Просмотр содержимого документа
«Компьютердин зыяндуулугу»
Компьютердин зыяндуулугу.
Дуйно жузундо миллардаган адамдар компьютердин жардамы менен интернетке кирип, керектуу маалыматтарды ордунан жылбастан эле алууга жетишти. Бул адамзаттын билип-таануга болгон умтулуусун бир кыйла женилдетти. Бирок муну менен катар компьютердик оюндар озунчо бир ооруга айланды. Озгочо жаш оспурумдордун арасында компьютердик оюндарга кызыгып, виртуалдык жашоонун тузагына илинип, реалдуу жашоодон алыстап кеткендер бар. Жана бул компьютердин адамга болгон зыяндары коп. Мисалы, омурткага, козго , болуп чыгаруучу органдарга зыян келтирет.
Омурткага болгон зыяны
Бир эле калыпта отурганда омурткага куч келет. Омурткалардын ортосундагы чел кабыктын бузулушуна алып келет,бул остеохондрозго алып келет. Дайыма отуруп иштегендиктен омурткалардын ортосундагы чел кабыктарга грыжага оорусуна алып келет. Грыжа менен ооруганда ички орган, баш ооруйт.Балалык чакта компьютерде коп отургандардын омурткалары кыйшык осуп калат.
Козго болгон зыяны.
Компьютер козго аябай зыян. Анткени монитордон чыккан вибрациялар жана нурлар коздун булчундарына оор куч келтирип, акырындык менен коруу органдарынын бузулушуна алып келет.озгочо компьютер менен иштеп жатканда кобунчо адамдар козунун ичиндеги суюктук чел кабыгынын кургашынан азап чегишет.
Болуп чыгаруу органдарына келтирген зыяны
Компьютер болуп чыгаруучу органдарына тасирин тийгизет. Себеби адам стулда, диванда, креслодо копко отургандыктан органдарга жылуулук келет. Бул кандын уюшуна алып келет жана геморой простатитке алып келет.
Психикага тийгизген таасири
.
Компьютер адамдын психикасына зыян алып келет, озгочо кичинекей баланын. Анткени балдар ар кандай атышкан оюндарды ойношот. Мындан башка токтоо адамдардан агресивдуу адамдар болуп чыга келишет, компьютерде кечке отургандыктан адамдын кыймылын жайлатат, адам букуройуп, манжалары кургайт. Компьютердин зыяны адам компьютерге коз каранды болуп калат, бул адамдын психикасынын бузулушу. Муну врачтар гана дарылай алат. Адам компьютерге ото эле алаксыганда аппетит жана уйку жоголот. Адам компьютердин алдында канча убакыт олтурганын билбей калат. Бул озгочо балдарга зыян алар убакыттын кандай отконун билбей калышат.
Эмне учун бала бир канча саат бою компьютер оюндарын
ойнойт?
Дуйно жузундо оюн автоматтары жана компьютер оюндарын ойногон жайлары кулач жайып барат. Статистика боюнча онукон жана онугуп келе жаткан олколордо 7 жаштан 18 чейинки ар бир оспурум омурундо жок дегенде бир жолу компьютер оюндарын ойношот. Жер шаарынын булун – бурчтарында адамдар компьютердеги эн жонокой пасьянстан тартып, кымбат баалуу «PLAY SATION», «X-BOX» сыяктуу ар кандай оюндарды ойношот.
Негизи ар бир бала ойношу керек, ашыкча тыйуу салуу туура эмес. Оюнда бала стресстен арылып, койгойду оз алдынча чечууну уйронот, маектешуу, суйлоо чеберчилиги онугуп, жеке инсандык сапаттары калыптанат. Бирок компьютер оюндары бул муктаждыктарды канааттандыра алабы? Албетте жок. Анда эмне учун балдар бир канча сааттар бою компьютер оюндарын ойношот? Мунун бир канча себептери бар. Бул оюндардын мазмунунда камтылган жогорку денгээлдеги чыналуу, адам баласынын мээсин «жумуш менен алектенип бош эмес» деген сезим менен алаксытат. Мында адамдын мээсинде дофамин молекуласы иштелип чыгат. Дофамин молекуласы адамды ырахаттандырып, катааттандырат. Бир канча убакыттан сон бул канааттануу жана кубаныч оюнга ассоциацияланат баштайт да жыйынтыгында оюнду жакшы коруу, андан отуп оюнга коз каранды болууга алып келет. Интернеттеги оюндарды биологиялык коз караш менен караганда мээдеги дофамин молекуласын жогорулатат. Анткени менен психологиялык коз карашта коптогон койгойлордон булагы берет. Компьютердин экранында кундоп кадалып отура берип, коомчулуктун арасында озуно ишеним арта албаган бала виртуалдык дуйнодо озун сыймыктуу сезе баштайт. Айланасындагы койгойлордон, жагдайлардан качып, бул оюндар аркылуу озун алаксытууга отот. Балада тентуштары же ата-энеси менен маселе чыкса, ал реалдуу жашоодогу бул маселелерин вертуалдык дуйного жашыргысы келкт. Натыйжада, компьютердик оюндар менен ото коп алектенген бала озумчул жана текебер болуп чонойот. Ошондой эле татаал, оор атмосферада жашап, ата-энеси кун алыс чырдашкан балдардын кобу ушул сыяктуу оюндарга коз каранды болушат. Уй-булодо жана мектепте озуно конул бурууну, сыйлоону сезе албаган оспурумдор бул муктаждыктарын оюндар аркылуу канааттандыруунун жолуна отот.
Бул жагдайга ким куноолуу жана эмне кылуу керкек?
«Интернетке коз каранды болуу» деген терминди америкалык дагыгер Голдберк айтып чыкан. Голдберктин айтымында, бул оор бангизаттарга, тамекиге коз каранды болууга барабар. Компьютерге коз каранды болгон адам башкалардан айырмаланып турат. Ал айланасындагы байкабайт, оз ою менен алек болуп, чыныгы турмушка оной менен коно албайт. Эгер бала компьютерге коп байланып бараткан болсо, анда анын айланасында кандайдыр бир озгоруулор болуп жаткан болушу мумкун. Балким уйдо чыр чатак коп болуп жаткандыр, же болбосо окуусунда кандайдыр маселе чыгып жаткан болушу ыктымал. Ошондуктан бала менен ото аяр суйлошуу керек жана аны компьютерден алыстатып башка кызыктуу, пайдалуу нерселерге багыттоо керек. Негизгиси адамдагы эрк – бул кеменин калагы. Андыктан баланы эрки кучтуу кылып тарбиялоо керек. Эгерде бала «мен бугун интернетке барбайм, ойнобойм» деп айтканын аткарса, анда бул айтканын айтканы учун ырахатка батат. Азыркы доордун техникасына каршы чыгуу менен маселе чечилбейт. 21 кылым – маалымттын жана жаны технологиялардын доору. Эгерде биз ушундай технологиянын алдынкы жетишкендиктерин – компьютердин жана интернеттин мумкунчулукторун туура колдонсок зыянынан пайдасы кобуроок болору кумон эмес. Эн маанилуусу ал технологияны оз пайдасы учун колдонууну уйротуу керек.