СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Внеклассная работа математика

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Внеклассная работа математика»

Жалпы билим берүүчү Шаршенбай атындагы орто мектеби







Предмет: Математика

Класс: 5-11

Класстан тышкаркы иш


Мугалим: Жантай кызы Миргүл










Сабактын темасы: Математика акылга акыл кошот, логикалык ой жүгүртүүгө үйрөтөт. (М.И. Калинин)

Сабактын максаты:

Окуучулардын математика сабагынан алган билимдерин бышыктоо. Логикалык ой – жүгүртүүсүн өстүрүү.

Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу

  2. Команданын атын жактоо

  3. Сөз табуу оюну

  4. Жаңылмачтар

  5. Макалдар

  6. Логикалык суроолор

  7. Үй тапшырма

Саламатсыздарбы урматтуу агай – эжелер жана окуучулар бүгүнкү класстан тышкаркы сабагыбыз конкурс түрүндө 7 бөлүк менен өтөт.

  1. Саламдашуу

  2. Команданын атын жактоо

  3. Сөз табуу оюну

  4. Жаңылмачтар

  5. Макалдар.

  6. Логикалык суроолор.

  7. Үй тапшырма

Урматтуу мугалимдерге табышмак

Эжеси математика сабагынан канча балл алгандыгын иниси сурады. «Өзүң ойлоп тапчы деди эжеси: бир маанилүү эки санды кошсо да, көбөтсө да мен алган балл келип чыгат». Эжеси канча балл алган? (4)


Ар биринин узундугу 2 мден кылып, 10 м узундуктагы жипти канча жолу кесүүгө болот? (4)


Айжан Алмаздан , ал канча жашта экендигин сураганда, ал мындай деп жооп берди: «Эгерде 2 санынан баштап бирден аттатып 9 санды санаганда, акыркы санды 3 кө бөлүп, ага 2ни кошсоң, анда мен канча жашта экенимди билесиң». Алмаз канча жашта? (8)


Ушул табышмактын жоопторун тапкан мугалимдерди төргө чакырып алсак. Сиздер калыстар мүчөсү болосуздар.


Ушул илим байыртадан

Санагандан башталат

Жоболору бузулбай

Бизге чейин сакталат.

Мынакей шаттык кубаныч

Ар күнү бизде уланып

Акылга акыл кошуучу

Математикалык конкурска

Баарыбыз көңүл буралык.

Саламдашуу.


Фигуралар


Тамшанткан бабалардын салтын бузбай,

Татыктуу зор Манастын урпагындай.

Жигиттер таазим этип салам берсек,

Таң эрте булбул кушу сайрагандай.


Кылымдарды карыткан,

Салтыбызга ылайык.

Салам жолдойм жалпыңа,

Арбаңыздар калайык.


Тоолордун кырларынан

Токтогулдун ырларынан

Калыстарга бир салам

Фигуралардын атынан.


Айланайын калыстар,

Бизди угуп тургула.

Калыстык болсун дайыма,

Бизге көбүрөөк көңүл бургула.


Салам, салам, саламбы,

Сандарыбыз аманбы.

Фигуралардын тобунан

Сиздерге ысык салам.


Максат коюп, кыйынчылыктан качпайлы,

Конкурсубузду жигерденип баштайлы.

Жандап алган, жан дүйнөнү азгырып,

Жаман адат, ышкоолукту таштайлы.


Математика илими ушул күндө

Жайылды жер жүзүнө, бүт дүйнөгө.

Кызыгат дүйнө эли, бүт адамзат

Математика тили менен сүйлөөгө


Бул кечеде кетип калбай тез эле,

Жүзү жарык олтуруңуз бүткөнчө,

Айтылган ар бир сөздү тыңшап угуп,

Көрүңүз биздин конкурсту.






Сандар


Салам айтам калың журт кыргызыма,

Салам айтам билим сунган эже агайга,

Салам айтам калыстарга, атаандашка,

Мында олтурган эже агай, жалпыга.


Сагынычтуу саламды,

Эже агайга айталы,

Үйрөнгөн өнөр билимди,

Белек кылып суналы.


Жакшы салт бизде улуулар,

Салам айтса угуу бар.

Фигуралар силерге,

Сандар тобунан салам бар.

