Сабактын темасы: Китеп –акыл азыгы.
Сабактын максаттары:
| Максаттар:Окуучулар…. | Окуучулардан кутулуучу натыйжалардын корсоткучтору |
| Билим беруучулук :. Окуучулардын патриоттук,эстетикалык сезимин терендетууго китептин эбегейсиз ролун тушунушот.Китептин келип чыгуу тарыхын,китеп - акыл азыгы экендигин,аны баалай-сактай билууго жана аяр мамиле жасоого уйронушот. | Китепти баркташса,аны баалай -сактай билишсе,аяр мамиле жасашса; |
| Онуктуруучулук :китептин жашообуздагы негизги идеялык маанисин аныкташат,логикалык ой-жугуртуусу жогорулайт. | Китепти окуп оз ойлорун кенири айта алышса; |
| Тарбия беруучулук : . Китепти жакшы сактоого,таза кармоого,китепти суйгон окуучулардан болууга ,мекенди суйууго тарбияланышат. | Топто иштоо менен бири-бирине сый мамиле кылышат. |
Сабактын усулу :интерактивдуу
Сабактын тиби :билимдерди колдонуу жана билгичтик кондумдорду калыптандыруу сабагы.
Сабактын формасы: топтордо иштоо
Сабактын жабдылышы:суроттор,буклеттер,плакаттар, тустуу кагаздар,слайддар,компьютер, пректор,доска.
Сабактын журушу:
а) Уюштуруу(саламдашуу,окуучулардын маанайын суроо,класстын тазалыгына байкоо жургузуу,окуучулардын сабакка катышуусун текшерүү).
б) Сабакты баштоо(Кыргыз Республикасынын Гимнин окуучулар ырдашат)
в) окуучуларды топко бөлүү:
1-топ: “ Билим”тобу(топ башчылары топторду тааныштырат жана девизин айтышат);
2-топ: “Достук ”тобу(топ башчылары топторду тааныштырат жана девизин айтышат);
3-топ:”Акылмандар”тобу(топ башчылары топторду тааныштырат жана девизин айтышат);
Топторду баалоо үчүн кичинекей китепчелерди пайдаланабыз.
Үй тапшырмасын суроо.
Өтүлгөн тема:”Жаратылышты коргойлу.”Ар бир топ даярдап келген тапшырмаларын аткарышат:
“ Билим”тобу: Жаратылыш боюнча сурөт тартып келүү;
“Достук ”тобу: “Жаратылышты коргойлу”деген темада класстер түзүп келүү;
”Акылмандар”тобу :Жаратылыш жөнүндө көрүнүш даярдап келүү.
Ар бир топ берилген тапшырмалар боюнча аткаргандарын жакташат,мугалим алардын эмгегин баалайт.
Жаңы теманы баяндоо.
Мугалим балдарга табышмак айтат,балдар жандырмагын “китеп” деп табышып, бугунку сабактын темасын чечмелешет,мугалим сабактын максатын тушундурөт,3 топко тапшырмалар берилет.
Мугалим:Балдар силер китеп жөнүндо адабий окуу сабагынан, тарых сабактарынан ,газета-журналдардан окуп тушунуктөрүңөр бар,анда эмесе:
“ Билим”тобу: Китептин жаралуу тарыхы
Мугалим:Китеп качан пайда болгон?Китептин келип чыгыш тарыхын айтып бергилечи?
Окуучу:Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон.Бактан тактайчаларды жасап,анын бетине мом куюшкан.Мом жумшак кезинде текшиленип,катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан. Слайд корсотулот
Окуучу:Байыркы Ассиртяда ылайдан китеп жасашкан. Жумшак ылай тактайчага учтуу таякча мн озгочо белгилерди чийип жазышкан.Андан кийин бул тактайчаны кургатып отко бышырышкан.Бул китептин узун-туурасы 32 сантиметрди тузсо,ар бир барагынын калындыгы 2,5 см.жеткен.Мындай калындыктагы барактар 1 китепте 10 дон 100 даанага чейин болгон. . Слайд корсотулот
Окуучу:Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып откорулгон жука бамбук тактайчалар турундо болгон.Кийинчерээк кытайлыктар кыл калемди тушка малып,жибекке жазышкан.Биздин замандын 2-кылымынан тартып кагазга жаза башташкан. .
Слайд корсотулот
Окуучу:Байыркы Египетте таш плиталарга чегип жазышкан.Кийинчерээк папирусту ойлоп табышкан.Камыштын сонгогун жалпайтып таптап,бири-бирине улаштырып,узундугу ондогон метрге чейин жеткен тасма жасашкан.Жазгандан кийин бул тасманы тутук кылып ороп сакташчу.Египет папирусун ошол кездеги эн мыкты жазуу материалы катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2мин жыл пайдаланышкан. . Слайд корсотулот
Окуучу:Россияда китеп басып чыгаруу 1564-жылы башталган.Биринчи китеп басып чыгаруучу Иван Федоров деген киши болгон.
Мугалим окуучуларга Иван Фёдоров жонундо кененирээк тушунукту слайд аркылуу берет.
