СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки от 35 % на все комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстаиштоо 5-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстаиштоо 5-класс»

Мөөнөтү __________ Предмети _________________________ Класс _______


Сабактын темасы: Сүйлөм мүчөлөрү, анын баш жана айкындооч мүчөлөрү жөнүндө түшүнүк.


Сабактын максаты:


Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөмдүн баш мүчөлөрү боюнча маалымат алышат;


Өнүктүрүүчүлүк: сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө мүнөздүү белгилерди үйрөнүшөт.


Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга жана оюн толук ачык түшүндүрө алууга, жакшы сапаттарга ээ болууга тарбияланышат.


Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу...


а) ээ жана баяндоочтун баш мүчөгө кирерин билсе;


б) сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн (ээ, баяндоочтун) мүнөздүү белгилерин үйрөнсө;


в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса жана оюн ачык түшүндүрө алышса.


Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:


Тилдик компетенттүүлүк:


- сүйлөмдө ойдун негизин ээлеп турган мүчөлөр сүйлөмдүн баш мүчөлөрү болорун билет;


- зат атоочтордун ээлик жана баяндоочтук милдет аткара турганын өздөштүрөт;


Кептик компетенттүүлүктөр:


- сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;


- тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн аныктай алат.


Маданий компетенттүүлүк:


- сөздүн маанисин түшүнүп, баалай билет;


- оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат;


Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.


Сабактын методу: интерактивдүү методдор.


Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица, методикалык колдонмолор, ватман, маркер ж. б.


Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо.


Өтүлгөн теманы кайталоодо окуучулар 1, 2, 3 деп саноо менен топторго бөлүнүшөт. Ар бир топко өзүнчө тапшырмалар берилет:


1-топ үчүн: Суроолуу сүйлөм менен илептүү сүйлөмгө Венндин диаграммасын түзүү.


2-топ үчүн: «Сүйлөм» деген темага кластер түзүү.


3-топ үчүн: Көркөм окуп, айтылыш максатына жана берген маанисине карай кандай сүйлөм экендигин аныктагыла:


Атаңдан калган мал мына!


Атаңдан калган жан мына!


Атаңдан калган үп мына!


Атаңдан калган мүлк мына!


Кейип-кепчип көп жүрдүм.


Кан Манастын жетими


Качан келер деп жүрдүм!


(«Семетей»)


Анда Бакай муну айтат:


Алейки салоом малейким, балам,


Урааның ким, дайның ким?


Уругуң ким, айлың ким?


Кай уруктан болосуң?


Тукумуң ким, дайның ким?


Балам, туура чыккан айлың ким?


Балам, киндигиң кескен жериң ким?


Балам, өнүп-өскөн элиң ким?


(«Семетей»)


Жаңы тема: Сүйлөм тутумунда анын грамматикалык өзөгүн түзүп, сүйлөмдө синтаксистик милдет аткарып, кандайдыр бир суроого жооп берип, бири-бири менен өтө тыгыз байланыштагы сөздөр сүйлөм мүчөлөрү деп аталат. Сүйлөмдөр баш жана айкындооч мүчөлөрдөн турат. Сүйлөмдүн


негизги өзөгүн түзүп, анын башка мүчөлөрүн (айкындооч) грамматикалык жактан өзүнө баш ийдирип турган мүчөлөр сүйлөмдүн баш мүчөлөрү деп аталат. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү – ээ жана баяндооч. Грамматикалык жактан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө багынбаган, андагы сөз болгон ойдун негизин ээлеген, баяндооч мүчөнү сан, жак, түр боюнча өзүнө окшоштуруп турган баш мүчө ээ деп аталат. Ээге ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолор берилет.


Сүйлөмдө зат атоочтор ээлик милдетти аткарат. Ээнин алды бир сызык менен сызылат


Зат атоочтук ээ: Булут асманда каалгыйт. Асманда эмне каалгыйт? – булут – ээ. Акыл байлыкка багынбайт. Эмне байлыкка багынбайт? – акыл-сүйлөмдүн ээси.


Грамматикалык жактан ээге багынып, анын ар кандай абалын, кыймыл-аракетин, мүнөзүн, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн жана анын ким, эмне экендигин билдирип турган баш мүчө баяндооч деп аталат. Баяндоочтун алды эки сызык менен сызып белгиленет. Ага эмне кылды? эмне кылып


жатат? эмне кылат? ким? эмне? деген суроолор берилет.


Мисалы: Алмамбет келди. Алмамбет – ээ, келди – баяндооч.


Баш мүчөлөр гана адамдын оюн толук түшүндүрүшү мүмкүн эмес.Айталы, биз Алмамбеттин келгендигин гана эмес,кайсы Алмамбеттин качан, эмне үчүн, кайдан келгендигин да айткыбыз келет.


Проблемалык суроо:


1. Ал үчүн бизге баш мүчөлөрдөн башка эмненин зарылдыгы келип чыгат?


2. Адам өз оюн айкындооч мүчөлөрсүз түшүндүрө алар беле?


3. Айкындооч мүчөлөр кандай кызмат аткарат экен?


Окуучулар өз ойлорун айтып, ортого салышат.


Мугалимдин сөзү: Демек, балдар биз ойубузду толук кандуу жеткирүү үчүн айкындооч мучөлөр керек экен.


Мисалы: Окуудагы Алмамбет кечээ атасына учурашайын деп курбусу менен шаардан келди.


Мында Алмамбет – ЭЭ, келди – баяндооч, курбусу менен – толуктооч, кечээ, учурашайын деп, шаардан – бышыктооч, окуудагы – аныктооч.


Ошентип, айкындооч мүчөлөр баш мүчөлөргө багынып турат да, аларды аныктап, тактап көрсөтүп, ойду толук жеткирүүдө зор кызмат өтөйт.Айкындооч мүчөлөргө аныктоо, толуктооч, бышыктооч кирет.


Окуу китебиндеги 30 – көнүгүүнү аткарышат.


Кашанын сыртындагыларды окуп, ойлонгула. Булар сүйлөмбү же сөз айкшыбы?


Эми кашанын ичиндеги сөздөрдү көп чекиттин ордуна койгула да, кайра окугула. Кандай өзгөрүүнү байкадынар. Көп чекиттин ордуна коюлган сөздөр сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн милдетин милдетин аткарды? Сүйлөмдү көчүрүп жазып, сүйлөм мүчөлөрүнүн астын сызгыла.


Мисалы: Ошол (элестер) шурудай тизилген сөз болуп көкүрөктү (тээп чыкты).


Оозеки бышыктоо:


1. Ээ менен баяндоочту эмне үчүн баш мүчөлөр дейбиз?


2. Ээ деп кандай сөздөрдү айтабыз? Ага кандай суроолор берилет?


Мисал келтиргиле.


3. Ээнин милдетин кайсыл сөз түркүмдөрү аткарат? Мисал келтиргиле.


4. Баяндооч деген эмне, ага кандай суроолор берилет? Мисал келтиргиле.


5. Ээ менен баяндоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.


6.Айкындооч мүчөлөргө кластер түзгүлө.


Окуучулардын өздөштүрүүсүн баалоо:


- эрежени билет;


- сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат;


- көнүгүүлөрдү туура аткарат;


- сабакта активдүүлүгүн көрсөтө алат;


- суроолорго так жана туура жооп берет;


Үй тапшырма: 130 а-көнүгүү. Маанилик жактан өз ара байланышып тургандай кылып, схема боюнча сүйлөм түзүп, чакан аӊгеме жазгыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей