Сабакка чейин
Сабактын темасы: Көнүгүү иштөө
Сабактын методу: репродуктивдүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: өз алдынча иштөө сабагы
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү, химиялык байланыштын түрлөрү: коваленттик, суутектик, металлдык, иондук байланыштар боюнча көнүгүү иштөөнү окуп үйрөнүшөт. | Химиялык байланыш; химиялык элементтердин терс электрдүүлүк; химиялык байланыштын түрлөрү; химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышса; химиялык байланыштын түрлөрү: -коваленттик -суутектик -металлдык -иондук байланыштар боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышса |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент, химиялык байланыштын түрлөрү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө, коргоого тарбияланышат. | Атом; атомдун электрондук формуласы; мезгилдик система; жөнөкөй жана татаал зат; химиялык элемент боюнча алган билимине таянуу менен химиялык байланыштын пайда болушун далилдүү жазып, көрсөтүп, түшүндүрүп бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Химиялык байланыш;
химиялык элементтердин терс электрдүүлүк;
химиялык байланыштын түрлөрү;
химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышса;
химиялык байланыштын түрлөрү:
-коваленттик
-суутектик
-металлдык
-иондук байланыштар боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү, химиялык байланыштын түрлөрү: коваленттик, суутектик, металлдык, иондук байланыштар боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент, химиялык байланыштын түрлөрү боюнча билими бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Бири-бирине комплимент айтуу
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Кайсы топтогу заттардын молекулаларына иондуу байланыш мүнөздүү? Далилдүү жооп бергиле.
а) Н2О, NaCl, NH3;
б) NaCl, MgSO4, Cl2;
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
1.Заттардын түзүлүшү, химиялык байланыш.
Зат – бул тынч абалында белгилүү бир массага ээ болуп, биздин аӊ сезимибизен тышкары жашап, сезим органдарыбызда туюну пайда кылуучу материанын бир түрү. Мисалы;суу, кант, туз ж.б.
ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ
Химиялык элементтер жаратылышта атом түрүндө эмес, негизинен жөнөкөй жана татаал заттар түрүндө кездешет. Асыл газдар гана - гелий, неон, аргон, криптон жана ксенон табиятта атомдук абалда кездешет. Бул асыл газдардын атомдорунун электрондук катмарларынын туруктуулугу менен түшүндүрүлөт. Башка бардык жөнөкөй жана татаал
заттарда атомдор бири-бири менен химиялык байланыштар аркылуу бириккен абалда болот. Химиялык байланыштардын негизинде элементтердин атомдору бири-бири менен кошулуп молекулаларды, иондорду жана эркин радикалдарды пайда кылат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
1. Төмөнкү көрсөтүлгөн схемадагы молекулаларда уюлдуу байланыштар кандай өзгөрөт:
H2O→ H2S→ H2Se→ H2Te?
Үйгѳ тапшырма:
1.HCl, Cl2, NaBr молекуласындагы химиялык байланышты далилдүү аныктагыла
Баалоо: