Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМ
Тарбиялык саат
Тема: « Кылым карыткан кыргыз комузу”
9-сентябрь Комуз күнү
2024-2025-окуу жылы
Сабактын темасы: Кылым карыткан-кыргыз комузу
Сабактын максаты: Кыргыз элинин баалуулугу болгон музыкалык
аспабы –комуздун жасалышы,тарыхы жөнүндө
жана залкар комузчулар жөнүндө маалымат берүү.
Улуттун маданиятын сыйлоого, көздүн карегиндей
сактоого чакыруу.
Сабактын этабы: 1.Комуз күүлөрү угулат.Ачылышы
2.Көркөм окуу ”Комуз” окуучу
3.Мугалим.Учурашуу.Келген меймандарды
тааныштыруу,ыраазычылык билдирүү.
4. Комуз жөнүндө маалымат.Мугалим.
5.Слайд.Комуздун түзүлүшү
6.Видео.Комуздун жасалышы.
7.Комуз күүсү.Окуучу чертет.
8.Улуу комузчулар жөнүндө маалымат.Мугалим.
Сабактын жүрүшү:
1.Комуз күүлөрү угулат.2.Видео.Ачылышы.
2.Көркөм окуу.Окуучу:
Үч буроо,жалгыз тээк,үч кыл комуз,
Чертилбейт,күүгө келбейт,чебер колсуз,
Оп-оңой,көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз,көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.
3.Мугалим.Учурашуу. Ыраазычылык билдирүү.
-Саламатсыздарбы,урматтуу биздин меймандар, агай-эжейлер жана окуучулар! Бүгүн 9-сентябрь Комуз күнү! Комуз күнунө арналган
“Кылым карыткан-кыргыз комузу” темасындагы тарбиялык саатыбызды ачык дейм жарыялайм!
4.Комуз жөнүндө маалымат.Мугалим:
-Бүгун, 9-сентябрь – Комуз күнү белгиленүүдө.
2019-жылдын 9-сентябры комуз күнү деп белгиленип,ошондон бери салттуу уланып келет.Бул майрам Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө,коомчулукту бириктирүүгө багытталган жана ошондой эле этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатта майрамдалат.
Комуз күүсү кылымдардын кайрыгы,
Комуз күүсү кыргызымдын байлыгы,
Комуз күүсү үнү менен шаңданат,
Кереметүү Ала-Тоонун айдыңы.
--- Комуз-ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы.Ал өрүк,жаңгак,ак чечек,карагай,арча,алмурут,тал,терек сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат.Комуз чабууга чеберлердин устаканасында керки,бычак,ийги,үмкү,түрпү,өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот.
Өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда (кыргызча айтканда “Токсон түшкөндө”)кыят.Мында өрүк жыгачы баш тартып,өсүшүн токтотуп турган учуру болот.Чабууга да, пайдаланган кезде да ал жыгач жарылып кетпейт.
Ала-Тоосу,ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу жасалышына ар бир адам күйөрман.
5. Слайд-1.Комуздун түзүлүшү.
Мугалим :---аспапты жасоо үчүн өнөрпоздун угуму,добушту ажырата алышы,чаба билиши өзгөчө бааланат.Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов ,Ыбрай Туманов комузду өзүлөрү гана билип,бирөөлөргө карматпай ,кыраан шумкардай таптап,кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун тили
“буудай кууруп турчу”.Бул аспап чакан болгон.Ат үстүндө,чепкен ичинде колтугуна катып жүрүүгө шартташкан.
Комуздун кылдары - муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрилип,анан аябай кере тартылып коюлат.(Кийин кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды)
Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тандашкан.Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган.
6.Слайд-2. Комуздун жасалышы
Мугалим:----чындыгында комуз качан пайда болгон?Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда,Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда,белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында:”Карагай калпак жаптырган, комуздан жүздү алдырган” деген жери бар экени айкын.Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын.
7.Улуу комузчулар жөнүндө маалымат берүү.Мугалим.
Кыргыз элинин музыка маданиятынын эң бай булактарынын бири-элдик ырлары жана күүлөрү.Булар калкыбыздын турмушунда өтө чоң роль ойногон.Элдик ырлардагы жана күүлөрдөгү залкар ойлор,күчтүү сезимдер,мукам обондор,татаал кайрыктар ар бир угуучунун жүрөгүнө,акылына көп нерселерди баяндайт.
Өткөн заманда комуз үну жайлоодо,боз үйлөрдө жаңырса,бүгүн дүйнөлук чоң аренада чыгууда.Залкар комузчуларыбыз
Токтогул Сатылганов,
Муратаалы Күрөңкеев,
Ыбрай Туманов,
Карамолдо Орозов,
Нурак Абрахманов,
Атай Огонбев.
8.Жыйынтыктоо.