Класстык саат Ѳрт
Сабактын темасы: Өрт-бул оттун ырайымсыз күчү.
Сабактын максаты: а)Окуучулар өрт коопсуздук эрежелери менен
таанышышат жана өрт коопсуздугу чыгуу
учурунда туура аракеттерди аткарууну
үйрөнөт.
б) От менен женил ойлуулук кылып ойнобоого
аң сезимин өстүрүшөт.
в) Курчап турган айлана-чөйрөгө жана өз ден-
соолугуна абайлап мамиле жасоого
тарбияланышат.
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Сабактын методу: Интерактивдуу ыкма аркылуу проблемалык
суроолорду чечип алууга шарт түзүү менен өз
алдынча иштөө.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр
Сабактын жүрүшү: 1. Саламдашуу.
2. Классты уюштуруу.
Кана, балдар биз сабакты баштоодон мурда өзүбүз түзгөн эрежени кайталап алалы.
Тынч отуруп угабыз,
Сабакка көңүл бурабыз.
Тартынбай сүйлөп бергенди
Талкулап дайым турабыз.
Агай, эжей айтканды,
Көңүл коюп угабыз.
Бизге келген конокторду ,
Сыйлап дайым турабыз.
Мугалим: Мектепти баарын сүйөсүн,
Мыктымын деп жүрөсүн.
Кана эмесе, силерге,
Бир табышмак айтайын.
Ойлонгула бүт баарын.
Табышмак
Аны дайым жагасың,
Ансыз бышпайт тамагын.
Мугалим: Азаматсыңар, туура таптыңар.
(Доскада жазылган теманы жалпы окуучуларга окутат)
Кана балдар эмесе,
Чогуу окуйлу темасын,
Бүгүнкү класстык сааттын.
Хор: «Өрт-бул оттун ырайымсыз күчү»
Өрт- материалдык чыгымдарга алып келүүчү, адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө,мамлекеттик же коомчулук кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү, көзөмөл кылууга болбогон күйүү процесси.
Өрт-бул оттун ырайымсыз күчү , адамдардын курман болушу, шаарлардын, имараттардын, материалдык баалуулуктардын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жабыркашы. Ар бир өрт өзүнө гана таандык мүнөздөмөлөрү бар зор окуя. Өрт адамды ар дайым жана бардык жерде: жерде, суу алдында, абада, космосто коштоп жүрөт.
Өрт эсепсиз бактысыздыкты, адамдардын жаракат алуусуна жана өлүмүнө алып келет, жолундагылардын бардыгын жок кылат, айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтирет.
Тема менен иштөө
Доскада:
Өрт эмнеден чыгат?
Өрттү кантип болтурбай коюуга болот?
Эгер сен өрт курчоосуна калсан.
Суроолор менен иштөө.
Өрт эмнеден чыгат?
Өрт эмнеден чыгат?
ширеңке
газ
Жарылгыз заттар
телевизор
плитка
тамеки
шам
үтүк
Экинчи суроону окугула да жооп берүүгө аракет кылгыла. Төмөнкү эрежелерди окугула. Бул эрежелерди билип кана куюу керек эмес, аны аткаруу да керек.
Өртту кантип болтурбай коюуга болот?
Ширеңке менен ойнобоо керек.
Төшөктө тамеки тартпаныз.
Электр жылыткычтарды күйгүзгөн бойдон калтырбаңыз.
Ажыраткычы бузулган электр зымдардын колдонбоңуз.
Күйүүчү суюктарды от тамызганга колдонбоңуз.
Бир убакта жогорку кабаттуулуктагы шаймандарды колдонбоңуз.
Кийимдерди плита, газдарга жакын жайбаңыз.
Жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербеңиз.
Колго жасалган өткөргүчтөрдү колдонбоңуз.
Химиялык заттарды отко жакындатпаңыз.
Эгер сен өрт курчоосунда калсаң:
Үчүнчү суроону окугула: Эгер сен өрт курчоосунда калсаң? Аракет кылып көргүлөчү бул суроого жооп берүүгө. (окуучулардын жооптору)
а) Оюн
Уран мешке отун жагып жатат. Күйбөй жатат. Булар суу окшойт. Азыр бензин куюп көрөйүнчү. Ой! Өрт чыкты!
(класстын ичинде чуркап, столдун астына жашынат)
Кана кунт коюп карагыла, каарманыбыз кандай каталарды кетирди.
Бензин колдонду.
Столдун астына жашынды.
101-ге чалган жок.
б) Оюн «Өрт өчүргүчкө чал»
Кайсы номерге чалыш керек, жана эмне болгонун кантип айтыш керек?
Кана Уран менен чогуу чалгыла.
Телефондон 101 номерине чалабыз.
Бул өрт өчүрүүчү бөлүмү?
Биздин үйдө өрт чыкты.
Дареги Алыкулова 1 кв. 7.
Эмнеге саламдашкан жоксуңар? (убакыт жок)
Дагы эмнени айтуу керек эле? (эмне күйүп жатканын)
Мисалы: Үйүбүздө жаңы өрт башталды силердин аракетиңер.
Өчүрүүгө аракеттенебиз.
101-ге чалабыз.
Улууларды чакырабыз.
Эгер жалын көбөйүп кетсе, үйдөн чыгып кетишибиз керек.
Жыйынтыктоо:
Практикалык сабак: «Эвакуация жана мектептин имараты»
Эгерде мектепте өрт чыкса? Биздин аракетибиз кандай болот?
Ар бир мектепте эвакуациянын планы бар, бул план менен биз таанышпыз.
Мектептин ичинен чыгып кетуучу жолубузду эстейли да, белги берилгенде мектептин ичинен сыртка чыгабыз.
Өртту кантип болтурбай коюуга болот?
Ширеңке менен ойнобоо керек.
Төшөктө тамеки тартпаныз.
Электр жылыткычтарды күйгүзгөн бойдон калтырбаңыз.
Ажыраткычы бузулган электр зымдардын колдонбоңуз.
Күйүүчү суюктарды от тамызганга колдонбоңуз.
Бир убакта жогорку кабаттуулуктагы шаймандарды колдонбоңуз.
Кийимдерди плита, газдарга жакын жайбаңыз.
Жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербеңиз.
Колго жасалган өткөргүчтөрдү колдонбоңуз.
Химиялык заттарды отко жакындатпаңыз.