Куш келипсиз Шаршенбайга береги,

Атаандаштар жүрөк кылын терели,

Катышкандар кызгалдактай кулпунуп,

Жакшылыктын жарык нурун себели.


Бөлөнүп жандуу үнгө, залкар күүгө,

Айкалышкан бардыгы биздин үнгө.

Чакырат билим ал, келгиле деп,

Жарышууга арналган ушул күндө.


Жаман жак болсо бетке айтып,

Жакшысын кабыл алабыз.

Калыстык сөзгө атаандаш,

Кулак салып угалы.



Кел фигуралар, кел сандар,

Келип көнүл ачалы.

Бүгүн кечке кечени,

Математикага арнайлы.



Көптөн күткөн кечебиз,

Мына эми башталат.

Математика предметине

Бул кечебиз арналат.

Командалардын атын жактоо

Фигуралар

Чекит

Мен чекитмин, чекитмин,

Көрүнбөймүн көзүңө,

Узундук жок, аянт жок,

Ишенип кой сөзүмө.

Түз сызык

Фигуранын баарына,

Жак болуучу өнөрүм.

Аянтым жок, көлөм жок,

Болуп жүрөм көтөрүм.

Квадрат

Квадрат өз атым,

Алдыңарда турамын,

Аянт үчүн илгертен,

Чеп болуп кызмат кыламын.

Үч бурчтук

Бурчтарым баары тар болсо,

Тар бурчтуу үч бурчтукмун.

Бирөө эле кең болсо,

Кең бурчтуу үч бурчтукмун.

Бирөө эле тик болсо,

Тик бурчтуу үч бурчтукмун.

Сандар

Натуралдык сандар

Сан огунда оң жагында жайгашкам,

Менсиз жүрбөйт бир да эсеп баш каткан.

Алиппеде «А» тамгадан башталса,

Математикада мына менден башталат.

Бүтүн сандар

Сан огунун оң да, сол да жагында жайгашып,

Бүтүндөрүн бөлүп турам бакыйып.

Бүтүн сандар албетте ыңгайлуу,

Эсепте да, турмушта да бүтүн болуш пайдалуу.

Бөлчөк сандар

Бүтүнмүн, пайдалуумун деп мактанба,

Мына менсиз эсеп, эч качан так чыкпайт да,

Бөлчөк сан сөзсүз керек, ал тактайт,

Ар бириңди кызыктырып, чаташтырып да таштайт.

Рационалдык сандар

Натуралдык, бүтүн, бөлчөк, оң,

терс сандардын бардыгын камтыган.

Мен энесимин сандардын баардыгынын.

Бөлүп жарбайм, баардыгыңарды баалайм.




Сөз табуу оюну


М

А

М

Ы

Ч

А

 

 

 

 

Ү

 

А

 

 

У

У

Ш

О

К

А

 

 

 

 

К

Ы

З

Ы

С

З

Ү

Т

Н

 

 

 

 

 

О

Т

 

 

 

 

 

С

 

 

 

 

Ч

Л

 

А

 

 

 

Е

Э

Е

 

 

К

Е

С

И

Н

Д

И

 

Р

 

Ө

 

И

 

М

 

Ф

М

 

 

 

 

 

М

 

 

 

 

У

 

И

Б

 

Е

 

 

И

А

Е

Л

Е

С

А

М

 

 

 

 

Б

 

 

Д

Д

 

М

 

Ц

Т

Р

 

 

 

 

Е

 

 

 

 

 

 

 

Ң

Н

 

 

 

И

И

 

Б

 

 

 

Т

У

Ю

Н

Т

М

А

Е

 

 

И

 

 

Е

К

 

 

Е

 

 

Р

У

 

 

 

 

Т

 

 

 

 

Й

 

Н

А

 

 

 

Г

 

И

 

У

 

К

У

Т

Ч

Р

У

Б

К

И

Т

 

 

 

 

 

Л

Я

 

 

Н

 

 

 

А

М

Е

Р

О

Е

Т

Ф

О

Р

М

У

Л

А

 

 

 

Д

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Р

А

Б

А

Р

А

Б

 

 

У

М

Ф

И

Р

А

Г

О

Л



Жаңылмачтар

Үч бурчтуу үч бурчтук.

