл уккун!

Бузулду катын жоругуң,

Билбедиң иштин орунун

Бир күнү ашта тузуң жок

Адамдын ичер кушу жок.

Багдагүл: Сен энтелеп барганда

Эсимди кудай алыптыр,

Колумдун чени ошондо

Энемде унут калыптыр.

Эрте барып тезирээк

Колумдун ченин алып кел.


II КӨРҮНҮШ


Кемчонтой: Кызың , барып ушундан

Акылынан адашты

Аш кылса бир күн тузу жок.

Бир күнү ашы супсуюк

Бир күнү кылат буламык

Кызыңды кемпир сынадык

Аш кылчу ченин бериңиз

Алпарып берип тыналык

Энеси: Аял кылбай кайтып бар,

Мен айтканды айтып бар

Сууну аз куйса казанга ,

Тузду дагы аз салсын

Казанга сууну көп куйса,

Тузду дагы көп салсын .


III КӨРҮНҮШ


Алып баруучу: Эсер Чонтой темселеп,

Эшегин минип энтелеп

Эл жатканда үйүнө,

Жетип барды темселеп.

Кемчонтой: Эми келдим . Ой катын!

Эшигиңди ачкының.

Багдагүл: Катын деген сен кимсиң?

Атыңды айткын билейин.

Тааныганда өзүңдү,

Анан ачып берейин

Алып баруучу: Чонтойду кудай курутту

Өзүнүн атын унутту

Кемчонтой: Эриң келди базардан?

Эшикти ач!

Багдагүл: Эрим болсоң атың ким?

Алып баруучу: Чындап кудай курутту

Чонтой атын унутту.

Үйүнө кирип унутту,

Анан адашып үйүн таппады.

Акыл-эси болбогон,

Башына тиет кесири

Көргөн менен пайда жок,

Көзүң тамдын тешиги.

Бышыктоо:


https://forms.gle/LkpRCamamb2dBH176



https://padlet.com/tonadzumabekova7/padlet-q975a8kexesp2xwv


Үй тапшырма: “Азыркы замандын “Кемчонтойлору” деген темада дил баян жазып келүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!