Просмотр содержимого документа
«Клетканын түзүлүшү»
БИОЛОГИЯ. КЛЕТКАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
1.Цитоплазманын кайсы органнелласы жаныбарлардын клеткасында кездешпейт? А.лизосома Б. митохондрия В.рибосома Г. пластидалар
2.Клеткадагы липиддердин кызматы? А.сигналдык Б.транспорттук В.коргоочу Г.энергиялык
3.Кайсы углевод ДНК-нын составына кирет? А.рибоза Б.дезокрибоза В.фруктоза Г.крахмал
4.Белоктор клетканын кайсы органоидинде синтезделет? А.митохондрияларда Б.аппарат Гольджиде В.рибосомада Г.эндоплазматикалык торчодо
5.Тукум куучу маалыматтарды ташып жүрүүчү болуп саналат: А.белок Б.ДНК В.РНК Г.АТФ
6.Клеткаларда суунун кызматы: А.эриткич Б.ташуучу В.температураны иретке салуучу Г.химиялык реагент Д. структуралык Е.бардыгы
7.Кайсы пластидалар өсүмдүктөрдүн гүлүнө,жемишине кызыл-сары-саргыч түс берет?
А.лейкопласттар Б.хлоропласттар В.хромопласттар Г.бардык пластидалар
8.Ядро мембранасы канча катмарлуу А.1 Б.2 В. 3 Г.4
9.Хлорофиллдин составына : А.Са2+ Б.Na+ ,K+,Cl- B. Zn Г.Mg кирет.
10.Клетканын курамындагы кайсы химиялык элементтер органогендер деп аталат? А.көмүртек, суутек , азот,кычкылтек Б. азот,фосфор,күкүрт,натрий,кычкылтек В. магний,калий,көмүртек, азот
11.Мембрананын кайсы молекуласы тандап өткөрүүгө жөндөмдүү? А.липиддер Б.углеводдор В.белоктор Г. АТФ
12.Клеткага көлөмдү жана бекемдикти …берет. А.белоктор Б.липиддер В.суунун молекуласы Г.углеводдор
13.Жаныбарларда жана адамдарда углеводдун запасы… болуп саналат. А.сахароза Б.гликоген В.крахмал Г.целлюлоза
14.Лизосома кандай кызмат аткарат? А.белок синтездөө Б.татаал молекулаларды ажыратуу В.трофикалык Г.генетикалык
15.Вирустун составына эмне кирет? А.кант Б.нуклеин кислотасы В.майлар Г.минералдык туздар
16.Биологиялык синтез процесстеринин жыйындысы бул: А.энергия алмашуу Б.ассимиляция В.диссимиляция Г.зат алмашуу
17.Бир дарактан алынган жалбырактардын өзгөргүчтүгү кандай болот? А.мутациялык Б.комбинациялык В.модификациялык Г. жалбырактардын бардыгы окшош,өзгөргүчтүк жок.
18.Рибосома эмнеден түзүлгөн? А.липиддерден Б.углеводдон В.белоктон Г.ДНК
19.Клетка деген терминди ким киргизген? А. Демокрит Б.Ломоносов В.Роберт Гук Г.Левенгук
20.Клетканы изилдөөчү илим кандай аталат? А.гистология Б.орнитология В.цитология Г.анатомия