Просмотр содержимого документа
«Компьютердин негизги бөлүктөрү»
Тема: Компьютердин негизги бөлүктөрү жана аткарган функциялары.
Сабактын максаты: Компьютердин негизги бөлүктөрүн жана аткарган функцияларын билишет.
Компьютер –бул информация менен иштөөчү универсалдуу программа менен башкарылуучу электрондук түзүлүш.
Компьютердин негизги бөлүктөрү: системалык блок, монитор, клавиатура, эс.
Процессор -маалыматты кабыл алат, аткарат, сактайт,жыйынтыкты керектүү түзүлүшкө жиберет.
Монитор- бул маалыматты эрканда чагылдырып көрсөтөт.
Клавиатура -бул маалыматты компьютердин эсине киргизүүчү түзүлүш.
Компьютердин эси: 1)ички эс 2) сырткы эс
1)Ички эс - бул процессор менен башкарылуучу компьютердин ичине орнотулган эс.
2) Сырткы эсте көлөмдүү информациялар сакталат.Сырткы эске компак дисктер, магниттик дисктер,флеш-карталар ж.б. кирет .
Бышыктоо үчүн суроолор: 1) Эмне үчүн компьютерди универсалдуу электрондук түзүлүш дейбиз? 2) Программа деген эмне? 3) Компьютердин негизги түзүлүштөрүн атагыла. 4) Процессор кандай жумуш аткарат?
Үйгө тапшырма: Компьютердин негизги бөлүктөрү 4-5-6-беттер. 1.Тесттик тапшырмага жооп беребиз.(мультиурок)
2. Интернет түйүнүнөн заманбап информация алып жүрүүчүлөр тууралуу маалымат таап, таблицаны толтурабыз.( китепте 7-бетте) Көңүл бурганыңар үчүн ырахмат!