Сабактын темасы: Химиялык формулалар. Салыштырмалуу молекулалык масса.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Жөнөкөй жана татаал заттар жонундо маалыматты билишет. Мисалдар келтире алат. Элементтердин валенттүүлүгү менен таанышып , формула түзгөндү үйронөт. Химиялык формулалар, коэфицент, индекстер боюнча маалымат алышат. Салыштырмалуу молекулалык массасны табууну үйрөнөт.Заттардын курамынын массалык үлүшүн табууну үйрөнөт.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат, заттардын формуласын жазышат, салыштырмалуу молекулалык массаны табышат.
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: Мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы:
Төмөнкү бирикмелердеги элементтердин валенттүүлүгүн аныктагыла: а) Mg3P2; б) Al2S3; в) Na2O; г) AgCl; д) FeCl3.
Күкүрттүн (VI) фтор менен, кальцийдин суутек менен, азоттун ( III) суутек менен болгон бирикмелеринин формуласын жазгыла.
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
Тест: 1.СО2 Көмүртектин валенттуүүлүгү канча?
а) II;
б) IV;
в) VI;
г) VIII.
2. Марганецтин жогорку валенттүүлүгү:
а) III;
б) IV;
в) V;
г) VII.
3. PF5 бул бирикмеде фосфордун жана фтордун валенттүүлүгү:
а) V и I;
б) V и V;
в) I и V;
г) II и V.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Химиялык формулалар. Салыштырмалуу молекулалык масса.
М
угалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Формула деген сөз эмнени түшүндүрөт? ( өз алдынча иштешет 1мин)
Мугалим: Заттарды түзгөн бөлүкчөлөр – молекула, молекуланы атомдор түзүп турат. Атомдор биригип молекуланы пайда кылат. Пайда болгон молекулаларды белгилер менен туюнтуп жазуу.
Окуучулар топко бөлүнөт ( 1,2,3,4 ) . Ар бир топ тапшырма алат.
Суроо: Атомдор кантип биригип бирикмени пайда кылат, пайда болгон бирикмени белгилер индекстер менен туюнтуп жазгыла.
Мисалы: Азот ( V) валенттүү. Анын кычкылтек менен болгон бирикмесинин формуласын табуу керек?
Андан кийин кээ бир элементтердин валенттүүлүгү менен таанышып формула жазууну үйрөнүшөт.
Бышыктоо иретинде окуу китебиндеги окуучулардын “ өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр” деген тапшырмааларды аткарышат.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.