Төрт бурчтуу тик бурчтук

Тик бурчтуу үч бурчтук

Тик бурчунда тик бурчтук

Тиреп турат үч бурчтук

Тиребесе үч бурчтук

Тиремекчи тик бурчтук.


Сен иштеген көнүгүү

Маселего теңи эле

Калгандары теңдеме

Мен иштеген көнүгүү

Теңи болсо теңдеме

Калгандары маселе

Алмаштырсак аларды

Адашпайбыздагы эле.

Макалдар

  1. Адалдын тамыры миң, Арамдын тамыры бир.

  2. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.

  3. Айла алтоо, акыл жетөө.

  4. Акмактын өмүрү – акылмандын бир күнүнө татыбайт.

  5. Ар бир башта миң кыял.

  6. Беш колду оозго салса, береке кетет.


  1. Акылы күчтүү миңди жыгат, Билеги күчтүү бирди жыгат.

  2. Алтымышты атаңдын, алдап соолап күчүн ал.

  3. Башты асыраган эки кол.

  4. Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.

  5. Бирдин кесири миңге.

  6. Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.

Логикалык суроолор

  1. Короодо тооктор жана торопойлор жүрөт . Алардын 5 башы жана 14 буту бар. Тооктор менен торопойлор канча? (2 торопой, 3 тоок)

  2. «Силердин класста канча кыз окуйт?» - деп Азамат Айгүлдөн сурады. Айгүл бир аз ойлонуп туруп мындай жооп берди: «Эгерде эң чоң сандан эки жолу 8 менен жазылган санды кемитсең, ал эми келип чыккан санга эки орундуу эң кичине санды кошсоң, биздин класста окуган кыздардын саны келип чыгат». Бул класста окуган кыздардын саны канча? (21)

  3. Кой кармоого жай курат,

Беш тамгадан ал турат.

баш тамгасын өчүрсөң,

Ойду чогуу ишке бурат.

Экинчи арип жоголот,

Топ болуп тоголонот.

Өчүрсөң дагы бирин,

Берет аянт бирдигин.

Жообун табасын кимиң? (кашар – ашар – шар – ар)

  1. Алымы бөлүмүнөн чоң бөлчөк сан кандай аталат? Буруш бөлчөк

  2. Чуркоого 31 спортсмен катышты. Аргендин алдында келген спортсмендерге караганда, аркасынан чуркап келген спортсмендер 4 эсе көп. Арген канчанчы орунда келген? (7)

  3. Мугалим бир сан ойлоду. Ал сандан 40 ты алып, 2000ди кошкондо, 3250 саны келип чыкты. Мугалим кайсы санды ойлогон.(1240)


  1. Короодо өрдөктөр жана коендор жүрөт . Алардын 20 башы жана 52 буту бар. Өрдөктөр менен коендор канча? (6 коен, 14 тоок)

  2. Айдар бактан бир чоң ата менен таанышты да, анын канча жашта экендигин билгиси келди. чоң ата мындай деди: «Өзүң, ойлоп тап, эгерде эң чоң эки орундуу сандан 90ду кемитип, ал натыйжаны 3 кө көбөйтүп, ага 73тү кошсоң, менин жашым келип чыгат». Чоң ата канча жашта? (100)

  3. Бала аты беш тамгадан куралат,

Табуу үчүн кыйла акыл жумшалат.

Аяккы арибин өчүрсөк кылдат,

Америкадагы мамлекет чыгат.

Удаалаш бир арибин дагы алдык,

Пайда болду өзүнчө бир көп грандык.

Ошентип тамгасы дагы алынды,

Калды экөө, белгилейбиз зарядды,

Кайсы сөз болду экен жандырмагы? (Кубат – Куба – куб – ку)

  1. Алымы бөлүмүнөн кичине бөлчөк сан кандай аталат? Дурус бөлчөк

  2. Коробкада кызыл, ак жана кара 15 шар бар. Ак шар кара шарга караганда 7 эсе көп. Коробкада канча кызыл шар бар? (7)

  3. 12 кишиден турган комиссия мүчөлөрү 30 маселе түзүштү. Ар бир маселе 10 минутадан талкууга алынды. Бардык маселени канча убакытта талкууга алып бүтүштү.(300)