СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комплекстик бирикмелер

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комплекстик бирикмелер жана түзүлүшү жөнүндө түшүнүк. Комплекстик бирикмелердин классификациясы жана номенклатура боюнча атоодогу тартиби берилген

Просмотр содержимого документа
«Комплекстик бирикмелер»

Тема: Комплекстик бирикмелер


Максаты:

- Комплекстик бирикмелердин түзүлүшүн, алардын классификациясын жана номенклатуурага ылайык аталышын билишет;


Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар

Баалоо үчүн критерийлер

1. Комплекстик бирикмелерге анализ жүргүзүү;

2. Комплекстик бирикмелерди номенклатуура боюнча атап көрсөтүү;

3. Комплекстик бирикмелердин классификациясы боюнча кластер түзүү.


-Комплекстик бирикмелерге анализ жүргүзө алса,

-Комплекстик бирикмелерди номенклатура боюнча атап, формуласын түзө алса,

Комплекстик бирикмелердин классификациясына кластер түзүү.




1.Тапшырма: тексти окуп чыгып комплекстик бирикмелердин түзүлүшүн мисал менен көрсөткүлө

2.Тапшырма: комплекстик бирикмелердин номенклатурасына ылайык берилген комплекстик бирикмелерди атагыла

3.Тапшырма: комплекстик бирикмелерди классификациялагыла


Комплекстүү бирикмелер деп доннордук-акцептордук байланыштардын катышуусунда пайдаболгон туруктуу составдагы бирикмелер аталат.

Комплекстик бирикмелерди көпчүлүк учурда координациялык бирикме деп аташат. Алар татаал структурага ээ болушат.

Швецариялык химик А. Вернер 1893-ж. комплекстик бирикмелердин түзүлүшүн жана касиеттерин түшүндүрүүчү координациялык теорияны сунуштаган. Теориянын негизинде - комплекстик бирикменин борборунда комплекс пайда кылуучу деп аталган борбордук атом (көбүнчү металл) жайгашкан, мисалы, K4[Fe(CN)6] бирикмесинде комплекс пайда кылуучу – Fe+2 ;

- комплекс пайда кылуучунун айланасында лиганддар (аденддер) жайгашкан, келтирилген мисалда 6 цианид иондору CN- . Алардын саны комплекс пайда кылуучунун координациялык санынын маанисине барабар.

Комлекс пайда кылуучунун кординациялык саны деп ички кординациялык сферадагы лиганддардын саны аталат.

Комплекс пайда кылуучунун координациялык саны түрдүү факторго көз каранды – атомдун өлчөмүнө, анын ядросунун массасына, электрондук катмарынын түзүлүшүнө ж.б. Комплекс пайда кылуучунун координациялык санын анын валенттүлүгү же кычкылдануу даражасы менен алмаштырбоо керек

Кээ бир комплек пайда кылуучунун кординациялык сандары

Координациялык сан

Комплекс пайда кылуучу

2

Ag+, Cu+

4

Cu+2, Zn+2, Hg+2, B+3, Al+3, Pt+2

6

Fe+2, Fe+3, Co+3, Pt+4,Cr+3, Al+3, Zn+2, Ni+2


Комплекстүү бирикмелердин формуласын жазууда ички сфера чарчы кашаага алынып жазылат. Мисалы: [Cu (NH3)4]SO4, K3[Fe(CN)6], Na3[Cr(OH)6], [Co(NH3)5Br]SO4.

Сырткы координациялык сферасы жок комплекстүү бирикмелер да белгилүү. Мисалы: [Co(NH3)3(NO2)3], [Pt(NH3)2Cl4] ж.б.

Демек, комплекстүү бирикмелер түзүлүшү боюнча үчкө болүнөт:

Комплекстүү катиону бар бирикме;

Комплекстүү аниону бар бирикме;

Электролит эмес комплекстүү бирикме.

