Просмотр содержимого документа
«Кесиптик рефлексия»
Кесиптик рефлексияны кантип калыптандыруу керек?
Инновациялык технологияларда принципиалдуу түрдө маанилүү болгон аспекттердин ишмердүүлүгүн баамдоо үчүн түзүлгөн жана багытталган, кесиптик рефлексиянын калыптандыруу прцессин атайын уюштуруу керек.
Изилдөөчүлөр рефлексиянын түзүлүшүн ар кандай табышат. Педагогикалык ишмердүүлүк менен көбүрөөк мамилеш болгонварианттардын бирин карап көрөлү. Берилген вариант айрым бир педагогикалык жагдайды же педагогикалык ишмердүүлүктүн айрым бир компоненттерин кароого таянат.
Рефлексиянын түзүлүшү:
1. талдоого тийиштүү фактыларды өзү үчүн аныктоо;
2. алардын негизинде жаткан негизги идеяларды жана принциптерди түшүнүү;
3. берилген кырдаалды түзгөн баардык компоненттерди талдоо;
4. чечим кабыл алыш үчүн билимдерди жана идеяларды синтездөө;
5. кабыл алган чечимге баа берүү (Shermis, 1992).
Берилген структура – рефлексиянын уюштуруу структурасынын мисалы, кесиптик рефлексиянын өзгөчөлөнгөн мүнөздүү планы. Уюштурулган, пландаштырылган рефлексия чечүүгө зарыл милдеттерди коюга, бул өз учурунда – максаттарды конкреттөөгө алып келет. Максаттар жана милдеттер абадан алынбайт да. Алар мугалимдин өзүнүн же бүтүндөй мектептин керектөөлөрүнөн кыска жана так жазылат (формулировкаланат). Милдеттерди формулировкалаш үчүн үч ресурс бар:
1) Мугалимдин өзүнүн кесиптик көйгөйлөрүн жана кыйынчылыктарын (ар кандай кырдаалдар окутуу процессинде) талдоо.
2) Жалпы билим берүү стандарттарына же программанын талаптарына ылайыктоо менен өзүн-өзү талдо.
3) Ушул окуу жылына же белгилүү бир мөөнөткө мектептин приоритеттеринин обзору.
Милдеттерди коюу боюнча иш-аракеттердин ирети кырдаалды сүрөттөөнүн төмөнкү алгоритминде көрсөтүлгөн:
Силердин педагогикалык ишмердүүлүгүңүздө (сабакта, сабакка даярдануу процессинде, окуучулар менен мамилелерде ж.б.у.с.) пайда болгон конкреттүү кыйынчылыкты баяндаңыз.
Сиздин көз карашыңызда бул эмне үчүн болду? Кыйынчылыктын пайда болуу себеби эмне (ким) болду?
Бул кыйынчылык педагогикалык ишмердүүлүктүн кайсы тармагы менен байланыштуу?
Кайсы суроолорду сиз чечишиңиз керек эле? Аларды түзгүлө.
Кыйынчылыкты жеңиш үчүн сиз эмне кылдыңыз? Эмне жөнүндө ойлоп жаттыңыз? Сизге кандай ойлор келип жатты?
Сиз кандай чечим кабыл алдыңыз?
Кандай жыйынтык алдыңыз? Сиз мындай же башка жыйынтыкты пландаштырдыңыз жана күттүңүз беле?
Бул жагдайдан сиз өзүңүз үчүн эмне сабак алдыңыз жана эмкиде сиз эмне кыласыз? Төмөнкүдө мугалимди милдетти коюуга алып келген рефлексиялардын мисалдары келтирилген. (Кыргызстандын мугалимдеринин тажрыйбасынан).