Иван Фёдоров басмакана уюштурган,ар бир тамганын шрифтерин тузгон.Бут жумуш кол менен аткарылган.Ошондой басмаканадан чыгарылган китептердин саны аз болгон.Азыр болсо бир кундо бир нече миндеген китептерди чыгарышат.Адамдар китеп басып чыгара турган автоматташтырылган машиналарды ойлоп чыгарышты
Демек,балдар алгачкы китептер бизге чейин кол менен аткарылгандыктан,китеп жетишсиз болгон.Азыр силер китептин турлорун окуп жатасынар,китеп окуу учун бардык шарттар тузулгон, кандайдыр бир маалыматтарды таппай калсак компьютерлерден электрондук китептерди чыгарып койду, ал гана эмес компьютерлерди пайдалануу учун силерге “информатика ” сабагын да 5-класстан программага киргизип, окутула баштады , силер заманыбыздын бактылуу балдарысынар.Андыктан китепти барктай ,сактай билуу керек, анкени аны бизден кийинки муундар да пайдаланышат.
“Достук ”тобу: Китеп жөнүндө сахналык көрүнүш даярдасаңар;
“Китептердин чыры” аттуу көрүнүш көрсөтүшөт.
”Акылмандар”тобу : Китеп жөнүндө көркөм ырларды айтуу.
Окуучу:Китепти суй баркын бил
Китептин коп акылы
Ким китепке дос болсо
Ал ошонун жакыны.
Окуучу:Билим кенчи-китеп
Тарбия кени-мектеп
Ким китепти коп окуса
Ал копту билет.
Окуучу:Чечен кылып созумду
Сен ачкансын козумду
Акырындап ойготтун
Уйкудагы сезимди.
Окуучу:Суттой таза тилеги
Дениздей кен талабы
Коктой тунук акыйкат
Анын ар бир барагы.
Окуучу:Ошондуктан баркын бил
Кирдебесин бир чети
Айрып,жазып булгаба
Жакшы сакта китепти.
Мугалим:Кыргызстандагы китеп басмасы тууралуу эмнелерди билесинер?
Китепкана-бир же бир нече адамдын чогултуп сактаган китептерин топтоо.Адамдар китепти жакшы коруп чогултат,камкордук менен сакташат.
Кыргызстанда алгачкы элдик китепкана 1902-жылы Каракол шаарында уюштурулган ,анда 1000(мин) нускада китеп болгон, ал эми Бишкекте 1916-жылы коомдук китепкана ачылган.
Улуттук китепкана 1934-жылы ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп тузулгон ,90 тилдеги 6 млн адабият бар. Ал эми балдар китепканасы 1934- жылы Бишкекте ачылган,4 мин нускада китеп болгон.
Силер билесинерби?
Эн чон китепкана кайсы мамлекетте жайгашкан(АКШда). Слайд корсотулот
Эн чон куран китеп Татарстанда жазылган.Слайд корсотулот.
Эн кичинекей китеп да бар экен ,ал Япония мамлекетинде.Слайд корсотулот.
Эн калындыктагы китеп Дания мамлекетиндеги китепканаларда бар.Слайд корсотулот.
Окуучулар «Курдаш »журналынан даярдап келген тесттик суроолорду беришет .
1-суроо: Буткул дуйнолук китеп куну качан(23-апрель).Слайд корсотулот
2- суроо:Эн чон китепкана кайсы мамлекетте жайгашкан(АКШда) Слайд корсотулот
3-суроо :24 саат бою иштеген китепканан кайсы мамлекетте жайгашкан?(Кытайда) Слайд корсотулот
4-суроо:Сырдуу китепкана кайсы жерде жайгашкан?(Ватикан китепканасы) Слайд корсотулот
5-суроо:Эс алуучулар учун ачылган китепкана кайсы мамлекетте жайгашкан?(Португалияда) Слайд корсотулот
3 топтун топ башчыларын чакырып , китеп жонундо макал айтышып, доскада илинген китепчелерди жыйнашат, акырында доскада «90» деген жазуу пайда болот.
Мугалим: 90 деген кандай сан?(бул санды математика менен байланыштырып жооп беришет)
Балдар дагы кандай сыры бар экен жандыралычы ?
1.Ч.Айматовдун 90 жылдыгы.(тушундурмо беришет) Слайддар корсотулот
2.С.Ибраимовдун 90 жылдыгы .(тушундурмо беришет) Слайддар корсотулот
3.Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгы .(тушундурмо беришет) Слайддар корсотулот
4.Аксы районунун 90 жылдыгы.(тушундурмо беришет) Слайддар корсотулот
Манастын 7 осуятын айтуу менен бугунку сабакта кайсы осуяттарды пайдаландык деген суроого жооп беришет.
Жыйынтыктоо.
Бугунку сабактан мен эмнени билдим….
Сабак мага эмнеси менен жакты…….
Уйго тапшырма : «Билимдуулор бийиктикти самашат» деген темада кыскача эссе жазуу.
Хор «Аксылыкмын»
Ж.Бөкөнбаев атындагы №36 –орто жалпы
билим беруучу мектебинин математика
жана информатика мугалими Каратаева Айгул .