Комплекстүү бирикмелерди номенклатуура боюнча атоо төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:

Комплекстүү катиону бар бирикменин аталышы

Мисалы: [Co(NH3)5Br]SO4 – бромопентааминкобальти (III) сульфат

а) ички сферадагы лиганддардын аталышына «о» мүчөсү кошулуп айтылат. Мисалы,

Лиганддар

Аталышы

Лиганддар

Аталышы

Br -

Бромо

CN-

Циано

Cl -

Хлоро

NO2-

Нитро

F-

Фторо

S2O32-

Тиосульфато

OH-

Гидроксо

NO-

Нитрозо

NH2

Амидо

C2O42-

Оксолато


Лиганддардын саны көп болсо гректин сан атоочтору кошулуп айтылат. Мисалы: 2 – ди, 3 – три, 4 – тетра, 5 – пента, 6 – гекса, 7 – гепта ж.б.

б) ички сферадагы нейтралдуу лиганддарды (молекулаларды) аташат

Лиганддар

Аталышы

Лиганддар

Аталышы

NO

Нитрозил

(C6H5)3P

Трифенилфосфин

CO

Карбонил

H2O

Акво

NH2 – CH3

Метиламин

NH3

Аммин


в) борбордук иондун валенттүүлүгүн көрсөтүү үчүн борбордук иондун аталышына ар түрдүү мүчөлөр уланат: I - «а», II - «о», III - «и», IV - «е», V - «ан», VI - «он», VII - «ин», VIII - «ен»

г) акырында сырткы сферадагы кислота калдык аталат

[Ag(NH3)2]Cl – диамминаргентахлорид

[Pt(NH3)3Cl]Cl –хлоротриамминплатохлорид

[Pt(NH3)3Cl3]Cl – трихлоротриамминплатехлорид

[Co(NH3)5Br]SO4 – бромопентаамминкобальтисульфат

II. Комплекстүү аниону бар бирикменин аталышы

Комплексти атоо тышкы сферадагы катиондуу окуудан башталат, бирик борбордук иондун валенттүүлүгүн көрсөткөн мүчөдөн кийин «-ат» мүчөсү уланат.

K3[Fe(CN)6] – калийдин гексациано (III) ферраты (кызыл кан тузу)

K2[Fe(CN)6] - калийдин гексациано (II) ферраты (сары кан тузу)

K4[PtCl6] – калийдин гексахлоро (IV) платинаты

Ba[Cr(NH3)2(SCN)4]2 – барийдин тетрароданодиаминхроматы

(NH4)2[PtCl4(OH)2] – аммонийдин тетрахлородигидроксоплатинаты

III. Электролит эмес комплекстүү бирикменин аталышы

а) «о»мүчөсү кошулуу менен кислоталык калдыктын аты аталат

б) нейтралдуу молекулалардын саны кошулуу менен аталат

в) акырында борбордук ион аталат

[Pt(NH3)SO3] – сульфитодиамминплатина

[Cr(H2O)F3] – трифторотриаквохром

[PtCl4(NH3)2] – диамминтетрахлороплатина




Өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр жана маселелер

1.Комплекстүү бирикмелер деп эмнени айтабыз?

2.Комплекстүү ион жана комплекс пайда кылуучунун кычкылдануу даражасы кантип аныкталат?

3.Берилген комплекстүү бирикмелерди атагыла:

[PtCl3(NH3)3]Br, K2[PtBr4], Na3[Fe(CN)5NH3], Na3[Cr(OH)6], [PtCl4(NH3)2],[Co(NO2)3(NH3)3]

4.Комплекстүү бирикмелердин формуласын жазгыла жана кайсы түрүнө кирерин аныктагыла:

а) жездин (II) тетерацианноцинкаттетрааммини;

б) калийдин триоксолатородиаты;

в) кобальттын (III) трихлоротриаммини.

5.Реакциялардын теңдемелерин молекулалык жана иондук – молекулалык түрүндө жазгыла: а) [Cu(NH3)4]Cl2 + HCl =

б) Na[Al(OH)4] + NH4Cl =

в) Na2[Pb(OH)4] + NH4NO3 =

6.Составы Ba(CN2)∙Cu(SCN)2 комплекстүү туз берилген. H2SO4 түн эритемесин таасир эткенде барийдин бардыгы барийдин сульфаты түрүндө чөкмөгө түшөт. Бул туздун координациялык формуласын жазгыла. Эгерде өз ара аракеттенишүүгө 0, 125л 0,25н H2SO4 кирсе, эритмеде комплекстүү туздун массасы кандай болгон. (жообу: 5,76 г).