СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кесипти тандоо - келечекти тандоо. 11-класс.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кесипти тандоо - келечекти тандоо. 11-класс.»

Бекитемин:

Окуу Бөлүмүнүн Башчысы:_____________________К.Мамытканова.


Мөөнөтү: « _________» Декабрь. 2019-жыл.

Сабактын темасы: Кесип тандоо – келечекти тандоо.

Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Керектелүүчү ресурстар: Техникалык каражат, стикер , маркер.

Колдонулган усул: акыл чабуулу, күтүү дарагы , топто иштөө, герб стратегиясы, анкета, эссе,

жекече иштөө.


Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжа.

А) Билим берүүчүлүк:

Окуучулар кесиптер дүйнөсү боюнча жалпы маалыматтуулуктун деңгээлин эркин аныктоого багыт алышат.

Окуучулар маалыматты эстерине сактап, берилген багыттан чечкиндүү кадам жасай алууга үйрөнүшөт.

Б) Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар кесиптер жөнүндөгү билимди актуалдаштырышат.

Окуучулар алынган билимди турмуштарында колдоно алышат.

В) Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар кесиптин мүнөздөмөлөрү менен жөндөмдүүлүктү, шыкты салыштырышат, айкалыштырышат.

Окуучулар шыгына ,жөндөмүнө жараша кесип тандоо керектигин биле алышат.

Негизги компетенттүүлүк:

Маалыматтык компетенттүүлүгү: Алынган маалыматка карата өз көз карашын билдире

алышат, пйда болгон көз караштык системалар менен

салыштыра алышат.

Социалдык коммуникативдүүлүк: Өз максаттарын башкаларга карата урматтоо мамилесинин

негизинде өз көз караштарын маданияттуу коргой алат.

Өз ишин уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү: Максаттарга карай чечкиндүү кадам жасай алышат.


Сабактын планы:

1. Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт, ар бир топко анкета, маркерлер, стикерлер

таратылат.

2. Өтүлгөн теманы кайталоо: (10 мүнөт)

Окуучулар үйгө берилген “Келечектеги образ” аттуу жазып келген

3 мүнөттүк эсселерин окуп беришет. (Келечекте кандай кесиптин ээси болууну көздөп,

жана ал кесип аркылуу 10-15 жыл ичинде эмнелерге жетүүнү пландап жатканы тууралуу

жазышат. Бул маалымат ар бир окуучу үчүн “Жол картасын” иштеп чыгууга жардам

берет.


3. Теманы актуалдаштыруу жүргүзүлөт. ( 3 мүнөт)

Кесип деген эмне? Окуучулар ой бөлүшөт.

Кесип – бул өмүрүбүздүн үчтөн бирин өткөргөн ишибиз, алагды болгон нерсебиз.



Мугалим окуучулардан кайсы кесипти тандаганын стикерге жазып , күтүү дарагына чаптап койууларын суранат.


4. Жаңы тема: (10 мүнөт)

Сабактын максаты окуучуларга угуза айтылат.


Сабактын максаты айтылып, келечекте суроо талап жогору болгон жана ордун жоготуучу кесиптер боюнча жүргүзүлгөн мониторинг көрсөтүлөт.







Учурда Кыргызстанда суроо –талап жогору жумуштар болуп алдыңкы үчтүктө тигүүчү, айдоочу, ашпозчу турат.



Инженер.

Кыргызстанда жол куруу, кен казуу, энергетика, айыл чарба өндүрүшүндогү темир жол инженерлери бааланат.


IT кесиби.

Бул таң калычтуу деле эмес, компьютер биздин жашообузга кирди. Андыктан маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча адистиктер актуалдуу .


Маркетолог.

Рынок бар жерде сатып алуучунун суроо- талабы товардын өтүмдүүлүгү иликтөөгө алынат.


Медик.

Адамдын саламаттыгына байланыштуу кесиптер эч качан жоголбойт.


Эколог.

Жаратылышты коргоо дүйнө жүзү боюнча глобалдуу.


Мугалим.

Билим алуу бүтүндөй дүйнө элинин суроо талабы. Бул кесип да эч качан өлбөйт.


Унаа устасы.

Чет өлкөдө унааны роботтор оңдойт. Бирок бул кесип бизде жок дегенде дагы 15-20 жыл актуалдуулугун жоготпойт.


Ширетүүчү.

Ар кандай курулуш обьекттери , машина, көпүрөлөр ширетүүчүсүз бүтпөйт.


Алдыда 10 жылда жоголуучу кесиптер.


Кассир.

Өнүккөн өлкөлөрдө соода түйүндөрүндө адам кассирлердин ордуна робот кассирлер пайда болгон.

Мисалы; мындай дүкөн Англияда биринчи жолу орун алып, азыр ар бир бешинчи дүкөн электрондук касса менен иштейт.


Турагент.

Дүйнөлүк бир нече агенттиктердин жалпы сурамжылоосунда эс алууну каалагандардын 65 пайызы

саякаттоо үчүн планды өз алдынча түзүп , авиа билеттерди сатып алаары маалым болгон. Интернеттин жайылышы бул кесипти дагы жокко чыгараарына аз убакыт калды.


Почточу.

Учурда элдин көбү электрондук почта аркылуу кабарлашып калышты.


Жол кайгуулчулар.

Учурда Кыргызстнда акылдуу камералар орнотулуп жатат.







Жыйынтыктоо:


Көптөгөн жумуштар техниканын өнүккөнүнө байланыштуу азайды. Абитуриенттер андыктан социология, технология жаатындагы кесиптерди , бизнес менеджмент адистигин жана дарыгер, мугалим болушса келечекте утулушпайт.


Бизге жашоодо ардайым тандаганга туура келет: кийим сатып алганга, достошкондо, кечелерге барганда ж.б. Кээ бир тандоо жеңил болгону менен, кээ бирлери кыйын болот.

  • Оңой болгон жана тоскоолдуктарды жаратпаган тандоого мисал келтиргиле?(кийим, тамак тандоо).

  • Келечекте так калтырган , тагдырына кийин таасир берген жана аны түзгөн тандоого мисал келтиргиле? ( жубай тандоо, кесип тандоо)

  • Окуучуларга мугалим тарабынан ушул суроолор берилет жана жооптор алынат. Андан кийин мугалимдин лекциясын угушат.


Мини-лекция.

Эгер адам жашоосунда кандайдыр бир бийиктиктерге жетүү үчүн кесип тандоо, карьера жасоо максатын койсо , анда сөзсүз профилдик билим алышы керек. Бул үчүн кесиптик билим берүү системасы бар.

Кыргыз Республикасында билим берүү системасында 3 деңгээл бар.

  1. Орто билим.

  2. Атайын орто билим.

  3. Жогорку кесиптик билим.


Орто билим: Толук орто билим этабы жогорку мектепке жол ачат, эки жылдын ичинде жалпы

билим , профилдик орто мектептерде , гимназияда, лицейде окутулат. (10-11-окуу

жылдары).

Атайын орто кесиптик билим: Кесиптик билим берүү окуу жайларынын негизгилери жогорку

квалификациялуу жумушчуларды даярдаган кесиптик лицейлер ,

училищалар болуп саналат. Бул окуу жайлар төмөнкү звенодогу квалифи-

кациялуу кызматкерлерди жана жумушчуларды даярдайт.

училищада жана лицейде окуу мөөнөтүн тандаган квалификацияга

байланыштуу бир жылдан төрт жылга чейин болот. Көбүнчө күндүзгү

окуу формасы болот. Кесиптер- ээээээлектрик, жыгач уста, медайым,

тигүүчү ж.б. Азыркы кезде мамлекет квалификациялуу кадрларга муктаж

жана бул кесиптер актуалдуу.

Жогорку кесиптик билим алуу:Кыргыз Республикасындагы институттар ,университеттер ,

академиялар.Алар жогорку деңгээлдеги дистерди даярдашат.

Бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясы ар түрдүү: бакалавр –жалпы даярдык

деңгээлде болот, магистр- специализациясы бар тигил же бул багытта даяр-

дыктан өтөт. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана конкурстук негизде

кабыл алынат. Окуу формасы : күндүзгү , дистанттык негизде окуу, кечки

бөлүм .


Кайсы гана кесип болбосун жашоодо ийгиликтерге жетсе болот. Эмгек рыногунда көбүнчө жогорку

билимди талап кылбаган кесиптер керектүү болуп саналат.






Белгилүү Россиялык психолог Е.А.Климов кесиптердин төмөнкү түрлөрүн сунуштаган.

Силер кайсы түрүнө кирээриңерди жазып отургула.


Адам- адам

Ишмердүүлүк дайыма адамдар менен байланышууну талап кылат. Профессионалдык чөйрө –

Медицина (дарыгерлер, медайымдар) , билим алуу жана тарбиялоо системасы (мугалимдер,тарбиячылар, тренерлер) , тейлөө сферасы (парикмахер, стилист, сатуучу), менеджмент башкаруучу (менеджер, интервью алуучу), юриспруденция (адвокат,тергөөчү) , мамлекеттик кызмат (эл менен иштеген чиновниктер , укук коргоо органдарынын өкүлдөрү , админстратор) кирет .



Адам –техника”

Ишкердик техникалык процесстерди тейлөө иш-аракеттерин билдирет- монтаж ,оңдоо, кураштыруу, техникалык түзүлүштөрдү ишке киргизүү. Булар башкаруу звеносундагы кесиптер болушу мүмкүн. Мисалы; инженер-конструктор станоктун проектисин жасайт, мастер –куруучу

Аны чогултуп бузулбай иштеп жаткандыгын карайт, уста аны колдонот, мындайча айтканда

Станоктун жардамы менен жумуш иштерин жасайт. Жумушчу специалисттер- айдоочу , механик,электрик, жыгач уста. ж.б.


Адам –системалык белги”


Системалык белги” – маалыматты берүү жана алуу, иштеп чыгуу үчүн колдонулган белгилердин топтому. Мисалы; тил, алфавит, математикалык формулалар, эсептөө системасы,схемалар, үн сигналдары, түстөр , жарыктар системалык белги болуп саналат. Ар бир системалык белги белгилерден жана алардын аткарылышындагы белгилүү бир эрежелерден турат. Белгилерди , алардын системасын ,иштөө принциптерин изилдеген атайын семиотика илими бар. Мындай кесиптерге төмөнкүлөр кирет: котормочу, текстти басуу-тамгалар менен текстти түзүшөт же өзгөртүшөт, бухгалтер, I.T- специалист, кассир , брокер- сандар, коддор, символдор менен иштейт.Ун сигналдары менен радисттер , телефондор жана кол телефондордун специалиттери иштешет. Карталардын схемасы менен картографтар, мебелди жасоо боюнча конструкторлор , ландшафт дизайнерлери ж.б. кирет.



Адам – көркөм образ”


Көрком образ адабият сабагында бул түшүнүк менен таанышсыңар. Бул эмнени түшүндүрөт?

Философиялык энциклопедиялык сөздүк бул түшүнүккө мындай аныктаманы берет. Көркөм образ-белгилүү бир эстетикалык идеалдын позициясы тарабынан исскусстводо обьективдүү чагылдыруунун бир формасы. Композиторлор, искусство адамы, сценаристтер, журналисттер , сүрөтчүлөр ,жазуучулар ж.б лар жашоодо болгон нерсени чагылдырып көрсөтүшөт.Бул түрдүн прикладдык кесиптерде дагы образды көрүп аткарат: зергерлер, дизайнерлер,тигүүчүүлөр,өсүмдүктордү өстүрүүчүлөр ж.б.










Адам -жаратылыш”

Бул чөйрөдө иштеген адамдар жаратылышты жактырат. Жактыруу – бл алар үчүн жаратылыштын өнүгүү ченемдерин изилдөө , жаратылыш менен адамдын ортосундагы мамиледеги гармонияны жаратуу. Изилдөө предмети –тирүү жана тирүү эмес жаратылыш, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана буларга кам көрүү. Кесиптердин мисалдары –агроном, зоолог, эколог, геолог, фермер ж.б.






5. Кайтарым байланыш. (7мүнөт)

Мугалим окуучуларга лекция окугандан кийин , окуучулар “ Мен жана менин жөндөмдүүлүгүм”

аттуу анкетаны анализдешет. Керектүүсүн тегерек кылып белгилегиле!


