8-кл. Химия предмети. Заттар. ( сабактын иштелмеси).
Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз – аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат
Сабактын темасы: Химия предмети. Заттар
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Химиянын айыл чарбасындагы, медицина тармактарындагы, үй-тиричилигиндеги мааниси менен таанышат..
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы: 6 сүйлөмдөн турган тапшырма берилет. Мугалим сүйлөмдөрдү окуп берет, окуучу угат. Сүйлөмдү окуучулар угуп, анализдеп туура жана туура эмес деген жыйынтыка келгенден кийин окуучу жообун цифра менен белгилеп турат. Туура жоопко 1, туура эмес жоопко 0 деген цифраларды коюшат. Мисалы:
Заттар биздин аӊ- сезимибизден сырткары жашайт,
Нерсе массага ээ,бирок формага ээ эмес,
Физикалык кубулушта – бир заттан экинчи зат пайда болот,
Зат молекуладан турат, молекула атомдон турат,
Жетим-Тоо кени бул - алтын кени,
Химия илими – заттар, алардын касиети жөнүндөгү илим.
Туура жообу: 1,0,0,1,01.
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Химия предмети. Заттар.
Сабактын темасы доскага жазылат.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Заттардын курамын, касиетин кайсы илим окутуп үйрөтөт деп ойлойсуӊар?
(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.
М
угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.
1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)
Текст: С
илер химия предметин жаӊы окуп баштадынар. Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт? –деген суроо туулат. Химия – табият таануу областынын (илимдеринин) бир тармагы, химиялык элементтердин ж-а алардын бирикмелеринин курамын, касиеттерин, түзүлүштөрүн, ошондой эле алардын айланыштарын (химиялык реакцияларды) окуп үйрөтүүчү илим. Химия органикалык эмес, органикалык, физикалык, аналитикалык болуп бөлүнөт.
Адамдын жашоосундагы химиянын ролу. Химия коомдо, адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ. Химиянын жетишкендиктери болбосо, космостук мейкиндикти өздөштүрүү, атомдун энергиясын тынчтык максатында колдонуу мүмкүн болмок эмес. Эл чарбасынын баардык тармактарында учурдагы химиянын жетишкендиктерин толук колдонуу менен арзан, сапаттуу өндүрүш каражаттарын, эл керектеген буюмдарды өндүрүү мүмкүн. Учурдагы коомдук орчундуу актуалдык жана келечектүү проблемаларын чечүүдө химия чоң ролду ойнойт. Алар төмөнкүлөр:
Адамдын жашоосундагы химиянын ролу.
1) айыл-чарба продуктуларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда жасалма жер семирткичтердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
2) сырьелордун океандык булактарын өздөштүрүү;
3) энергиянын жаңы булактарын иштеп чыгуу, түзүү;
4) негизги биохимиялык процесстердин механизмдерин жактоо; келечектин техникалык милдеттерин чечүү;
Химия илими - заттар , алардын курамы , касиеттери , түзүлүшү бири-бирине айлануусу жөнүндөгү илим.
5) жаңы заттарды, композицияларды синтездөө; 6) айлана-чөйрөнү коргоо.
"химия" –деген сөз грек сѳзү χυμος ("хюмос"), - өсүмдүктүн ширеси .(сөзмө-сөз которгондо ). Дагы бир мааниси "химия"-деген сөз грек сөзү - χυμα ("хюма"), "куюуу", "куйма"- дегенди түшүндурөт. Демек "химия" – бул металлдардын куймааларын иштетүү чеберчилигин түшүндүрөт. ( электрондук окуу китебин пайдаланып окушат)
Бул текст окулуп бүткөндөн кийин 2-суроо берилет.
Андан кийин мугалим доскага иррэти менен сүрөттөрдү илип талкуу жүргүзүлөт:
бул заттар эмнеден турарын, айтып бергиле ?- окуучулар оозеки иштешет. ( 5 мин)
с
уроо: Заттардын касиети деген эмне ?
Бул суроого жооп берүү үчүн окуучлар текст менен иштешет.
2-тыным: (химия) ( 5 мин) . гелийдин (He) пайда боло тургандыгы аныкталган.
Заттар жана алардын касиеттери.
Зат – материянын тынч абалдагы, массага ээ болгон түрү. Зат формага ээ эмес. «Материя» – философиялык, ал эми зат физика жана химиялык мааниде колдонулат. XVII–XVIII-кылымдарда илимде атомдун түзүлүшү пайда болгондо зат дегенди материя менен бирдей касиетке ээ болгон «материал» жана андан жаратылыштагы бардык нерселер келип чыккан деп түшүнүшкөн. Материя жана анын кыймылынын формаларын ар түрдүү илимдердин тармактары окутат. Биология, химия, география, физика.ж.б.
Зат –бул биздин айлана чөйрөбүздү курчап турган, аң сезимибизден сырткары жашаган материянын бир түрү.
Заттын үч агрегаттык абалы белгилүү: газ, суюктук, катуу .
Зат менен нерсенин кандай айырмасы бар?
Нерсе- белгилүү формага ээ болгон заттын бир түрү. М: темир мык, алюминий кашык, жыгач таякча.ж.б. Заттар бири-биринен айырмаланат. Заттардын бири-биринен айырмаланган белгиси- заттын касиети деп аталат. Касиеттер салыштырмалуу болот. Бир эле зат бир нече касиетке ээ жана алардын баары биригип, ал заттын өзүнө таандык белгисин жана башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүн билдирет. Нерсенин айрым касиетин үйрөнүү анын сапатын билүүнүн баскычы болуп саналат. М: кант менен туз. Канттын туздан айырмаланган белгиси анын даамы. Туздун даамы ачуу, кант таттуу . Алар өӊү-түсү, криссталлдарынын чоӊдугу боюнча айырмаланбайт.
Заттардын физикалык касиети: агрегаттык абалы,тыгыздыгы, эригичтүүлүгү, эрүү жана кайноо температурасы, тоӊуу температурасы, электр өткөрүмдүүлүгү ,түсү, даамы, жыты ж.б. Зат үч агрегаттык абалга ээ : катуу , суюк, газ . кадимки шартта ар түрдүү заттар ар кандай агрегаттык абалга ээ.
Кант С12Н22О11 , туз NaCI , күкүрт S . алюминий AI – катуу зат.
Суу Н2О , спирт , күкүрт кислотасы Н2SO4 - суюк заттар.
Кычкылтек О2 ,көмүр кычкыл газы СО2, пропан газы С3Н8 – газ абалында. Ар кандай заттар шарттын өзгөрүшү менен бир абалдан экинчи абалга өтүп турат.
Андан кийин бул сабак боюнча даярдалган презентация менен окуучулар таанышат.
( презентация)
Көнүгүү же тест иштелет.Мисалы төмөнкүдөй:
4.Эмнеден турса бул- зат ?
1) физикалык тело
2) молекула
3) атом
4) газдар
5.Катуу, ийилчээк, ийкемдүү - бул:
1) физикалык касиети ,
2) химиялык касиети ,
3) татаал зат
4) физические тела
6.Заттар , алардын касиеттери, айлануулары жөнүндөгү илим-бул:
1) физика
2) математика
3) биология
4) химия
7.Суу, көмүр кычкыл газы - бул:
Бир туура ьжоопту тандагыла:
1) атомдор,
2) физикалык тело
3) татаал зат,
4) жөнөкөй зат
9.Ручка, стол, тарелка, кирпич - бул:
1) химиялык элемент,
2) молекула,
3) зат,
4) физикалык тело
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.