СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстан тышкаркы сабактар

Нажмите, чтобы узнать подробности

класстык саат

Просмотр содержимого документа
«Класстан тышкаркы сабактар»

Класстык саат

Короновирус

деген эмне?





тема: Коронавирус деген эмне?

Сабактын максаты: коронавирус жөнүндө жалпы маалымат алат. Ой жүгүртүп өз ойлорун айтышат. Алган билимин турмушта туура колдоно билишет.

Сабактын жабдылышы: А4 барактары, сүрөттөр, маркер, скотч.

Сабактын жүрүшү: Саламдашуу жагымдуу маанай

Окуучулар коронавирус жөнүндө буга чейин жаңылыктардан уккандары жөнүндө өз ойлорун айтышат.

Коронавирус жөнүндө жалпы маалымат беремин.

Коронавирус деген эмне?

Коронавирус - Өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС,”типсиз пневмония”) жана ичеги карындын ооруусунаалып келет.

Коронавирустар – өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) малекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен короновирус деп аталат.Клеткага кирген вирус анын ситоплазмасында көбөйөт. Алар имунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоосыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган ХХ кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып адам өмүрүрө коркунуч жарата баштаган.

Окуучулар алган маалыматтары боюнча суроолорго жооп беришет.

  1. Коронавирус деген эмне?

  2. Ал кандай оору экен?

  3. Сасык тумоо менен коронавирустун айрымасы эмнеде?

  4. Бул ооруну жугузуп алган адам кандай абалда болот?

  5. Бул оору эмнеден пайда болгон?

  6. Азыркы учурдаагы абал кандай?

Жана башка ушул сыяктуу суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүшөт.

Сүрөт аркылуу да түшүндүрүү иши жүрдү.



Сабакты жыйынтыктоо: бул коронавирус оорусун алдын алуу жолдору менен түшүндүрүлүп сабак жыйынтыкталат слайд көрсөтүлөт.



Адам оорууну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чаралары.

Маалымдады.

  1. Чет мамилекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу:

  2. Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо:

  3. Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак аштарды колдонуп ботолкодогу суулардан ичүү керек:

  4. Зоопакка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо:

  5. Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы: медитциналык бет кап):

  6. Эл коп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу:

  7. Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.