Анкета. “ Мен жана менин жөндөмдүүлүгүм”.


Эмне үчүн жашоодо тандоо маанилүү болуп саналат?

  • Максатка жетүү үчүн.

  • Туура жол экенин билүү үчүн.

  • Ойлонуп көрбөптүрмүн.


Тандаганга айланадагы кимдер жардам бериши мүмкүн?

  • Классташтар, достор.

  • Ата-энелер, мугалимдер.

  • Эч ким, мен өзүм.

Тандоого ким жоопкерчиликтүү?

  • Ата энем

  • Мугалим.

  • Ар бир адам өзү.


Тандоого эмне тоскоолдук жаратат?

  • Максатымдын жоктугу.

  • Өзүңдүн талантыңды таануу, материалдык көйгөйлөр.

  • Билимимдин жетишсиздиги.

Менин жөндөмдүүлүгүм кайсы деңгээлге кирет?

  • Адам –адам.

  • Адам –техника.

  • Адам –жаратылыш.

  • Адам – көркөм образ.

  • Адам- системалык белги.


Мугалим окуучулардын жоопторун угуп , эми алардан кайсы кесипке тандоо жасагандыктарын

быйтыкчага жазып, күтүү дарагына чаптап чыгууларын өтүнөт.


Эгерде окуучулар сабактын башында башка кесипти тандап, сабактын акырында башка кесипти тандоосун жазса , мугалим: Эмне себептен оюу өзгөрүлгөндүгүн сурайт.







6. Бышыктоо: Герб стратегиясы. (10 мүнөт)

Герб

Кесип:


Сүрөттөө Мүнөзү

Символ:

Адам.






Биздин мамиле Айлана-чөйрөнүн мамилеси.




Девиз:

Девизди ар бир топ өздөрү ойлоп табышат.




Окуучулар өздөрү каалаган кесипти алып, аны герб стратегиясына коюп иштеп чыгышат.






Кең келечектүү кесип болбойт, келечеги кең адис болушу мүмкүн.

Келгиле башка нерседен жаңылсак дагы жубай тандоодон жана кесип тандоодон жаңылбайлы. Климовдун сунушун эске алуу менен кесип тандоодо ар бир адам өзүнүн шык жөндөмүнө жараша тандоо керектигин бүгүнкү сабакта түшүндүк деп ойлойм.

Кесип тандоодо ар бирибиз башкалардын оюн угуу менен жыйынтыкты өзүбүз чыгарабыз.







Рефлексия : Сабактагы 3 минута. (Окуучулар сабак учурундагы таасир алган

үч минутаны аташат ) .





Үйгө тапшырма : (2мүнөт )


Келечектин жол картасын түзгүлө! Бул ишти аткаруу үчүн силер келечектеги кесиптер жөнүндө маалыматты жана 10-15 жылдан кийинки элестеткен кесибиңер тууралуу жазган жанагы эссеңерди колдонушуңар керек.



Жол картасынын форматы абдан жөнөкөй. Аны да тактадан / экрандан көрө аласыңар.



Максатка жетүүнүн кадамдары.


Эмне кылуу керек?


Качан аткарылуу керек?


Окуу:



..............баллдан төмөн эмес

ЖРТ ны тапшыруу керек.


(110 балл – негизги тест жана 60 балл –предметтик)


  1. Сабактарга даярдануу.



  1. Мени кызыктырган темалар боюнча материалдар бар сайттардын тизмесин түзүү.


  1. Кошумча окуу үчүн темалардын тизмесин түзүү.


  1. .........





Дайыма.

Инсандык өнүгүү.



  1. (Интернеттен )

Кесипке багытталган тесттен өтүү жана ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу ойлонуу, же башка кесипти тандоо.


  1. Окуп чыгуу........


  1. Карап чыгуу......




Колонка 2 бөлүктөн турат .


  1. Биринчи колонкада коюлган максатка жетүү үчүн кандай иш –аракеттерди аткаруу керектигин жазасыңар.

  2. Окуу, инсандык өнүгүү тууралуу жазасыңар.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!