Сабакка чейин
Сабактын темасы: Кычкылтек- жөнөкөй зат. Кычкылтек алынышы, колдулушу Сабактын методу: Интерактивдүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаӊы теманы түшүндүрүү сабагы
| | Сабактын максаты : | Көрсөткүчтөрү |
| а | Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта таралышы, айланышы, маанисин окуп үйрөнүшөт. | Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсүн; жаратылышта таралышын; айланышын; маанисин айтып бере алышса. |
| б | Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлүк, тарбиялоочулук): Химиялык элемент, химиялык зат, салыштырмалуу атомдук жана молекулалык масса, боюнча түшүнүгү өнүгөт, химиялык формуланы туура катасыз жазууга, химиялык тилде сүйлөөгө, жаратылышка туура мамиле жасоого тарбияланышат. | Кычкылтек элементинин мезгилдик системада алган орду боюнча маалымат айтып анын негизинде химиялык формула түзүп бере алышса. Кычкылтектин жаратылышта таралышы, айланышын, маанисин айтып бере алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсүн;
жаратылышта таралышын;
айланышын;
маанисин айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Кычкылтек жѳнүндѳ жалпы маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими)): Химиялык элемент, зат, валенттүүлүк, элементтин окулушу, аталышы, мезгилдик система боюнча түшүнүгү бар.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:8-10мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-23
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:Адамдын баш мүчөсүнүн сөлөкөтүнө окшогон сүрөт таратылат.
Адамдын сүрөтүн толуктап же жанына кайра тартуу керек.
Сүрөттү чечмелөө:Эгерде сүроттү толуктап тартса бул адамдар теорияга негиздеп иш кылат ишине так адамдар болушат.
Эгерде сүрөттүн жанына кайра тартса бул адамдар ойлоп тапкыч чыгармачыл адамдар болушат бул адамдар эркиндикти сүйүшөт өз алдынча чечим чыгара алышат.Интуциясы күчтүү адамдар. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.Катар саны: 78, 97, 104, 56, 37 болгон элементтердин атомдук ядродогу нейтрондордун санын аныктагыла
2.Башкы кванттык саны 3 болгон атомдун электрондук катмарында электрондордун максималдуу саны канчага барабар?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Жалпы мүнѳздѳмѳсү:
Латынча аталышы-Oxidgenium
Химиялык белгиси-О
Салыштырмалуу атомдук массасы Аr-16
Химиялык формуласы-О2
Табиятта таралышы. Кычкылетин катышуусунда жандуу жаратылышта маанилүү кубулуштар дем алуу,чирүү,кычкылдануу,фотосинтез процесстери жүрѳт.
Кычкылтек жаратылыштын жер кыртышында 49%ти түүп кеңри тараган элемент.Ал жѳнѳѳй жана татаал заттардын курамында кездешип химиялык процесстерде маанилүү роль ойнойт. Бизди курчап турган атмосферанын 23%ти кѳлѳмү боюнча 21%тин түзѳт. Гидросферада океандарда деңздерде 89% жалпысынан кычкылтек жердин массасын 30%тин түѳт. Азыркы учурда жер шаарында калктын саны алты млрдга жетип калды. Эгерде атмосферада 1015т кычкылтек болсо ар бир адамга канча тонна кычкылтек туура келээрин тапкыла. М(О)=
+1.67*105т/адам
Демек,ар бир жашоочуга 167000 т атмосфералык кычкылтек туура келет.Эгерде кычкылтектин мындай кѳлѳмүн нормалдуу басымда темир жол цистерналарына жайгаштырса ,анда поезд 300 млн км ден ашык узундукта болор эле,бул болсо,Күнгѳ жетип жана кайра келүү аралыгына барабар болот.
Бирок,ошондой болсо да,абадагы кычкылтектин жалпы массасы байкаларлык ѳзгѳрбѳйт. Бул жарыкта жүрүүчү ѳсүмдүтѳрдѳгү фотосинтез процесси менен түшүндүрүлѳт. Ушул процесстин натыйжасында кычкылтектин абадагы массасы толукталып турат.
Фотосинтез процессин жѳнѳкѳйлѳтүп мындайча туюнтса болот: 6CO2+6H2O→C6H12O6+6O2↑
Ошентип,табиятта кычкылтектин үгүлтүксүз тегеренип айланышы жүрүп турат.
Кычкылтыктин алынышы:
А)Лабораторияда кычкылтекти кээбир татаал заттарды ажыратуудан алышат:
1.Кычкылтекти кѳп ѳлчѳмдѳ алуучу негизги лабораториялык ыкма сууну турактуу электр тогунун таасиринде ажыратуудан алынат:
2H2О= 2H2 ↑+ O2 ↑
2.Калий перманганатын ажыратуудан:
2KMnO4= K2MnO4+ O2 +MnO2
3Кээде суутектин ѳтѳ оксидин ажыратуудан:
2H2О2= 2H2 О+ O2 ↑
Идишке кычкылтектин толгондугун чычаланын от алып күйүп кетишинен билүүгѳ болот,анткени кычкылтек күйүүгѳ жардам берүүчү газ.
Б)Ѳнѳр жайда алуу
Кычкылтекти ѳнѳр жайда алуунун сырьёсу аба болуп саналат.Андагы негизги компонеттер-азот жана кычкылтек.Кычкылтекти алыш үчүн абаны басым астында суюлтушат.Суюк азоттун кайноо температурасында суюлтушат.Суюк азоттун кайноо температурасы(-196оС),суюк кычкылтектики (-183 оС) болгондуктан биринчи азот бууланат да кычкылтек калат. Газ абалындагы кычкылтекти 15мПа басым астында кѳгүш түстѳгү болот боллондордо сакташат.
Суюк кычкылтекти Дьюар түтүгүндѳ сакташат. Бул ортосу бош эки катмарлуу түүктѳн турган термос. Бул түзүлүштѳ түтүтѳр аркылуу ысыктын ѳтүшү жайлайт да ,суюк кычкылтектин бууланышы жай болот.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
| Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
| 1. Кычкылтек, анын аллотропиялык түрлөрү. 2. Кычкылтекти лабораторияда, өнөр жайда алуудагы ыкмалар бири-биринен кандайча айырмаланат. Реакциялар теңдемелерин жазгыла. | |
Үйгѳ тапшырма:
1.Курамында кычкылтеги бар кандай заттарды билесиңер химиялык формуласы жазгыла.
Баалоо: