СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кесип тандоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Кесип тандоо»

Кесип тандоо:

Келечекте ким болгум келет.


А: Окуучуларга суроолор.

  1. Өзүңөрдү келечекте кандай сапаттарга ээ болгонуңарды элестетесиңер?

  2. Бир адам үчүн ээ болгон кесиби маанилүүбү же сапаттарыбы?

  3. Келечекте кандай мүнөздөгү адам болгуңар келет?

Б: Теманын жүрүшү.

Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста дегендей, адам өзүнүн жашоо нугун туура жолго буруп, инсандык сапаттарды толугу менен багынтуу максатында акырындап кадам ташташы керек. Жашоо ар-түрдүү сынак жана сюрприздер менен толо. Каерде, качан, кандай сынакка туш болоор экенибизди күн мурунтан билиш кыйын. Ошондуктан, күндө туш болгон окуялар биздин тажрыйба деген канатыбызды күчтөндүрүшү керек. Албетте бул биздин ар-дайым туура кадам таштаганга аракет кылышыбыз менен байланыштуу. Жашаган ар-бир күнүбүздү кечинде жатканда анализ кылып, ошол күнкү иш-аракеттерибизге туура баа бере билишибиз керек. Эгерде бир жакшылык кылган болсок, ага сүйүнүп, ката иш кылган болсок, аны мойнубузга алып, эртеси күнү оңдогонго аракет кылышыбыз керек. Адам деген кээдэ ката да кетириши мүмкүн. Бирок ички дүйнөсүндө, көкүрөгүндө “мен туура эмес иш кылбашым керек, байкабастан туура эмес ишти жасасам да аны мойнума алып, оңдоону билишим керек” деген сезими болуш керек. Коомубуздагы ар-бир адам көкүрөгүндө ушул сезимди алып жүрсө анда, эки адам урушмак эмес, эки коом урушмак эмес, уурулук, адам өлтүрүү, бирөөнүн акысына кол салуу болмок эмес.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун белгилүү сөздөрү ушул багытта жарык төгөт. Ал мындай дейт: “Адамга эң кыйыны күндө адам болуу”. Бул, күнүнө чөйрөсүндөгү адамдар менен мамиле кылганда адамдык сапатыбызды, касиетибизди сактап калуу керек, дегени.

Атасы баласынын тарбиясы начар болуп калгандыктан, чөйрөсүндөгү адамдарга мамилеси жаман болгондуктан: “Сен адам болбойсуң” деп койчу экен. Баласы бул сөздү уккан сайын ызырланып, “көрөсүңөр” деп койчу экен. Ал бала атасына өчөшүп, окуп, амбицияга берилип, чөйрөсүндөгүлөрдүн көңүлүнө карабастан бийликтин ар-бир тепкичин басып өтөт экен. Акырында өзүнүн районуна аким болуп дайындалып келет экен. Келип креслосуна чалкалап, мына эми ким адам болгонун көрсөтөөр убакыт келди деп атасын кабинетине чакыртат экен. Атасы кабинетине кирип келгенде, “мына, ата, адам болбойт деген балаң баарынан өтүп, сүрүлүп чыгып, райондун эң алдыңкысы болду. Баарыңардын башыңарга жетекчи, аким болуп келдим. Айтыңызчы, адам болбой анан ким болдум” десе, атасы үшкүрүнүп, мындай деген экен: “Балам, мен сени аким боло албайсың деген эмесмин. Сени адам болбойсуң дегенмин. Адам болгонуңда, илим-билим алып жүргөнүңдө адамдык касиеттерди да кошо үйрөнүп, ошол сапаттарга ээ болгонуңда, өз атаңды кабинетиңе алдырбастан, өзүң келип ата-энеңдин батасын алайын дебейт белең.”

Демек, биз кайсы кесипти тандабайлы, келечекте ким гана болбойлу, адамдык сапаттарга ээ болуп жана аларды сактап калгандын чарасын көрүш керек. Келечекте ким болосуң деген суроо суралса ар-бир жарандын жообу “Адам...” дегенди алдыга коюш керек.

В: Аңгеме.

Баары сенин колуңда.

Качандыр бир заманда бир шаарда акылман адам өзүнүн шакирттери менен бирге жашаган экен. Ал өтө кыраакы жана бардык нерсеге маани берген адам болгондуктан, айткандарынын баары туура чыга турган. Бир күнү шакирттеринин арасынан зиректиги менен айырмаланган бирөөсү устатынын жаңылган күнү болор бекен деген ойго келет. Анан ал оюн текшерип көргүсү келет да, устатын жаңылтуу максатында, кооз көпөлөктөрдүн бирин кармап алып, анын жанына келет. Эки колунун алакандарынын ортосуна салган көпөлөктү аяр кармап туруп устатына суроо узатат: “Айтыңызчы устатым менин колумда кандай көпөлөк бар өлүкпү же тирүүбү? “. Устаты шашпай өз ишин уланта берет. Тирүү десе, ошол замат устатынын сөзүн жокко чыгарып, өзүнүн оюн далилдеш үчүн колдору менен көпөлөктү басып өлтүргөнгө даяр болгон шакирти дагы бир жолу суроосун кайталайт. Ошондоустатышакиртинин колун карабастан көзүнө тике карап туруп: «Баары сенин колуңда, балам. Кандай кааласаң ошондой болот», - дейт.

… Жашоодо биз көп нерсени башка бир себептерден улам болгонуна ишенебиз. Ошол эле учурда жашообуздун ар бир мүнөтүндө, ар бир кадамында өзүбүздүн кабыл алган чечимибизден көп нерсе көз каранды экендигин биле бербейбиз…

Г.Накыл сөздөр.

Келечекти жакшы пландагыла. Себеби жашооңордун калган бөлүгүн келечекте өткөрөсүңөр.

Жаштардын тарбиясына көңүл бургула себеби алардын тарбиясы өлкөнүн өнүгүүсүн же биротоло жок болуп кетүүсүн чечүүчү ролдо.

Өткөндү алмаштыра албайсын,бирок келечек сенин алаканыңда.

Өткөн күнгө байланыштуу нерселер кечээки күн менен барабар кетти. Кылышыбыз керек болгон жаны нерселерге план түзүүбүз керек.






























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!